Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУУ ЖОКТУГУНАН ЖАМГЫР ТИЛЕГЕН КАШКА-ТЕРЕК АЙЫЛЫ

№598 18-апрель-24-апрель, 2014-ж

«Бир гектар жерди канча сомго айдап жатасың? Отун, сууну ташып койдуңбу?» Ушундай сөздөр элет жеринде көп жаңырат. Бул сапар Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караган, 40 жылдан бери аталышы жок келаткан айылга барып келдик. Эл оозунда ал Кашка-Терек деп айтылат.

Айылдын жолдору асфальт көргөн эмес, кара топурактуу жол жаан жааганда ылай-баткакка чыланып жатып калат.

ЫЛАЙ СУУГА МАҢДАЙЫ ЖАРЫЛА КУБАНЫШАТ
Айыл Өзгөн шаарынан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кашка-Терек делгени менен, документте жазылган аталышы жок. Карапайым эл «Бул маселени көтөрүп бир канча жолу акимчиликтин эшигин каккыладык, бирок жыйынтык болбой жатат. Айта берип, бара берип тажадык» дейт. «Мындан башка да көйгөйлөрүбүз көп» дешкенинен өзүбүз барып көрүүнү туура көрдүк.
Айылга киргенде эле ар бир үйдүн астында узунунан жип тартылып, кийимдер жайылып турганына күбө болдум. Сурасам «кечээ жамгыр жаады, баарыбыз кубанып кирлерибизди жууп алдык» дешти. «Бүгүн, Кудай жалгап, арыкка да суу келип калыптыр» деп жүздөрү жарык. Ал сөздү угуп мен да кубанганымдан арыкты барып карасам капкара ылай суу агып жатыптыр. Таңыркаган көз менен элди карасам, «бизге ушул суунун келгени да чоң кубаныч» дешти.

«АККАН СУУДА АРАМ ЖОК ДЕП ИЧЕ БЕРЕБИЗ»
АБДИСАЛАМ ЮСУПОВ, айыл тургуну:
– Быйыл ушинтип булганган болсо да суу келип калды. Мындан мурунку 3 жыл такыр келбей калган эле. Анан айылдагы жаштарыбыздын баары иштегени чет жактарга кете башташты. Май айынан баштап такыр суу келбей калат. Бизден жогорку айылдар шалы эгишет, анын палдарына толтуруп алыш үчүн ар бир үй-бүлө сууну тосуп алышат. Андайда 5-6 чакырымдан суу ташуу башталат. Каналга келип жаткан бул суу дарыядан бурулуп, бир канча айыл аралап, Өзгөн шаарынын ичи менен эң акыры бизге келет. Каналды карасаң толтура таштанды. Көрүп калсак таштатпай алып коёбуз, көрбөгөнүбүздү «Аккан сууда арам жок» деп иче беребиз.
Бизден төмөнүрөөктө Кемпир-Абад суу сактагычы орун алган. Жери Кыргызстанга караганы менен, сууну Өзбекстан иштетет. Суу сактагычтын ордунда мурун биздин Кашка-Терек деген 300гө жакын түтүнү бар айылыбыз бар эле. Биз ошол жактан көчүрүлгөнбүз. Жерди 1975-жылдары Өзбекстанга 1990-жылга чейин ижарага деп берген. Андан бери канча убакыт өттү, дагы эле алардын пайдасына иштеп жатат. 40 жылдан бери айылыбыздын статусу жок жашап келе жатабыз. Документ жагына келгенде менде башка айылдын аталышы, балдарымдын ар биринин документинде ар башка айылдар жазылып калган. Шайлоо учурунда да ушунун айынан бир топ кыйынчылык жаралат. Күйпөлөктөгөн чоңдор шайлоо учурунда каттап калышпаса эле, башка учурда бир жолу кабар алып коюшпайт.

«МЕКТЕПТИН АЖАТКАНАСЫ ЖОК»
Эскилиги жетип калган, 426 окуучусу, 34 мугалими, 16 классы бар Капар Кулматов атындагы №56-орто мектепке көңүлүм түштү. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтө элегине көп убакыт болгон, 11-классты аяктап кетип жаткан окуучулар мугалимдерине белек бербестен, мектебиндеги өздөрүнө тийиштүү болгон классты оңдоп-түзөп берип кетишет экен.

ТОЛГОНАЙ АКМАТОВА, жогоруда аталган орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы:
– Мектебибиздин эскилиги жетип калды. Ага карабастан иштеп жүрөбүз. Эң негизги маселебиз – ажаткананын жоктугу. Эл аралык уюмдарга долбоор жазып өзүбүз курдуруп алалы десек, долбоорубуз айылыбыздын статусу жоктугунан өтпөй калды. Долбоорлордун негизинде бир гана ажаткана эмес, бир канча социалдык багыттагы иштерди жүзөгө ашыралы дейбиз, бирок жогоруда айткан айыл статусунун жоктугу тоскоол болот. Кир суу ичкендиктен окуучуларыбыз сарык, ревматизм ооруларына көп чалдыгышат. Каны каткан балдар жерге жата калып, оозу менен ылай көлчүктөн суу ичип жатканын көрүп зээниң кейийт.


«ЭГИН ЭГИП ЖЕ МАЛ КАРАП КЫЙРАТА АЛБАЙБЫЗ»
Айылга бара жаткан жол да жаман. Шаар менен айылга каттап турган атайын транспорт жок. Такси менен барып келишет. Ар бир таксинин артында 2-3 фляга болот экен. Бир кишинин акчасын төлөгөн адамга бир фляга сууну Өзгөн шаарынан алып келип беришет.

ЭГЕМБЕРДИ ЭРБАЛТАЕВ, айыл тургуну:
– Жол азабынан тажап бүттүк, бардыгы оюлуп кеткен. Аларды шагыл менен жамап коюшат, шагылы үч айга жетпей чачылып жок болот. Кара топурак болгондуктан жаан жааганда баса албай, жол ылай-баткакка батат. Кыштын күнүндө жолубуз бир унаалык болуп калат. Ары кетип жаткан унаага каршы унаа келип калса же ары кете албай, же бери келе албай туруп калабыз. Малыбызды өзүбүз саап ичкибиз келет, бирок аны караганга жайытыбыз жок. Мал карап кыйратып тиричилик кылбайбыз же эгин эгип кыйрата албайбыз.




Суу тартыштыгынан арыкка келген ылай суу кашка-теректиктерди кадимкидей кубантат.

400дөн ашуун окуучусу бар орто мектептин ажатканасы жок. Билим берүү уясы көптөн бери оңдоп-түзөтүү иштерине муктаж, анын бүтүрүүчүлөрү жыл сайын бир классты ремонттоп беришет.

«Кыргызстан – сууга бай өлкө» деп мактанабыз. Көп айылдарды кыдырып, «таза суу өлкөбүздүн жалпы көйгөйү экен» деген жыйынтыкка келдим. Карапайым калк таза сууга зар какшап отурганда жогорудагыдай мактануудан уялат экенсиң. Бар нерсени элге пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп бере албагандан кийин мактангандан эмне пайда?

Гезитибиздин «Элет үнү» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе,
0312 32 30 37 телефон номерине чалыңыз же koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
21.04.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убал эле болот го! озубуздон агып жаткан сууну жеткирип бере албасак!
21.04.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озгон шаарынан 7км болсо бул кандай бийлик башындагы жегичтер эмнеге корушпойт. Келишим 90-жылы бутсо андан бери 24жыл болуптур жердин арендасын ким алат кызык. Эй.Бийлик башындагы манкурттар аллах коруп турат ар бир кадамын,ар бир созун учун жооп бере турган кун келет эмнеге ойлонбойсунар Акаев,Бакиевтей оз жеринерге-элинерге кире албай калбагыла
23.04.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ernis_07, Азыркы бийлик Кудай деп туруп жайлай тургандар.Куудайды дежурный соз кылып бетине туткан адамдар.
21.04.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир кудук каза албаган оздору накта жалкоо эл го. Без обид. Кыргызстан эмес аравияда да кудук казып жатышпайбы. Биз тушунушубуз керек элдер, бийликке акимге суу чыгарып бер деп какшай берген менен майнап чыкпагандан кийин эл озу аракет кылыш керек да. Дегеле кр да эл озу жасап алыш керек баарын. Жолдорду да, сууну да, мектепти да. Окмот кедей. Коп тукурсо кол болот деген принцип менен
21.04.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolya121212, туура айтасыз агып келген ылай суудан кудук тазада биз деле кудуктан суу ичебиз каналдагы аккан сууга кир жууйбуз. ар экинчи уйдо кудук бар озубуздун эле азаматтар казышкан эч кандай окмотсуз эле а туалетти болсо 11-класстын балдарын 2 кун иштетсе бутуп калат. суу сактагычты болсо качаан эле сатып жиберишсе керек ошончун окмоттон эч ким барып талаша албайт
22.04.2014. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sezim1111, фирмалар деле казып берет, насос бачок шланг трубалары менен ашып барса 20 мин сомго. Тойго десе 100 миндерди чачат кыргызбай, туалетке адамча барып кол жууганга, кир жууганга келгенде акча жок деп отуруп калат. Токтотуш керек окмотту куноологонду. Менин атам окмотто иштеп журуп каза болгон. Омуру жакшы айлык албайт алар анан кайдагы акча. Мамлекетибиз кедееееей экенин унутпоо керек. Бизде нефть жана газ жок орус менен казактардай.
Биз корея, япондордон уйронушубуз керек эмгекч
23.04.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kolya121212, Союз маалынан калган завод, фабрикаларды ошол биздин эле чондор талкалап сатып жок кылышты да.Эмесе канчалаган завод,фабрикалар бар болчу.
26.04.2014. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolya121212, Силер айтпаасанар деле, колунда барлары кудук казып чыгарып алгандыр. Колу жукаларчы? Мамлекет болгондон кийин, элдин жашоосуна жакшы шарт тузгонго милдеттуу! Сууго оздору чыгарсын. Айылдын статусу неге чечилбей келет. Мен ал айылдан эмесмин. Бир - экиде барып калгам. Бир филага сууну 30-сомдон сатып алышат экен. Чынында элдеби куноо,же бийликтеби? Качанкыга чейин эл баарын оздору жасаш керек? Баарын эл кылса, окмоттун не кереги бар!? Кимин тууганы окмотто иштесе, соз жугуздурбайт.
28.04.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sezim1111, ошо кудуктан суу чыксабы чыкпаса кантесин
22.04.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolya121212, Куптайым
21.04.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттен жардам кутуп отура бербей чет жакта иштеген балдары кичинеден чогултуп болсо да суу чыгарып алышпайбы тообо.
21.04.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окмоттон мурун озубузду куноолошубуз керек. окмотту карай берсенер балдарынар жугуштуу оорулар менен оорулуу болуп калышат. андан коро озунор аракет кылышынар керек.негизи эле окмот аттуулар элди ойлобой оздорунун чонтокторун ойлоп келишет.
21.04.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wow, bez slov. jakynda ele Afrika jonundo dokumentalniy video kordum ele, alar dagy ilay suunu ichip ar kaysy ooru menen ooruganyn. Andan kiyin alarga jardam berip kuduk kazyshyptyr, taza suu ichip suyunup kaldy. Kuduk kazgyla, 11-klasstyn baldary dele kazyp bermek.
21.04.2014. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде таза суу кенен учун,латоктогу тунук сууга огород гана сугарып,крантагы сууну уй тиричилике иштетебиз. Бул айылдын суу маселесин окуп боорум оруп кетти. Абдан маанилуу коментарийлер жазылыптыр жогоруда.
21.04.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айланайыыын айыл тургундары. Ал жол бийлике керек эмес. Чет жакта эч ким иштебесе дагы аздан болсо да жыйнап жолунарды ондоп кудук казып алгыла. Ажаткана жок дейсинер казып алыш кыйынбы ушунчалык. Эртен баштасанар эки кундо бутот ажаткана. Тооба кылдым. Айылдагы адамдардын даражасы жашаган жеринен эле билинет ко...
22.04.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суу келбей кыйратып эгин эге алышпаса, жайыт жок мал бага алышпаса. Мандикерлик кылып, чет жактан таап аткан акчалары кунумдук тиричилигине аран жетип жатса кайдагы акчага жол ондоп, кудук казып, туалет курушат? Айта берген менен ойлоп корсонор ошого да канча каражат кетет? Бийликтен умуттонбосок анда алар эмне учун амалекет башкарып отурат? Элдин эмгегин жеп жатышкандан кийин ар тараптан койгойу бар айылдарга жардам бериш керек да.
22.04.2014. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле туура айтасынар окмот бишкектеги козго корунуктуу жолдорду ондой алышпай атат
22.04.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээээх зээнин кейитко чиркин....чын эле сууга бай олко дейбиз,кана ошол....
23.04.2014. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капа болбогула бирок чындык
Кыргызбызда созго еле койсо бизди иш жузундо нолбуз
Мамлекет башчылары баш болуп озунун чонтогун ойлоп жатышса
калгандары кайда барат
Иштейм деген азаматтарды болсо чекеден олтурушту
23.04.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол кургула, ажаткана салгыла озунор деп кыйкырасынар, кайсы акчага?! Айыл жергесинде мин сом да коп акча! Асфальт салыш учун онор эмес акча кетет! Болбосо, кытайларга жалдырабай мин сомдон чогултуп баардык жолдорду туздоп албайт белек! Жол салыш учун миллион дагы аз! Ажаткананы дагы салганга жараша заманбап салыш керек. Ал жоктан дагы оору жукпайт деп ким кепилдик берет?! Сууну туура кудук казып чыгарып алышса болмок экен. Бирок, балким, себеби бардыр. Биздикиндей мээ аларда деле бар эмеспи...
24.04.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur_meerim,ажаткананы казууга акчанын деле кереги жок, курок менен эле 3 жигит казса бир кундо бутот. Баарын эле окмотко шылтап оозду ачып отура берген болбойт. Жаман корбогуло бирок кудук казып алуунун ордуна жамгыр тилеген айыл жашоочулары романтиктер окшобойбу))
23.04.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер ушу кудуктар боюнча макала даярдасаңар жакшы болмок.Балким билбегендер үйрөнүп өздөрү казып алышат эле.
23.04.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tak,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
28.04.2014. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_media, ушул айылга барган уулбу деген журналист кызыгар кошуп койбоду экен аз маз жамгыр жааганда эле кир жууйт деп кундо жуулган кир жамгыр жааганда эле жуулуп калса окшобой калатко биротоло жамгырга кийимдерин илип коет экен десе болмок
23.04.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул айылда мен болгом 2000-жылдардын башында, азыр менин 3 балам бар, мен коргондо кандай болсо ошол-ошол бойдон экен.кыргыз элинин ичинен чыккан чыгаан депутаттарга наалат! уят!
24.04.2014. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Комментприй жазгандар силер кызык экенсинер эмнеге анда биз салык толоп жатабыз. Салыка келгенде окмот барышат а жасап бергиле десен эле жок. Туалеттиго эми уят аны окуучуларды айтса деле болмок
24.04.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биздин чондор курсагын сылап олтурушат алма быш озума туш деп эч озунузду кыйнабан аксакал жерибизди озбектер бербейт себеби ал жер сатылган.
24.04.2014. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер ушул козгогон маселени чечип бере аласыздарбы?
26.04.2014. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудук казып албайбы деп ооз коптуро бербесенер.Кудук казганда суу чыгабы? маселе ошондо. кудуктап суу чыгарыш учун 70-80 метрлеп казыш керек. айылдын этеги болгону менен айыл суудан ото эле жогору турат.Ал учун Буровая машина менен казыш керек.андай машина мамлекетте жок.Мамлекеттин акчалары Жогорку Кенешке керек, делегацияга барганы керек да. И так эле Мамлекеттин мойнундагы иштерди кынк этпей эл озу эле аткарып жатат.
26.04.2014. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
урматтуу акылман бир туугандарым,ото эле аша чаап кетипсиздер го.Оздору казып кудук жасаганга,мектепти ондоп тузоого бир кыйла каражат кетет.Ал эми чет олкодогу балдарына келсек алардын да тирилиги барда.Мамлекет жок дегенде айылга ысым ыйгарып койбоптур,огой балдарындай кылып.Учету ар жерде экен.ЭХХ.Баарына биздин тиги хандар куноолуу.
26.04.2014. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айылды коруп ичим ачышат, Куда кааласа баары жакшы болот.
27.04.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээххх чынында кыйын жашоо экен мектепке кол топтоп жэ чон класстарды чогултуп туалет казып алышпаганы кызык экен каяака барып тулет кылышат белгизис ушул кылгандарына жиним келди окмот окмот дейт окмот шаардагы жолду ондобойт ошол жакты кантип ондосун бул жака жашабай качыш керек туугандар лучше башка жака.
27.04.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chiko.kg, качып качып кайда барасын. Оз жеринен.
27.04.2014. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыргал деген депутат бар го, озгондук,чоёктоп асмандын 7-кабатынан суйлогон. Элге уйроткон акылын,жердештерине уйротуп,мамлекеттен акчаны туугандары учун эле сурабай, жардам бербейби кашка-теректиктерге.
27.04.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эл журт кудук казгыла депсинер ошол кудуктан суу чыкса казабы 100 метр казганда суу чыккан эмес жол масалесине келсен асфальтин кубасы канча экенин билесинерби бир кубасы где то 80-90 мин сом болот а жамгыр жааганда эле кир жууйт дегени жалган ушул жерде журналистка кошуп коюптур суу шугур гранттан суу чыгат. Суу чыгарып албайсынарбы чыгатурган болсо качан эле чыгарып алат элек силерде бар баш бизде деле бар.
28.04.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toha,
Саламатсызбы!
Кунт коюп окусаңыз, "кечээ жамгыр жаады, баарыбыз кубанып кирлерибизди жууп алдык" деп айылдын тургундары билдирген. Журналист өзү ойлоп таап, кошуп кое албайт.
Эгер сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
28.04.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal, айтканымдын себеби мен ошол айылданмын жамгырда эле эмес кунуго эле жуулат кир
27.04.2014. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коля башын кыйын иштейт экен келип казып суу чыгарып берчи акчасын толоп берели кандай дейсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо