«КАРА ЖОРГО» БИЙЛЕҢИЗ

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

Учурда «Кара жорго» бийи той-кечелердин көркүн ачууда. Аталган бийдин популярдуулугун мындан билиңиз, борборубуздагы аянтта жана өлкөбүздүн аймактарында атайын флешмоб уюштурулган. Мындан сырткары Саламат Садыкова, Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Жоомарт Жолдошев өңдүү белгилүүлөрдүн катышуусунда этнодискотека болуп өттү. Анда бүгүн биз ушундай өзгөчө бий тууралуу кеп кылабыз.

«КАРА ЖОРГО» – КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗДАРДЫН БИЙИ
Коомчулукта кызуу талкууну жаратып жаткан «Кара жорго» бийи – тоолук кыргыздардын канындагы бий, алардын жашоо шартын, курч мүнөзүн чагылдырган бий деп айтып келишет.
Жаралуу тарыхына үңүлсөк, аталган бийди Кытайдагы кыргыздар бийлешчү экен. Ал жакта кыргыздарга караганда казактар көп жашашкан. Кытайлык казактардан казакстандык казактарга өтүп, алар кенен жайылтканга жетишкен дешүүдө.

КУБАНЫЧБЕК ЭСЕНБАЕВ, «Кара жорго» бийин иликтеп жүргөн журналист: «БИЙ – ӨЗҮНЧӨ ГИМНАСТИКА»
– Биз сөз кылып жаткан «Кара жорго» – этнобий. Башка бийлерден айырмасы, мисалы, «Беш ыргайда» атайын жатталган бирдиктүү кыймылдар болсо, ал эми этнобийде адам эркин бийлейт.
Эркин бий да татаал жана жөнөкөй болуп экиге бөлүнөт. Татаал бийлер: жинди бий, кара бий, талма бий. Бул бийлерди миң кишинин бири, манасчылык сыяктуу Кудайдан берилген талантка ээ кишилер транска кирип бийлешет. Татаал бийлер менен психологиялык жактан жабыркаган адамдарды дарылашкан. Ал эми жөнөкөй бий дарылоочу бийге кирет. Ал бий менен адам өзүн-өзү дарылайт. Мисалы, ийин бийи, муун бийи, сынма бийи остеохондроз оорусуна пайдалуу. Жулкунуп бийлегенде денеге кадимкидей массаж жасалат, бул өзүнчө гимнастика.
«Кара жорго» бийи дал ушул жөнөкөй бийлердин катарында. Кыргыздын мамлекеттик маданий машинасы иштебегендиктен, казактар бул бийди алардыкы катары жайылтышты. Керек болсо казактардын ажосу Нурсултан Назарбаев «Кара жоргого» бийлейт экен. Кыргыздар төрө пейил калкпыз, өзүбүзгө таандык мурасты «биздики» деп айта албай жатабыз.

МЭЭРИМ КАРЫПОВА, «Кара жорго» ырын ырдайт:«ЧЫДАБАЙ КЕТКЕНДЕ МЕНИ МЕНЕН БИЙЛЕП КИРИШЕТ»
– «Кара жорго» ырынын казакча вариантын угуп калчумун. Ушул темада режиссёр Ырыс Окенова кенен иликтөө жүргүзүп жатыптыр. Анан «Кара жоргону» ырдап көрүүнү сунуштап калды. Бийдин тарыхын уккандан кийин кызыгып калдым. «Кара жоргого» клип тартып жатканда көп энергиямды алып койду, бирок адам кадимкидей эс алып калат. Кыймылдабаган жерим кыймылдап, көл-шал болуп, айтор, фитнестин деле кереги жок экен. Учурда эл бул ырды абдан жакшы кабыл алып жатат, чыдабай кеткендер мени менен кошулуп бийлеп жиберишет.


ЫРЫС ОКЕНОВА, «Кара жорго» бийин иликтеп жүргөн режиссёр:«БИЗДЕ ДАЛИЛДҮҮ ФАКТЫЛАР БАР»
– 1924-жылы немис окумуштуулары экспедицияга келип кыргыздарды тартып кеткен видео бар. Видео Каркыра жайлоосунда тартылган. Андан башына калпак, колуна комуз кармап «Кара жоргону» бийлеп жаткан кыргыз мырзасын көрүүгө болот. Аталган видеону улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Германиядан көрүп, алып келген. Арабызда «биздики эмес, казактардыкы» дегендер да бар. Азыркы жаштарыбыз «Гангнам стайл», «Лезгинкага» эмес, «Кара жоргого» бийлеши керек, антпесе ата-бабабыз барктап бийлеген бий дагы 10 жылдан кийин казактардыкы болуп калат.

Зарылбек Молдобакиров, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссура жана хореография кафедрасынын башчысы, доцент:«КАЗАКТАР ПАТЕНТТЕП АЛЫШКАН»
– Бул элдик бийге кирет. Кыргыздын «Кара жоргосу» казактардыкынан башкачараак, казактар ийини менен эле бийлешсе, кыргыздарда бут, кол, моюн, ийин, айтор, денесинин баары кыймылда болот. Бийлегенде тердеп, туздуу заттын баарын чыгарат. Эмне үчүн «Кара жорго»? Анткени кыргыздар той-топурга жорго минип барышчу. Ат үстүндө солкулдап бийлеп келген, ушундан улам бий «Кара жорго» аталып калган. Казактар бизден озуп «Кара жоргону» патенттеп алганга жетишти.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Кара жорго" бийи ден соолукка пайдалуу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(50)
SUPER.KG видео
12.04.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чала молдолордун азабы өттү, "Манас" айтсаң да, ыр ырдап, телевизор көрсөң, айтор, баарын эле күнөө дей беришет.Эми "шайтандын бийи" дегенин кара! өнөр, талант,шык, жөндөмдү Кудай өзү берет да, анан өзү берип алып өзүнө каршы чыкпайт да. Молдо болот десе эле молдо бол бербегилечи!Эң биринчи кыргыз экениңерди ойлогула!
SUPER.KG видео
12.04.2014. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнегедир ушу бийди Кыргыздардын бийи деп озумо синире албай жатам.оон корунуп жаттат.))
SUPER.KG видео
12.04.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кара жорганы эч качан кыргыздар бийлеген эмес бул кытайлык кыргыздардын да бийи эмес алар ошол жактык казактардан уйронгон ал жакта кыргыздардан казактар коп болсо керек бул ырга жок дегенде 7 8 жыл болду жана мен кытайда жана казахстанда жургондо кара жоргасыз эч кандай той маараке отчу эмес бул бий алардын улуттук бийи аткаруучулар ушул ырды жактырып ырдагынар келсе эмне озунор ырдаган ырынардын тарыхын билбейсинерби караандай калпты айтып биздин ата бабалар бийлеп келишкен деп коюшат
SUPER.KG видео
12.04.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
андай болсо белгилуу гангнам стайл бийи бизге жетпей калганда аын популярдуулугунан улам аны которуп алып илгери биздин ата бабалар бийлеп келишкен деп ырдайт беленер?
SUPER.KG видео
13.04.2014. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аявай мода болдуго.тойлордун сезону башталгыча уйронуш керек экен.Ден соолука пайда дегени фитнес экен.бир жума бийлеп уйронгон кыздардын фигуралары стандартка жооп берип калат.
SUPER.KG видео
13.04.2014. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beko87 сага кошулам
SUPER.KG видео
13.04.2014. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul degen shamandardyn kyjmylyndajgo? Oshon uchun jakut j. b. da bijlejt eken.
SUPER.KG видео
13.04.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кара журго ырын mp3син супер инфодон тапай жатам го
SUPER.KG видео
14.04.2014. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул бийдин теги тээ монгол элге барып такалат окшойт.Чынгыс-Кандын киносун корсонор ошондогу монголдор так ушу кара-жорго бийине окшоп бийлешет экен.Казактарга да монголдордон келген-дир балким...
SUPER.KG видео
14.04.2014. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийчи кыз аябай сулуу экен.Улуттук кийим сонун жарашыптыр.
SUPER.KG видео
14.04.2014. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдики ,мен билем ,сен билбейсин дебей бийле Кыргыз ,жакшы бийлесе биздики бий ,Казак Кыргыз окшош
SUPER.KG видео
14.04.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
...озу казактар КЫРГЫЗДАРДАН келип чыккан го) ошондуктан эээч не кыжылуйте...бизди бий, биздин бий! раслабон кармап бийлей бергиле кара жорголоп)))
SUPER.KG видео
14.04.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guli.kg.90,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
14.04.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул кыргыздардын ырыбы жэ казактардынбы?
14.04.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aibek92, негизи бул кыргыздардын бийи. Озубуздо унутулуп калганы окунучтуу. Казактар той-топурда кыргыз бийи "Кара жорга" деп бийлеп келишкен. Эгер кызык болсо же мени менен тартышкысы келген жан болсо китеп булактарынан,архивте сакталган сурот,видеолор менен далилдеп бере алам.
14.04.2014. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Poliglot, рахмат чоон!
14.04.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан кызыктуу нерселерди айтышыптыр. Мыкты бий кара жорго менин кыздарым ушундай бийлешет кара жоргого. Мен да кошулуп бийлеп кетем. Абдан пайдалуу озунчоле гимнастика экени чын. Бий кыргыздардыкы
14.04.2014. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жагат ыры да бийида эн негизгиси
14.04.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой биздин эле бий не переживайте, казактарга доказали октон, унчукпай туруп беришти го ))))
16.04.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pantherka, биздики албетте бирок качан казактар алып чыкканда биздики дей калабыз буга чейин эмнеге эч ким ушул бийди бийлеп же айтып калышкан жок казактарды эле карап турабыз да анан биздики деп чыга калабыз
14.04.2014. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
не в коем случае бул бийди илгертеден бери эле казактар бийлеп келишсе кечээ жакында казакча ырды которуп бийлеп алып кайдан кыргыздыкы болмок эле чала бала угуп алып талаша бересинер мынтип адаштырып атканынар казак мн кыргыздын салт санаа кийими тили окшош болгондуктан го
16.04.2014. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tokitok, Бул бийдин тарыхын айтып кетишпедиби жогоруда. Бул кыргыздардын бийи болгон -деп. Ошол чын. Казактар кечээ эле бийлеп алышты.
SUPER.KG видео
14.04.2014. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чоон рахмат супер инфо
SUPER.KG видео
15.04.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеоңордун аягына өткөндө Ала-Тоо аянтында кара жоргону көпчүлүк бийлеп жаткан кадрларды кошуп койсоңор азамат болмок экенсиңер.
15.04.2014. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
novayariga,
Башка сайтты жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн банга!
16.04.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз деле, казак деле бийлей берсин. Бирок, бул бий биздики жана бизден эч ким талаша албайт. Ал учун акырындан арабабызды калдыратып, б.а. бийлеп журо беришибиз керек.
16.04.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кубанычбек Эсенбаев деген байкебиз муруун биздин маалда "Сыр сандык"телеберуусун алып барчуу эле го .Азыр деле иштейби?неге корунбой кетти экен?
17.04.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dostor menın taeme atyatamdar kıtaylık kırgızdar 1988 jılı ata enem kıtaydın kara kuljasına barganda 16-17 jashtagı kıtaylık kırgız kızdarı jana jash baldarı kız uzatuuda bıylep berıptır oshondo abdan sonun bıyleshet eken al jaktın kırgızdarı dep tan kalıp eklsıhken anda bız dagı ele soyuz uchurunda elek oruscha suylop ... bul bıy kırgızdın bıyı
17.04.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tayene tayata
18.04.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара Жорго бийисиз азыр тойлор отпой калды го. 2жашар бобокторубуздон жогору бийлешет. Аябай сонун.
SUPER.KG видео
18.04.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийлерди окуп аябай тан калдым. Кара жорго казактардыкы, шайтан бийи дегендерге. Ошолор озу КР тарыхын окунганбы. Тээ илгери эле бар болчу бул бий. Болгону кара жорго деп так аталышы болбосо эле движениясы так ушул.
19.04.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan sonun biy, kancha biylesen da charchabaisyn, kaira ele biylegin kelet. ))
SUPER.KG видео
23.04.2014. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында бул бий ден-соолукка абдан пайдалуу! Кара жорго бийи "Орук зардагы баян" деген кинодо корсотулот эмеспи, мына ошол себептен бул бийдин тупку тарыхы кыргыздарга тиешелуу,- деп ойлойм!
SUPER.KG видео
08.06.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy popylyardyy bolatat eken Kg ge barsam kop ygyp kaldym iygilik biy4ilerge, Kg dele ele emes bawka jaktardada biylenip kalsa jakwy bolmok , anan azyr byl 2 kyz egizderbi okwow ekengo.?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо