«КӨЧӨДӨ МЕНИ ТААНЫШСА КУБАНЫП КАЛАМ»

№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж

Интернет булактары аркылуу атактуулукту багындырган ырчылар десе эле дароо жаш ырчы Жастин Биберди эстейбиз. Кыргызстандын алкагында интернет аркылуу атактуулукка карай жол салган жаш ырчы бар. Ал Аяна Касымова. Анын дүйнөлүк жылдыздардын ырларын аткарган видеолору социалдык тармактарда аябай популярдуу. Өзгөчө үнү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган Аяна Мирбек Атабеков, Нурбек Савитахунов, Салтанат Аширова сыяктуу атактуу ырчылар менен чогуу ырдаган соң, ага болгон кызыгуу дагы артты. "Сөзсүз түрдө мындай кызыктуу адам менен баарлашпасам болбос" деп Аяна жана анын атасы менен жолуктум. Жаш ырчынын атасы кызы ырдап жатса аябай толкунданып, берилип угуп жатканын көрүп, чыныгы музыкант үй-бүлөнүн кызы экенин түшүндүм.

КАСЫМОВА АЯНА

– Кандайсың, Аяна, мен сени аябай чоң кыз элестетипмин?
– Кандайсыз, мен али мектептин окуучусумун (күлүп). Мен 1999-жылы, 30-мартта төрөлгөм. Учурда №29-мектептин 9-классынын окуучусумун, ошондой эле №6 Искусство мектебинде окуйм. Чынын айтсам алгачкы жолу интервью берип жатам, бир аз сүрдөөдөмүн.

–Куттуктайм, тушоо кесүү турбайбы? Алгач өзүң, ата-энең тууралуу айтып берчи?
– Атам – Айзар Касымов, апам – Аида Токтосунова. Апам комузда кол ойнотот, атам болсо дээрлик бардык аспаптарда ойной алат. Атам мурун ырдачу, бирок азыр ырдабай калды. Экөө тең Кыргыз улуттук консерваториясын аякташкан.
Мен дагы кичине кезимден музыка менен алектенем. 3 жашымдан баштап «Ак Шоола» балдар хоруна баргам. Кийин эмне болду билбейм, барбай койдум. Үйдүн улуусумун, менден кийин 3 жаштагы бөбөгүм бар. Мектепте окуйм, үйдө апама жардамдашам.

– Интернет аркылуу сени көпчүлүк тааный баштады. Ал жакка сенин видеоңду жүктөө кимдин идеясы эле?
– Биз интернет аркылуу көп видеолорду көрдүк. Мага окшоп ырдап, интернетке жүктөгөн адамдар толтура экен. Анан апам айтып калды «кел, сенин видеолоруңду да жүктөп коёбуз» деп. Болгону ошол. Азыр төрт видео жүктөдүк, дагы экөөнү даярдап койгонбуз. Бул ишибиз элге жайылат деп ойлогон эмес элек.

– Атактуу ырчылар менен ырдап калбадыңбы, классташтарыңдын сага болгон мамилеси өзгөрбөдүбү?
– Мурдагыдай деп айта албайм. Бир аз алыстап кеттик. Бирок жакын досторум менен дагы эле жакшы сүйлөшөм.

– Сага кат жазган жигиттердин саны арбыса керек ээ?
– Көп эмес. Бирок сезимдерин айткандары да бар. Алардын бардыгына жакшы сүйлөп гана кутулам. Болбосо «жылдыз, асмандан түш, сен али эч кимсиң» деген сыяктуу кептерин айтышат.

– Сага «А-Студио» тобунун мүчөсү "Кети Топурияга окшош экенсиң" деп айтышпады беле?
– Ооба, бардыгы айтышат. Бул мага аябай жагымдуу комплимент. Себеби мен аталган топтун ырларын сүйүп угам. Ага окшош болсом бул жакшы гана нерсе деп билем.

– Көчөдө бара жатканыңда тааныгандар болуп жатабы?
– Ооба, көчөдө бара жатсам, маршруткага түшсөм, таанып калгандар болот. Кечээ күнү эле көчөдөн эки кыз мени карап «Аяна Касымовабы?» деп жатышкандарын угуп калдым. Чынын айтсам кубандым, жагымдуу болот экен.

– Азыр болгону 15 жашта экенсиң, шоу-бизнеске эрте аралашып алган жоксуңбу?
– Туура байкаптырсыз, мага ата-энем да көп айтат, "азырынча толугу менен аралашпа, шоу-бизнес сени бузуп коёт" дешет. Мен музыкадан ырахат алам, бир нерсенин артынан куубайм. Өзүм үчүн гана ырдай берем.

– Көбүнчө англис тилинде ырдайсың, кыргызча ырларың да барбы?
– Өзүм англисче ырларды угуп чоңойдум, мисалы, Селин Диондун ырлары жүрөгүмө жакын. Кичинемден англис тилин үйрөнүп келем, азыр ал тилде эркин сүйлөп калдым. Кыргызча ырым бар, бирок азырынча жалгыз гана. Ал ырым «Мачо» кинокомедиясына саундтрек катары жазылган.

– Талантыңдын арты менен чет өлкөгө кетүү сунушу түшсө кетесиңби?
– Чет элге чыгып, окуп келишим мүмкүн. Бирок Кыргызстанга сөзсүз кайтам. Себеби ушул жерден өнүп-өскүм келет.

– Бош убактыңда ырчылыктан сырткары эмне менен алектенесиң?
– Үйдөгү жумуштарды жасайм. Бөбөгүмдү карайм, ага да ырдап берем. Анан социалдык тармактарга баш багып коём. Менин жашоом кадимки өспүрүмдөрдүкүндөй эле.

– Келечекте кандай пландарың бар?
– Буюрса, май айында Эл аралык сынакка сапар алганы турам. Ал Алматыда өтөт экен. Азырынча так датасы белгилүү эмес. Мына ушундай сынактарга катышып, мекенимдин атын чыгаруу – менин негизги максаттарымдын бири.

– Маегиң үчүн рахмат!

«Атактуу ырчылар менен чогуу ырдап, өзүмө тажрыйба гана топтоодомун».

Аяна өзгөчө интернеттеги видеолорунан улам белгилүү.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Аяна Касымова: "Чоң сахнада ырдагым келет" 04-04-2014

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(51)
SUPER.KG видео
06.04.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Duinoluk dengeeldegi synaktarga katyshyshy kerek. Bul yrlarga baardyk ele yrchylardyn unu jete berbeyt. Ak jol!
SUPER.KG видео
06.04.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzcha bilet dep oilobopmun
SUPER.KG видео
07.04.2014. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
topi,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
07.04.2014. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшынакай кыз экен.
07.04.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ayabay talanttuu kyz eken. Mynday un menen kop kop jenishterdi bagyntasyn, buyursa. Videolorundu bashka olkolordo synaktarga jonoto ber. Iygilik!
07.04.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
татына кыз, ырдаганы жагат аябай,үнү сонун да,азаматсын,ийгиликтер сага!
07.04.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
сооонун кыз экен эээ Кундуз деген уну жок немелердин желин чыгарат экен да буюрса
07.04.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Вауу бизде ушундай талант болгонуна кубанычтамын)))осо бер!!!
07.04.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын!
07.04.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vaauuu soonungo golosu 5 iygilik kyinalbai soonun yrdaitko
07.04.2014. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат кыргызча маек бериптир,кеебир обу жок "киргиздерге"окшобой.
08.04.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
alatookg312, жаш болсо да анча мынча озун жылдыз сезгендерден маанилуу суйлоптур,аракетин жакшы экен,баракелде.
07.04.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы азамат кыз экен суйуп калдым
07.04.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан таланттуу кыз экен.Жылдыздуу дагы экен.Ийгилик каалайм!
07.04.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вауу голос абдан сонун! Ушуга окшогон таланты барлар ырчы болушпайбы десенер кайдагы уну жоктор,ырдай албаса да чыга беришбей.
07.04.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
syiyp kaldym
07.04.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabai jakty maga tatynakai jana unnnuuu jakwyken!
07.04.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!!
08.04.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец, умничка, удачи!
08.04.2014. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада жакты азаматсын,супер кыз экенсин
08.04.2014. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астараак чык тизгининди таанып коюшат жэгичтер.
08.04.2014. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info, Ayim Ayilchieva jonundo da maalymat bere alasynarby? Al da ayabay jash kyz, anglis tilinde da yrdayt eken. Unu Adeldikine okshosh eken.
08.04.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Juliana,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук, рахмат!
09.04.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акчам болгондо ушл кызга жардам берет элем.кур калбайт катышса x-factor го.и кыргызстанды дагы таанытмак
09.04.2014. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коз тийбесин!бут тосоорлордон кудайым озу асыраса,эн алдынкы звезда болот го!келбети да галивут жылдыздарындай экен удачи!
10.04.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяна албан албан ийгиликтерди кааалайм унундо соз. Жок супер
11.04.2014. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек берипсин азамат
12.04.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец сонун ырдайт экенсин ийгилик
SUPER.KG видео
19.04.2014. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мындай талантты камтып койууга болбойт. албетте жардам беришкерек,мумкунчулугу барлар.
SUPER.KG видео
03.05.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кыз экен )))))
SUPER.KG видео
08.05.2014. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы. Уну соонун экен ийгилик сага жаш талант. Потриоттордонго дейм. Аянага окшош тарбиялуу, акылдуу, сулуу кыздар турганда келечекти ойлоп конулун жумшай тушот. Ата энемине рахмат.
SUPER.KG видео
24.05.2014. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо