ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Ошентип Тариел мыйзам чегинде жазасын албай кутулуп кетти. «Убакыт баарын дарылайт» демекчи, күндөрдүн өтүшү менен Айдайдын жүрөктөгү жарасы айыккансыды. Күз келип, окуу башталганда жатаканага көчтү. Бөлмөдө 4 кыз чогуу жашайт. Күндүз окуйт, түштөн кийин бош. Студенттик жашоого акча таба турган жумушу болбосо чыдачудай эмес. Айылдан ата-энеси салып жиберген акча түгөнгөн сайын Айдайдын айласы куруйт. Бир күнү Сезим аттуу курбу кызы менен бирге жумуш издеп чыкты. Көчөдө бак-даракта чапталып турган «Жаш кыздарга жумуш берилет, айлык акысы жогору» деген жазууну окушуп, ага чалышты.
– Алло!
Трубканын ары жагынан бир аялдын үнү угулду.
– Саламатсызбы, эже. Биз жумуш боюнча чалып жаттык эле.
– Келгиле, жолугуп сүйлөшөлү.
– Эже, эмне жумуш экенин айтып коёсузбу?
– Караоке клубда официантка болосуңар.
– Айлык канча, билсек болобу?
– Ай кыз, иштебей жатып эле айлыкты сураган кандай немесиң? Иштесең тиштейсиң да. Биринчи кел, сүйлөшөбүз, жакса иште, жакпаса телефондон башымды көп оорутпа!
– Кечиресиз, каякка барышыбыз керек?
Айдай оңтойсуз боло түштү. Аял даректи айтып, арадан бир саат өткөн соң Айдай менен Сезим белгиленген даректи таап барышты. Бишкектин чок ортосундагы көчөлөрдүн
бириндеги особняк үй экен. Кызыл дарбазадан чыккан семиз аял Айдай менен Сезимди көргөндө көзү жайнай түштү.
– Келгиле, кыздар, үйгө киргиле!
– Кирдик эже, ушул жерден сүйлөшсөк болот эле.
– Жок, үйгө киргиле.
Тиги аял экөөнү кыйнап алып кирди. Үйдүн ичинде да кыздар көп экен.
– Ии, кыздар! Өзүңөр жөнүндө айтып бергилечи. Кайда окуйсуңар?
Тапчандагы столго отурган соң, семиз аял суйкайган сулуу кыздарды көргөндө ичинен кымыңдай, кызыга суроо узатты.
– Университетте.
Экөө жарыша жооп кайтарды.
– Эмесе мындай. Шаарда менин бир корей таанышымдын караоке клубу бар. Ал жакта 30дай кыз иштейт.
– Эмне жумуш кылышат?
Сезим кызыга суроо узатты.
– Ал караокеге Бишкекте жашаган корей улутундагы ишкерлер келип эс алышат. Кыздар болсо алар менен чогуу отурушат. Жөн эле чогуу отуруп койгондору үчүн аларга акча төлөп беришет...
Айдайга аялдын айткандары жакпай калды. Акырын Сезимге шыбырады.
– Жүр, кеттик.
– Токтой турсаң.
Сезим Айдайды токтото калып, тиги аялга кайрадан суроолорун жаадыра баштады:
– Күнүнө болжол менен канча төлөп беришет?
– 100 доллар. Анын жарымын кыздар, ал эми жарымын мен алам.
– Чогуу отурганда мас болуп, тигилер тийишпейби?
– Жок. Кыздардын макулдугусуз тийишпейт. Эгерде кыз макул болсо, үйлөрүнө алып кеткенге өзүнчө төлөп беришет.
Айдайдын чыдамы кетти.
– Кечиресиз, биз адашып келип алган экенбиз, кетели.
Акырын сүйлөгөн ал ордунан тура бергенде, тиги аялдын көзү чакчая түштү.
– Шашылба, иштесең өкүнбөйсүң! Азыр сага баарын жакшылап түшүндүрүп берем. Акча дайыма болуп турат, окууңа да жетишесиң. Ойлонуп көрсөң. Жейм дегениңди жеп, каалагандай кийинесиң. Үйдөгүлөргө болсо «официантка болуп иштейм» деп кой. Тааныштарым келип, көрүп калат деп чочулабай эле койсоң болот. Ал жерге күзөтчү балдар корейлерден башкаларды киргизбейт, анын үстүнө билесиң, кыргыздар антип эс алууну билишпейт.
Тиги каткыра күлүп, чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып түтөттү. Анан кайра кебин улады.
– Кыздар, ачыгын айтсам, бизде силердей сулуу кыздар жакшы акча табышат. Ойлонуп көргүлө. Азыр окууңарга деле акча керек. Студенттер жыргап жатышкан жери жок. Ар бир сабагың акча менен бүтөт. Бул жакта кыйналган деле жумуш жок, жыргап ичип-жегениңер үчүн акча табасыңар...
Айдай менен Сезим эмне кылсак дегендей эки анжы ойдо бири-бирин карап турганда, тиги визиткасын кармата койду.
– Ойлонгула, эгер иштейбиз десеңер келгиле.
Экөө ээрчишип көчөгө чыгышты.
– Эмне кылсак? Иштеп көрөлүбү?
Сезим көңүлдөнүп алыптыр. Айдай андан мындайды күткөн эмес.
– Жинди болбочу! Иштесең өзүң иштей бер, мен иштебейм.
Арадан бир жума өтпөй Сезим ал жакта иштеп калды. Эки күндүн биринде жасанып алып каякадыр кетип, түнөбөй жүргөнүнө Айдайдан башкалар анчейин маани беришкен жок. Айдай болсо ылайыктуу жумуш таба албай көпкө кыйналды. Акыркы күндөрү акча сурап, ата-энесине чала бергенден уялчу болду. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры Сезим менен иштөөнү туура көрдү.
Бир күнү кечинде экөө ээрчише, шаардагы караоке клубга барышты. Сыртынан бир караган адамга кадимки эле караоке клуб көрүнгөнү менен ичинде толтура жаш, сулуу кыздар акча үчүн корей улутундагы мырзалардын оюнчугуна айланып жатканын ким билсин? Баягы семиз аял Айдайды көрүп сүйүнүп кетти.
– Бая эле келбейт белең, эмдигиче машинага жете тургандай акча чогултуп коймоксуң.
Караңгы, тамекинин түтүнү көздү ачыштырган бөлмөдө музыка жаңырып жатты. Кыска кийинген кыздар «Гуля эже» деп тиги семиз аялдын көзүнүн агы менен тең айланышат экен. Ал бир маалда ары жактан жылтырак, этеги кыска көйнөк көтөрүп келип Айдайга карматты.
– Муну кийип ал! Алдагы көйнөкчөн турсаң, бир да мырза сага кызыкпайт. Мындан ары мырзалар сени бир караганда делебеси козголо тургандай кийинишиң керек.
Арадан 2 саат өткөн соң корей мырзалары караңгы бөлмөгө толуп кетти. Бир маалда жашы 35-40тардагы бирөөсү Айдайдын жанына басып келип, түшүнүксүз бир нерселерди сүйлөп калды. Анан тиги Гуляга бир нерсени айтып, Айдайды колу менен жаңсап көрсөттү.
Гуля Айдайдын жанына басып келип:
– Сени тиги жактырып калыптыр. Бүгүн сени алам дейт. Аны капа кылбай, жанында күлүп-жайнап отур.
Айдай капканга түшкөндөй элейип калды.
– Бол эми, жалдырабай! Минтип оозуңду ачып отурсаң, кардарды качырасың!
Гуля аны карап аңкылдап баштады.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 584-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 585-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 586-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 587-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 588-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 589-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 590-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 591-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 592-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 593-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 594-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 595-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 597-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 598-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 599-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 600-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 601-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 602-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 603-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 604-сан
Комментарийлер(28)
07.04.2014. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх Айдай бул да болсо тагдырдын сыноосу да.Бул жаман чойродон эртереек кет.Сени Эрмек кутуп жатат
07.04.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
бир жума кутуп журуп ачса дагы кыска жазыптырсынар. Кичине узунураак эле жазгылачы бай болгурлар
07.04.2014. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ ойлогон ойду, кыстаган турмуш женет деп ушуну айтатда....!!
07.04.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчанын айынан болуп атат. Эркектер болсо баары бир максатына жетиш керек... Кыздын келечеги ойлондурбайт
07.04.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле бай болгурлар коптон жазгылачы))))
07.04.2014. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жума кутуп эми окуй баштасан бутуп калат коооооооптон жазгылачы. Айдайга боорум ооруп кетти
07.04.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушинтип арам акча тапканча ачкадан олгон жакшыго дейм!
07.04.2014. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kanul990, баракелде!Акылына бали сенин!
07.04.2014. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне Айдай эле студент бекен бир жакшына болуп иштеп нан тапкан студенттер аз эмес. негизи Айдай женил ойлуу экен иштейм десе идиш, пол жууп иштеп акча тапса деле болот за то адал, эмне иш экен билип тушунуп туруп барып жатпайбы.. .
07.04.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
seli, туура айтасын, биз дагы студент болгонбуз, сен айткандай пол жууп идиш жууп деле акча тапкабыз убагында. Айдай болсо чу дегенде эле арам оокат кылабаштадыго.
07.04.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
seli, акылы кооооп кыз экен да ушул.:-)
07.04.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштен колум бошобой эми кирсем аз экен кичине кобурок жазгылачы айдай айдай
07.04.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сойкуга айланды койду дааа
07.04.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сойкулук кундору башталган тура, женил ойлуу кыз экенго. Сойкулук эн жаман ыплас нерсе
07.04.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен студент болгон кезде мен да такыр жумуш таппай кыйналгам. Акчам да эзели жетпечу. Дайыма эле жмуш издеп журчумун. Акыры жумуш таппай эле буттум))))
07.04.2014. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ермек ким еле
07.04.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кобууроооктон. жазгылачы сураныч! же китеби барбы
07.04.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оной жумуш таап алды корунот.Т.Курбаналиев айткандай "Товарын сатат да акчаны алат,а бирок товар озундо калеверет"дегендейден болуптур да.Мейли,пейилине жараша жумуш тааптыр да кантсе да.
07.04.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
P.S:озу гоо билбейн,бирок товарынын эле шору куруйт го.
Ал кесиби бара бара душасын жеп жок кылат!
07.04.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шаарда иш толтура го, пол жууса да кореецтерге куурчак болгондон жогору. Окуп окубай туруп кыздыгы жок калды. Эх!
08.04.2014. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары келип акчага такалат туура. Ойлонсо болмок тируу пендени кур койбойт еле.
08.04.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдыр экен деп баарына баш ийе берген болбойт экен, студенттик баарында откон! Адал иш менен ак нан таап жегенге эмне жетсин! Кантсе да чыгармадан сабак алса болчудай экен.
08.04.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
",Яблоко от яблони недалеко падает" демекчи апасынан алыс кетпептир. Эми кеч болсо да кайтканы жакшы го.
08.04.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автор, мээримдүү, жакшы адамдардын кызын эмнеге мынча кордодуңуз,баштабай жатып эле сойкуга айландырдыңыз?.. Кызды эле эмес, аны тарбиялаган адамдарды да моралдык жактан талкалап жатасыз. Энесинин тагдырын кызына ыйгарууга болбойт, кандай дейсиз?.. "Бала туугандыкы эмес, тутунгандыкы" дейт.
08.04.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рас болуптур башы болсо келбейт да не ушунчалык акча керек болсо да чыдаса болот , бир улак бир коорону булгайт деген ушул да, уят ар намысты да билбейт экенда ,
11.04.2014. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай жаман кыз экенда а
11.04.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уландысын окубай эле эмнеге сойку деп айтазынар балким башкача болор?????????
13.04.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында урматтуу автор сценарийди бир аз озгортсонуз. Баш каарман женил ойлуу кызга айланып, окурмандарга жек корунду болуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо