Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Асел Кадырбекова:«АЛ ЖИГИТ МАҢДАЙЫМА ЖАЗЫЛБАПТЫР, АЖЫРАШТЫК...»

№598 18-апрель-24-апрель, 2014-ж

Асел Кадырбекова ыр-клиптерди байма-бай чыгарып, кыргыз шоу дүйнөсүндө былтыртан баштап ийгиликтүү карьера жасап келатат. Аны айрымдар «Нурлан Насиптин арты менен таанылды» деп да жүрүштү. Ал эле эмес, экөөнүн мамилеси бар экени да сыр болбой калган. Бизге мурунку берген маектеринин биринде экөө «достуктан сүйүүгө бир кадам» дешти эле. Нурлан менен Аселдин мамилесинде сүйүүгө бир кадам аздык кылып койдубу же ашыктык кылдыбы, айтор, экөө кош жылдызга айланбай калышты. Бирок кеп ал тууралуу эмес. Кеп Аселдин мурунку жана азыркы жашоосу жөнүндө болмокчу.

– Асел, чыгармачылык менен жүргөнүңө көп болгону менен, былтыртан баштап гана эл оозуна алынып кеттиң. Мунун сыры эмнеде?
– Мурун клип, ыр аты болсо жетиштүүдөй сезилчү. Бир ыр чыгарып койсо эле жылдыз болуп калат деп ойлогом. Көрсө, тажрыйба керек экен. Тажрыйбасыздык кылып өзүмө окшош өз ишин билбеген адамдарга клип тарттырып, жыйынтыгы өзүн актабай калчу. Эми болсо ким жакшы обон жазат, ким жакшы клип тартат, ким менен иштешиш керек, баарын түшүнүп калдым.

– Азыркыдай деңгээлге жетиш үчүн кандай сыноолорду баштан кечирдиң?
– Мындан 5-6 жыл мурун Оштон Бишкекке апам «жибербейм» десе укпай, «ырчы болом» деп келе бергем. Курбум экөөбүздүн жаныбызда 1000 сомубуз бар эле. Батирибиз жок же жумуш таппай абдан кыйналганбыз. Эптеп телеканалдардын бирине телеалпаруучулукка жумушка орношком. Айлыгым аз, ошого да сүйүнүп, 6-кичи райондон Чыгыш-5ке чейин жөө келчүмүн. Экранга чыккандан кийин кийим-кечең да жакшынакай болуш керек эмеспи. Бир эле кийимди түрлөп өзгөртүп кие берчүмүн. Бир жолу халат сыяктуу курбумдун гүлдүү көйнөгүн кийип албаймынбы. Эфирге чыгып жакшы эле сүйлөп жаткам. Бир маалда өзүмдү экрандан карасам ушунчалык начар көрүндү. «Эмне минтип чыгып алдым?» деп кечке өзүмө жиним келип же эфир бүтпөй ыңгайсыз болгом. Бирок ошол күнү комплименттерди көп уккам (күлүп).
Өзүм ичпей-жебей акча топтоп, акыркы акчама клип тарттырган күндөрүм болгон. Анан да кейиткени, жыйынтыгы актабай калган.

– Сахнада ырчылар банда болуп жүрүшөт эмеспи. Сен эч кимисинин командасында жоксуң да?..
– Менин бир жаман сапатым бар, уялчаакмын. Канчалык бирөө менен жакындан таанышып, жакшы сүйлөшкүм келсе да, «балким, жакпай калам» деп тартына берем. Айрымдарга окшоп адамдын ичи-коюнуна кирип кете албайм. Элге көп аралаша бербегендигимденби, мени көпчүлүк «бой көтөргөн кыз» деп ойлошот экен.

– Сүйлөшкөн жигитиң менен ажырашып кеткениңерге көп болду. Унутуу оңойго турбагандыр?
– Мен дээримден депрессияга көп кабылып, кичине нерсеге деле ыйлай берем. Кандай окуя болбосун ичимде сактай албайм. Болгон нерсени курбуларыма айтам же интернеттеги жеке баракчама жазып бугумду чыгарып ыйлап, анан жеңилдеп калам (күлүп). Антпесе үйгө батпай кетем. Бирок бул ирет андай деле санаа тартып, депрессияга баткан жокмун. Чоңойдумбу же мени колдогон апам, курбуларым жанымда болгонгобу, бат эле жеңип кеттим. Ал киши менен бирге болуу маңдайыбызга жазылбаган экен, ажыраштык.

– Кыз-жигит болгон соң таарынышып-табышкан кадимки көрүнүш да. Кайра табышып калабыз деген ой жокпу?
– Жүрөгүм башка нерсени айтса, акылым башканы айтат. Экөө учурда согушуп жатышат (күлүп). Азыр бир нерсе деп айта албайм. Эгер бирөө мени сүйдүрүп алса, анда болду, жигитимдин сызган сызыгынан чыкпай, бат эле баш ийип калам. Бирок учурда андай жигит жок, болушун деле каалабайм. Ар ким менен сүйлөшүп, жигиттин санын көбөйткүм келбейт. Эң негизгиси, абдан кызганчаак, кыз жандуу жигиттер туш келбесе дейм.

– Жүрөгүм бош экенин билип көңүлүмдү алгысы келген мырзалар жок десең ишенбейм...
– Жакында гана бир мырза улам интернеттен жазат. Кайдан-жайдан билбейм, номеримди да таап алыптыр. Бир жолу чалып, бир даректи айтып, «азыр ошол жакка келип калыңыз, болбосо 9-кабаттан боюмду таштайм» деп коркутуп жатпайбы. Тамаша катары кабыл алып, күлүп койгом. 4-5 сааттан кийин бир эже чалып «сени деп балам өлүп калсынбы?!» деп ажылдап салса коркуп кетип жетип бардым. Барсам менден жаш жигит, 9 эмес эле 1-кабатта отурат. «Сизди минтип чакырбасам келбейт болчуңуз» дейт. Ушунчалык жиним келди, бирок эч нерсе деген жокмун.
Өткөндө ооруп жүргөнүмдө, ким экени белгисиз, подъездге корзинага таттууларды, роза гүлүн жана дарыны көп кылып салып кетиптир. Абдан таң калдым. Бирок ким экенин азыркыга чейин биле элекмин...

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Жигиттин санын көбөйткүм келбейт" дейт Асел Кадырбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(165)
22.04.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargizka.kg,
Жеке айтышууга жол берилбейт!
22.04.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, sardaralay, magic1721,
Эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактап, кемсинтүүгө тыюу салынат!
22.04.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боёнбой тушкон суротун коруп коргуло такыр башкача суйлоп каласынар!
22.04.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ырчыны тааныйбайт экем. эми ырларын угуп коройунчу.
22.04.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Б.Бадыеваны семирип кетиптир,арыктаса болбойбу дешсе,арык бул ырчыны гокуй буттары кантет деп бул да жакпаса ,кимге эмне жагат?
22.04.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мончоктой татынакай кыз эле иманбековдун клибинде.азыр аман эле бол.искусственая болбой бир аз эл катары болсон.чач кирпик тырмак кыскасы оптом окмоттуку
22.04.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо мен жазгандар емнеге чыгарбайсынар
23.04.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayka.1991kg,
Саламатсызбы!
Биринчиден, сиз билдирүүнү Медиа-парталдагы Супер ТВ бөлүмүнө жазгансыз.
Экинчиден, ошол бөлүмгө жазган сурооңузга жооп берилген. Шилтеме: http://www.super.kg/media/stv/117235/
23.04.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media,
сураныч жардам берип коюнузчу атай менен маралдын улпот тою тууралуу сайттан таппай жатам((((
23.04.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sezishka92,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/kabar/news/60857/ ушул шилтеме менен кириңиз.
24.04.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, rahmat sizge
22.04.2014. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи апрельлде сойко салганы чын беле жа тамаша беле малымат барбы
SUPER.KG видео
22.04.2014. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Insan katary kenesh berip jatyshat baary. Suluunu adeptuulugu gana korgoyt degen tuura bul jashoodo. Azyr eshike chyksan ushintip kiyinip alyp erkekter kanday mamile kylat bilebiz da. Anan birnerse dese alardy kunoolop kalabyz...
SUPER.KG видео
22.04.2014. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info Azia Mix, Bol'shie lyudi jonundo jazsanar bolo. Chynygy talanttar
22.04.2014. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кийинки муундар кантет экен? Бирок ырлары таасирду.
23.04.2014. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozun zvezda sezip algango timele,21-kylym dep jylanach ele chygyp alsyn anda.
23.04.2014. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул эжени ото баалаймда .кийимдери жакшы жарашыптыр фигурасына соз жок
23.04.2014. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле тиричиликте тын болсо болгону...
23.04.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу соопсонун кыз мага айабай жагат уну да айабай жакшы экен коро албагандар суйлой берет ал нерсени эч качан конулго алба
SUPER.KG видео
23.04.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не эле баарынар анын шортасына асылып калдынар? Сын десе эле айта бериш керекпи? Кайра колдоо корсотуп койсонор болбойбу? Байкуш кече эле жигити менен урушуп стрес болуп журсо анан силер бул жактан жемелейсинер!
23.04.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кашынын фигурасы слишком еле болуп калыптыр илгери жактырбайт болчум азыр клиптерин коруп ырларын угуп озуно да жакшы ырчы деген баа берип калдым... АСЕЛ эч кимди укпа алга жана алга ИЙГИЛИК !!!!
SUPER.KG видео
24.04.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулууну сулуу деш керек мындай фигарага канчасы жетпей журот суйлогон созу орунда акылы да жайында экен. Ак караны айырмалап жазсанар кичине калп эле жаза бербей. Демек силерден кыйла бийик турат экен чыдабай ар жактан кемчилин табып олуп жатасынар. Ушунча обсуждения брлуп жатат демек популярдулуктун чокусун экен элге кызык экен бул да болсо ийгилик. Азамат Асел коздорун куйгузуп иштей бер
SUPER.KG видео
24.04.2014. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коро албагандар ар нерсени суйлой берет сындырыш учун иштесен тиштейсин копко жетесин
24.04.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыздын озу нормальный деле ыры жокко, без макияжа корсон чочуп кетсен керек ))
24.04.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bir yr yrdap alywyp ele bolgondo da fonagramma ozdorun zvezda sezip ketiwetta yrchylar
24.04.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өляяяя мынча арык я, шамал кичине катурак болсо сынып кетчүдөй го :) байкушту кафеге киргизип курсагын тойгузуп койгун эле келет экен %)
25.04.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип менен ырдаган ыры аябай жакты.
25.04.2014. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернеттеги оздук баракчасына вацвп менен суйлошобуз деп номерин жазып алып, номерин кайдан алганын билбейм дегени кызык экен
26.04.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Без макияж бул кыз жакшынакай корунот,особенно мектепте окуганда сулуу назик болчу.Ото катту боенуп алат экен да азыр,анан фейк болуп кетиптир кичине.Но реально без макияжа красивее.Про ее песнях ничего не знаю,не слушаю
26.04.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ancha jaga bergen jok, elge jaga turgan kiyim dandasa bolmok eken elge chygyp jatkandan kiyin
SUPER.KG видео
27.04.2014. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
все у нее сидит прерасно но кичине толушун керек Асель
SUPER.KG видео
28.04.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zemlyanin, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек.
SUPER.KG видео
05.05.2014. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kichine uzun kiiinsen bolmok
Модератор admin_superstan түзөттү 05.05.2014 11:38
18.07.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги алып баруучунун 2козу кыздын эки бутунда го)))))жыгылып кетпесин деп коркуп жатат наверное)))
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо