№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж
3-апрель күнү Улуттук оппозициялык кыймыл маалымат жыйын өткөрүп, анда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев кыймылдын тең төрагасы болгону билдирилди. Маалымат жыйында К.Ташиев: «Улуттук оппозиция кыймылы негизделгенине эки ай болсо да, бүгүнкү күнгө чейин митинг өткөрүүнү пландаган эмес. 10-апрелде митинг өткөрөбүз. Эгерде бийлик Бишкекте бизге митинг өткөрүүгө каршы чыкса, биз республиканын башка облус борборлорунда өткөрүүгө кудуретибиз жетет»,- деди.
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |