Зейнеп Шаакеева:«ӨМҮРҮМДӨ БИР ГАНА МЫРЗАНЫ СҮЙДҮМ»

№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж

«18 жаш», «Чагылган» аттуу ырларды укканда жаш, сулуу кыздын үкү топу, кыргыз көйнөк кийип алып ырдап жаткан элеси көз алдыңа тартылат. Так ошол 70-жылдары миңдеген жигиттердин жүрөгүнө чок салган каарманыбыз Зейнеп Шаакеева бүгүн бизге арзуусу тууралуу баяндамакчы.

«18 ЖАШТЫН БАРКЫН БИЛБЕПТИРМИН»
– «18 жашты» ырдап чыккан кезимде ал курактын баркын да билбептирмин, анткени өзүм 18ге толо элек кыз элем. Жигиттер менен сүйлөшкөнгө деле убакыт болгон жок. Кээде жаштык жылдарым өтүп кеткенине өкүнүп кетем. Бирок 18 жашымды неберелеримден көрөм. Жолдошум Белек мени 19 жашымда ала качып кетти. Экөөбүз айылдаш болгондуктан, сыртымдан жактырып жүргөн экен. Борбор калаадан Ысык-Ата районунун Сын-Таш колхозунун жаштары майрамдарда жолугушуп калчу элек. Айылдаш катары ал-жай сурашып, кат жазышып турчубуз. Анын андай арам ою бар экенин кайдан билиптирмин (күлүп). 1968-жылы 3-февраль болчу, Марат деген айылдашыбыздын туулган күнү экен, кыздар аны «куттуктап коёлу» дешип ресторанга чакырып калышты. Концерт бүткөн соң чакырган ресторанына бардым. Жатаканада жашачубуз, кетерде жигиттер «жеткирип коёбуз» дешип Волгага салып ала качып кетишкен.
Ал кезде жаш элем, күйөөгө тием деп такыр ойлобоптурмун. Апам «отурбай кетип калсаң атаң Шаакенин шагын сындырасың. Анын үстүнө ырчы болгон соң «артисттер тигиндей-мындай экен, анан кетирип салдык» деп сөз чыгарышат. Унчукпай отуруп кал!» деп Жолдош аттуу аталаш инимден кат жазып жибериптир. Бир колхоз болгон соң баары бири-бирин билет, сыйлашат да. Ошентип отуруп калдым. Эжемдин күйөөсү 10 жашка улуу болчу. Эмнегедир аны көрүп «өзүмдөн бир топ жаш улуу адамга турмушка чыгат болушум керек» деп ойлой берчүмүн. Белек менден 3 жаш эле улуу, бой десең бой, өң десең өң бар, акылдуу, билимдүү жигит эле да. Ошондуктан аны мурда эле жакшы көрчүмүн.

«ЖОЛДОШУМ РОМАНТИК ЭМЕС ЭЛЕ»
– Биздин сүйүүбүз үй-бүлөлүү болгондон кийин тутанды. Эки жылдан соң кыздуу болдук. Ошентип ынтымактуу 38 жыл түтүн булатып, 2 уул, 3 кызды тарбияладык. Жаш кезимде мага көп жигиттер ашык болуп, кат жазышчу. Филармонияга жумушка келсем, почтага каттар толуп калчу. Анын кээ бирин окуйм, кээ бири окулбай калат. Белек күйөрман жигиттерден кызганган жок. Балким, кызганса да билдирчү эмес беле, ким билет... Анан такыр романтик эмес эле. Бир дагы концертиме гүл көтөрүп келип же «сени сүйөм» деп айткан эмес. Кээде балдарына тамашалап «апаңар мага өзү ээрчип жүрүп тийген» деп калчу.
Кээде экөөбүздү музыка табыштырганбы деп ойлоп кетем. Себеби ал да жакшы ырдачу. Мени менен чогуу иштегендердин бардыгы менен сый мамиледе болду. Ал кезде гастролго айлап кетчүбүз да. Кээде балдарды жакындарыбызга таштап, кээде жаныбызга чогуу алып алабыз. Бир жолу гастролдон келсем, улуу кызым менен баламдын башы биттеп кетиптир. «Энеси артист, мына, балдары биттеп кетиптир» деген сөзгө калбайын деп балконго алып чыгып алып алардын чачтарын тазалаганым эч эсимден кетпейт. Балдар мени менен кеткенде жолдошум артыбыздан балдарын сагынып барып калчу.
Кесиби айдоочу эле, чоңдорду ташып иштеди. Бирок, эстеп көрсөм, мени такыр жумуштан алып кетчү эмес экен. Филармониянын машинасы үйүбүзгө чейин жеткирип койчу да. Бир жолу «Ош базары» тараптан жолдошумду бирөөлөр сабап, тоноп кетишиптир. Ошондо жамбашы сынып, операция жасалды. Жакшынакай эле жүргөн, адам таяк таянып калса жаман да, ошого өзүн таштап койду. Төшөктө 8 ай жатып, анан жаман оорудан (ред. рак) 2006-жылы 60ка чыгып, туулган күнүнүн эртеси бизди таштап кете берди. Жолдошум каза болгондон кийин деле ага болгон арзуум өчкөн жок. Анын кай бир окшош жактарын, кулк-мүнөзүн уул-кыздарымдан, неберелеримден көрүп, ага болгон сагынычым тарай түшөт. Жашоомдо бир гана жолдошума арзуумду арнадым.

«Жолдошум балдарга «апаңар мага өзү жабышып жүрүп тийген» деп тамашалап калчу».

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


Зейнеп Шаакеева: "Гастролдон келсем, балам менен кызым биттеп кетиптир"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
03.02.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Айым эмес апа десен деле жарашатко
SUPER.KG видео
03.02.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эн сонун маек болуптур!
Уул-келиндериниздин торундо ысык чайын ичип, небере-чоборолорунуздун мандайында жанып журо бериниз.
SUPER.KG видео
03.02.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эже сизге ден-соолук.апам,атам он сегиз жашты ырдап жатат деп азыр да угушат сиз ырдапганда.
SUPER.KG видео
03.02.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sonun maek boluptur,kulup jatyp kordum.Baarynan da pomadalardy suikonup algany jakty jarawsa da jarawpasa da))))!
SUPER.KG видео
03.02.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичим ызый тушту коруп алып. Эжени коргон каректер картайбасын. Биз сизди суйобуз!!! Качан концертинизди бересиз?
SUPER.KG видео
03.02.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
еее моё=) бул деген ШЕДЕВРДА, кылым каарытатурган ырларды аткарган. уну ото соонун эжебиздин. накта кыргыз жыттанган ырлары.
SUPER.KG видео
03.02.2014. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chininin siri ketse da sini ketpeptir.En sonun maek boluptur,rahmat superinfo!
SUPER.KG видео
03.02.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
kuday ayyy kuday bittep ketiptir dep koet da uyalbay... bul ne kilip jurdu desen bittigiche... ir dese ichken ashin jerge Bergen neme okwoyt go...baldari bittegenine Karaganda...
SUPER.KG видео
04.02.2014. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зейнеп эже менен мен суйлошуп олтургандай болдум ушунчалык жонокойлук жумшак маанилуу маек болуптур. Омурунуз узун болсун эжеке талантынызга таазим.
SUPER.KG видео
04.02.2014. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына ушул инсандарды талант десек болот. Кандай гана кызмат отошкон э элге. Суукту суук дебей иштешиптир. Кызыгы ушуга чейин эл артисти деген наам ала элек экен. Кечээ эле чыккандарга деле бир канча наам ыйгарып жатышат го. Сахнада жургонуно 10 жыл болбой жатып замандын супер ырчысы деп аташат азыр. Андан коро улуу муундагы эже-агаларыбызга беришсе болмок
SUPER.KG видео
05.02.2014. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тема туура эмес койулган.18жаштын баркын билбептрмин деп деле тема койсо болот да.Эжеге чын ден соолук каалайм,бар болунуз.
SUPER.KG видео
07.02.2014. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эже дагы деле наам ала элегине аябай жаман болдум,наам деле пара менен берилип калса керек. Уят
биздин чондорубузга :(((
07.04.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин легендага айланган инсан.
07.04.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошу чынында коркомдуу жигит болгон экен
07.04.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жаман заар аялдай корунот.
07.04.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazimka, Атты арыганда адамды карыганда кор деген макалды билбейт окшойсун. Болбосо бул эже деле жашында кобун суктандырган ырчы болгон
08.04.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырахмат сизге эжеке, ата-энелерибиздин "хит" ырларын ырдагансыз, сыныныздан, кайратыныздан жазбаныз, омурлуу болунуз.
08.04.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
18 жаш Зейнеп эжеге гана жарашат.
08.04.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
18 жашты укканда сизди элестетебиз. Сизди коргондо 18 жашты элестетебиз. Дайыма эле жап жаш болуп бактылуу чон эне, теэне болуп журо бериниз
09.04.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жолдошунун мунозу менин жолдошумун мунозуно окшош экен,бирда суйом деп устумон тушуп кызганбайт
10.04.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эже! Уул-кызы, неберелеринин сый урматын корсун!
12.04.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бар болунуз эже.ошончо атак данкта журсонуз да жонокойлугунуздон жазбапсыз.азыркылар бир ыр ырдап чыгып алып эле сырандап кетишет ко.бети менен тен очки тагынышып жарашпаса дагы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо