ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

№598 18-апрель-24-апрель, 2014-ж

 Башталышы өткөн сандарда)

Күүгүм ченде Айдай менен Бекзат шаардагы кафелердин биринен жолугушту. Айдайга ушу тапта көптөн күткөн ханзаадасына жолуккандай сезилди. Ал эми бет маңдайындагы Бекзаттын ою такыр башкада эле.
– Билесиңби, мен сага жолуккандан тарта жашоом такыр башка нукка бурулгандай болду.
– Эмнеге?
Айдай да кылыктуу каректери менен кадала тиктеди.
– Эми, кандай десем, сендей сулуу мени карайт, минтип жолугушууга келет деп ойлогон эмесмин.
Ортодо жымжырттык өкүм сүрө,  ойлордун кучагында калган Айдай бир топтон кийин үн катты.
– Бекзат, мен бирөөнү кемсинтүүдөн алысмын. Анын үстүнө өзүмдү укмуш сулуумун деп деле эсептебейм. Кадимки эле айылдык кызмын.
Каректер чагылышып, жүрөктөр туйлап жатты. Ортодогу вино жарымдап, кыздын бети тамылжый, көздөрү моймолжуйт.
– Эгер каршы болбосоң, мындан ары да жолугуп турсак кандай болот? Жигитиң жокпу?
– Жигитим жок. Ал эми мындан ары жолугар-жолукпасыбыз сенден көз каранды.
– Демек, менде мүмкүнчүлүк бар экен да.
– Албетте, бар. Мүмкүнчүлүк деген ар дайым болот...
Айдай жылмайып койду. Арадан эки саат өтүп, үйгө кайтчу убакыт да келди. Эшикке чыккан соң Бекзат жыландын башын кылтыйтып, Айдайды кылтакка илүүнүн амалын издеп көрдү.
– Кеч болуп кетти го, жатакана жабылып калган чыгар. Балким, менин үйүмө барсак кантет? Мен сага өз колум менен тамак жасап берейин.
– Жок, кереги жок. Андан көрө мени үйгө таштап коё аласыңбы?
Айдай Бекзат менен убакыт өткөрүүнү канчалык кааласа да, биринчи эле жолугушууда аны менен «жүр» деген жагына баруудан тартынды.
– Албетте.
Бекзат шаабайы сууй түшкөнүн билдирбегенге аракет кылып, машинасынын эшигин ачууга мажбур болду.
– Сен ичип алып деле машинаңды айдай бересиңби?
– Ананчы, МАИчилер тосуп эле көрсүнчү.
Бекзаттын депутаттын уулу экенин Айдай кайдан билсин? Тек гана кезектеги тамашасы катары кабыл алды. Көп узабай кара машина жатакананын алдына келип токтоду.

ххх

Айдар жол боюнда жалгыз отурган. Айланада ары өткөн, бери өткөндөрдү карап коёт. Аңгыча эле тээ алыстан келе жаткан бир киши эки колун жая кубанычтан кыйкырып жиберди.
– Айдар, кандай? Бул чын эле сенсиңби?
Айдар тигини көпкө дейре тааный албай турду. Классташы Акылбек экенин жакын келгенде гана тааныган соң, кирерге тешик таппай карбаластай түштү.
– Кандай, ооба мен. Классташыңды тааныбай калгансыңбы?
Ушул көз ирмемде Айдар калп күлгөнү менен ичинен жер менен жексен болуп кеткиси келип турду.
– Сен кайдан, дос? Биз сени канча жылдан бери издеп таппай жүрөбүз. Мектепти аяктаган соң шаарга кеткен боюнча дайының жок. Парталаш досторуңа бир да кабарыңды билдирген жоксуң. Кандай анан, жашоо-турмуш жакшы элеби?
Акылбек аяган көздөрү менен классташын баштан-аяк сыдыра карап койду. «Байкуш, убагында кандай кыйын жигит эле? Тагдыры талкаланган экен» деп ойлоду ичинен. Айдардын абалын айтпаса деле түшүнүп турду.
– Жүрөбүз, ушинтип.
Айдар көрүп турбайсыңбы дегенсип, эки колун эки жакка жаңсагандан башка аргасы жок эле.
– Жүр, досум, жакын арада шам-шум этчү жерге барып, шашпай сүйлөшүп отурсак кандай дейсиң? Убактың барбы?
Айдар макул боло жылмайып койду. Тамак үстүндө экөө шашпай өткөн-кеткенди сүйлөшүштү. Айдар таржымалын классташынан жашырбай, төкпөй-чачпай айтып отурду. Акылбек аны кунт коюп угуп болгон соң, досуна кеңешин айта күйүп-бышты.
– Айдар, эми сүйүүмө жетпей калдым деп өзүңдү таштап, мөңгүрөп отуруп калуу жарабайт. Карачы кебетеңди! Убагында мектептеги алдыңкы жигиттердин бири элең го. Андан көрө белди бекем буу да, жашооңдун жаңы барагын ачышың керек! Жүр, меникине барып мончого түш да, аракты токтотконго аракет кыл. Үй кенен, кааласаң бир бөлмөсүнө жашап турсаң да болот. Мен сага жакшы жумуш таап берем.
Айдар эмне деп айтарын билбей мукактана түштү.
– Ырахмат, досум. Сендей чыныгы досум бар экенине ыраазымын. Бирок мойнуңа минип алсам уят го?
– Койчу, кайдагыны айтпай. Дос деген кыйынчылыкта анан жакшылыкта билинет. Жүр, андан көрө үйгө барып мончого түшүп, өткөн-кеткенди эстеп отуралы.
Тагдырдын тамашасыбы же жазмыш ушундай беле, айтор, экөө ордуларынан обдула бергенде эшиктен Канышай баш бага бербеспи. Турган ордунда нес боло каткан Айдарды
көрүп Акылбек шаштыра кетти.
– Эмне туруп калдың? Баары жайындабы?
– Канышай деген ушул.
Айдар акырын шыбырады. Канышай да Айдарды көрө сала кетенчиктей туруп калды.
– Кандай, Айдар?
– Жакшы.
Айдар тилин жутуп алгансып, андан башка сөз айтууга жараган жок. Дагы да болсо керекке Акылбек жарады.
– Келиңиз, отуруңуз.
Ал жакын жердеги столду жаңсап, досунун көйгөйүн ушул жерден чогуу чечип бергиси келди. Канышай да ушундай жагдайды күтүп жаткандай, алардын жанына отура кетти. Аз
убакыттан соң үчөө тең чын жүрөктөн баарлашып жатышты. Айдар да, Канышай да оюнда жашаган, көптөн берки жүрөктү түпөйүл кылган сөздөрүн айтып алышты.  Канышай
жашырбай Айдардан кыздуу болгонун, аны таежесинин айылына барып төрөп, бирөөнүн үйүнө таштап келгенин, ал кыздын аты – Айдай экендигин, азыр кайсы жакта жашаарын айтып, мойнундагы жүктү алып таштагансыды. Айдар болсо мындайды күткөн эмес. Кубанычтан жүрөгү жарылып кете жаздап, көзүнөн жашы куюла берди. Демек, өзү үчүн болбосо да кызы үчүн жашаш керек.
– Экөөбүздө убагында сүйүү болгону анык. Бирок убакыттын өтүшү менен сүйүү өчөт экен. Мындан ары менин жашоомдо жоксуң.
Канышайдын акыркы сөзү ушул болду. Кафеден чыккандан кийин Айдар менен Акылбек жаш балача кудуңдашып, кадам таштай беришти. Акылбек да Айдардан кем калбай, энеси эгиз туугандай  болуп маанайы жарык.
– Досум, бүгүн жакшылап жуунуп-тазаланып өзүңө кел! Эртең таң атпай кызыңдын окуган жерине барабыз. Көрөсүң, кызың сени жакшы кабыл алат. Жакшы күндөр алдыда!
– Ырахмат, досум!Айдар досуна ыраазычылык айтууга ылайыктуу сөз таба албай жатты.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 584-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 585-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 586-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 587-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 588-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 589-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 590-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 591-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 592-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 593-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 594-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 595-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 596-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 597-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 599-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 600-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 601-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 602-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 603-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 604-сан
Комментарийлер(19)
21.04.2014. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен биринчи )))
22.04.2014. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pantherka, kuttuktaim))))
21.04.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ушул элеби? Эми кызыгып окуп жатсам бутуп калдыы
21.04.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээми кызык жерине келгенде "уландысы кийинки санда" дегени аябай жагатда!
21.04.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен экинчи
21.04.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдай ото эле акылы тайкы женил кыз экен.
21.04.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай эми жакшы жолго тушсо керек.
21.04.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачыгын айтуу керек , чайнап берген нанды жутуп жибергендей эле сезим болот ушул чыгарманы окуганда . Жазуучу жакшы коркомдоп эмоцияларды жогорку денгээлде баяндап бере албаптыр . "Айдай" "Тагдыр оюну "-деген чыгармалардан кийин мындай эле бп калды мен учун , ар жума кун санап кутпойм деле..
21.04.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ak_gulum, созуно кошулам.
21.04.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уландысы кийинки санда дегенди арбир жума окууп тажадым! Кооп жазыныздарчы!!! 1 саат окууп кумар кангыдай )))
21.04.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уландысы кийинки санда дегени жакпады да.
21.04.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Газета ушунусу менен кызыктуу да
Жакпаса китебин алгыла куну туну окуй бересинер
21.04.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тагдыр оюну м.н салыштырсан кыыйла эле кызыксыздай чыгарма экен
21.04.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sezim1111, сизге кошулам ..
21.04.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутуу жана кутуу!
21.04.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш Айдар...
22.04.2014. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidai sliwkom ele jenil kiz eken. Kaarmandar obichno taza adamdar bolot go, bawtalgand le ozunun jenil ekenin korsotup koiudu ((((
22.04.2014. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай болгон кундо да автор жеткирип жаза албайт экен
23.04.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коп жаккан жок мурдагы сериалды кууп окуучу элем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо