Мүзүр Мамбетов, «Кеңеш» тобунун ырчысы:«АЯЛ КҮЙӨӨСҮНӨН 2-3 ТЕПКИЧ ЫЛДЫЙ БОЛГОНУ ОҢ»

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

Cахнада эгиз козудай ээрчишип, үлгүлүү түгөйлөрдүн катарын толуктаган чыгармачыл топ бар. Кеп «Кеңеш» тобу жөнүндө болуп жатканын баамдаган чыгарсыз. «Бир үй-бүлөгө бир ырчы жетет» деген сөздү жокко чыгарып ырдаган аталган топ менен жаздын жылуу күнүндө көк шибер чөптүн үстүндө баарлаштык.

– Кандайсыздар, Мүзүр мырза, Гүлмира айым? Сиздер менен 7-апрель күнү кезигишип отурабыз,бул күн сиздерге эмнеси менен эсте калган?
Гүлмира: – Саламатсыздарбы, биз 2010-жылдын 7-апрель күнү алгачкы концертибизди беребиз деп Спорт Ордосуна барып, 1-2-май күндөрүн брондоп келе жатканбыз. Мүзүр экөөбүз ал жактан чыксак, эл желектерди көтөрүп алып кыйкырып аянт жакты көздөй бара жатышыптыр. Алардын агымы менен биз да элге кошулуп кеттик. Мүзүр «бар кет үйгө, бул жакта аял аттууну көрүп жатасыңбы?» деп урушат. Мен болбой «жок, сени да атып кетишет, сен чогуу барбасаң мен да кетпейм» деп жатып саат үчтөрдө чогуу кеткенбиз.

– Бүгүн үй-бүлө тууралуу кеп баштасак деп турам. Чогуу түтүн булатканыңыздарга 12 жыл болуптур, ортодо кандай сыноолор баштан өттү?
Г.: – Үйлөнгөндөн кийин көпкө балалуу боло албай жүрдүк. Кечинде Мүзүр экөөбүз айды карап ыйлап, Кудайдан бала тилечүбүз. Түнкү саат 2-3төргө чейин Жаш Гвардия бульварында кыялданып сейилдеп жүрө берер элек. Ошондой катаал кезде Мүзүргө «эгер мен төрөбөсөм, ажырашабыз» десем, «сен төрөйсүң, көрөсүң, экөөбүз бактылуу болобуз» деп жубатчу. Кудайга үнүбүз жетип, учурда 2 баланын ата-энесибиз.
Мүзүр: – Эң оор сыноолор ушул болду. Мындан сырткары кичине төбөң көрүнүп калса эле оозу бузуктар ар кандай кептерди чыгара беришет экен. Бир жолу «Ысык-Көлдөн келе жатып Мүзүр аялы менен автокырсыкка кабылып каза болуптур», экинчисинде «Гүлмира төрөттөн каза болуптур» деген имиштерди чыгарышты. Үчүнчүсүндө экөөбүздү ар кимден келген СМСтер уруштурду. Эми гана бири-бирибизди түшүнүшүп калдык.

– «Үйдө балдардын көзүнчө жубайына кол көтөргөн эркек – эркек эмес» дешет, ачууңуз келгенде эмне кыласыз, Мүзүр мырза?
М.: – Балдардын көзүнчө урушкан эмеспиз. Жиним келип турса да сабырдуулук менен жеңгенге аракет кылам, унчукпай эшикке чыгып кетем же аркы бөлмөгө кирип күчүмдү «Ямахадан» чыгарам.
Г.: – Баарында эле аял-күйөө болгондон кийин уруш болот болуш керек. Ой, биз сонунбуз, биз укмуш жашайбыз дегендерди жасалма адамдар деп ойлойм. Мен жаап-жашырганды билбейм, баарын төкпөй-чачпай айта берем. Ошол ачыктыгымдын айынан Мүзүрдөн көп уруш угам.

– Гүлмира эже, ачыгын айтыңызчы, Мүзүр байке сизге кол көтөргөнбү?
Г.: – Мурун балалуу боло электе уруш-талаш болгондо кол көтөрчү. Азыр көтөрсө уят го. «Койлуу катын куйрук жейт, эрлүү катын таяк жейт» деп мени көк ала кылып сабабаса да, жаакка чаап жиберген учурлар болгон. Бардык эле айымдар өмүрүндө бир жолу күйөөсүнөн жок дегенде жаакка жесе керек (күлүп).

– Сиздердин үй-бүлөдө уруш эмненин айынан чыгат?
Г.: – Эң биринчи телефондун айынан уруш чыгат. Аялынан кол телефонун каткан эркектин бир мандеми бар. Ал эми ачык-айрым эркектердин телефонун баласы, аялы деле кармай берет. Бир жолу Мүзүр экөөбүз тамак ичип отурсак кол телефонуна «байкеси, ушунча да таарынчаак болосузбу?» деген СМС келиптир. СМС келген номерге чалсам, «күйөөң менен беш айдан бери жазышып жүрөм, эмне болуптур?» дейт. Мүзүргө башканы, мага башканы сүйлөп, айтор, аягында бизди уруштургусу келген бир кыз болуп чыкты. Ушундайлардын айынан кээде урушуп кетебиз.

– Негизи эле үй-бүлөнү сактоо үчүн түгөйлөр эмне кылышы керек?
Г.: – Үй-бүлөнү сактоодо аялдын ролу өтө чоң. Аял киши эч качан өзүн күйөөсүнөн өйдө коюп, кожоюндукту талашпашы керек. «Аялдардын тили узун» деп айтышат, балким, ал да биздин кемчилигибиздир. Билишимче, азыркы ажырашуулардын дээрлик көбү никеге туруксуздуктун, кызганычтын айынан болуп жатат. Аял менен эркек никеге тургандан кийин бири-бири үчүн алмашкыс адамдарга айланыш керек. Бир топ жыл чогуу жашап, ысык-суугун чогуу өткөрүп, байыгандан кийин жаш аялга үйлөнгөн эркектерди көрүп эле жүрөбүз, мына ошолор да коомду бузуп жатышат. Жашында үйлөнгөн аялынан ырахат алып жашаса болот да.
М.: – Ооба, аял киши өзүн күйөөсүнөн жогору койбошу керек. Коноктордун көзүнчө кагып-силкип, кыйындыгын көрсөтө берген аялдан түңүлгөн жакшы. Кандай болгон күндө да аял эркектен 2-3 тепкич ылдый жүргөнү туура. Күнөө эки тарапта тең болот, бирок аны бири-биринин талабына ийкемдүү болуп, туура жол менен чечкен оң.

– Мүзүр мырза экинчи жубай алам десе эмне кылат элеңиз?
Г.: – Бул деген анын сезими да, мен аны түшүнүү менен кабыл алмакмын. Бирок сени менен да, аны менен да жашайм деген болбойт. «Эркек болсоң кийимдериңди аласың, машинаңа отурасың да, «Ямахаңды» кучактаган бойдон чыгып кете бересиң» деп тамашалап калам.
М.: – Экинчи аял алуу жөнүндө оюма да келбептир. Негизи динде көп аял алуунун максаты башка. Чыныгы эркектер багууга муктаж, балдары менен жалгыз калган аялдарга нике кыйдырып жашашкан. Азыркылар эркек болсо ошондой айымдарга үйлөнсүн, өзүнүн кызы менен тең супсулуу кыздарды токол кылып албай.

– Сиздерде кайын журт маселеси кандай?
Г.: – Мүзүр күлүп-жайнап эле жүрө берет. Менин үйүмдүн эрке күйөө баласы, кайната-кайнене дегенди билбейт, өзүнүкүндөй көрүп эле апама «мага бул тамакты жасап бериңизчи» деп эркелей берет. Кээде апам атайын келип Мүзүргө тамак жасап берип кетет.
М.: – Гүлмираны ала качып келгенде апам ооруп жаткан. Ооруганына карабай туруп жоолугун салган. Туугандар «эгер апаң айыгып кетсе ак жолтой келин болот, айыкпай калса кара жолтой...» деген сыяктуу сөздөрдү айтышкан. Кудай буюруп апам айыгып кетти, кийин өзүбүзчө кой союп түлөө бергенбиз.

– Гүлмира эже, сиз ыр тандоодо кийлигишпесеңиз керек?
Г.: – Жок, баарын Мүзүр жазат, анын табитине ишенем. Кээде тамашалап «ыр жазган мен, кыйынчылык көргөн мен, бирок сахнада гүлдүн баарын сен аласың» деп калат.

– Үйдө акчаны ким кармайт?
Г.: – Кудай айымдарды ач көз, анан кызганчаак кылып жаратып койгон окшойт, үй-бүлө сакталсын деп. Ал эми эркектерди, тескерисинче, берешен кылып коюптур. Мүзүр да ошондой, колу ачык, бирөөгө жок дегенди билбейт.
М.: – Үйдө акчаны эч ким деле кармабайт, акча сактоочу жерибиз бар, алып келип эле ошол жерге салып коёбуз. Иштеткенде сөзсүз бири-бирибизге айтып турабыз.

– Маегиңиздерге чоң рахмат!

«Сахнада жүрүп көп эле урулуп-согулдук, бирок өжөрлүгүбүз менен ушул деңгээлге жеттик».

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Кеңеш" тобу: "Ажырашып кетебиз деп коркчубуз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(115)
SUPER.KG видео
15.04.2014. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Журокто ыйман болмо эч урушпайт коруп эле атабызго, ошо президент менен ырчы чоорчулардын тегерегинде шайтандап тураушат, болгонду чачып салдыго сабагандан бери .
15.04.2014. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аярым деген ыры аябай жагатда мага
15.04.2014. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар дайым бар, бактылуу болунуздар
15.04.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай кызыктуу жана тарбиялуу маек болуптур. Намаз окуп, бири-бирин сыйлап, тушунуп турушат экен. Баардык жаш уй булолор,Музур байке менен Гулмира женедей болушсун!Силерге бакыт,узун омур, кичинекей балдарынар аман болушсун. Коз тийбесин
15.04.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы аябай сонун өзгөрүптүр. Көз тийбесин. Бактылуу үй бүлө.
15.04.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар, коз тийбесин, уй-булолук бакыт!
15.04.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула!!!!эн сонун семья и эн сонун топ!!жонокой эн негизгиси 5маал намаз окугандары жагат!!1
15.04.2014. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула магада жагасынар!
SUPER.KG видео
16.04.2014. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууужаас!!!

Какие темные понятия у его жены!!!
Аял куоосунон таяк жебесе, анда ал аял эмес деп. Баарынын уй-булолорун озунукундой корот турбайбы! Эн туура эмес ойлойт!!! Менин жана биздин тууган, достордун ичинде таягы жок бактылуу жашаган уй-булолор ото коп!!! Сиз ырдап чыкканыныз менен ото бактысыссыз. Анткени шамаал болбосо чоптун башы кыймылдабайт дейт. Куйоонузго жазган смстер озунуку эле. Сиз озунузго жаккан вариантка ишенип отурасыз!!! Дай бог чтоб так и было как вы дум
SUPER.KG видео
16.04.2014. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аялынын айтуусу боюнча, анда мен аял болбосом эркекминби?!
Аял деген кобунчо сезип турат, ошон учун уй-булону сактап калыш учун телефонун алгандан коркосуз. Балким кыздар чалып калса эмне кылам деп. Ошондой стресстен озунузду коргоп албайсыз. Озунуз айткандай урушуп кетпейли деп. Бул дагы болсо сиздин тандоонуз, же билип алып балдар менен жалгыз каласыз, же болбосо анча-мынча куйоонуздун басканына козду жумуп жашоо. Кандай да болсо аялдык бакыт каалайм сизге!!!
16.04.2014. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылууууу болгулаа!!!
16.04.2014. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенеш жакшы тушунукту адам екен билинип турат бактулу болгула
16.04.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы куйоосуно соз бербей эле суйлой берген гооо. Гулмира жене анча мынча нерселерди элдин алдында жаап жашырып койсонуз. Баарын тогуп салдыныз гооо. Бирок кийингениниз жагат мага азаматсыз. Оператор камерасын кунго ылайыктап настройкалап алса беттери апапак болбой сонун тушушмок. Бул менин жеке озумо таандык ой пикирим. Негизи азаматсынар. Ырларынандын баары жагат. Ар бир чыккан ырынар хит болот. Медер менен Ансаринин жакшылыгын коргуло.
16.04.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан соонун маек болуптур .бактылуу болушсун
16.04.2014. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Буюрса нике кайып" деген жери жагат :-)
16.04.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Музурдун кайненесине эркелеп тамак жасатканы кызык экен. Кээ бир куйоо балдар кайненесин аран зорго апа дейт го.
17.04.2014. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апа деген модабы не.
SUPER.KG видео
17.04.2014. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan jakshy tuura paidaluu keneshinizderge rahmat!
17.04.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ямахасын кучактаган бойдон чыгып кеткен жери жактыы)))
17.04.2014. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун
SUPER.KG видео
18.04.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулмира эже эн туура и чындык нерсени суйлоптур азаматсыздар Кенеш тобу)
19.04.2014. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар,сонун маек болуптур,Абдан жонокой кишилер экен ушунунардан жазбагыла. Уй-булонордун ынтымагы бекем,туболукко болсун!
19.04.2014. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздерге эки дуйно бактылуулугун каалайм!,анан жалпы эле жылдыздардын той маарекелерге барып ырдап берген акча ганарарлары канча экен,ошол тууралуу маалымат берсениздер?
19.04.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
SUPER.KG видео
19.04.2014. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Baktyluu bolunuzdar, super gruppa!!!
20.04.2014. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sosdun kyskasy myndai da ayalga kol kotorgon erkekti men tormoz dep aitam
22.04.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аярым издедим ырлары жакшы
22.04.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар.
SUPER.KG видео
29.04.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2

"Кеңеш" тобу азаматсынар деп айткым келет, себеби канча деген уй булоолорго сабак болуп жашап келе жатасынар.Берген майегинер да журокко жетерлик,таза чын дилден айткан создорунор кабыл болсун!Озунор айтамакчы ит уроо берет кербен журо берет,бактылуу болгула,балдарынардын бактысын коруп уйунор наристе кулкусуно жанырып турсун.Силердей мээримдуу, бактылуу уй було коп балалуу болсо жарашат.
03.05.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Гульмира эже озу айткандай ачык экен. Эч нерсени жаап жашырбай ачык айтыптыр. Бирок, бир созуно кошулбайм. Беш кол тен эмес, бардык эркек аялын урбайт.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо