Жаным Айзат:«МЕН ЭМИ ЖАНЫМ АЙЗАТ БОЛБОЙМ»

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж

«Махабат аллеясы», «Сүйдүм сени» аттуу ырлары менен кыргызга аздыр-көптүр таанылып калган ырчы Жаным Айзаттын сахнадан көрүнбөй кеткенине 2 жыл болду. Анткени ал учурда Германияда программист адистиги боюнча билим алууда. Ырчы кыз биз менен акыркы жаңылыктарын бөлүштү.

– Айзат, чет өлкөдөгү жашооң кандай, бөлүшө кетсең?
– Азыр Германияда магистратурада окуп жатам. Буюрса, 1 жылдан кийин аяктайм. Андан кийин докторлук ишимди жактайм деген планда­рым бар.

– Ал жакка кандайча кетип калдың?
– Кыргыз мамлекеттик ку­ру­луш-транспорт жана архитектура университетинин кыргыз-герман факультетинде окучумун. Бакалаврдык билимге ээ болгон соӊ Германияга магис­тра­турага тандоо болгон. Ошондо өтүп кеткем. Бул жакта жүргөнүмө август айында 2 жыл болот. Азыр мен Цвиккау шаарында жашайм. Кичинекей эле шаар, бирок кыргыздар көп, көбүнчөсү студенттер.

– Кыргызстанга келип турасыңбы?
– Жакында эле Кыргызстанга барып, 2 жума жүрдүм. Эми жакынкы арада барбайт болушум керек, анткени дипломдук иш да жакындап калды. Германияда деле биздикиндей жылына 2 жолу каникул болот, ошондо барып турам.

– Ал жакта ыр чөйрөсүнө аралашып турасыңбы?
– Бул жерде дайыма ырдайм. Студенттерден түзүлгөн рок-топтор бар, алар менен тыгыз чыгармачылык катыштамын. Көбүнчө англис тилинде, кээде орусча ырдайм.

– Сахнаны сагындыңбы?
– Албетте, сагындым, бирок сахнадан кеткениме эч өкүнбөйм. Анткени чыгармачылыгым мага токтоп калгандай сезилчү. Германияга келип мен өстүм, өзгөрүлдүм. Буюрса, бир жылдан кийин чыгармачылыкка жаңы дем, күч, идеялар менен киришем.

– Ал жакта калып калбайсыңбы?
– Чын эле Германияда Кыргызстанга караганда бардык жагынан мүмкүнчүлүк чоң. Бирок Кыргызстанга кайтып келгим келет.
Мен убактылуу гана сахнага чыкпай калдым, сөзсүз ырчылык кесибимди улантам. Мээнет кылып алган билимим боюнча программисттикти да таштабайм.

– Тилден кыйналган жоксуңбу?
– Башында англис тилинде сүйлөчүмүн. Азыр немис тилин деле жакшы билип калдым. Жаңы келгенде 6 ай практикада бир компанияда жүрдүм, ошондо абдан кыйналдым. Алар мага практиканттардай эмес, көптөн бери иштеп жаткан адамдай мамиле кылышты. Немистер суроо берсең тажабай жооп беришет экен. 6 айдан кийин окуу башталды, биринчи күнү келсем группада 28 бала, кыздардан мен жалгыз экем. Алар да мага тил үйрөнүү жагынан чоң жардам беришти. Немис досторум көп. Достор чогулуп алып ырдайбыз, кыскасы, жакшы эс алабыз. Мен алардын жакшы жактарын өзүмө сиңирип жатам десем болот.

– Студенттик жатаканада турасыңбы, стипендия берилет бекен?
– Студенттик жатаканада бир немис кыз менен чогуу жашайм. Стипендияны башында бир жарым жылга жакын айына 650 евро алып жүрдүм, азыр ата энем жардам берип турушат.

– Жигитиң барбы?
– Бул боюнча маалымат бербей эле турайынчы.

– Кыргызстандын сахнасына кайтып келем деген ой-максаттарың бар экен. Келсең Жаным Айзат болуп эле чыгасыңбы?
– Мен эми псевдоним менен чыкпайм. Анткени чоңоюп да калдым. Толук аты-жөнүм менен эле чыгам.

«Германияда бардык жагынан мүмкүнчүлүк чоң, бирок мекениме жетпейт».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(26)
31.03.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башкача кыз болуп кетиптир,
окуyларына ийгилик Жаным Айзат!
31.03.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодец,удачи!
31.03.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кандай жакшы чет элде окуган буткондон кийин кайтып келем дегенин жакшы. окууларына ийгилик каалаймын
31.03.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу кыз экен. Кудай сага баарын аябатыр. Омурлуу бол!
01.04.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кыз жагат мага! татынакай, акылдуу,оор басырыктуу кыз.
01.04.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Вау, обожаю образованных!!!
01.04.2014. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы деле чонойо элек экенсин да кызталак хи хи хи
01.04.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga da jagat janym aizat=), kop kop iigilikter bolsun jashoondo!!! den soolugun chyn bolsun! chygarmachylyk iigilik!!!

basa , chyn aty jonu kim "janym aizattyn"? bilgender bolso jazyp koigulachy=) , rahmat aldyn ala
01.04.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул кыз ким эле? толук аты жону ким ?
01.04.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат!!!!
01.04.2014. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаным Айзатты жакшы кором
02.04.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
на одну певичку меньше стало.какое счастье.
03.04.2014. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mahabat., мынча Коро албайсар ийгилик сага
06.04.2014. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziko88, самсаалаган ырчылардан тажаган жоксузбу.же сизге жагып атабы саны бар сапаты жоктор??
03.04.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mahabat., мынча Коро албайсынар
03.04.2014. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага
03.04.2014. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ooo, kudaiam ooooiiii, bul kyz Germanijada chynygy okuu dep zhurgon kyzdardai emesgo. Ajaktaim, anan doktorlugumdu zhaktaim dep oozun choyup aityptyr. Germanijada doktorluktu zhaktoo emne ekenin tushunbogon kyz okshoit. Korobuz, kyiyn bolson 5 zhyldyn ichinde doktorlugundu zhaktap zhibergenigdi. Bul kyzdai bolup ajaktaim anan anan zhaktaim degen kyzdardyn 100 korgonbuz.
05.04.2014. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhyldyz_01, Сага анчалык эмне болду!? Калп айтабы чын айтабы болгону суроолорго жооп бериптир.озу чыгып алып мен мындай деп мактангандарга караганда жакшы го дейм.чет олкодо билим алып жургону чын болбосо эмне соода кылып журот дейсинби? жон кой ким болсо да кыргыздын намысын коргогон акылдуу билимдуу кыздар дан боло берсин.москвада жаман жолдордо жургон кыздарды билесинер!жакшы журсо да жаман журсо да жакпайт кыргыз кыздары!оюнарды ондогула урматтуу кыргыз элим!!! ичибиз
Модератор admin_media түзөттү 07.04.2014 13:07
05.04.2014. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таар калк экенибизди билдирип коёбуз.адамга шек келтирбе куноо болот ххх ххх
Модератор admin_media түзөттү 07.04.2014 13:08
07.04.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EMMI,
Ар бир колдонуучу эреженин талабына ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Билдирүүңуз түзөтүлдү.
04.04.2014. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаштардын осуп турганы жакшы, мумкунчулук болсо Биз дагы окуп,иштоо учун, тажрыйба алуу учун башка жактарга коп чыгып турушубуз керек. Ал эми Жаным Айзат сага ийгилик!
05.04.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага Айзат.
05.04.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iygilik!
05.04.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге болбойт докторлукту жактаганы?! Болот, ал адамдын озунон. Чын дилинен ниет кылып, умтулса баары болот го дейм.
06.04.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshentip germaniyada jurgon kizdar, amerikada jurgon kizdar toltura dubaida dagi, balkim bul kizda bir kunu kelip kalaar bul jaka da ishtegeni. ani dagi ubakit korsotot
13.04.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men da Germaniyaga keldim 3 kun murda. Goethe Unide okuum bashtalat buyrusa, avgustta kayra ketem Amerikaga. Goethede kyrgyz kyzdar okuyt eken, tak chto kyrgyzdar baardyk jerde bar, murun orustar ele kop bolchu eken, azyr kyrgyzdar da bar. Nemester bizdin olkonu bilishet eken, Amerikada ech kim bilbeyt.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо