НАРЫН ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНДАРЫН СУГАТ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО ЖАКШЫРТЫЛАТ

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

Жазгы талаа иштери Кыргызстандын бардык аймактарында кызуу жүрүп жаткан чагы. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы Нарын облусунун дыйкандарынын сугат суу көйгөйүн чечип берүү максатында, тоолуу Ак-Талаа жана Тянь-Шань райондоруна экскаватор жеткирилип берилди.
Алыскы райондордо толуп, керектен чыгып калган суу каналдарын, арыктарды калыбына келтирип, жаңыларын да ишке киргизүү иштери башталууда. Жалпы эсеп менен узундугу 34 чакырымды түзгөн арык жана каналдар тазаланып, кээ бир жерлерде жаңы каналдар казылмакчы. Суу дың жерлерди иштетүүгө багытталат. Жер иштетүүнү өнүктүрүү – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын негизги максаттарынын бири.
«Учурда эл жер иштетүүгө өтө баштады. Жер иштетип эмгектенүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк пайда болду. Себеби «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын арты менен бизде МТС ачылып, жаңы айыл-чарба техникасы келген. Эл пайдасын көрүп, турмушун оңдоп аларына көзү жетип калды. Мен уккандай, жергебизде өндүрүштүн толук циклин түзүү планы бар экен, ал ун өндүрүүчү комбинат», - дейт Нарын облусунун ишмерлеринин бири Азат Айнабаев.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, жалпысынан 1200 гектардан кем эмес, мурун иштетилбеген дың жерди өздөштүрүү максаты коюлган. Мындай кадамдар жергиликтүү дыйкандардын өздөрү өндүргөн айыл чарба продукциясы менен камсыз болушуна зор салымын кошот.

Айзатбек Асанкул уулу


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо