Селим Байрактар:«СҮМБҮЛ АГАНЫН РОЛУ МЕНИ ҮЙЛҮҮ КЫЛДЫ»

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

«Э-эй, башыңа так Сүмбүлдөй таш түшүп кеткир!» Супер артисттик менен айтылган бул сөздү уккан адам бир жылмайып алары турган иш. Учурда доорону жүрүп жаткан «Даңазалуу доор» сериалындагы Сүмбүл аганын ролун аткарган актёр Селим Байрактар Түркиядан Кыргызстанга «конокко» келди. Демек, кеп төркүнү ал тууралуу болсун!

ЕВНУХТАН ХАНЗААДАЛЫККА
Тарыхый китептерде Осмон империясынын гаремин башкарган евнухтар тууралуу жазылган. Анда Сүмбүл аттуу бала кичине кезинен сарайга келип, бычылып, Сулейман падышанын атасынын гареминде кызмат кылганы айтылат. Ал эми Стамбул шаарында Сүмбүлдүн атындагы хамам (мончо) да курулганы бар. Бирок кайсы бир булактарда «султандын сарайында жалаң кара терилүү евнухтар болгон» деп жазылып, бул фактыны жокко чыгарып келишет. «Анткени алар ооруга чыдамдуу келип, бычылгандан кийин жашап кетүүгө жөндөмдүү болушкан» деген да кептер бар. Кандай болгон күндө да сиз менен биз өнөрүнө күбө болуп жаткан Селим Байрактар Сүмбүлгө экинчи өмүр бере алды. Муну сценарий актёрго арналып жазылган биринчи көрүнүш десек болот.
«Даңазалуу доор» сериалынын продюсери Тимур Савджи Сүмбүлдүн ролу тууралуу буларды айтат: «Али биздин колубузда сценарий жок турганда эки адамдын ролу талашсыз, сынаксыз, бир ооздон бекитилди. Бири Сулейман султандын ролундагы Халит Эргенч болсо, экинчиси Сүмбүл аганын ролун ойной турган Селим Байрактар болгон. Биз башка нерсеге көзүбүз жетпесе да, бул эки адам сөзсүз биздин долбоорго салмак кошорун билгенбиз».
Тасмада бүргөдөй секирип, ичке үнү менен созолонгон, көздөрү бир туруп жалооруй, бир туруп куу тигилген Селим Байрактар актёрдук чеберчилиги менен мекенине гана эмес, дүйнө жүзүнө белгилүү боло алды. Ал интервьюларында «Бул ролго эмнеге тандалып калганымды билем, анткени мен аялдардын кулк-мүнөзүн өтө жакшы туурайм жана курсак бийин бийлөөнү да өздөштүргөм» дейт. «Даңазалуу доорго» чейин ал таанымал болгон эмес. Сериал менен кошо ага атак-даңк жана байлык да келгенин жашырбайт. Жакында эле ал үй-бүлөсүн Анталия шаарына көчүрүп келип, 40 бөлмөлүү жаңы үй сатып алган. Муну менен эле Сүмбүлдүн ийгиликтери бүтүп калбайт. Жакында ага Голливуддан сунуш түшүп, болгондо да ага франциялык режиссёр Люк Бессон өзү кызыкдар болгону белгилүү болду. «Даңазалуу доордун» 4-сезонунда Сүмбүлдүн өлүмү жакындап келе жаткандыктан, актёр бул ролго макулдугун бергенин айткан. Эмдиги тасмада ал араб ханзаадасынын ролун ойнойт. Ал мындан мурун да «Мен булутмун», «Караңгылыкка кадам» аттуу тасмаларга тартылган.
Сүмбүл аганы орус тилинде сүйлөткөн адам актёр Сергей Смирнов экенин билбесеңиз керек. Ал «тасмада көбү кадимки заманбап түрк тилинде сүйлөшөт. Бир гана Селим Байрактар эски түрк тилинин элементтери менен тамгалардын аягын созуп сүйлөйт. Мага анын мындай актёрдук чеберчилиги, жаңычылдыгы өтө жакты. Каарманымдын үнүн маанайына жараша өзгөрткөндөн ырахат алам» дейт.

ЦИРК ӨНӨРҮ ЖАНА БАШКАЛАР...
Түркиянын комедиялык актёру сыртынан шайыр адам болгону менен, көп нерсени башынан өткөргөн. Селим Байрактар 1975-жылы Ирак Республикасынын Киркук шаарында туулган. Улуту – түркмөн. 1988-жылдары Ирак-Иран согушу күчөп турган маалда Селимдин үй-бүлөсү Түркияга качып келишет. Алар араба менен түнү жол жүрүп эптеп жанын куткарып, Эскишехир шаарына келип жашап калышат.
Өспүрүм кезинен эле театралдык сынакка катышып, 65 өспүрүмдүн ичинен өтүп кетет. Актёрдук кесипти тандаарын тандап алып, курсагын бул кесип менен тойгуза албасын ойлоп, ырчы болуу үчүн консерваторияга тапшырат. Анда да өзү ойлогондой жылдыз болуп турмушу оңолуп кетпегендиктен, циркте маскарапоз болуп иштей баштайт. Селим көп жылдар Диярбакыр шаарынын мамлекеттик театрында актёр, циркте маскарапоз болуп иштеген. Ушул учурда ага атактуу Сүмбүл аганын ролу сунушталат. Мына, ал кыялданган атактуулук, бирок ага жеткенден кийин андан деле ырахат албаганын, театрдагы ролдорун сагынганын айтат.

«СҮМБҮЛ ГАРЕМДИН ЖҮРӨГҮ»
Селим Байрактар учурда жылдызы жанып турса да, мурункудай эле жөнөкөй. Анын интернет булактарындагы интервьюлары буга далил:

– Сиздин аткарууңуздагы Сүмбүл аганын ролу султан Сулейман менен тең тайлаша популярдуу болду. Сыры эмнеде?
– Сиз Селим Байрактар тууралуу айтып жатасызбы же Сүмбүл ага тууралуубу (күлүп)? Элди азыр Селим Байрактар эмес, Сүмбүл аганын жашоосу кызыктырып жатат деп ойлойм. Анткени евнух эч качан сүйбөйт деп ойлошкон. Бирок кайсы бир орган жок болуп калганы үчүн эле жүрөктөгү сезим кошо жоголуп кетпейт да. Ар бир адамдын сүйүүгө болгон муктаждыгы бар. Менин каарманым деле адам, андыктан анын сүйүүгө туш болушу кадимки көрүнүш.

– Евнухтун ролун ойноо жеңил эмес болсо керек?..
– Актёрлукта жеңил нерсе жок. Көптөр «сен чын эле гейсиңби, бул ролго кантип түштүң?» деп ачык эле сурашат. Сүмбүл гей эмес, трансвестит да эмес, ал кичинесинде кордолгон бечара. Бирок жашоосун да эптеп кетүү үчүн күрөшкөн күчтүү инсан. Сүмбүл гаремдин жүрөгү десек болот, анткени бардык жаңылыктарды андан угушат, бир канча күӊдөрдү башкарат.

– Бул ролду аткарганыңызга жубайыңыз каршы болгон жокпу?
– Тескерисинче, аябай сүйүндү. Аялым музыкант, мамлекеттик-симфониялык оркестрде ойнойт. Үйлөнгөнүбүзгө 6 жыл болду. Бихтер менин чыгармачылыгымды жакшы түшүнөт. Биз учурда Анталияда жашайбыз. Стамбулга тартылуу учурунда гана барам.

– Жылдыз болгон сизге кандай таасир этти?
– Эч кандай деле. Метродо жүрө алам. Театр менен кинонун көп айырмачылыгы бар, азыр ролумду жактырып жатышканы менен, театрдагы энергияга салыштырып болбойт. Бирок атам, апам катуу толкунданып жүрүшөт. Башында актёрлук кесипти тандаганыма атам капа болгон, «тамак таап жей турган нерсе кылсаң боло» деп көп урушту. Кийин жумшарып калды. Анткени менин иним да актёрлук кесипти тандады. Атама азыр ыраазы болом, эгерде ал намысыма тийбегенде менден эч нерсе чыкмак эмес. Акчам жок болуп жүргөндө кээде сүйкүмдүү жүзүм менен соодагерди алдап «аби, эртең акчаңды алып келем» деп, эртеси жоголуп кеткен учурларым болгон. Бирок кийин бутума турганда бардык карыздарымды төлөдүм.

– Балалыгыңызды эстегенде...
– Коркунучту эстейм, үстүбүздөн снаряддар жарылып, согуштан качып келе жаткан үй-бүлөнү эстейм. Андай коркунучту андан бери сезе элекмин.

«Реалдуу жашоодо өтө кыялкеч адаммын».

Мурун Валиде султандын оң колу болгон Сүмбүл ага кийин Хүррем султандын ишенген адамы болуп калган.

Селим Байрактар жубайы Бихтер менен.

Асия Алиева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(29)
14.04.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир коргондо эле эсте калчу образ жараткан.
14.04.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялы Озунчо Хурремдей сулуу экен.Бактылуу болушсун.
14.04.2014. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40 болмoлуy уй сатып алган?
Ийгилик!!!!!!
Аялы татынакай экен, аялы да жанагы кинoдогу жокпу?
14.04.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммммДаа 40 болмолуу дечи... Хан сарайго(((
14.04.2014. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол кинодогу актрисага окшош экен го.
14.04.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40болмолуу уй мынча жакшыыы**
14.04.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кинодо оз ролун аябай мыкты аткарган. Кылыктары жагат.
14.04.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага дагы кинодогу ролу жагат
14.04.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн сонун элдин купулуна толтуруп элге жеткире алган рольдо образга кирип ойногон азамат
14.04.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40 bolmoluu uy algan emes,40 kvartiraluu rezidensiyadan 1 kvartira satyp algan.
14.04.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы сериалдагы Гулфемге окшошуп кетет экен,и анан баса Марксти окубаган комунист сиз кайдан билесиз?
14.04.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sanzhar83, 1)internetten izdedim.Uyunun adresine cheyin jazylyp turat. 2) Antaliyada 3 bolmoluu en jonokoy uy minimum 100 000 dollar. A,40 bolmoluunu elestetip korsonor bolbodu degende 10 million dollar bolot. Sumbul ar bir bolum uchun 20 000 dollar alsa da satyp ala albayt any.
14.04.2014. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жогорку денгеелде аткарган
14.04.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аялы да кинодо бар. Сумбул бир аялды жактырып калып, мас абалында Хюремдин сырдуу комнатасын ага айтып коет эмеспи. Анан Хюрем аны олтур дейт. Даары берип аны Сумбул олтурот.
14.04.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aman0296, - канчанчы сериясында? мен эстей албай жатам...
25.08.2014. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aman0296,aha ha ha bilip bilbei turup jalgandy ura beret ekensin e,jaman kuldurdun kankacim
14.04.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы жакшынакай экен. Ролду мыкты аткарган.
15.04.2014. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы сулуу экен.
15.04.2014. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин кыргыздар да ушундай тарыхый тасмаларды тартылып,элибиздин атак-данкын чыгарышса жана актер-актрисаларга да ийгилик жаратса деген тилектемин!!!!
15.04.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун жеткире аткарган
15.04.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага ушул актер абдан жагат, качан келди эле, качан кетет экен Турцияга, маалыматыңар болсо айтып койгулачы замандаштар!
15.04.2014. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sumbul aga kinonu uzaryshyna salymy chon
17.04.2014. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун ойногон!
17.04.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biz da antalyadabız sizdi metrodon joluktura elekpiz a na shet kvartırı tuura aytat jogorudagı komunist
17.04.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы да кинодо бар. Сумбул бир аялды жактырып калып, мас абалында Хюремдин сырдуу комнатасын ага айтып коет эмеспи. Анан Хюрем аны олтур дейт. Даары берип аны Сумбул олтурот.



Ал Сумбулдун аялы эмес
17.04.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
132 сериясында сумбулдун ыйлап жатканын коруп олоо мен дагы ыйладым ролун мыкты аткарат Сумбул аке ! Эми хурем өлуп калса Сумбул акем не болот экен чыдамсыздык менен кутуп атам кийинки сериясын !!!
Жубайы Бихтер жакшынакай экен!!!
18.04.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЙ СУМБУЛ СУМБУЛ)))) соонун мага жагат да ушул красавчик ))) кинодогу кылыктарын коруп отуруп эле убакыт отконун байкабай каласын молодец ! cok ıyı ınsan ! mutlu olsun !!! жена у него красивая ))
20.04.2014. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун аткарган!
23.04.2014. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жагат аткарган ролу.ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо