Болотбек Тилек:«АКТЁР БОЛБОСОМ КҮНҮМ БҮТҮП КАЛЧУДАЙ СЕЗИЛЧҮ»

№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж

Кыргыз киносунда жаңы жүз. «Салам, Бишкек», «Түндүктүк келин», «Соолуган гүлдөр» тасмаларында роль жаратып, бир топ ырчылардын клиптерине тартылып, элге жүзү таанылып келе жаткан актёр Болотбек Тилектин «Сүймөнкул Чокморов жеткен бийиктиктерге жетем» деген тилеги бар.

«МЕН ЖӨНҮНДӨ...»

  • 1989-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөм.
  • Үй-бүлөдө жети бир тууганбыз, 5 кыз, 2 эркек. Мен алтынчысымын.
  • Боюм – 168 сантиметр, салмагым – 68 килограмм.
  • Түз жүргөн, ыймандуу, акылдуу, келбети эмес, жан дүйнөсү сулуу кыздар жагат.
  • Адамга катуу сүйлөй албайм. Кээде бетке айтып, шарт басып кетем. Кек сактабайм, таарынычым эки күндүк.
  • Досторум мени элге «бул баягы актёр да, жанагы кинодо ойногончу» деп тааныштырганда уялып кетем.
  • «Мен сени бир жерден көргөндөй болуп жатам» дегендерге «базарда иштейм» же «маршруттук таксиден көрсөңүз керек, ошол жакта көп жүрөм» деп коём.
  • Чүй театрында 3 жыл актёр болуп эмгектенгем, бирок 4 миң сомдук айлык менен жашоого мүмкүн эмес экен.

– Болот, биз сени Нурмат Садыровдун «Мен сүйгөн менен пайда жок» ырынын клибинен тааныйбыз, аталган клипке кантип тартылып калдың эле?
– Саламатсыздарбы, Нурмат экөөбүз чыгармачыл достордонбуз. «Клипке тартылып бер» дегенинен дароо эле макул болгом. Башка клиптерге деле көп тартылгам, жакында эле досум Ирлан Таалайбековдун клибине тартылдым. Бирок «Мен сүйгөн менен пайда жоктун» клибинен мени көбүрөөк таанышат.

– Актёрлук кесипке болгон кызыгууң качан пайда болгон?
– Мектепте окуп жүргөндө КВН команда түзүп, сынактарга катышып, класстагы уюштуруу иштерин мойнума жүктөп алып, кыйналып эле жүрчүмүн. Эжейлерим «кийин сенден белгилүү адам чыгат, жөн бала эмессиң» деп мактай беришчү. Эжейлеримдин ошол мактоосу менин чыгармачылыкка болгон кызыгуумду арттырды окшойт. Анткени кээ бир адамдар мактоодон кадимкидей өсөт.
Мага роль жараткандан да кадр сыртындагы окуялары кызык болчу. Кино бүткөндөн кийин кадр сыртындагы окуяларды беришет го, ошону көрүп «кийин мен да ушул чөйрөдө иштесем» деп кыялданар элем. Кийинчерээк өзүм кино тартып, колумдан жаралган эмгектер шедеврге айланса дейм.

– Демек, «актёр болом» деп бала кезде эле чечип койгон экенсиң да?
– Ооба, актёр болбосом күнүм бүтүп калчудай сезилип, 9-классты бүткөндөн кийин Балыкчыдагы техникумга тапшырдым. Бир жыл окуп, аттестат алдым. Борборго сапар аларда атам Бишкектеги эжемдин үйүнүн картасын чийип берген. Шаарга келип, эжемдин үйүн араң тапкам. Анан көчөгө чыгып алып Искусство институтун издегеним өзүнчө бир кызык. Алгач «актёр болом» деп Сүрөт академиясына барып алыптырмын, ал жактан «Кыргыз улуттук консерваториясына бар» дешти. Айтор, Кыргыз драма театры, Опера жана балет театрын аралап, Бишкекти бир кыдырып чыккам. Эптеп Искусство институтун таап келсем, абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөтү бүтүп калыптыр. «Күзүндө келип көр» дешти. Маанайымдын түшкөнүн сураба. Бактым бар экен, күзүндө келсем орун табылып, окууга өтүп кеткем.

– «Өзүм кино тарткым келет» деп калдың, кандай кино тарткың келет?
– Балыкчыда окуп жүргөндө жездем кеме иштетип бизнес кылчу. Ал кемесин оңдоп-түзөп жатып, «кеме менен Көлдүн ортосуна барсаң, шамал катуу болгондо кемени жаба турган толкун болот, кадимкидей адреналин аласың» деп калчу. Ошондо жездемдин кемесин алып үстүн жаап, айылдагылардан пиратка окшош кишилерди таап, өзүбүздүн Ысык-Көлдөн эле толкун менен балдар үчүн жомок тарткым келген.

– Сунуш түшкөн бардык клип, кинолорго катарынан тартыла бересиңби же роль тандайсыңбы?
– Актёр эч качан роль тандабаш керек, ошон үчүн актёрсуң. Бирок тандабаш керек деп эле четинен тартыла бергенге да каршымын. Анткени мен диплому бар актёрмун, 5 жыл ачка-ток калып, 2 сом жол кире менен барып-келип окуган күндөр болду. Өзүмдүн баамды билем. Жакында эле «Карт бойдок» тасмасынан эпизоддук роль сунушташкан, баш тарттым, анткени эпизоддук ролго тартылгым келген жок.

– Кеп нугун жеке жашооңо бурсак. Мектепте окуп жүргөндө кыздардын курчоосунда жүргөн жигит белең?
– Кыздардын өзгөчө көңүл буруусунун алдында чоңойдум деп айта албайм. Бирок өзүмдөн улуу кыздар менен көп достошчумун. Менден кичүү же классташ кыздарым менен сүйлөшсөм, бир нерсе жетишпегендей эле туюла берчү. Өзүмдөн улуу кыздардын добушу менен мектептин окуучулар арасындагы премьер-министри болуп шайлангам.

– Үйдөгүлөр «келиндүү кыл» деше элекпи?
– Былтыр туугандар «үйлөнтөбүз» деп жатышкан, тилекке каршы, атам каза болуп калды. Быйыл атамдын ашын бергенден кийин ойлонуп көрөбүз.

– Демек, тандаганың бар экен да?
– Азырынча жок. Жүрөк өзү айтат го «ушул сеники» деп, меники ошентип айта элек. Жалгыз калганда «Кудай, мага кайсы кызды даярдап жатат болдуң экен, аны менен качан жолуктурасың» деп сүйлөшүп калам. Буюрса, ал күн алыс болбосо керек.

«Салам, Бишкек!» тасмасындагы максатым – элдин жүзүнө жылмаюу тартуулоо эле, ал ишке ашты деп ойлойм».

«Нурматтын «Мен сүйгөн менен пайда жок» ыры мени элге таанытты десем болот».

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Болотбек Тилек: "Кыздарга үч талап коём"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(65)
07.04.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул маекти аябай куттум эле, рахмат. жакшы маек болуптур! Болот чыгармачылыгына ийгилик, сенден буюрса сонун актер чыгат, сен мыктысын! Суйгонунду тап )))))
07.04.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын ийгилик!
SUPER.KG видео
07.04.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакпайт кыздын ролун аткаргандар гейлер суйунсо керек
07.04.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапарды Оштон көрдүм аябай арык анан кичинекей жигит экен..
07.04.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соолуган гулдор киносу такыр еле уройду учурат.уй було менен коргонго ылайыксыз. 18 жашка чейинкилерге корууго тыйуу салыныш керек. Анан психобольной киши олтургучтор кайдан чыгат деп тан калбай.
07.04.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy maek boluptur. Yigylyk!!!
07.04.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
65 кыз менен мамиле кургам деген тема элего ал жонундо Эч нерсе жазылбаптырго
08.04.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men_aman,
Ал тууралуу видеоматериалды корсонуз, ошол тууралуу айтат ?))))
07.04.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун актер))). Дагы коптогон ийгиликтерди багындыр!
SUPER.KG видео
07.04.2014. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз байке чыгармачылыгынызга чоооооон ийгилик менда актриса болгум келет ошон учун мен сизди кообурок тушуноом актер актриса болуш абдан кыйын
SUPER.KG видео
07.04.2014. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жагат сизге ийгилик
SUPER.KG видео
07.04.2014. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да актёр болгум келчу...
08.04.2014. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада жагат ушул жигит ыйманы ыссык
08.04.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурматтын клибинде ойногону жагат. Бирок "Салам Бишкектеги" жоруктары жакпады, таптакыр! Азыр эркектерди кызча кийинтип тасма тартуу көбөйүп кетти. Билбейм кандай адамдар бул маскарачылыктан ырахат алышат. Анан отуруп алып гейлер баланча түкүнчөлөр көбөйүп кетти деп наалыйбыз. Ошондой тасмаларды тартпай эле койгулачы, байболгурлар!
SUPER.KG видео
08.04.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talanttuu bala iygilik kaalaim jonokoi kelechekte perishtenizdi taap baktyluu bolunuz
SUPER.KG видео
08.04.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jurnalistka kop jilmaya berbeyt eken ayabay sereznaya go
09.04.2014. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты ийгилик!!!
SUPER.KG видео
09.04.2014. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат Садыровдун клибиндеги ролу аябай жагат.Жакшы аткарган, Ишинизге ийгилик!
SUPER.KG видео
09.04.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
altynbek-,
Далили жок жана адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазуудан алыс болуңуз! БАНга!
SUPER.KG видео
09.04.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
burka,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
09.04.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул актёр жакчы да мага. Салам бишкектен кийин жакпай калды э
11.04.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Malades
11.04.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот байке мен кино тартсам сизди биринчи чакырам !Ишинизге ийгилик алгаа
12.04.2014. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
онорун оркундой берсин, азаматсын!
12.04.2014. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айылдагылардан пиратка окшош кишилерди таап

пират -деңиз каракчысы
13.04.2014. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча созулган жигит бул!Менин ВКУСУМГООО....
14.04.2014. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул бала баламын атасына окшош экен клиптерден коргон сайын озумчо башкача болом себеби ал бизди таштап кеткен;(
14.04.2014. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болотбек боло турган жигит экен ийгилик
SUPER.KG видео
04.06.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журналист кыз мостойбой кичине жылмайып койсо болмок экен, мостойуп отурганына карабай актер жылмайып жакшы маек куруп бериптир
20.11.2014. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ кандай байланышсам болот Болотбек менен майл даректерин бериниздерчи сураныч сиздерден
20.11.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maisara,
Саламатсызбы! Биз тилекке каршы андай маалыматтарды бербейбиз.
31.01.2015. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам бишкекте Айпериге тамак жедиргени раса жагат. сенин келечектеги жубайын ошондой кам корсо кандай соонун! сулуу жигит экен озу. Чыгармачылык ийгилик каалайм осо бер!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо