Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТОПОЗ– НЕМИСТЕРДИН ЫКМАСЫНДАГЫ ЭҢ САПАТТУУ СЫРА

№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж

Ушул апта бардык сыра сүйүүчүлөр үчүн маанилүү болду. Себеби Чүй облусунун Шопоков шаарында «BEAR BEER» сыра заводунун ачылыш аземи өттү.

Жаңы ишкананын президенти А.Назаров имараттын курулуш сапаты европалык нормаларга ылайык катуу көзөмөлгө алынганын айтты.

ЖАКЫНДА ЖАЙ. СЫРАҢЫЗДЫ ТАНДАДЫҢЫЗБЫ?
Күн сайын жакындап келе жаткан мээ кайнаткан жай мезгилинин алдында сыра жана суусундуктарды чыгаруу боюнча жаңы заводдун ишке кириши мезгилдин талабына ылайык экени талашсыз. Заводдун салтанаттуу ачылышына көрүнүктүү саясий ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, райондук администрациянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар келип катышышты. Чогулгандардын баарын жаңы ишкананын имараты таң калтырды. Себеби буга чейин бул жерде «КыргызТоргмаш» ишканасынын эскирген имараты турган эле. Заводду кайрадан куруп чыгуу үчүн жалпысынан 22 миллион евродон ашуун акча сарпталган.
Заводду ишке киргизүү аземин ачуу үчүн сөз Салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиевге, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канат Исаевге, Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаевге жана «BEAR BEER» ишканасынын президенти Айтмамат Назаровго берилди. Алар өз сөздөрүндө аталган долбоордун Шопоков шаары менен катар өлкө үчүн да маанилүү экенин белгилешти. Анткени шаардын 150дөй тургуну аталган ишканадан жаңы жумуш орду менен камсыз болду.
«Бүгүн бир гана сыра сү­йүү­чүлөрдүн эмес, бардык кыргызстандыктардын майрамы. Бул ишканадан биз эми жаңы жана сапаттуу сырага гана ээ болбостон, заводдун төлөгөн салыгынан мамлекеттик казына 100 миллион сомдон ашуун каражатка толукталат»,- деди башкы казыначы И.Масалиев. Атайын келген коноктор кызыл лентаны кесип, келгендердин баарын завод ичине экскурсияга чакырышты. Бардык эл аралык талаптарга жооп берген ишкананын өндүрүш залы киргендерге жагымдуу толкундоолорду тартуулаганын байкадык. «Келечекте биздин продуктыларды бир гана жергиликтүү рынокто эмес, коңшу Казакстан, Өзбекстан, Орусия өлкөлөрүнө да алып чыгууну пландап жатабыз. Мындан улам имараттын курулушу, сапаты, европалык нормаларга ылайык келиши башынан эле катуу көзөмөлгө алынган»,- дейт «BEAR BEER» ишканасынын президенти А.Назаров. Соңунда коноктор­го товардын сапатын сөз аркылуу эле угуп билбестен иш менен текшерип көрүү сунуш­талды. «Баарына бирден кружка сергиткен сыра» девизи алдында фуршет уюштурулуп, чакан концерт тартууланды. Меймандар «Topoz» соода маркасын куттуктап келген эстрада жылдыздарынын ырларынын коштоосунда жаңы сырадан даам татып көрүштү.
Шопоков шаарынын тургуну Айбек Жумагулов өз ою менен бөлүшүп, «Topоz» сырасынын даамы жергиликтүү маркадагы сыралардын даамына караганда мыкты экенин айтты. «Эгер баасы кымбат болбосо, анда кубануу менен мындан ары ушул сыраны ичип жүрүүгө өтөм» деди шаар тургуну.

САПАТТУУ СЫРА ҮЧҮН ӨЗГӨЧӨ КӨЗӨМӨЛ
Өндүрүүнүн дээрлик бардык процесси германиялык «Аркор» ишканасы тарабынан берилген жогорку технологиялык заманбап жабдуулардын жардамы менен автоматташтырылган. Заводдун өндүрүү кубаттуулугу жылына болжолдуу түрдө
22 миллион литрге жетет. Анын 70 пайызын алкоголсуз суусундуктар – кычкылтек менен байытылган суу, минералдык суулар, лимонад жана муздак чайлар түзсө, 30 пайызын табигый, сапаттуу сыранын бир нече түрү толуктайт. Ал эми ишкананын аймагында жеке лаборатория иш алып барып, бардык даярдалган азыктар европалык сапаттын стандартына ылайык текшерилет. «Даярдалган өндүрүш текшерүүдөн өткөндөн кийин гана андан аркы иштеп чыгууга жөнөтүлөт» дейт лабораториянын кызматкери.
Ошондой эле товардын сапаты үчүн Германиядан келген технологдор да көз салышат. «Topoz» сырасы немис­тердин кайнатуу ыкмасынын негизинде пайда болгондуктан, алар анын өндүрүлүп чыгуусуна өзгөчө көңүл бурушат. Ал эми чет элдик тажрыйбалуу техниктер тарабынан биздин жумушчуларга кеп-кеңештер айтылып, тажрыйба бөлүшүү болуп турары да планга киргизилген.

Даярдалган өндүрүш лабораториялык так текшерүүдөн өткөндөн кийин гана андан аркы иштеп чыгууга жөнөтүлөт.

Иш-чарада коноктор үчүн завод ичине экскурсия уюштурулду.

Ширин Турдакунова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
07.04.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы ийгилик
08.04.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
топозду ичсен эртеси топоздой башын ооруйт экен!!!!
12.04.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пиво ичкенден коро кымыс босо ичсенер.
13.04.2014. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуш акысы канча экен, 150 адамды иш менен камсыздаса, айлыгы питания га жетеби 1айга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо