ДААВАТЧЫЛАР ЖАҢЫ КИЙИМДҮҮ БОЛУШТУ...

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

  • Журналист ГЕННАДИЙ ПАВЛЮКТУН өлүмүнө шектелип УКМКнын эки кызматкери 5-апрелде кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камалды.
  • Мусулмандар диний башкармалыгы ДААВАТЧЫЛАРДЫН сырткы кийимдерин оңдоо максатында аларга улуттук диний үлгүдөгү кийимдерди иштеп чыкты.
  • Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулунун айтымында, 2013-жылы ведомство тарабынан КОРРУПЦИЯ боюнча 8 кылмыш иши козголгон, анын үчөөсү Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун иштери болуп саналат.
  • Вице-премьер болуп дайындалган Абдырахман Маматалиевдин ордуна Майрамбек Расулов «АР-НАМЫС» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келди.
  • ИСХАК МАСАЛИЕВ Салык кызматынын төрагалыгынан бошотулду. Ал бул чечимин 2015-жылга карата парламенттик шайлоого партиясынын даярдыгы менен алек болорун айтып түшүндүрдү.
  • Билим берүү министрлиги: «Бир ай бою бир да сабакка келбеген СТУДЕНТТЕР окуудан айдалат»,- деп билдирүү таратты.
  • ЫСЫК-КӨЛ облусунда май айында техникалык жана экологиялык талаптарга жооп берүүсү боюнча пансионаттар, мейманканалар жана конок үйлөрүн текшерүү иштери башталат.
  • «Мыйзамдагы ууру» КАМЧЫ КӨЛБАЕВГЕ карата кылмыш иштерин кароо Жогорку Сотто үчүнчү ирет кийинкиге калтырылды. Отурум эми 14-апрелге белгиленди.
  • Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, Кыргыз-Түрк «МАНАС» университетинин жылдык бюджети 51 миллион доллардын тегерегин түзөт, каражаттын 92 пайызын түрк тарап бөлүп берет.
  • Парламент үчүнчү окууда жалпыга маалымдоо каражаттарында интимдик кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматтарды жарыялоого тыюу салууну колдоду.
  • Жогорку Кеңештин депутаты НУРБЕК МУРАШЕВ токмок жеген Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевден эл алдында кечирим суроого даяр экенин билдирди.
  • Бишкекте 369 башка жактан ТҮП МЕКЕНИНЕ көчүп келген кыргыздар жашайт, анын 250дөн ашууну Тажикстан менен Өзбекстандан келишкен.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
15.04.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Этникалык кыргыздар боюнча маалымат так эмес. Биз жайында изилдөө жүргүзгөндө жаңы конуштарда жашаган этникалык кыргыздар эле 1200 гө чукул чыккан. жаңы конуштар эсепке алынбай калган шекилдүү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо