КӨК ЧӨП ЭГҮҮ КИРЕШЕЛҮҮ

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

Ашкөк (укроп), кинза, петрушка, сельдерей сыяктуу көк чөптөр тамак-ашка көрк берип, даам кошот. Организмди керектүү витаминдер менен азыктандырат. Буларды эгип, өстүрүп, киреше табуунун жолу да оңой экен.

АШКӨК, КИНЗА, ПЕТРУШКА, СЕЛЬДЕРЕЙДИ ӨСТҮРҮҮ
Бишкек шаарынын тургуну АСЫЛБЕК КЫРКБАЕВ көк чөптөрдү өстүрүү тажрыйбасы менен бөлүшөт:
– Менин кичи мекеним – Лейлек районунун Кулунду айылы. Бишкекке көчүп келгенде көк чөптөрдү алып сатып иштеп жүрдүм. 2 жыл ичинде аларды өстүрүү ыкмаларын дунгандардан өздөштүрүп, 1998-жылдан баштап өзүм эге баштадым. Азыр көк чөптөрдү 20 гектарга айдайм. Мени менен жылда чогуу иштешкен жумушчуларым бар. Алар жаздан күзгө чейин иштешип, айлыктарын алып турушат.
Көк чөптөрдөн ашкөк менен кинза бир жолу эле орулуп алынат, башкача айтканда, түшүмү 1 эле жолу жыйналат. Анын үстүнө бир жылдык эле өсүмдүктөр. Оруп алган соң ордуна кайра түрп, ашкөк сыяктууларды сээп өстүрүүгө болот. Ашкөктү ордуна калтырып койсоң, урук алат. Муну жашылчаларды туздаганга сатып жибере аласың. Уругунан да акча түшөт.
Ал эми петрушка менен сельдерей 2 жылдык өсүмдүк. Буга кошумча суук түшкүчө 5-6 жолу орулат, булардын артыкчылыгы ушул.

Ашкөк менен кинза бир жолу эле орулуп алынат. Кайра ордуна түрп, ашкөк сыяктууларды сепсе болот. Ошондо бир жерден эки жолу түшүм алууга болот.

Ашкөк, кинза, петрушка, сельдерейди өстүрүү ыкмалары окшош:

  • Күздө жерге кык чачып, тоңдуруп айдап койсо, түшүм жакшы болот. Эгер күздө жер айдоого жетишпей калсаңыз, анда жазында күн жылып, жер тапка келгенде деле айдоого мүмкүн. Айдалгандан кийин малаланып, урук себилет.

1 ГЕКТАР ЖЕРГЕ КАНЧА УРУК СЕБИЛЕТ?
Ашкөк – 36 килограмм (1 килограммы 160 сомдон);
Петрушка – 6 килограмм (1 килограммы 500 сомдон);
Сельдерей – 2 килограмм (1 килограммы 500 сомдон);
Кинза – 40 килограмм (1 килограммы 170 сомдон)
Ашкөк менен кинзанын уругу чоң болгондуктан көбүрөөк кетет.

  • Себилген жерге жөөктөр салынат.
  • Кийин сугаруу кезеги келет. Жерде нымдуулук жетишерлик болсо, анда кечирээк сугарылат. Эгер жерде ным аз болуп, жаан жаабаса, анда сепкенден 3-4 күндөн кийин сугарууну баштоо керек. Болбосо жер кургап кетип, урук жакшы өнбөй калат. Негизи көк чөптөр жерди кургатпай сугарып турууну талап кылат. Алардын өңү ысыкта кара-көк тарта түшсө эле суусаганынын белгиси.
  • Отоо чөптөрдү өлтүрө турган атайын дарыны сууга кошуп чачуу зарыл. 1 гектар жерге 5 литр дары кетет. Анын 1 литри 350-400 сомдун тегерегинде.
  • Жер семирткич (селитра) себилет. Муну көк чөптөрдүн бою 10 сантиметрдей болгондо себүү туура. 1 гектар жерге 280 килограмм селитра кетет. Анын 50 килограммдык мүшөгү 1200 сом.
  • Отолуп, суюлтулат.
  • Жер семирткич берилет (селитра чачкандан 1 аптадан кийин). 1 гектар жерге 3-4 килограмм жер семирткич сууга кошулуп чачылат. Анын 1 килограммы 180-200 сомдун айланасында.
  • Арадан 10 күн өткөрүп, кайра жер семирткич чачылат. Мурунку чачкандай жер семирткичти же анын башка түрүн чачса деле болот. 1 гектарга деле 3-4 килограмм жер семирткич кетет, баалары жогоркудай эле.
  • Бул аралыкта көк чөптөр өсүп жетиле баштайт.

Кайсы чөп канча күндө өсүп жетилип, кыркууга даяр болот?
Ашкөк – 40 күндө, кинза – 45 күндө, петрушка менен сельдерей – 70 күндө.

ОРУП-ЖЫЙНОО, САТУУ, КИРЕШЕ
– Биз көк чөптөрдү чоң аш бычактар менен кесип, баштыктарга салып жыйнайбыз. Анан сууга жууп, тазалап, боолоп байлай баштайбыз. Боологонго көп кол керек болгондуктан жумушчуларды жалдайбыз. Аларга 1 боосу үчүн 40-50 тыйындан төлөйбүз. Айрымдары бир күндө 3 миңге чейин боо байлап, акчаны жакшы табат.
Боолонуп даяр болгондорун базарга алып барып, дүңүнөн өткөрөбүз. Айрым ишкерлер бизден алып, Ош, Жалал-Абадга, Алматы, Таразга өткөзгөнгө алып кетишет. Алар товар сапатын жоготпоосу үчүн Бишкектен кечки убак салкында чыгышып, таңга маал базарларда болуп калышат.
Базарларга өткөзүүдөгү баасы суроо-талапка жараша. Көк чөптөр аз болсо кымбатыраак, көп болсо арзаныраак өткөрөбүз. Бир боосу 1,5 сомдон 3 сомго чейин бааланат. Кээде 4-5 сомго чыгып кетет.
Кеткен чыгымдардын баарын чыгарып салсак, ашкөк менен кинзадан таза киреше 1 гектарынан 30-40 миң сомго чейин түшөт. Ал эми сельдерей менен петрушканы 5-6 жолу оруп алгандыктан, андан пайда булардан 5-6 эсе көп түшөт. Айталы, 150 миңден 240 миң сомго чейин болушу мүмкүн.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(13)
14.04.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бизнес турбайбы.
14.04.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен
14.04.2014. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
брат ишинизге ийгилик кулундунун кулуну болуп журо бериниз
15.04.2014. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат!!!!!
15.04.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм калссно
15.04.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аш кок дегени кайсы чоп?
15.04.2014. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azem2013, аш кок деген укроп.
15.04.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир боосу уч торт сом болсо аябай арзан екен.Базарда дагы устуно акча кошулуп сатылса керек. Базиликачы бизде оспойбу.
дагы бир жакшы кенеш ушул кок чопторду кичинекей чакаларга озубуз еле балконго остуруп алсак болот. Жана сатууга да чакада остурулгон боюнча сатылса бат куурап калбайт. Мен Европада дайыма еле чакадагысын супермаркеттерден алам. Кышында жакшы оокат.
16.04.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanat, базарлардан бир боосун 10сомдон жогору аласын. А базилик КРде да осот.
16.04.2014. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мээнет кыла билген адам кандай жакшы.ишинизге ийилик.
17.04.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылбек аба жакшы кенештерди айтыпсыз рахмат. Кулундудан жана Баулдан барган тааныштарынызга да айтып жардам берин.
18.04.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes ookat kıla turgan adam ushıntıp jol ızdeyt da serserıler jurboybu tolup kırgızstanda tooba sızge ıshınızge ıygılık bayke...
20.04.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бизнес экен . Аш кок витаминге бай болсо керек . Ишинизге ийгилик .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо