Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ӨЗҮМДҮН ЖООКЕРИМДИ ТАНДАГАМ, ЭМИ ГЕНЕРАЛ КЫЛАМ»

№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж

Бүгүнкү коногубуз бизди өлкөнүн маанилүү жаңылыктары менен кабардар кылган диктор, менин адашым Лунара Мамытова. Каарманым ар бир узаткан суроого так, кылдат жооп берип, ошол эле суроону кайра өзүмө узатып, айтор, адамды зериктирген жок.

– Кандайсыз, Лунара, алгач суроону өзгөчө ысымыңыздан баштасак, атыңызды ким койгон?
– Жакшы. Атымды апам койгон. Үй-бүлөдө 4 кызбыз, төртөөбүздүкү бири-бирине уйкаш болсун деп, Элеонора, Лунара, Лира жана Мирана деп коюшуптур. Негизи менин атымды Карл Маркстын кызынын урматына Лаура деп коюшмак экен. Себеби Элеонора деген эжемдин ысымы да Маркстын кызынын аты. Бирок эмнегедир Лунарага токтолушуптур. Айтмакчы, меникине ысымы окшош адам менен биринчи жолу маңдай-тескей отурам үлүп). Ысымымдын өзгөчөлүгүнөнбү, бардык жактан башкалардан айырмалангым келет. Мисалы, жумуш жасаганда жаман болуп калат деп коркпой, өзгөчөлөнүп, башкача жасаганга умтулам. Сизде да ушундай учур болобу?

– Ооба, мен да сизден өзгөчө интервью алсамбы деп турам...
– Демек, бизде окшоштук бар экен.

– Канча жылдан бери теледен түшпөй келесиз, өз кесибиңиз менен иштеп көрдүңүз беле?
– Эки жогорку билимим бар, бирок алып баруучулукка атайын окубадым. 11-классты бүтүп «кайсы окууга тапшырсам?..» деп көпкө ойлондум. Ойлосом, бүт тармакка шыктуу экенмин, жадакалса математикага да. Анан атам «кызым, тарых – бүт илимдердин башаты, ошол жакка тапшырсаң жаңылбайсың. Же болбосо кытай тили – келечектин тили. Кытай тилин үйрөн» деп кеңеш бергендиктен ойлонуп көрүп, тарыхты тандаганмын. Тарых саясатка да жакын эмеспи. Кийин юридикалык билимге ээ болдум.
Атам өзү теле жаатында 30 жылдан ашык иштеген. Анын жолун улап мен да телевидениеде эмгектенип келе жатам. Алгачкы жолу телеге 14 жашымда чыккан элем, «Ала-Тоодо» иштегениме эле 8 жыл болду. Өзүмдүн кесибим менен иштөөгө сунуштар болгон. Бирок ээ болгон кесиптерим мага журналистикада да жардам берип келүүдө.

– Мурун дикторлук менен гана чектелчүсүз, кийинчерээк жаңылыктарды даярдап кабарчылык милдетти да аркалап калдыңыз, сизге кайсынысы жакын?
– Дикторлуктун да, кабарчы болгондун да өз ырахаты бар. Мисалы, кабарчы болгондо эл менен тыгыз байланышта болосуң, жаңычылдык, изденүүнүн үстүндө жүрөсүң. Кабарчылыкта сен элге кызыксаң, дикторлукта эл сага кызыгат. Сен окуган негизги жаңылыктарды күтүшөт, көрүшөт. Жеке мага алдын ала жаздырылып эфирге кеткен видеоматериалга караганда түз эфирди алып барган жагат.
Түз эфирдин башкача сүрү болот. Эгер тигиниси жакшы, мунусу жаман десем, анда мен алып баруучу же журналист катары иштебей эле койгонум оң го үлүп).

– Бир жолу сыналгы көрүп отурсам жаңылык окуп жаткан бир кесиптешиңиз айтып жаткан окуясынан таасирленип көзүнө жаш алды эле...
– Бул окуя адамдык факторго жакын го дейм, жашы куюлуп кетсе деле көрүүчүлөр үчүн кечиримдүү болуш керек. Алып баруучу жаңылыкты аң-сезиминен өткөрүп окуйт, робот сыяктуу окуп койсоң жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Бизде бул сыяктуу түрдүү кырдаалдар көп болот, мисалы, чүчкүрүп жиберишиң мүмкүн, эфир учурунда артыңдан оператор келип микрофонду оңдоп калат, сүйлөп жатканда шыптан көгүчкөндөрдүн үнү тоскоолдук жараткан учурлар болот.

– Үй-бүлөгө келсек, бүлөлүк турмушка жумуш тоскоол болбой элеби? Дегеним, жумушуңуз менен 3 ай Түркияда командировкада жүрүпсүз, жолдошуңуз буга кандай карады?
– Биринчи жолу жумуш менен көп убакытка чет өлкөгө чыктым. Турмушка чыга электе менде эркиндик көбүрөөк болчу, бирок турмуш кургандан кийин күйөөң менен кеңешкенге туура келет экен. Түркияга болгон сапарым тууралуу айтканда жолдошумдун «жок, барбайсың» деп айтайын деген ою бар болчу, бирок ошол маалда жумуштан чалышып «паспортуңуздун көчүрмөсүн, документтериңизди даярдай бериңиз» деп калышты. Ошондо жолдошум негедир макул болуп койду, анын мындай чечими өзүм үчүн да таң калычтуу болду.

– Уулуңуз чоң жигит болуп калса керек?..
– Ооба, чоңоюп калган, өтө шок. Көчөдө баратсаң жөн кетпейт, сөзсүз жолдогуларды уруп өтөт, артын караса эле кичинекей бала, анан баары күлүп калышат. Дүкөнгө барса өзүнө керектүү нерселердин кайсы жерде экенин бүт билет, барып алып келип кассанын жанына коюп коёт. Биз, айымдар, эркек балага жакын болот окшойбуз деп койдум. Анткени уулума аябай жакынмын. Атасы милиция кызматкери эмеспи, «кичинесинен катуу кармаш керек» деп калат. Бирок мен болбой эле болуша берем «беш жашка чейин өзү каалаганын кылып чоңойсун» деп. Башка бирөө балама катуу сүйлөп койсо, тим эле көзүмдөн жаш чыгып кетет, өтө баласаакмын.
Уулум менен 3 жыл декретте отурдум, эгер андан көбүрөөк болсо дагы деле отура бермекмин, бирок жумушка чыгыш керек болду.

– 3 жыл үйдө отуруп эфирди сагынсаңыз керек?
– Албетте, сагындым. Үйдө отурганым менен тынган жокмун. Англис тилин үйрөнүү үчүн курска бардым, фитнес менен машыгып, китеп окуп, айтор, билимимди кеңейтүү менен жүрдүм. Анан да үй-бүлөмө көбүрөөк убакыт бөлдүм.

– Коомдо диктор, телеалпаруучу десе эле олигархтын жубайы деген ой калыптанып калган, бул эмнеден улам деп ойлойсуз?
– Бул жаңылыш ой, жөнөкөй адамдар деле олигархтын аялы болуп жүрүшпөйбү. Бар албетте, алып баруучулардын арасында, бирок мен, чынын айтайын, муну талкуулагым келбейт. Ал ар бир адамдын өзүнүн тандоосуна жараша. Жеке өзүмө жооп берсем, мен даярга тап болгонду жаман көрөм. «Генералдын жубайы болгуң келсе, катардагы жоокерге турмушка чык» деген кеп бар эмеспи. Мен өзүмдүн жоокеримди тандагам, аны өзүбүз адал эмгек менен, буюрса, генерал кылып алабыз. Көбүнчө акылым менен эмес, жүрөгүм менен чечим чыгарам. Жолдошум жөнөкөй, жүрөгү таза, жүрөгүмдүн талабына жооп берет.

– Жолдошуңуз бар экенин билип туруп тийишкен жигиттер болобу?
– Көчөгө көп деле чыкпайм. Мындайда көп нерсе аялзатынын өзүн алып жүрүүсүнөн көз каранды деп ойлойм. Өзүңдү олуттуу алып жүрүп, түз басып, түз сүйлөсөң эч ким деле тийишкенге даабайт.

– Үйдө ким кызганчаак, сизби же жолдошуңузбу?
– Мен кызганчаакмынбы же жокпу, аны жолдошумдан сурап көрүш керек экен. Ал эми жолдошум кызганат. Негизи, эркек киши өзүнө таандык нерсенин баарын кызганат болуш керек.

– Жолдошуңуз сиздин эфирдеги образыңызга сын айтабы?
– Ал убактысынын аздыгына карабай күндө менин эфиримди көрөт. Анан «чачыңды жайып чыкпайсыңбы» деген сунушун айтып калат.

«Уулум Эрхан экөөбүз теннис ойнойбуз, сейилдейбиз, айтор, каалаганын аткарам».

«Бош убактым дээрлик болбойт, бирок эс алганга убакыт табам».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Жолдошум менин күйөрманым" дейт Лунара Мамытова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
05.04.2014. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лунара эжекейдин уну жана жасаган жумушу жагат,озуда жылдыздуу айым!Сизге ден -соолук,иштеринизге албан-албан ийгилик жана уй-булолук баакыт каалаймын!
SUPER.KG видео
05.04.2014. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты
SUPER.KG видео
05.04.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Женеке эн сонун маек болуптур. Урмат акем бактына аман болунуз.Биз сиз менен сыймыктанабыз..
SUPER.KG видео
05.04.2014. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дикторлордун арасынан эн сулуусу,уну жакшысы-Лунара,иштерине ийгилик каалайм!!!
SUPER.KG видео
05.04.2014. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
канча жашта,жон гана билгим келди чет жакта жургонго билбейт экенмин.(кечиресинер)
SUPER.KG видео
06.04.2014. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокой жакшы бактылуу болгула!!!
SUPER.KG видео
06.04.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында сулуу кыз экен. Сүйлөгөнү,күлгөнү,мамилеси да сонун го.Азаматсыз,бар болуңуз!
SUPER.KG видео
06.04.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец красавица
SUPER.KG видео
06.04.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кесиптешинер Лунара Бекиева интервью албаптыр го.Гезитте башкача го. ххх
Модератор admin_media түзөттү 07.04.2014 10:06
SUPER.KG видео
07.04.2014. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myndai dele suluu ekensiz degeni sonun eken ))))
07.04.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
красавица, умница, ийгилик!!!
07.04.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Мындайда көп нерсе аялзатынын өзүн алып жүрүүсүнөн көз каранды деп ойлойм. Өзүңдү олуттуу алып жүрүп, түз басып, түз сүйлөсөң эч ким деле тийишкенге даабайт" tuptuura aitty da, azamatsyz, akylman asylzat ekensiz
07.04.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
inoplanetyanin, menin Alailyk ejem bolot da! Alailyktar akylduu keliwet)))
08.04.2014. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Made_in_Mama, оппоо))
07.04.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ухоженная, молодец!!!
07.04.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодец Лунара айым ишинизге ийгилик
07.04.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жагат скромная!!!!!!
07.04.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул эженин жашы канчада?
09.04.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
youngyoung, 32 bolush kerek
07.04.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Куйоосун озу кантип генерал кылат??? Куйоосу татыктуу болсо наам озу клет!!!
08.04.2014. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AikoWka, Аял жакшы , эр жакшы.
Алган эри жарашса, кара катын как болот.
Лунара озу да азамат жолдошу да мыкты экен.
Ийгилик бактылуу болгула.
08.04.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AikoWka, «Генералдын жубайы болгуң келсе, катардагы жоокерге турмушка чык» деген кеп бар эмеспи. Мен өзүмдүн жоокеримди тандагам, аны өзүбүз адал эмгек менен, буюрса, генерал кылып алабыз. деген. маани берип окуп карасан. Мен өзүмдүн жоокеримди тандагам, аны өзүбүз адал эмгек менен, буюрса, генерал кылып алабыз деп турат.
08.04.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
infomit, кошулам. Ушул кее бир окурмандарыбыз эч мээсин напрягать эткиси келбейт да. Каамарабай туруп коммент жаза салат.
07.04.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келет, генерал наамын алуу учун куйоонузго бар дагы...
07.04.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
youngyoung:Бул эже 85 жылкы болот.
07.04.2014. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ктркада иштеген журналисттерге эч эле ичим чыкбайтда качан койбо азыркы бийлигин мактай беришет кичине тен салмакту алып барсанар боло Оторбаев сызган сызыгынан чыкбай журо бербей оторбаев кыйнап жатса айткыла биз чындыкты айтып жатабыз элге деп
07.04.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
супер-инфо аалам сырлары эмне болду? жэ жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы?
08.04.2014. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага аябай жагат да ушул эже)))КГдардын Екатерина Андреевасы...маек аябай кызыктуу болуптур.
08.04.2014. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх тамшануу менен окудум, мынакей денгээли бийик инсандар деп айтууга толугу менен болот. КТРдин жузу, алып баруучулардын кузгусу Лунара Мамытова. Сулуу, ыймандуу, акылдуу, косом, замандын илимдуу адамы, Оштун карлыгачы бар бол!!!
08.04.2014. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмнеси болсода Оштукта сулуу,жонокой,созго чебер.....
Ийгилик сага.
08.04.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылдуу, сулуу аялзаты, дикторлордон ушу эже жагат.
08.04.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир суйлогон созу маанилуу жана так айтылыптыр.ийгилик жана уй булолук бакыт каалайм...
10.04.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен адашын корбой койдум го дагы бир Лунараны
10.04.2014. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КЫРГЫЗЫМДЫН дагы бир чырайлуу сулуусу.
12.04.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кытай тилин билиш неге зарыл.тушунбойм.англис тилинен да зарылбы ушунчалык.жее жакын арада кытайлар басып келип бизди кул кылганда кыйналбай иштейбизби.
SUPER.KG видео
14.04.2014. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КТРКны корбогондуктон бул диктор айымды биринчи жолу таанып билип жатам.... Биринчи коз караштан эле бул айымдын тартип -тарбиясы корунот... Билимдуулугун даназалап бир да жолу орусча суйлогон жок ... Тыкандыгы ар бир суйлогон созунон байкалат... Орустардын диктор айымы Екатерина Андреевнаядай болуп тарыхта жазылып калгандай болунуз демекчимин ...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо