АТАКТУУНУН БАЛАСЫ БОЛУУ ОҢОЙ ЭМЕС

№598 18-апрель-24-апрель, 2014-ж

Адатта атактуулардын үй-бүлөсү көпчүлүгүбүзгө кызык. Бүгүн биз атактуулардын балдары жөнүндө кеп козгойбуз.

«МЕНИ «ЖЕКИ ЧАНДЫН УУЛУ» ДЕБЕГИЛЕ»
Белгилүү гонконгдук актёр Жеки Чандын уулу Жейси Чан атасынын жолун улап, учурда өзүн кинодо сынап келет. 32 жаштагы Жейсинин балалыгы АКШда өткөн. Атасын майрамдарда гана көрүп, бала кезде досторуна «Жеки Чандын баласымын» деп мактангысы келчү экен. Жеке жашоосун сыр тутууну туура көргөн Жеки Чан уулу Жейсини 15 жашында эл көзүнө алып чыккан. Уулу тууралуу Жеки «Кээде уулумду аябай сагынып, көргүм келгенде жолугабыз, бирок жолукканда маанайым түшөт. Анткени анын жашоого болгон мамилеси түшүнүксүз. Билбейм, азыркы жаштардын баары эле менин уулумдайбы, бирок Жейси аябай жалкоо» деп айтканы бар. Жейси 2003-жылы апасы Жоан Лин менен Гонконгго көчүп келип, ырчылык карьерасын баштап, бир нече альбом чыгарганга үлгүрөт. Андан соң кино тармакка өтүп, учурда 10го жакын кинодо роль жаратканга жетишти. Көпчүлүк кытайлыктар Жейсинин чыгармачылыгындагы ийгиликтерин атактуу атасына байланыштырышат. Бул тууралуу Жейсинин «Мен атамдын көлөкөсүндө 23 жыл жашадым. Жакында Гонконгдо өз атымды жасайм. Ошондо мени «Жеки Чандын уулу» деп айтпагыла» дегени бар.



АПАСЫНЫН СЫНЫНАН КОРККОН АЛИ ОКАПОВ
«Атактуунун баласы болуп туруп, популярдуу болуу оңой эмес, тескерисинче, эки эсе көп иштегенге туура келет. Апам мага эч качан анын атактуулугун пайдаланганга жол берчү эмес. Ал талапты катуу койгон адам, анын сынынан аябай корком» дейт Казакстандын белгилүү ырчысы Роза Рымбаеванын уулу Али Окапов. 23 жаштагы Али Окапов учурда Казакстан шоу-бизнесинде өз атын түптөп келе жаткан таланттуу ырчылардын бири. Кичинесинен «пианист болом» деп чоңойгон Али шоу-бизнеске кокусунан келген эмес. Ырчылыкты башында хобби катары көрүп жүрүп, кийинчерээк жан дүйнөсүнө жакын экенин түшүнүп, олуттуу алектене баштаган.



ЖОРУКТАРЫ АТАСЫНАН КЕМ ЭМЕС ПЭРИС ЖЕКСОН
Тирүү легендага айланган Майкл Жексон балдарынын бетин көрсөтпөй, көбүнчө бет кап менен жаап жашырчу. Ырчы каза болгондон кийин гана анын балдары папараццичилердин башкы «кенчине» айланган. Ырчынын 16 жаштагы кызы Пэрис Жексон учурда атасынан кем калбай, басылмалардын негизги жаңылыктарынан орун алып келет. Өспүрүм кыз кан тамырын кесип, өз өмүрүнө кол салган жоругу менен басылмаларды дүң кылган. «Анын социалдык тармактарга жүктөгөн сүрөттөрү да катуу депрессияда жүргөн адамдын түрүнөн кабар берет» дешет айрымдар. Муну кээ бир сынчылар Жексондун туугандарынын жасаган пиары десе, кээ бирлер кадимки өткөөл куракта кездешчү жагдай деп эсептешет.



ШАХРУХ ХАНДЫН УУЛУ ДА АКТЁР
Болливуд актёру Шахрух Хандын 17 жаштагы уулу Арьян өз өлкөсүндө аты чыгып келет. Индиядагы көпчүлүк жарнамалык роликтерден дал ушул атактуу актёрдун баласын кезиктирсеңиз болот. Арьян жаш экенине карабай теледе дебютун жасап, драмалык киного тартылганга жетишкен. Бирок атасы уулун такшалсын, ашыкча көздөрдөн, сөздөрдөн оолак болсун деп Лондонго окууга жиберген. Табиятынан уялчаак жигит Арьян кинодогу карьерасын дал ушул Лондон шаарынан улантууну чечиптир.


ӨГӨЙ АТАСЫ ЭШТОН КАТЧЕР МЕНЕН ДОСТОШКОН РУМЕР УИЛЛИС
Белгилүү голливуд актёрлору Брюс Уиллис менен Деми Мурдун 26 жаштагы кызы Румер Уиллис дагы актриса. Маалымат булактарында Румер менен сиңдиси Скаут экөө апасы Деми Мурдун жаш жигитти тандап кеткенин көпкө чейин кечире албай жүрүшкөнү көп жазылган. Бирок кийин Деми улуу кызы Румер Уиллис менен мамилесин калыпка келтирген, ал эми кичүү кызы Скаут таарынычы менен калган. Ошондон улам эже-сиңди Румер менен Скауттун мамилеси салкын экени айтылат. Мындан сырткары, Румер өгөй атасы Эштон Катчер менен апасы экөө ажырашып кеткенден кийин да достук мамилесин сактап калган, кала берсе, америкалык басылмалар Эштон өгөй кызына үй сатып бергенин жазып чыгышкан.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
21.04.2014. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх! Атактуунун баласы болгон кандай сонун!
23.04.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Orunbu,а мен мени жараткан мени багып остуруп ушул даражага жеткирген ата-энемин баласы болгонума эле сыймыктанам Аллах ден-соолук узун омур берсин баардык ата-энелерибизге
21.04.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен учун жонокой адамдын баласы болууда бактылуук.
21.04.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майкл Жексондун кызы озуно окшош эмес экен.Менин оюмча митиска торолуш керек болчу да.
21.04.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеки Чандын баласынын айтканы жакпады сыймыктангандын ордуна.
21.04.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elnuram090, чындыкты айткан го
21.04.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
атактуунун балдары эч качан андан да атактуу боло албайт
21.04.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жеки чандын уулу эмне деп атат ия? Чыныгы таланты менен эл оозунда, атанк данктууго атасы. Ушундай ата менен сыймыктанбайбы...
21.04.2014. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Джеки-чандын баласы эн туура айткан мени Джеки-чандын баласы деп тааныбастан менида как личность катары таанышсын деп айтат атасынын акчасынале жашай бербестен озум аракет кылып озумдун атымы чыгарам дейт ошондо элдер Джеки-чандын баласы дебей бул Джейси-чан деп таанышат
27.04.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
joysin77, менда кошулам сизге Жеки Чандын баласычыыы,дебей Жейси Чан деген жакшы да
21.04.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Беш кол тең эмес ээ туугандар.
21.04.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сыймыктануу менен анан оз аты менен таанылуунун айырмасы барда. Сыймыктанатго дейм Джеки Чандын уулу деле,просто ийгилике оз кучу менен жеткиси келет экен...
21.04.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Атын чыкпаса жер ортто
21.04.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рымбаеванын уулу сулуу жигит.
21.04.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ештон Катчер Демини пайдаланып туруп таштап кетти. Еми жаш актриса Мила Кунис менен егиз балалуу болгону турат.
21.04.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул жерде эч кандай Джейси-чан атасы менен сыймыктанбайт деген соз болбодуго туугандар ошондой атактуу адам менен бардык китаецтер сыймыктанып жатса баласы биринчиден сыймыктанатта просто атасынын колокосундо эмес озуда атактуу болгусу келетта
21.04.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деми Мур кызы экоо тен туштай корунот экен э. Кыргыздардан да бироону кошуп койбоптур даааа. Ушунча даражалуулардын катарына кимисин тандап кошот эле дегеним.
22.04.2014. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
malikany dele kowup koisonor bolmok eken Dinka ejekebizdin kyzyn
22.04.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызда атактуулардын уулдары жок дейсиңерби. Толтура мисалы Айдар, Максим хе хе
22.04.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadasdasd туура айтасын алар КРда атактуу болушкан
22.04.2014. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шахрухтун баласы озуно копия экен
22.04.2014. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин атактууларыбыздын деле балдарынын атын атап жазса болбойбу?Каякта чет жактарды жазбай эле.Же коз тиеби?
23.04.2014. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jonokoy adamdyn balasy bolgon en jakwygo.
23.04.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майклдын кызы озуно окшобойт экен
калп эле атактуунун баласы болуу кыйын деп азыркы заманда мугалимдин баласы авторитет журотда булардын балдары чадабай кайда барсын
24.04.2014. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунусуна, жаратып жашатып койгонуна Аллага шугур.
26.04.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жеки чандын баласынын айтканы туура ар адам озунчо атактуу болгусу келетда, элдин коз карашы атактуунун баласы болсо еле жаман ушакка даяр емеспи балким ошодондуктандыр
26.04.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Брюслинин аялы Демимур болгонбу?Жунгого сапарда Брюсли тууралу тарткан кинодо аялы башка эле кыз элегоо?
27.04.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле жонокой адамдын баласы болгонума сыймыктанам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо