Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЕЛГИН КУШТАР МЕНЕН ТААНЫШАБЫЗ!

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

Жаз келип, күн жылый баштаганда келгин куштар топ-тобу менен мекенине кайта башташат. Бул ирет биз силерге келгин куштардын айрымдарын тааныштырып коёлу деп чечтик. Куштарды дайыма айырмалап, тааный жүргүлө, бөбөктөр!

КҮКҮК (КУКУШКА)

Узундугу – 40 см
Салмагы – 100-120 грамм
Өмүрүнүн узактыгы – 10-40 жыл
Качан учуп келишет? – Март айында

Күкүктөрдүн эркектери гана «ку-кук» деп сайрайт. Ал эми ургаачыларынын үнү күлкүгө окшош. Күкүктөр өздөрү уя салышпайт. Жумурткаларын бөтөн канаттуулардын уясына таштап койгондуктан, 5 жумурткадан бирөө гана аман калат. Булардын өзгөчөлүгү башкалардай болуп тобу менен эмес, жалгыз учушат. Алгач эркектери келип мурунку жашаган аймагына конуп, 2-3 күн жайгашканча сайрашпайт. Качан гана баары даяр болгондо «ку-кук» деп сайрап, ургаачыларын чакыра башташат. Күкүктөрдү жерден, бактардан, ошондой эле жалбырактуу токойлордон, талаа, чөлдөрдөн кезиктирүүгө болот.

БУЛБУЛ (СОЛОВЕЙ)

Узундугу – 15-17 см
Салмагы – 25-35 грамм
Өмүрүнүн узактыгы – 9-10 жыл
Качан учуп келишет? – Май айында

Биздин жерге өзгөчө кооз үндүү булбулдардын алгач ургаачылары келишет. Качан ыңгайлуу жай тапканда гана сайрап башташат. Андан да кызыгы, булбулдардын туурагычтык жайы бар. Мисалы, жаш булбулдар чоңдорунан угуп, ошондой кылып сайраганга аракет кылышат. Уяларын бадалдардын тамырларынын, жаш бутактардын астына жасашат. Негизги азыктары жер-жемиштер, жөргөмүш жана курт-кумурскалар.

ТУРНА (ЖУРАВЛЬ)

Узундугу – 90-155 см
Салмагы – 2-15 килограмм
Өмүрүнүн узактыгы – 20-40 жыл
Качан учуп келишет? – Жаз толугу менен келгенде

Турналар бүчүр, өсүмдүктөрдүн үрөнү, тамырлары, эгин, курт-кумурска, жадакалса жылан менен да азыктанып, жерге уя салышат. Бул канаттуулардын акылдуулугун мындан билсеңер болот, тобу менен азыктанып же уктап жатканда атайын бирөөсүн кайтаруучу кылып дайындашат. Ысык жактардан учуп келгенде да алгач чалгынчысын астыга чыгарып, качан гана коопсуз деген белгини бергенде жерге конушат. Анан да толугу менен жаз кирип келгенде турналар келишет. Турна – Армениянын улуттук символу катары эсептелет.

ЧАБАЛЕКЕЙ (ЛАСТОЧКА)

Узундугу – 15-20 см
Салмагы – 17-20 грамм
Өмүрүнүн узактыгы – 4 жыл
Качан учуп келишет? – Май айынын орто ченинде

Европа, Азия, Африка жана Американы мекендеген чабалекейлер суукка чыдамсыз келишет. Элибизде «эгер чабалекей жерге жакын учса, жаандын жаашы күтүлөт» деген кеп бар. Себеби нымдуу абада чабалекейлер азыктанган чымын-чиркейлердин канатчаларын жаандын тамчылары басып, учуусу оорлошуп калат. Азыктануу үчүн алардын артынан чабалекейлер да жерге жакын учушат. Чабалекейлер азык көп болгон жерге бат көнүп кетишет. Көбүнчө жаан тийбеген жыгач же таштан жасалган үйлөрдүн, имараттын шыптарына, аска, көпүрөлөргө уя салышат.

ТОРГОЙ (ЖАВОРОНОК)

Узундугу – 10-25 см
Салмагы – 15-80 грамм
Өмүрүнүн узактыгы – 20 жыл
Качан учуп келишет? – Эрте жазда

Канаттуулардын бул түрү көбүнчө тоо, чөл, талааларда кездешет. Алардын буттары узун жана күчтүү болгондуктан, жер бетинде эркин басып жүрүшөт. Талаа торгойлору күн чыкканда гана сайрашат. Бул канаттуулар кыштоого өтө алыска кетишпейт. Андыктан алгачкылардан болуп кар эрий электе эркектери учуп келишет. Артынан гана ургаачылары келип, уя салганга ыңгайлуу жай издеп башташат.

Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(1)
14.04.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоооо сооонун мааалыматкооо,жазга айрыкча сооонун Корк кошушат......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо