ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Айдай аргасыз корей жигиттин артынан ээрчий төркү бөлмөгө кирди. Бөлмөнүн ичинде үрүл-бүрүл көк түстөгү жарык күйүп туруптур. Тиги бул жакка отур дегендей кол жаңсап, столдун жанындагы жумшак диванды көрсөттү. Көп өтпөй кыска юбка кийген кыз түркүн даам-татым, шараптарды алып келип, дасторконго жайнатып салды. Тиги жүзүмдөн бирди үзүп оозуна салды да, Айдайга калп жылмайып, ырдабайсыңбы дегенсип колундагы микрофонду сунду.
– Жок, ырдабайм, өзүңүз ырдай бериңиз...
Корей бет маңдайындагы чоң сыналгыдан корей тилиндеги ырлардан ырдап, өзүнчө жыргай баштады. Айдай болсо эки жагын карап таң калып отурат. Укмуш экен! Мындай кооз жасалгаланган бөлмөнү биринчи жолу көрүшү. Аңгыча эшиктен бир жаш кызды жетелеп, 35-40тардагы корей улутундагы жигит кирип келди.
– Анёңихасео (корейче саламдашуу).
Айдайды ээрчитип келгени беркисин жылуу тосуп алды.
– Анёңихасео.
Экөө учурашкан соң төртөө чогуу отурушту. Экинчи келген мырза кичипейилдик кылып дасторкондо турган бош стакандарга арак, сокторду куйду. Анан экөө өздөрүнүн тилинде бири-бирине каалоо-тилек айтышып, андан соң алып жиберишти. Айдай өзүнө куюлган аракты ичкен жок. Аны байкай койгон тиги корей ичпейсиңби дегендей жаңсап койду.
– Жок, мен ичпейм.
Айдай тигини түшүнбөсө да кыргызча жооп кайтарды. Аны байкаган берки кыз ортого кыпчыла калды.
– Сен жаңы келгенсиң го, ээ?
– Ооба.
– Билинип турат. Менин атым – Тахмина.
– Меники – Айдай.
Тахмина колундагы стаканга куюлган аракты жутуп жиберип, сөзүн кайра улады.
– Бул жакта минтип кылыктансаң көпкө жашабайсың. Сен буларды капа кылбай, айтканы менен болушуң керек. Болбосо акчадан куру жалак каласың.
– Мен ичкенди жактыра бербейм.
– Айла жок, үйрөнүшүң керек.
Айдайдын аргасы түгөндү. Жанындагы кыстагандар аны жайына койчудай эмес, улам-улам капталдан нукуй беришин каалабай, ичүүгө туура келди. Арадан бир сааттай убакыт өткөн соң баары бака-шака түшө, бир топ кызып калышты. Тиги эки корей мас болуп алышып, чайналган кассетадан бетер тилин чайнап ырдап жатышты. Тахмина болсо Айдайга жумушу тууралуу маалыматтарды айтып жаткан. Аңгыча Айдайдын жанына берки корей келип отурду. Анан көзү ойноктой, кызды кучактай баштады. Айдай мына ушинтип тузакка түштү. Эртеси Гуля Айдайга 50 доллар карматты да:
– Бүгүн тиги сени менен болгусу келип жатат. Үстүнө 100 доллар кошуп берем дейт, аныкына барып түнөп келбейсиңби? - деди.
– Жок, бара албайм го...
Акча дегенде көзү чычаладай кызарган Гуля жаш кыздын башын заматтын ортосунда айлантты да, тиги корей кардарынын машинасына салып жиберди.

ххх

Ушу тапта Тариел достору менен майрамдап отурган. Сот иши анын бир топ аткарылчу иштерин үзгүлтүккө учуратып, тоскоол болгон эле. Ошондон уламбы, айтор, Айдайга өчөшүп калган.
– Ээ, досум, чыдап койсоң бул күндөр да өтөт. Кел, андан көрө алып жиберели!
Бет маңдайында отурган Бекзат аны кепке тарта албай убара. Себеби баңгизатты көп тартып алган Тариел беркилерге кошулбай эле ойго чөмүлүп отурган. Бир маалда Тариелдин
башына бир ой кылт этти. Ал ойду иш жүзүнө ашырганга Бекзат жарайт. Анын акчасы, машинасы бар, атасы депутат.
– Жүр, досум, эшикке чыгып таза абада тамеки тартып келели.
Тариел Бекзатты беркилерден бөлүп, өзүнчө сүйлөшкүсү келди.
– Бул жерден эле чеге бербейлиби.
– Жүр, эми, сага айтчу сөздөр бар.
Экөө эшикке чыгышты. Бир аз сүйлөшүп турган соң Тариел негизги маселеге өттү.
– Досум, сен мага бир керекке жарасаң жакшы болмок.
– Угуп жатам, досум. Колумдан келчү иш болсо сенден жардамымды кантип аямак элем.
– Эмесе мындай. Мага иш козготкон Айдай деген бир кыз бар. Азыр Кыргыз улуттук университетинде окуйт.
– Анан?
Бекзат көңүл бөлүп кулагын төшөп калды.
– Ал кыз азыр жатаканада жашайт. Бул жакта туугандары деле жок. Кайсы бөлүмдө окуп жатканын да билем. Балким, таанышып көрөсүң...
Тариел жыландын башын кылтыйтты. Бул сөздөрдүн түпкүрүндө Айдайдан өч алуу тууралуу арам ой бар эле.
– Анан ал кызың мени карайбы?
Бекзат тамаша-чыны аралаш күлүп калды.
– Албетте, карайт. Бирок бир өтүнүчүм бар.
– Кандай өтүнүч?
– Сен аны сүйдүрүп, куурчактай кылып колдоносуң да, таштап кетишиң керек. Ал кызды керек болсо өзүңдүн бизнесиңдин курмандыгы кылып салсаң да болот. Бир моокумум
канмак. Чыныгы дос болсоң менин өчүмдү алып бер.
– Жарайт, досум!
Баңгизатына маң болушкан экөө обу жок каткырышып, Айдайды кылтакка илүүнүн ар түрдүү жолдорун бир топко дейре талкуулашып, анан кайра келишти.

ххх

Арадан бир жума өттү. Айдай жумушуна көнө түштү. Демейдегидей түнү бою жок болуп, таң атпай жатаканага келип, жаздыкка башы тиер замат уктап кетиптир. Бир кезде бөлмөдө чогуу жашаган кыз түрткүлөп ойготту.
– Айдай, тур! Сени эшикте бирөөлөр издеп келишиптир.
– Ким экен?
– Билбейм, эки аял экен.
Айдай акырын терезеден сыртка көз чаптырды да, жатакананын жанында турган Канышай менен баягы өзүнүн айылдашын көрүп, жүрөгү шуу дей түштү.
– Жок деп койчу.
– Неге?
Тиги кыз таңдана Айдайды карады.
– Ошого, анан айтып берем.
Жанындагы кыз эшикке чыгып, Канышайларды жолго салып келди.
– Эмнеге жолуккан жоксуң?
Тиги кыз да бир нерседен шекшингендей, улам-улам такып сурап калды.
– Жөн эле. Алыс туугандарым болот, жакшы мамилебиз жок, ошол үчүн.
Айдайга аны алдоого туура келди. 
 «Булар эмнеге келди болду экен?» Канышайлар кеткен соң Айдай ушул суроого жооп таба албай, көпкө дейре бушайман болуп отурду. Бир маалда кайрадан көзү илинип кеткен экен. Ойгонсо курсагы ачып калыптыр. Жегенге бир нерсе алып келгени эшикке дүкөнгө чыкты.
Бул убакта Тариел менен Бекзат терезеси караңгылатылган машинанын ичинде жатакана тарапты акмалап турушкан. Айдайды көрөр замат Тариел кубанып кетти:
– Тээтиги кыз.
– Пай-пай! Маралдай керилет го, досум.
Бекзат аны көрө мыйыгынан жылмайды да, машинасынан түшүп Айдайдын артынан жөнөп калды.
Айдай дүкөндүн ичинде соода кылып жатканда артынан бир жигит келди. Сатуучу эжеге ар кайсыны айтып тамашага салган ал, жанында турган Айдайды да көңүлдөн сырткары
калтырган жок.
– Эже, бул сулуу кызга менин атыман бир шоколад берип коёсузбу?
– Жок, кереги жок!
– Жигиттер өздөрү алып берип жатканда, унчукпай эле алып коюш керек! - деп жылмайган сатуучу эже кепке аралашты.
– Ооба да, эже. Анын үстүнө мындай сулуу кыздардан шоколад айлансын!
Тиги жигитке да Кудай берди, акыры шоктонуп отуруп Айдай менен таанышууга үлгүрдү. Экөө телефон номерлерин алмашып, мындан кийин тааныш болуп жүрүшмөй болушту.
Эртеси кечке жуук Бекзат Айдайга телефон чалды.
– Кандайсың, Айдай?
– Жакшы.
– Бош болсоң жолугуп, сүйлөшүп отурбайлыбы?
– Эмнеге?
– Эми, жакындан таанышып дегендей...
Айдай көпкө кыйылып, акыры макул болду. Экөө шаардагы кафелердин биринен жолукмай болушту.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Башка сандарда:
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 584-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 585-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 586-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 587-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 588-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 589-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 590-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 591-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 592-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 593-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 594-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 595-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 596-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 598-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 599-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 600-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 601-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 602-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 603-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 604-сан
Комментарийлер(34)
14.04.2014. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдайга жаман болду.
14.04.2014. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ущул санда кичине коп жазышыптыр байкащымча
14.04.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кыздын тагдырын талкалаганы аз келгенсип эми дагы оч алам дегенин.Чындап эле эми Айдай куурчак болотго
14.04.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aidai ozu kunooluu go.baarina. koreicter mn jurboi le pol.juusa da jurogu taza konulu tok.bolmok
14.04.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maliw, ооба да ансыз деле корейлерге куурчак болуп атат го десен ээ?
14.04.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Девушки которые говорят "за
мной бегает куча мальчиков"
запомните - низкие цены
всегда притягивают
покупателей.
15.04.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ruster0525, эн Туура, ошого макулда
14.04.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктын баары алдыда
14.04.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми бегзат айдайды чындап жакшы коруп калса эмне болот айдай сойку болуп кеттиго
14.04.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага тамаша башталды...
14.04.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы Супер инфо,бул санында кобуроок жазгансынар го)Айдай аябай эле бош кыз корунот байкуш,кореецтерге кор болбой пирожки сатса курсагы тоймок го!
14.04.2014. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынааа ушундай кыздар ерктууу болгула , ал еми балдарга соз жок!!!
14.04.2014. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka_95, кайдагы эрк? эрки жк учун ушинтип журу да
14.04.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмаат кобуроок жазыпсыздар.
14.04.2014. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суранып жатып супер инфодон кобураак жазгыла деп тажаткан окшойбуз бир аз кенениреек жазылгандайгоо хе хе))))
14.04.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекзат Айдайды суйуп калат болуш керек Тариел досунан ажырайт деп ойлойм.
14.04.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kooburaak jazgylachy!!!kyzyk bolup jatat!
15.04.2014. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам аласы ичинде деген ушу да. Эми Бекзат Тариелдин айтканын кылбаса болду...
15.04.2014. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ичим бышып кетти, качан бутоор болду экен
15.04.2014. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул деле аздык кылып жатат.дагы коброок жазса:-)
15.04.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ekoosynyn syiyysy chynga ailanyp krtse jakshy bolmok ortodo tariel pazor bolmok
15.04.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдайга боорум ооруп кеттии))))
15.04.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарын еле бир жазып салса болбойбу.
15.04.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апам ушул сериал учун эле алат газетаны. Сонун чыгарма.
16.04.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayday oto ele jenil oiluu kyz eken. Kyrgyz kyzdaryna tiesheluu bolgon sapat jok. Buga okshogon kizdar olup jok bolush kerek. Koreylerge denesin satyp akcha tapkandan koro okubai ele aiylga ketip kalbaiby? Ozu kunoolu baaryna... Denesin satpay dele bir jerde idish juup dele aptep janin baksa bolmok.Ata-enenin jakshy ele tarbiiasyn algan kyz bolchu. Bakkan ata-enesine jalko.Tarieldi koldoim.akyrynda ara jildo kalsa eken.
16.04.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Айдайды коруп, кыздар тарбия алышса экен.
16.04.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай сама выбрала себе такой путь, ведь можно же работать, как все тут мы пишем и уборщицей и в кафе хоть посуду мыть. Она не хочет трудиться, ищет легкие деньги. Но все равно мне её жалко, ведь мы женщины любим искать приключения. Здесь автор так легко написал, "Арадан бир жума өттү. Айдай жумушуна көнө түштү" ммм дааа привыкла...
16.04.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы чыгарма
16.04.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай акмак кыз экен. Эмне кылат корейлерге куурчак болуп. Жаман коруп кеттим Айдайды. Корейлер Айдайды тряпкадай эле кылып колдонушатго.
17.04.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Денесин саткандан коро кочодон кайыр сураса болмок...Кандай заман болуп кетти,кыздарыбыз куурчакка айланып,болгондо да башка улуттагыларга.Ар бир адамга ыйман,журогуно жылуулук берсин кудайым.
19.04.2014. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башын айлантам деп озунун башы айланып суйуп калсын ылайым Айдайды
19.04.2014. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndan koro "Syngan kylychty" okusanar, tuugandar. Je Chyngyzdy
26.05.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай кичине эрктуураак акылдуурак болсо болмок кыйылып атып зорго конду деп коёт дагы кыйылса да конуп атабы озундо куноо шаар ушул экен деп эле башы айланып калбай акылды иштетиш керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо