№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж
Көз айнекке болгон муктаждык айрым учурда ыңгайсыздык туудурат. Сынып калат, бууланып кетет, жоголот дегендей. 1888-жылы Адольф Фикни аттуу окумуштуу бул маселеден арылууда линза мыкты чечим боло аларын айтып чыккан. Ал кезде линзалар айнектен болгондуктан, көздү өйкөп, ыңгайсыздык жараткан. 1960-жылы чехиялык Отто Вихтерле айнекти эмес, полимердин синтезин пайдаланып жумшак линзаны ойлоп тапкан.
ТҮРЛӨРҮ
ТАНДОО
Кандай гана линза болбосун, аны тагынуунун астында сөзсүз офтальмологдун кароосунан өтүү керек. Ал сиздин көзүңүздүн абалын аныктап, линзага уруксат берет же тыюу салат.
Мөөнөт. Алгач канча убакыт тагына турганыңызды аныктап, мөөнөтүнө (1 күн, 2 апта, 1 ай, 3 ай, 6 ай, 1 жыл) карата тандоо керек. Канчалык тез алмаштырып турсаңыз, ошончолук көзүңүздү микробдордон сактайсыз.
Режим. Эми кандай режим сизге ылайык экенин аныктаңыз.
Эгер узак жол жүрө турган болсоңуз же конокко барсаңыз, чечпей тагына турганын тандаңыз. Шартыңыз туура келбей калса кийип-чечип жаткан учурда гигиена сакталбай калышы ыктымал. Ал эми башка учурда күндүзү гана тагынып, түнкүсүн чечип уктоо сунушталат.
Нымдуулук. Адамдардын көзү жаштуу, же тескерисинче, кургак болуп айырмаланат. Ал дарыгердин жардамы менен аныкталат жана ага жараша линзанын нымдуулугун (>50%, 50%, <50% деп белгиленет) туура тандоо керектелет.
Кычкылтек. Кычкылтекти (абаны) өткөрүмдүүлүгү Dk/t деген белги менен белгиленет. Силикон-гидрогел линзалары абаны мыкты өткөрө алгандыгы үчүн учурда эң мыкты деп эсептелет. Ал Dk/t=150-170ке чейин болот.
КОЛДОНУУ
... БОЛБОЙТ!
ЛИНЗА КӨЗГӨ ЗЫЯНБЫ?
Бишкек шаарындагы «Дин-Чин» оптика борборунун врач-офтальмологу САХАБАТ ЭРГЕШОВА:
– Эгер тазалыкты мыкты сактап, бардык шарттары туура аткарылса зыяны жок. Жашы 14-15ке чыккан соң линза тагынууга болот. Бирок көп жыл тынымсыз тагынып жүргөндөрдүн көрүүсү бузулуп кеткенин байкап келем. Андыктан линзаны сыртка чыкканда, кечеге барганда гана тагынууну сунуштайм. Башка маалда көз айнек кийгениңиз оң. Түстүү линзаларды колдонууга каршы эмесмин. Бирок гигиена сакталбаса же туура эмес тагынып алса, көздүн чел кабыгы жабыркайт. Коньюктивит, көрүүнүн начарлашы сыяктуу дарттарга кабылып калуу коркунучу бар.
БААСЫ
(Бишкек шаары)
Сапатына, мөөнөтүнө жана режимине карата баасы –
700-4000 сом
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук.
- Так чындык деген болбойт.
- Ушул айткан чындыгың такпы?
- Жок, албетте...
Баары сага каршы чыгышы мүмкүн, бирок чындык - чындык бойдон кала берет.
Чындык гана чындап эркиндик алып келет.
Корксоң да чынын айт. Жалган сөз - дагы жалган сүйлөтөт.
Чындык аябай ачуу экенин баары билет. Ошондуктан көпчүл