ФУТБОЛ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН 23-ЧЕМПИОНДУГУ БАШТАЛДЫ

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж

«Алай» жана «Дордойдун» Кыргызстандын Суперкубогу үчүн болгон беттеши менен футбол боюнча өлкөнүн 23-чемпиондугунун быйылкы сезону башталды. Өлкө биринчилигине быйыл 8 команда ат салышмакчы.
24-март. Суперкубок
«Алай» (Ош) – «Дордой» (Бишкек)0:3
Голдор: Милованович (20, 87-мүнөттөр), Байматов (79-мүнөт)

Топ-лига. 1-тур. 21-март
«Алга» (Бишкек)«Ала-Тоо» (Нарын)1:0
«Абдыш-Ата» (Кант)«Манас» (Бишкек)6:1
«Нефтичи» (Кочкор-Ата)«Алдиер» (Куршаб) – 0:3

«БАВАРИЯ» – ЧЕМПИОН!
25-мартта Германиянын чемпиондугунда (Бундеслига) 27-тур оюндары орун алып, мюнхендик «Бавария» мелдештин жыйынтыкталарына 7 тур калганда чемпиондукту камсыздай алды. Бул күнү «Бавария» атаандашы «Гертаны» 3:1 эсебинде утуп, 24-ирет өлкө чемпиону аталды.
Белгилүү Гвардиола машыктырган «Бавария» клубу сезон алкагында 25 оюнда жеңүүчү болуп, 2 оюнда тең чыккан. Клуб быйылкы сезондун эсебинен өлкө чемпиондугунда жеңилүүгө туш боло элек. Бул көрсөткүч менен «Бавария» мелдеш жадыбалында эң күчтүү атаандашы, дортмунддук «Боруссияны» 25 упай артка таштап келе жатат.

КЫРГЫЗ МУШКЕРЛЕРИ 4 АЛТЫН УТУШТУ
27-мартта Казакстандын Алматы шаарында жыйынтыкталган эл аралык мелдеште кыргызстандык мушкерлер 4 алтын медаль багындырышты.
Мушкер Мирлан Түркбай уулу (49 кг), Эрмек Сакенов (64 кг), Эркин Болотбек уулу (69 кг) жана Чыңгыз Борбашев (91 кг) салмактык бөлүктө 1-орунду ээлешти. Ал эми Турат Осмонов менен Азамат Каныбек уулу (75 кг) күмүш тагынса, Адилет Аблашимов (69 кг) менен Өмүрбек Малабеков (56 кг) өз салмактарында коло медалдарды утуп алышты.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
02.05.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Реалмадрид" командасынын футболчусу Кристиано Роналдо жонундо маалымат берип коесуздарбы, урматтуу Супер Инфо!
02.05.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZANIA-92, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, Роналду тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтарды окуй аласыз: http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=роналду&x=0&y=0&media_search=1
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо