№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж
ТУШ КЕЛДИ КОЮЛГАН ЖОЛ ТОСМОЛОР
Негизи, мыйзам боюнча бала бакча же мектептин жанына автоунаалар акырын айдап өтүшү үчүн «жаткан полицей» деп аталган жол тосмолор орнотулат эмеспи. Бирок жанында эч кандай окуу жай же бала бакча жок, заңгыраган тамдардын алдында жол тосмолор жаткырылган жерлер да бар. Бир эле мисал, Саякбай Каралаев атындагы көчөдө төмөнкүдөй жол тосмо орнотуп алышкан. Бул үйлөрдүн жашоочулары унаалардан ушундай жол менен коргонушат. Мындай жерлерден унаа жай өтүп, алардын тынчын албайт. Ал эми ошол эле кезде эң керектүү делген бала бакча, мектептердин алдында жол тосмолор салынбай жатканы өкүнүчтүү. Тосмонун жоктугунан балдар жолдон өтө албай, кырсыкка учурагандары да жок эмес.
«АВТОНОМИЯ» ЖЕ БҮТҮНДӨЙ КӨЧӨНҮ ТОСУП АЛЫП...
Шаарыбыздын айрым райондору өзүнчө эле «автономия» болуп кеткен. Андай жерлерде хан сарайлар курулуп, кире беришинде кароолчу кайтарат. Кадимки эле эл жүрүүчү көчөгө дарбаза коюлуп, шлагбаум да орнотуп алышкан. Мындай жерлерге чоочун адам же унаалар кире алышпайт.
АҢГЕКТЕН КАЧСАҢ ДӨҢГӨККӨ...
Жолдогу тосмолор – шаар көчөлөрүндөгү маселелердин чети эле. Борборубуздагы адам өтчү көчөлөрүбүз да мышык ыйлачу абалда. Салынып жаткан бүтпөс курулуштар, өзүм билемдик кылып тротуарды тороп алышкандар элге ыңгайсыздык жаратууда.
«АРЫЗ ЖАЗСА ГАНА ЧАРА КӨРҮЛӨТ»
Минтип жол белгисин орнотуп алуу, көчөгө жол тосмосун орнотуу же көчөнү тосуп алуу мыйзамдуубу? Андай болсо аларга ким уруксат берген? Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматына кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Мектеп, бала бакчанын жанындагы жол тосмолор шаар бийлигинен билдирүү алынып, капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзамдуу түрдө ишке ашат. Ал эми өзүм билемдик кылып, уруксаты жок салынып алынган жол тосмолор же жолду тороп алган үй ээлерине чара көрүлөт. Булардын үстүнөн даттанып арыз түшкөндө кайсы райондо жайгашкан болсо, аталган райондун башкармалыгы тарабынан каралат.
Бирок, билишибизче, жогорудагы жол тосмолор орнотулганына жана көчөнү жаап алгандарына көп болду. Демек, бирөө жарым даттанып арыз жазбаса, ар ким өз каалаганындай кылып көчөнү тосуп алууга мүмкүн экен да...
Муну менен мыйзам иштебейт деп айтабызбы же акчанын күчү деп түшүнөбүзбү?..
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |