№595 28-март-03-апрель, 2014-ж

«Супер сулуу-2013» сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева «тамашоучу» Азамат Исмаилов менен чогуу комедия жанрындагы тасмага тартылууда. Сценарий боюнча, Орункүл байлыкка көз арткан, мода кубалаган Элли аттуу эрке кыздын образын жаратат. Буга чейин клиптердин жүзү болгон Орункүлдүн бул кадамы тасма айдыңындагы дебюту. Учурда ал актрисалык өнөр менен таанышуу максатында атайын сабактарга барып, өзүн ар тараптан сынап жатат. «Супер сулуу» аталгандан кийин тасмага тартылууга сунуштар көп түшүп жатат. Өзүмдү кинодон сынап көрүүнү туура көрдүм» дейт сулуу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |