«КИСЛОРОДДУ БУУП КОЁМ» ЖЕ ЫРЧЫ МЕНЕН ПРОДЮСЕРДИН МАМИЛЕСИ

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

2000-жылдары катарынан чыгып бум жараткан жылдыздардын агымы менен кошо кыргыз шоу дүйнөсүнө продюсер деген түшүнүк келди. Жылдыздардын сахнадагы образын жаратып, ыр жаздырып, клип тарттырып берип, концерттерин уюштуруп атактуу кылган адамдар продюсер атала башташты. Көз жүгүртүп көрсөк, продюсер деп аталып жүргөн ишмерлердин дээрлик баары теле-радиодо иштегендер экен.

АГА-ИНИ, ЭЖЕ-СИҢДИ ТАНДЕМИ
Продюсер деген сөздү англис тилинен которгондо, «даярдоочу», «чыгаруучу» дегенди түшүндүрөт. Бул түшүнүк бизге каттуу сүӊгүй электеги, 90-жылдары бум жараткан эстрада жаатындагы агымга көз жүгүртө кетели. Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулованын жылдызы жанган маалы эсиңиздедир. Бул агымда өзүн продюсер атагандар жок эле. Ага-ини, эже-сиңди катары бири-бирине жардамдашып келишкенин билебиз. Бек Борбиев канчалаган таланттын багын ачты, бирок өзүн расмий түрдө продюсер атабайт. Асел Турдалиева, Нуриса Абазова, Мая, Назмини сахнага алып келди. Динара Акулова Гүлмира Рыспаеваны, Айчүрөк Иманалиева Анжеликаны бала кезинен тарбиялап, элге таанытышты.

ПРОДЮСЕРЛИКТИ АССОЛЬ БАШТАДЫ
Продюсер деп аталууну Ассоль Молдокматова 2000-жылдардын башында баштап берди. Ассоль айым КТРде иштеп жүргөндө Алексти, Урмат Усеновду, Айя Садырованы, Мелис Абдрашитовду, Айжан Газиеваны канатына калкалап, шоудон бизнес жасоого үйрөттү. Стилдүү Ассоль өзү менен иштешип жаткан ырчылардын да имидж, стилине өзгөчө көңүл бурчу. Айя менен Айжан Ассолдукунан кем калышпаган кийимдери, чач жасалгалары менен күйөрмандарынын көңүлүн катуу эле бурушкан. Бул катарга Урмат Усеновду да кошууга болот. Продюсери менен араздашкан ырчынын «кислородун бууп коюу» да Ассоль айымдан башталган десек негиздүү. Буга гезиттин мурунку санында Урмат Усеновдун берген маегиндеги сөзү ачык мисал.

КАНАТ КУЛТАЕВ КАНАТЫНА КАЛКАЛАГАНДАР
Ассоль Молдокматова менен чогуу иштешип, көрсөтүүлөрдү тартып жүрүп Канат Култаев дагы сахнага талпынгандарды таптоого өттү. Бул жигит алгач расмий эмес түрдө Самат Дөөлөтбаков, Урмат Усенов менен иштешкен. Кийин Канаттын продюсерлигинин алдында «Туулган жер» аттуу ыры менен Темир Назаров пайда болду. Концерттерден калбаган, сахнага белеги менен катын кучактай чуркаган, «сүйөм, күйөм, өлөм!» деген күйөрман кыздар мына ошондо жаралды. Бул экөөнүн тандеми башкалардыкына караганда абдан эле ийгиликтүү болуп, Темир Назаров жаштар арасында бат эле номер биринчи жылдызга айланды. Бирок Канат менен Темирдин ортосунда нааразычылык орун алып, араздашып тынышты. Өзүнүн дарегине айтыла берген кептер Канат Култаевди тажатса керек, ошол маалда «продюсерликти таштайм» деп да чыкты. Бирок ал кезде «Сени гана» деп сахнада так секире бийлеген Мирбек Атабеков деген ысымдуу жигит менен иштеше баштаган эле. Кыраакы продюсер бул жигиттин сахнадагы келечегин көрсө керек, «продюсерликти таштайм» деген оюнан кайтып, Темир Назаровго кол шилтеп, баш-оту менен ишке киришип кетти. Ишинин жыйынтыгы катары кыргыз эстрадасында Мирбек Атабеков менен катар Даниель, Алихан, Гүлжигит Калыков, Бек Исраилов деген ысымдар таанымал болушту.

ДИНАРА ЭСЕНГУЛОВАНЫН ПРОДЮСЕРЛИК КАРЬЕРАСЫНДА...
КТРде алгач алып баруучу, анан музыкалык көрсөтүүлөрдүн режиссёрлугуна өткөн Динара Эсенгулова Султан Садыралиев, Кайрат Примбердиев, Бегимай Эсенгулова, Зари, Айдин Шер сыяктуу ырчыларды тарбиялай баштаган. Булардын арасынан кыргызча-казакча чалып сүйлөп, көздөрү оттой жанган Султан Садыралиевдин дүбүртү катуу чыгып, концерттери аншлаг менен өтүп, Темир Назаровдун атагын бат эле басып кеткен. Продюсери экөөнүн ортосундагы чырдан «ажырашып», кайрадан чогуу иштешип да көрүштү. Акыры Султан да, Кайрат да үйлөндү, Бегимай менен Зари турмушка аттанышты. Ал эми Айдин Шер экөө акча маселесинен улам таарынышкан, ошол боюнча кайра элдешүүгө келишкен эмес. Ошентип, Динара Эсенгулова продюсерлик карьерасын токтотту.

АСЫЛ АППАСОВАНЫН «БАЛДАРЫ»
2000-жылдары чыккан ырчылардын жаңы муунунда Мирбек Иманбеков, Ирлан Таалайбеков, Бегимай Карабаева деген да ырчылар бар эле. Бул ырчыларга убагында Улуттук телеканалдын режиссёру Асыл Аппасова продюсерлик кылган. Аталгандардын арасынан Мирбек Иманбековдун ырчылык иши ийгиликтүү болду десек жарашат. Бишкекте бир эмес, бир нече ирет концерт берип, жакшы эле элге таанылып калганда ал экөөнүн да ортосун кара мышык аралады. Бул чыр гезит беттеринде талкууга түшүп, эки жактуу кайым айтыштар бир топто барып тынчыды.

АНДАН ТЫШКАРЫ...
Ильяз Абдыразаков алгач Мырза Айдаралиев менен, кийин Баяке Чааров аттуу продюсер менен бир нече жыл иштешти.
Аида Кулуева, Эрмек Маматов, Карлыгач (Кайыргүл) деген ырчылар Назгүл Насиеванын продюсерлиги астында ырдашкан.
Башында Нелянын продюсери Арстанбек Абдыманов болсо, кийинчерээк Тынчтыкбек Кожобеков болгон.
«Атага кат» ыры менен таанылган «Артык & Сапар» дуэтине Дана Абдыбекова продюсерлик кылган. Топ тараган соң Дана айым Мээри Шакулина, Айбек Дайырбеков, Куралбек Чокоев деген ырчыларды да жандап калганы бар.
Рысбек Жабиров Султан Садыралиевге, өкүл балдары Урмат менен Неляга да продюсер болгон учур эске түшөт.
Тынчтыкбек Кожобеков «Импульс» тобун, Жаным Айзатты элге тааныткан.
Нурслан Сыдыгалиевдин жардамы менен Эрлан Андашев, Омар деген ысымдар белгилүү болгон.
Нурлан Мамакеев продюсер катары Самат Дөөлөтбаков, Максат Бегалиев, Микаэль, «Дельмар» тобу, кыскасы, көп жигитти тарбиялаган. Атайын «Нурлан Мамакеевдин продюсерлик борбору» деп атап, ошонун алкагында иш алып барган.

ТЕЛЕ, РАДИОДО ИШТЕП ПРОДЮСЕР БОЛУУНУН ПАЙДАСЫ ЧОҢ
Продюсер-ырчы келишими аягына чыга электе иштешпей калышып, коротулган чыгымды актай албай күйүп кеткен продюсерлер көп. Мындай жагдайлардын кай бири коомчулукка билинип талкууга алынса, айрымдары ич ара териштирүү менен чечилет. Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков продюсерлери менен болгон чуудан соң бут тосуулар болуп жатканын айтып арызданышканы эсибизде. Темир Назаров продюсери менен чырдашкандан кийин «мен «өчкөн» жокмун, болгону, теледен, радиодон ырларымды кетирбей жатышат» деп маек берген. Продюсерлердин «кислородду бууп коём» деген сөзү ошол жылдары модага айланып, бүгүнкү күндө да ийгиликтүү өмүр сүрүп келет.
Көрүнүп тургандай, 2000-жылдары жылдыздардын жаңы агымына продюсерлик кылгандардын баары Улуттук каналдын музыкалык көрсөтүүлөрүнүн жетекчилери, режиссёрлору, алып баруучулары, радиолордо иштегендер экен. Алардын колунда жылдыз жасоого мүмкүн болгон ресурстар, анан да кайра «кислородду бууп коё турган» күч бар.

КИЙИНКИЛЕРДЕ ЭМНЕ КЕП?
2009-жылы кыргыз сахнасында Каныкей деген ысым пайда болду. Бир-эки ыры менен бат эле элге алынып кеткен бул кызга кызыгуу көп болду. Кийинчерээк бул ырчынын артында продюсери Мамасадык Багышов баштаган команда турары, анын стили, имиджи, ырлары үч жылга жакын даярдалганы белгилүү болду. Каныкейдин айтымында, Мамасадык Багышов өткөргөн сынакка барып катышып, тандалып алынган маалда ал аты-жыты белгисиз жөнөкөй гана кыз болчу. Бул продюсер тууралуу маалымат чогулта келгенибизде ал деле Кыргыз радиосунда аз убакыт иштептир. Бирок Каныкейди өзүнүн аракети менен алып чыкты, таанытты десек жарашат.
Ди-джей Канат Кадыржанга продюсер болуу жакты окшойт, ошол жаатка өтө качты. Ал Дайыр Исмадияров, Нурлан Насип, Данияр Эрматов сыяктуу ырчылар менен продюсер катары иштешти. Бул ысымдардын элге таанылышына чынында эле анын эмгеги күч болду.
Учурдагы жаш ырчылар Жоодарбешим, Минюра Рахимжановага продюсерлик кылып жүргөн Каниет Жыргалбеков аттуу жигит «Манас жаңырыгы» телеканалынын кызматкери. Ырчы менен продюсер чыры буларга да жетип, Жоодарбешим өз алдынча иштөөгө өттү. Кетирген чыгымына жана эмгегине күйгөн продюсер Жоодарбешимдин «кислородун жаап салуу» аракетинде.

Продюсер ырчы темасындагы урунттуу окуяларды тизмектеп отуруп, ырчыларды чыгаруу үчүн продюсерлердин теле-радиодо иштеши өтө ыңгайлуу, пайдалуу жумуш экенине ынандык.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(21)
14.04.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Асыл Апасова "Аалам сырларынан" кийин очтуго деп ойлоп жатам.
15.04.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bai.kymbat, аякты жаап коюшту бейм. "Аалам сырлары" эмне болду?
14.04.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
«кислородду бууп коём»- дегилечи? ха-ха-ха жакшы коркутат экенсинер?, силердин кислороддунарды ким бууйт болду экен? мага ошол кызык болуп ататда...
14.04.2014. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bai.kymbat, ха ха. Сонун айтыптырсыз гоо...
14.04.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bai.kymbat, ошону айтсан хи хи ичим ий ичим ((((
17.04.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bai.kymbat,

"Жаманга жаман дары" дегендей, булардын кислородун оздоруно окшогондор эле бууйт артын чукуп.
18.04.2014. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bai.kymbat, Асыл Апасованын кислороду уже буулду окшойт деймда? Силер кандай дейсинер, буттубу же кайра дагы орустарды туурап чыгабы?
14.04.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Jakshy maek boluptur.Men Kanat Kadyrjandyn emgegin baalaym.Kislorodun buugany tuura ele bolot go.misaly men dele kartoshka byshyryp jeyin desem bashka adam jep alsa ichim achyshat da.Prodyuserdin emgegin baalagan yrchylardyn kislorodu buulbasa kerek.Azamatsynar prodyuserler
14.04.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
2005-жылдары биринчилерден болуп,Темир Назаров-Туулган жер,Урмат Усенов-Жазгы жамгыры менен чыкканда бащталган,концерттеги аншлаг,суйом,куйом,олом дегендер))),2006-жылдары алардын артынан Ильяз Абдразаков-Арманым,Мирбек Атабеков-Сени гана,Мирбек Иманбеков-Таластык кыз,Султан.Замир-Кудача кызы менен популярдуу болуп чыга келди.Андан кийин башталды жаш ырчылардын уйуру,биринин артынан бири чубалып,таланты бары жогу деле аралашып!!!
15.04.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Egen.Osh, туура айтасын булар ошол ырлары менен чыгып жакшы эле орун таап алышты, ал эми калгандардын кайсы ырды ырдап же ким экенин деле жакшы билбейбиз КРда 4 млн адам болсо болбоду дегенде жарымы ырчыда азыр, микрофонду катурак кармай алса эле болду комптон унун тазаланып атып ырдап чыга беришет
14.04.2014. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассоль Молдокматованын улуту эмне озу, бир да кыргызча суйлогонун коргон эмесмин.
14.04.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
youngyoung, - Ассоль Молдокматованын улуту кыргыз, тупку теги Ыссык колдун саруу айылынан деп укканым бар
14.04.2014. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аалам сырлары эмне болду супер инфо айтып койгулачы ???????????
14.04.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
akus,
алар бири биринин кислородун бууп жүрүшөт да =}}}
14.04.2014. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akus, - магада кызык болуп турат, жабылуу аяк боюнча калбаса экен
15.04.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айчурок Иманалиева Анжеликаны чыгарып койсо , эмне кылды анысы. Акылы жок экен. Айчурок болбосо ошол айылында эч ким аны тааныбай журмок. Рахмат айтыштын ордуна Анжеликаны ошол учун сыйлабайм. Айчурок акылдуу , таланттуу айым.
16.04.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде Анжеликада да Айчурокто да куноо бар деп ойлойм. Аны кудай озу таразалайт эми. Сурак деген ар бир адамдын башында бар го.
16.04.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ассоль айымдын идеяларын да жакшы пайдалана алышпады. Азыр эми Америкада телеканалды иштейткен го. КТРКнын конул ачуучу перадачалары олду
16.04.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр сүйөм,күйөм,өлөм дегендер кыйла азайып калды окшойт,
16.04.2014. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga Kanat Kultaevtin pradisi0rlugu jagat ,bardygy dayardagan yr4ylary en s0nun yrdait.
17.04.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага да Аалам сырлары кызык болуп атат!!! эмне болду экен !? ушул тема жонундо маалымат жазып кеткилечи же кийинки сандарга тема кылып чыгаргылачы ? Мага да Канат Култаев жагат !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо