Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЕЛГИН КУШТАРДЫ БИЛИП АЛ!

№598 18-апрель-24-апрель, 2014-ж

Кыргызстанда канаттуулардын 300дөн ашык түрү кездешет. Алардын арасында келгин куштар да, кыштоочу канаттуулар да бар. Өткөн санды улай,  балакайларды келгин куштар менен тааныштырууну улантабыз...

САСЫК ҮПҮП (УДОД)

Узундугу – 24-28 сантиметр (тумшугунан куйругунун учуна чейин)
Салмагы – 50-70 грамм
Өмүрүнүн узактыгы – 7-8 жыл
Качан учуп келишет? – Апрель айында

Бул канаттуу «үп-үп» деп үн салгандыктан «үпүп» аталып калган. Уясындагы кыктарын тазалабайт. Уясында жумуртка жана балапаны бар кезде кол салган жырткыч куштарга, жыланга денесиндеги сасык суюктукту бүркүп жиберип коргонот. Сасык үпүп делинип калганы да ушундан улам.
Тумшугу узун, ичке, ал эми тили кыска. Курт-кумурскалар (чегиртке, коңуз, чымын жана башкалар) жана кыктардын ичиндеги курттар менен азыктанат. Уясын дарактын коңулуна, ийиндерге, ураган имараттардын кычыктарына, аскалардын жаракаларына салып, бир нече жыл анда жуп болуп жашашат. Ургаачылары 3-8ге чейин жумуртка тууп, 15-18 күндө басып чыгарат. Сасык үпүптүн айрымдары Кыргызстандын түштүгүндө кышташса, кээлери Түркменистан, Өзбекстан, Ооганстанда кыштап, жазда учуп келет.

ЧЫЙЫРЧЫК (СКВОРЕЦ)

Узундугу – 18-20 сантиметр (тумшугунан куйругунун учуна чейин)
Салмагы – 70-80 грамм
Өмүрүнүн узактыгы – 8-12 жыл
Качан учуп келишет? – Март айында

Булар өрөөндөрдө гана кездешет. Айылдарга, айыл четиндеги фермаларга жакын топ-топ болуп жашашат. Шаарлардан түнкүсүн сейил бактардагы дарактарга жана бадалдарга конуп отурганын көрүүгө болот. Дан эгиндерине зыян келтирүүчү курт-кумурскаларды жеп пайда алып келет. Ошондуктан адамдар аларга атайын жыгачтан уя жасап, илип коюшат. Балапандары 21-23 күндө өз алдынча жем таап жегенге жарап калат. Чыйырчык башка канаттуулардын сайраганын, ошондой эле эшиктин кыйчылдаганын, мышыктын мыёлогонун, баканын чардаганын да туурайт. Айрымдар аны колго үйрөтүп, кээ бир сөздөрдү жаттатат.

БӨДӨНӨ (ПЕРЕПЕЛ) 

Узундугу – 14-20 сантиметр (тумшугунан куйругунун учуна чейин)
Салмагы – 80-145 грамм
Өмүрүнүн узактыгы – 1,5-3 жыл
Качан учуп келишет? – Апрель, май айларында

«Бытпылдык» деп үн салчу анча чоң эмес канаттуу. Көбүнчө дан эгин айдалган талааларды байырлайт. Шалбааларда, токойлордун четинде да кезигет. Жашоосунун көбү асманда эмес жерде өткөндүктөн, душманынан чуркап качып кутулат. Өсүмдүктөрдүн уругун, курт-кумурскаларды жейт. Октябрда жылуу жакка учуп кетишет. Эти ширелүү жана даамдуу. Жумурткасы тооктукунан айырмаланып аллергия чакырбайт. Курамында пайдалуу заттар болгондуктан, аны жеген балдар шамдагай болуп, сабакта бат чарчашпайт.
Мукамдуу сайрагандыктан аны үйдө, кафе, чайканаларда багышат. Ал тургай үйрөтүп, бөдөнө уруштарга салышат.

ТААН, ЧӨКӨ ТААН (ГАЛКА)

Денесинин узундугу – 31-39 сантиметр  (тумшугунан куйругунун учуна чейин)
Салмагы – 175-280 грамм
Өмүрүнүн узактыгы – 14-15 жыл
Качан учуп келишет? – Март айында

Тамагын оңой таап жеш үчүн үйлөрдүн, чарбактардын тегерегинде көбүрөөк жүрүшөт. Жер айдоо кезинде соколордун артынан чурулдап ээрчишип, курттарды терип жешет. Кээ бирлери жаңы уя салбастан, башка чөкө таандын уясын ээлеп алышат. Бөлөк канаттууларга бат үйүр ала тургандыктан, карга жана чар карга менен чогуу жүрө беришет. Эске тутуусу абдан мыкты. «Уясын бузган адамды кийинки жылы да таанып, катуу үн чыгарып, айланып учуп-конот» деген да маалыматтар бар. Бактардын мөмөлөрүн жеп зыян келтиргени менен өлгөн жаныбарлардын тарпын, үлүл, чычкан, келемиштерди жеген жагынан пайдалуу.

ЖЫЛКЫЧЫ ЧЫМЧЫК (ТРЯСОГУЗКА)

Узундугу – 15-19 сантиметр (тумшугунан куйругунун учуна чейин)
Салмагы – 20-25 грамм
Өмүрүнүн узактыгы – 8-10 жыл
Качан учуп келишет? – Апрель айында

Сайроочу чымчыктарга кирет. Дарыя жана өзөн бойлорун, эл жашаган аймактарды байырлайт. Уясын көпүрөлөрдүн алдына, жыйылган дөңгөчтөрдүн, кыштардын арасына, дарактардын коңулуна, тегирмендерге жана башка жактарга салышат. Ичине саман, канаттуулардын канаттарын, жүндөрдү, чүпүрөктөрдү төшөшөт. Балапандары 12-14 күндө учканды үйрөнүп калышат. Тынчы жок чымчык болгондуктан, куйругун өйдө-ылдый сербеңдетип, бирде жерде чуркап, бирде асманга көтөрүлөт. Бирок абада кээ бир канаттуулардай калкып тура алышпайт.

Канымжан Усупбекова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
21.04.2014. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жылкычы чымчык келгенде жаздын келиши дечу эле атам. Ал келгенден кийин каар жаабайт деп калчу
21.04.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдар учун эмес мага да аябай кызык болду.Канаттуулар менин хоббимдин бири.
21.04.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылкычы чымчык адамды коргондо иий мына бул дагы эле олок экен дейт экен, ошондуктан жылкычы чымчыкты коргондо да да иий мына чымчыкты былтыры кордум эле дагы эле оло элек экен деш керек деп уккан элем бала маалда))).
21.04.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичине кезимде жылкычы чымчыктарга жем чачаар елем. Дайыма чача бергендиктен менден коркпой калышкан .
21.04.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалымат экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо