Айбек Арзиматов, Семанын иниси:«СЕМА БАЙКЕМЕ КҮЙӨРМАНДАРЫНЫН КАТЫН КӨП ТАШЫДЫМ»

№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж

«Бир тууганың көп болсо жакшы экен. Кээде бошобой, жумуштарыма жетишпей баратканда Айбекке чалып, «Айбек, батыраак бара калчы» деп коём. Иним дароо жумуштарымды бүтүрүп берет» деп кичүү инисин мактай кетти ырчы Сема. Бул теманы мен эмнеге козгоп жатам? Анткени так ошол ырчы мактаган Семанын кенже иниси, милиция кызматкери Айбек агасынын биз, сиз билбеген сырларын айтып берди.

БИР ТУУГАН АРЗИМАТОВДОР:

  1. Кумарбек, 36 жашта, жеке ишкер
  2. Самарбек (Сема), 34 жашта, ырчы, жеке ишкер
  3. Жанарбек, 32 жашта, жеке ишкер
  4. Тынарбек, 29 жашта, программист
  5. Айбек, 26 жашта, Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага инспектору

«СҮЙЛӨГӨНҮ СӨККӨНГӨ БАРАБАР ЭЛЕ»
Айбек: – Биз үй-бүлөдө 5 эркекпиз. Бешөөбүздүн кыялыбыз беш башка. Эң улуу агам Кумар менен Самар удаа болгондуктан, экөө сырдашып жакшы сүйлөшүшөт. Ал эми калган үчөөбүз өз ара жакынбыз. Мисалы, үчөөбүздүн бирибиз бир кызга барсак же бирөөнү жактырып калсак сезимдерибизди ачык айтып кеңешип иш кылабыз. Үйдө жалаң эркек болгондуктан мурун үй иштерин да бөлүшүп аткарчубуз.
Сема: – Туура, негедир эс алуу күндөрү мага апамдын маанайы суз тартып калгандай сезиле берчү. Үйдө кыз жоктугун билдирбейли деп ошон үчүн баарыбыз үй иштерин өзүбүз жасайт элек.
А.: – Мен 1-класска барганымда Самар байкем борборго окуганы кетти. Каникулда айылга келгенде биздин сабактарыбызга абдан маани берчү. «Спорт менен сөзсүз машыккыла» деп катуу талап кылар эле. Агамдын бир мүнөзү бар, бир нерсени кечке кайталап майдалана бербейт. Бир-эки сөз менен түшүндүрүп жеткире айтат. Колубуздан келбей жатса же туура эмес болуп калса эринбей отуруп башынан түшүндүрүп, үйрөтүп берет. Эгер жини келип турса, анын бир сүйлөгөнү сөккөнгө барабар эле. Анан да агамды айылда баары жакшы билишчү, аны сыйлап мага чоң балдар көп тийишкен жок. Кээде гана билбей тийишип калганда агама айтсам, кантип аларды жазалаганын билбейм, бирок алар келип менден кечирим сурашар эле.

«ЖЕҢЕМ АРКЫЛУУ АГАМДАН АКЧА АЛЧУМУН»
– 10-классымда Кара-Суудан Бишкекке келип, Самар байкемдин үйүндө жашап калдым. КУУнун программисттик кесибине тапшырып алгам, студентмин. Окуумдун контрагын, туулган күн, шаан-шөкөттөргө кеткен акчалардын баарын агам берет. Ал кезде кафеде ырчы болуп иштечү эле. Бир күнү Тынарбек экөөбүздү агам кафеге чакырып, сүйлөшкөн кызы менен тааныштырып жатпайбы. Ал кыз да абдан эпчил, тыкылдаган кыз экен, бир көргөндө эле жактырдык. Андан кийин ошол кызга үйлөнүп, биз жеңелүү болдук. Самар байкем үйлөнгөндөн кийин мурункудай акча да сурай албай тайсалдап калбадымбы. «Мурун бойдок болчу, эми үй-бүлөсү болгондон кийин уят го» деп ойлодум. Кийинчерээк акча суроонун жаңы жолун таап, жеңем аркылуу айттырчу болдум (күлүп). Жеңеме «бүгүн бул кыздын туулган күнү, сурангандан уялып жатам» десем «болду да» деп барып сүйлөшүп, акча алып келип берчү.

«АПАМ ТЕЛЕДЕН БАЛАМДЫ КӨРГҮЛӨ ДЕЙ БЕРЧҮ»
– Негизи ата-энебиз чыгармачылыкка жакын адамдар. Кезинде таланттуу үй-бүлөлөр ортосунда болгон сынакка катышып, жеңүүчү болгонбуз.
Самар байкем мектепте окуп жүргөндө аябай активдүү болчу. Андан кийин борборго келип, «Сема» тобун ачып, бат эле популярдуулукка жетти. Апам агамды теледен көрсөтө турган болсо тууган, тааныштарынын баарына чалып, «менин балам ырдайт экен, көргүлө» деп эскертип чыкчу. Бүткөндөн кийин кайра эринбей бирден чалып, «көрдүңөрбү баламды?» деп сурачу. Андан кийин концерттерге көп чыгып, көнүмүш эле адат болуп калды окшойт, эч кимге деле чалбай, мурункудай толкунданбай калды (күлүп).
Мен да бала кезде музыкага абдан кызыккам. «Сема» тобу гастролдорго барганда үн режиссёру болуп жардамдашып жүрдүм. Ырчыларды мурун телевизордон эле көрчү элек. Агам менен жүрүп аларды жанынан көрүп, таанышып калдым. Анан да агамдын эң алгачкы концертин унутпайм. Спорт Ордосунда мен-мен деген артисттер концерт койчу эмес беле анда. Самар байкем да элдин назарына алынганына, концертине келген кишилерди көрүп өзүмчө бир кубангам. Анда күйөрман кыздары да арбын эле. Канчасынын катын, белек, гүлдөрүн ташып калдым...

«БИРӨӨЛӨРДҮ УКМУШ ТУУРАЙТ»
– Агам ата-энебиздин көзүнчө уялымыш болгону менен, жалгыз болгондо балдарын аябай эркелетет. Анан да күтүлбөгөн жерден ырдап, бирөөнү туурап же Манас айтып жибермей өнөрлөрү бар.
Мен учурда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматында иштейм. Бул жумушка орношконумду укканда да агам «өзүңдүн мүнөзүңө жараша кесипти тандаптырсың» деп абдан кубанган.
С.: – Айбектин жакшы жери бар, абдан жоош. Он жолу сүйлөсөң бир жолу «ооба» же «жок» деп эле жооп берип коёт.
А.: – Мени баары эле жоош дей беришет. Болгону мен анча-мынча нерселерге жооп берип айтышып отурбайм. Баарын ичимден анализ кылып, ошого жараша иш кылам. Бирок жоош эмесмин.

«Ата-энем жана бир туугандарым менен «Таланттуу үй-бүлө» сынагын жеңип алганбыз».

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Семанын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Сема агам мен үчүн таянар тоом" дейт иниси Айбек

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
04.04.2014. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматтар бул тергоочу жигит Семанын иниси турбайбы?
SUPER.KG видео
04.04.2014. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур,ишинерге ийгилик.
SUPER.KG видео
05.04.2014. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аска зоо бир тууганым.......
SUPER.KG видео
05.04.2014. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбекти биринчи окшоткон элем, бирок ойлогон эмес элем..
SUPER.KG видео
05.04.2014. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир туугандар бар болгула ишинерге ийгилик
SUPER.KG видео
05.04.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мыНча сонун бир туугандар!Ата энесине рахмат ушундай балдарга татыктуу тарбия берип чонойткон!АБдан жакты красафчиктер!
SUPER.KG видео
05.04.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ii sonun eken, Sema baike ххх bolup kalyptyr. A inisi maga ajabai zhagat, men daima krim superden kop korom, oilochu ele oz ishin bilgen bala dep oiloim. Ekoonu birtuugan emes ele Sema baikeni militsija karmap algandai bolup kalat eken. Baktyluu bolgula birtuugandar.
Модератор admin_media түзөттү 05.04.2014 14:44
SUPER.KG видео
05.04.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматуу алыпбаруучу сиз кыргызчаны кйыналып суйлогондой сезилет эркин суйлосонуз
SUPER.KG видео
05.04.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанарбек беле тынарбек беле иниси чогу ырдап чыгып калышчы элего мурун?
SUPER.KG видео
05.04.2014. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodest Karakuljaluktar(osh). biz siler mn syumuktanabyz...
SUPER.KG видео
05.04.2014. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эх инисин суйом дааа, Сема байке келин кылып алчы
SUPER.KG видео
05.04.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Семанын фудболкасындагы жазу хахаа го0)) Иниси кантип тергоочу болуп калды экен э? Озу да жол эрежесин кооп бузган болсо ...
SUPER.KG видео
06.04.2014. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ne le super infogo uwul bala le chugip otchet bere beret dese Semanin inis turbaibi
SUPER.KG видео
06.04.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иниси кыйын,Азаматсынар
SUPER.KG видео
06.04.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Vaaaai Aibek.Sovette zvezda ele da))))))
SUPER.KG видео
06.04.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында озу програмастика окуса кантип анан тергоочу болуп калат тем более эрте эмесби 1988-жылкы болсо
SUPER.KG видео
07.04.2014. 05:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хехе ошо айтыым бул жигитти каерден кордум эле деп корсо Семанын иниси турбайбы)))
SUPER.KG видео
07.04.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самарбек акенин иниси жылдыздуу экен!ишинизге ийгилик
07.04.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм, жакшы маек болуптур!))
SUPER.KG видео
07.04.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбектин отчётторун угуп жургөм. Семанын иниси экенин угуп сүйүнүп калдым. Маек жакты.ы.ы
07.04.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Карасуудан дейби? Хм.. Оштукбу анда Сема...
07.04.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бир туугандар!
08.04.2014. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Москвада эн чон байкеси менен квартирада чогуу жашаганмын. Постоянно эле Семаны менин иним болот бир тууган деп мактана берчуу. Андай деле нормальный ыры жок го.
08.04.2014. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир тууганым дарагымдын тамыры деген ыр эсине келет экен... Ар кимге озунун бир тууганы бийик эмеспи. Туугандары менен араздашып саламга келбеген тажаал бир туугандар да жок эмес. Суунун башы, касиеттуу Кара-Кулжанын кулундары бар болгула!!!
08.04.2014. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Улан-Удэде чон байкеси Кумар, анан Жанар менен жашагам. Жанар байке менен поезде чогу келгенбиз Бишкеке. Ошондо айтчу жакында телеге чыгбыз деп 2005-2006 жылы болсо керек эле.
08.04.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сема апасына окшош экен. Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
09.04.2014. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун бир туугандар экен! Айбек жылдыздуу бала экен! Бири биринерге жолок болуп,таяныч болуп, жашоодо ийгиликтерди жаратып жургуло.Менин да бир туугандарым келечекте Силердей бири бирибизге боорукер болушубузду Жараткандан коптон коп суранып келем
09.04.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарыбир бир туугандын орду башка боло эпеспи, бир тууганын болсо тоону да тешип отосун... Ийгилик силерге!
11.04.2014. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштеринерге ийгилик тайкелерим
11.04.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сема байке менен 2012ж Дасмия рест таанышкам. Мени конокко чыкырган Айба менен таныштырам деп, а мен шашылып Кара-кулжага кетип калгам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо