Алиман Дуйшеналиева:«СТИВЕН СИГАЛДЫН СУНУШУНАН БАШ ТАРТЫП КОЙДУМ»

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

Алиман ырчылык карьерасын «Импульс» тобунан баштап, андан ары «Гаишниктер», «Уурунун махабаты» сыяктуу бир топ тасмаларда, казактардын «Жаным» сериалында роль жаратып, актриса катары таанылды. Тасмаларда көбүнчө күчтүү, кайраттуу кыздын ролун жараткан актриса жашоодо назик жана жөнөкөй кыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү –
1990-жыл, 20-май
Туулган жери – Каракол шаары
Билими – КУУнун эл аралык мамилелер факультетин аяктаган
Бою 170 см
Салмагы – 50 кг
Учурда – Актриса, жеке ырчы

– Салам, Алиман. «Импульс» тобунан кеткенден кийин актрисалык кесипти тандаган элең. Эми кайра ырчы болом деп ыр жаздырып, клип тарттырып жатыпсың, мындай бурулуш жасашыңа ким же эмне себеп болду?
– Саламатсыздарбы? Чынында эле чыгармачылыгым ортодо солгундап калбадыбы. Досторум «сенин колуңдан келет го, ырдабайсыңбы?» деп көп айтышчу болду. Өзүм деле көптөн бери ырдабай сагынып калган экем. Жакында «Биздин сүйүктүү Бишкек» («Наш любимый Бишкек») деген жаңы ыр жаздырып, ага клип тарттырып бүттүк. Андан ары деле ыр-клиптерди чыгара беребиз деген пландар бар.

– Ушул кезге чейин бир бутуң Москвада, бир бутуң Бишкекте болуп жүрдүң. Москвада эмне менен алектенип жаттың?
– Ал жакта көп тармакта өзүмдү сынап көрдүм. «Eva models» аттуу моделдик агенттик менен иштештим. Бирок келишим түзүүгө аз калганда анча-мынча минус жактарын билип калып, баш тартууга туура келди. Эгер келишим түзсөң, «ич кийимчен чыгасың» десе, жок дей албайсың. Макул болбой койсоң да кийин иштешиш кыйын болуп калат. Андан сырткары жарнамалык роликтерге тартылып жаттым. «Аалам периси-2002» аталган Оксана Фёдорова менен чогуу вокалдан сабак алдым.
Анан да кызыгы, бир жолу интернетте отурсам бир бала «Сиз Стивен Сигалдын ассистенти болгуңуз келеби?» деп жазып калды. «Ал ким? Мен аны тааныбайт экем. Ойлонуп көрөм го» деп койгом. Кийин эле интернеттен издеп көрсөм, белгилүү Голливуд актёру экен. Аны көрө калып жан талашып кийинки күнү айткан жерине жетип барбадымбы (күлүп). Көрсө, ошол кезде актёр Москвага келген экен. Мени менен чогуу баарлашууга кирген 15 кыздан үчөөбүздү тандашты. Бирок келишимин карап көрсөк, анын үй-бүлөсү менен жашап, жардам бериш керек экен. Кошумча башка жагымсыз жагдайлар бар болгондуктан кой дедим. Негизи, мен Москвада эле карьерамды жасасамбы деп ойлоп жаткам. Айрым себептерге байланыштуу Кыргызстанга келип иштей турган болдум.

– Сени элге тааныткан «Импульс» тобуна кандайча келип калдың эле?
– Бир жолу Азамат байке (ред. актёр Азамат Арыков) «Импульс» тобуна Тынчтыкбек Кожобеков үч кызды алганы жатат. Кастингге катышып көрбөйсүңбү?» деп калды. Бардым, «ырдап көр» деди, ырдадым. Бийледим, болгон аракетимди жумшадым. Акыры мени жактырып, тандап алышкан.

Топтун кыздарын ачык кийимдери үчүн сындагандар көп болду. Элдин сынына калабыз деген чочулоо болгон беле силерде?
– Биз башынан эле эмнеге барып жатканыбызды билгенбиз. Албетте, бир аз чочулап жаттык, бирок артка жол жок болчу.

– Эки жыл иштешип, анан топтон кетишиңе эмне себеп болду?
– Топто калам деп эле ойлоп жаткам. Мен көп жерден топту артка тартып койдум. Биринде «Гаишниктер» тасмасына тартылып, кыздарды таштап кетип калгам. Кийинкисинде парламенттик шайлоодо ырдашыбыз керек болчу. Анда болсо Казакстандагы «Жаным» деген сериалга чакыруу келип, ал жакка жөнөп кеттим. Ошентип кечке кыздардын, продюсердин жумушун артка тарта берип, өзүмө ыңгайсыз боло баштады. Ошондон кийин өзүмдүн күнөөмдү сезип, келишим бүтөрү менен топтон чыгып, өз жолум менен кетейин деп чечтим.

– Мурункудай кино чөйрөсүнө көп аралашпай калдың да?
– Мен 18 жашымда алдыма максат койгон элем. Кино жаатында биринчи Кыргызстанды багындырам, андан кийин Казакстанды, анан Орусияны багындырам деп айтчумун. Казакстанды багындырбасам да, «Жаным» аттуу сериалга башкы каармандардын бири болуп роль жараттым. Андан сырткары алардан 2-3 долбоорго сунуш түшкөн. Бирок келишимдин шарты жаккан эмес.
Учурда деле кыргыз киносуна тартылууга көп сунуштар болууда. Бирок күчтүү сценарийдин жоктугунан баш тартып коюп жатам. Мен күчтүү кинодо, реалдуу роль жараткым келет. Бизде актриса десе эле сулуу көрүнүп, кооз сүйлөгөндү элестетишет эмеспи. А чыныгы роль деген чоң эмгекти талап кылат.

– Татынакай кыздарга көз арткан жигиттер көп болот. Сени да тажаткан мырзалар барбы?
– Мага эле ошондойлор туш келеби, айтор, митаам эркектерди көп кезиктирдим. Бетпактык кылып эле «сени менен сүйлөшөм» дешет. «Сүйлөшө албайм, жигитим бар» десем, «эмне болуптур?» деп күйдүрүшөт. Бир айтасың, кечирип коюңуз деп, эки айтасың, үч айтасың. Эгер анда да түшүнбөсө теңелип отурбай басып кетем.

– Мырзалардын кайсы кылыгы үчүн катуу капа болдуң эле?
– Менин бир досум бар болчу. Ага бардык сырларымды айтып, кеңеш сурап жүргөм. Бир күнү эле «сени менен достон жакыныраак болгум келет» дебедиби. «Достуктан башка мамиле кура албайбыз» деген элем, ошол сөзгө териктиби, айтор, кийин ал «Алиман менин мурунку сүйлөшкөн кызым болчу. Биз үйлөнөбүз деп жүргөнбүз» деп элге ушак таратып жибериптир.

– Мындай окуядан кийин эркек достордон «оозуң күйүп» калган жокпу? Дагы деле дос балдарым бар деп жатасың...
– Ооба, азыр аябай жакшы эки досум бар. Бирок алардын жүрөктөрү бош эмес, сүйлөшкөн кыздары бар да (күлүп). Эки досум тең мага «брат» деп кайрылышат.

– Жигитиң кызганбайбы эркек достордон?
– Жигитим аларды тааныйт да, ошондуктан кызганбайт. Кудай буюрса, жигитим менен сүйлөшкөнүбүзгө 5 жыл болуп калды. Көз тийбесин, бизде баары сонун.

– Рахмат маегиңе. Сага чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

«Ушул кезге чейин «Гаишниктер» тасмасында жана «Жаным» аттуу казактардын сериалында гана берилүү менен роль жараттым».

«Импульс» тобунун кыздарын артка тартып жүргөнүм үчүн өзүмдү күнөөлүү сезгем».

«Стивен Сигалдын биринчи жубайы япон кызы болгон экен. Актёр азиат түспөлүндөгү кыздарды жактыргандыктан, мени кастингге чакырышыптыр».

«Орусиялык «Аэрофлот» ири авиакомпаниясынын жарнамалык ролигине тартылуу учурунда».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Стивен Сигалдын сунушунан баш тарттым" дейт Алиман Дуйшеналиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(50)
SUPER.KG видео
13.04.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу кыз
SUPER.KG видео
13.04.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мынча сонун маек куруп берген. Азамат кыз экен го. Турмуш куруу боюнча айткан создоруно 100% кошулам. Эн сонун создорду айтыптыр. Ийгилик Алиманга.
SUPER.KG видео
13.04.2014. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуусун айтканда козунон бактылуу экени корунуп турат экен...
SUPER.KG видео
14.04.2014. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жигити Дания Эрматов
14.04.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен биринчи окшойм баштагыла эми андай мындай деп
14.04.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо , кыйын экенго
14.04.2014. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азамат кыз экенсин сени менен сыймыктансак болот кимге ушундай сунуштар тушуп атыптыр, башка олкодо да озунун татыктуу орду бар экен.
14.04.2014. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кыз жагатта
SUPER.KG видео
14.04.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanat,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, мындан кийин сын-пикирлерди info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазып жөнөтүңүз.
SUPER.KG видео
14.04.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың, Алиман. Ушул кыздын жөнөкөйлүгүн өзгөчө бааладым.
14.04.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Орусиялык «Аэрофлот» ири авиакомпаниясынын жарнамалык ролигине тартылуу учурунда».- Кайдан корсок болот-???
14.04.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bai.kymbat, http://www.super.kg/media/uservideo/116891/ бул шилтеме менен кирсеңиз.
SUPER.KG видео
14.04.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жыл мурда Бакыт деген баланын суротун коргозуп менин боссум деп маек куруп берген эле ошол болуш керек.
14.04.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, чыгармачылык ийгилик.......
14.04.2014. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сигалды тааныбайм дептирби ??
14.04.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец чыгармачылыгына ийгилик!!!!!!!!!!!!
14.04.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баш тарткан соң, аны элге айтпай эле койсо болот
14.04.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кандай кыз баарынан эле баш тарта берген??? Фантазиясы кучтуу го...
14.04.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат кыз роль тандабай тартыла берсе бара бара олуттуу рольдор келе баштайт
SUPER.KG видео
15.04.2014. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жакты ото соннун ото кыйын суйлогон кыз экен
Бар бол!!!биз сыймыктанабыз силердей акылдуу сулуу кыздар менен ийгилик!!!!!!!!
15.04.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын чыгаан кыздарынын бири экен азаматсын, баардык кыздар сендей боло алышпайт. Себеби беш кол тен эмес да. Ийгилик каалайбыз!
15.04.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бардык кыздар мындай болбой эле койсун)))анда да болбой калатко
SUPER.KG видео
15.04.2014. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Газета чыгып калыптыр гоа.Кандайча?
15.04.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
себеби бар учун баш тартты да озу айтып жатпайбы эгерде акчалуу бироого жагып калсан эч нерсе кыла албай калгыдайсын деп артын ойлогон учун баш тартты да,башка кыз болсо мансапка кызыгып жаман жактарга тушуп кетмек
17.04.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа жанылык экен.молодец дебей туралы пока.дагын туркко тийип шылдын кылбасын кыргызды.
17.04.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылык жагынан билбейм, бирок актрисалык жагынан таланты анчалык деле эмес.Ысык-кол бешбармагындагы ролун анча жакшы эмес ойногон!
17.04.2014. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын онорун оркундой берсин
18.04.2014. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оооо Алиман менин жердешим турбайсынбы. Колдун аккуусу болуп журо бер. ИЙГИЛИК!!!!!!!!!!!
18.04.2014. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мага сулуу кыздар жагат))))
20.04.2014. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул кызды казашка деп ойлогом алматыда "ЖАНЫМ"деген сериалдан коруп ..
24.12.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красотка го
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо