Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЭЖЕМ БУТУНА ТУРАТ ДЕГЕН ҮМҮТТӨБҮЗ!»

№598 18-апрель-24-апрель, 2014-ж

Биз бул жолу артка кылчайып, гезитибизге чыккан чуулгандуу окуяларга сот кандай чечим чыгарганы тууралуу тааныштырууну чечтик. Төмөндө алардын айрымдарына сот кандай жаза аткарууну буюрду же кимдер эмненин негизинде акталып кеткен сыяктуу жыйынтыктарга назарыңыздарды бурабыз.


Айсалкын Аджиева 1986-жылы туулган, мектепти жакшы аяктап, маркетинг боюнча калаабызда өткөн сынактын жеңүүчүсү болуп, чет өлкөгө жолдомо алган. Үч тилди билген, көптү үмүттөндүргөн Айсалкын да «иштеп үй-бүлөмө жардам берем» деген ниет менен 2008-жылы Дубайда жүргөн. 2010-жылдын 7-декабрь күнү Айсалкын Дубайда автокырсыкка кабылып, эс-учун жоготкон бойдон ал жердеги ооруканаларынын бирине жеткирилет. Мээси шишип баш сөөккө батпагандыгынан операция жолу менен баш сөөгүнүн жарымы кесилип салынган. Операциядан кийин Айсалкын комага түшүп, өзүнө келбей беш ай жаткан. Жарым жыл дегенде гана мээ араң ордуна келип, экинчи ирет операция жасалган. Алтынчы айга караганда Айсалкын өзүнө келет. 2013-жылы 21-майда Айсалкынды туугандары Дубайдагы ооруканадан Кыргызстанга алып келишкен. Эжесинин абалы тууралуу сиңдиси Жаңыл төмөнкүлөрдү билдирди:
– Айсалкын эжемдин абалы дале оор, аны үйдө апам экөөбүз карап жатабыз. Көптөгөн дарыгерлер эжеме жардам бере албастыгын айтышкандан кийин Москвадан күчтүү деген дарыгер чакырууга аракет кылып жатабыз. Анын келер-келбеси 2-3 жумадан кийин билинип калат. Эжемди бул абалда көрүү бизге аябай оор, бирок биз багынбайбыз жана ал бутуна туруп кетет деген үмүттөбүз. Бардыгы Кудайдын колунда. Ошол учурда Дубайдагы эжем иштеп жүргөн фирма ооруканадан орун алууга жана дарыланууга бир аз жардам көрсөткөн. Ал эми сот иштери дале аягына чыга элек болгондуктан, кырсыкка күнөөлүү деп табылган тарап тиешелүү компенсацияны да төлөп берише элек.

ЛИДИЯНЫ ӨЛТҮРГӨН АДАМ КАЛГАН ӨМҮРҮН АБАКТА ӨТКӨРӨТ
2013-жылдын 5-майында Лидия Видясова аттуу 9 жаштагы кыз дайынсыз жоголгон. 2 жума өткөн соң анын өлүгү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Дмитриевка айылындагы үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн табылган. Наристенин жансыз денеси целлофан баштыкка салынып, колу, буту скотч менен оролгон абалда болгон. Бул кылмышка шектүү делинип 1983-жылы туулган Андрей Овчинников жана 1969-жылы туулган Бактыгүл Бекказиева аттуу жарандар колго түшүрүлгөн. Бактыгүл Лидияны багып, алардын үйүндө жашап жүргөн. Ал эми Андрей Овчинников мурда бир нече ирет соттолгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Бактыгүл Бекказиеванын Андрей Овчинниковду үйүнө алып келип, экөө чогуу ичкендиги, Бактыгүл мас болуп уктап калганда Андрей Лидияны алдап алып кетип өлтүргөндүгү аныкталган.
Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Андрей Овчинниковду «киши уурдоо», «мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу», «жашы жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» жана «өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты. Ал эми Бактыгүл Бекказиева болсо «кылмышты жаап-жашыруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган жана жатак абактан качкандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү да эске алынып 6 жылга эркинен ажыратылган.

КЫЗЫН ЗОРДУКТАДЫ ДЕП ШЕКТЕЛГЕНДИН СОТ ИШИ СОЗДУГУУДА
Былтыр 25-апрель күнү Биринчи Май РИИБинин нөө­мөт бөлүмүнө «денесиндеги көптөгөн жарааттары менен ооруканага 3 жаштагы наристе кыз түштү» деген маалымат түшкөн. Дарыгерлер милиция кызматкерлерине денесинде көптөгөн жаракаттары бар жана кабыргалары сынган 3 жаштагы кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын билдиришкен. Абалы өтө оор келген наристеде зордукталгандын белгилери да болгон. Бул кылмышка шектелип кыздын атасы, 1984-жылы туулган Үсөн Сакатаев кармалган. Ал ошол күнү Алматыдан келип, кечке чейин ичип мас болуп, анан келинчегин сабаган. Келинчеги кичүү кызын көтөрүп кошунасынын үйүнө качып кеткенде 3 жашар кызын жогорудагыдай абалга алып келген. Бул факт боюнча «ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул иш Биринчи Май райондук сотуна кароого өткөрүлүп берилгенине көп болсо да, ар түрдүү себептерден улам иш создуктурулуп келүүдө. Ал эми наристенин абалы учурда жакшы, аны апасы кароодо.

ЫМЫРКАЙЫН ДААРАТКАНАГА ТАШТАГАН «КҮКҮК ЭНЕ» КЫЗЫН ТАЛАШУУДА
2013-жылдын 6-февралына караган түнү куткаруучулар Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанындагы даараткананын чуңкурунан али киндиги кесилбеген ымыркайды алып чыгышкан. Наристени чуңкурга таштаганы аз келгенсип, ыйлап жаткан ымыркайды өлтүрүү үчүн үстүнө чоң-чоң таштар да ташталган экен. Бактыга жараша, таштар балага тийбей калып, ал тирүү калган жана ыйы өзүн сактап калган. Көп өтпөй укук коргоо кызматкерлери тарабынан ал ымыркайды төрөп, таштап салган (аны «эне» деп айтууга да ооз барбайт экен) 1985-жылы туулган Наргиза Жумабаева аттуу аял колго түшүрүлгөн. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 100-беренеси (эненин жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүшү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаганда сотко өткөрүлгөн. Биринчи инстанциядагы сот Наргиза Жумабаеваны 3 жылга эркинен ажыратса, шаардык сот 1 жарым жылга кыскарткан. Ал эми Жогорку Сот Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Ымыркайдын абалы тууралуу билели деп Октябрь райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси ДИНА ИСАБЕКОВАГА байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:

– Биз наристеге фамилия жана ысым ыйгарганбыз. Тиешелүү документтерди топтоп, 6 айлык мөөнөткө ишенимдүү үй-бүлөгө багууга уруксат бердик. Эгер 6 айдын ичинде ага талапка ылайык камкордук көрүлсө, анда биротоло багып алууга беришибиз мүмкүн. Кыздын абалын жакшы деп айта албайм. Денесинин бардык бөлүгү даараткананын чуңкурунда жатып калганда заңга көмүлүп, организм катуу ууланып калган. Тубаса жүрөгүндө тешиги бар болуп да төрөлгөн. Ага массаж жана башка процедуралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Дарылануу чыгымдарынын баарын кыздын учурдагы убактылуу багып жаткан ата-энеси көтөрүүдө.
Ымыркай 4 ай ооруканада, андан кийин балдар үйүндө дарыланып жатканда биологиялык энеси жана башка туугандары бир да жолу келген эмес. Наристенин биологиялык энеси делген жаранды сот 3 жылга эркинен ажыратса да, кандайдыр бир себептер менен эркиндикте эле жүрөт. Ал баланы даараткананын чуңкуруна таштап салып кармалган мезгилде баланын энеси экендигин танып жаткан. Бирок эми сотко кайрылып, наристени өзүнө алууга аракет жасап жатат. Эгерде сот «энеси ушул» деген экспертизанын жыйынтыгына таянып анын пайдасына чече турган болсо, биз тиешелүү жарандык укуктардын негизинде баланы коопсуз үй-бүлөдө же мамлекеттин камкордугунда болуусу үчүн күрөшөбүз. Себеби төрөп, аны дааратканага таштап, өлтүрүүгө аракет кылган аялга наристени берип коюунун өзү кооптуу.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

  • Белгилүү тамада, алып баруучу Бакыт Букаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, Ленин райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Алгачкы сот отуруму 29-апрелде башталмакчы.
  • 2014-жылы 11-январда Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсүндө таштанды салуучу челектен 20дай бөлүккө бөлүнгөн белгисиз кыздын жансыз денеси табылган. Көп өтпөй анын Карина Кыштыбаева аттуу 16 жаштагы кыз экендиги билинген жана аны өлтүргөн деп күнөөлөнүп Наиль Надиров аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Бул иш да тергелип бүтүп, Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Нурбек Абдыкадыров,
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(24)
21.04.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы маалымат болуптур! Ушинтип, убагында резонанс болгон ар бир иштин тагдыры кандай болуп жатканына байкоо жүргүзүп, элге жеткирип турганынар абдан жакшы! Антпесе, унутта калып калган сыяктуу болуп калат...Чон рахмат!
21.04.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
3 жашар кызын зордуктаган адамдан чыккан айбанга, төрөп баласын дааратканага таштап салган күкүккө жазанын оорунан беришпейби эле...
21.04.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо эмнеге ,Камиланын өлүмү белгисиз болуп кала бердиго, ошо жөнүндө маалымат бербейсиздерби?
21.04.2014. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danilka,
Ал кылмыш иши боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, Соңку кабар бөлүмүнөн окуй аласыздар. http://www.super.kg/kabar/ Сунушуңузга рахмат!
21.04.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунун кызын зордогон айбанды омур бою камакта чиритип же аябай кыйнап олтурушсо да аз!!! А озу торогон наристени жон эле таштабастан ажаатканага таштаган энеге Кудайым омур бою наристе жытын ыраа корбосун ылайым!!!
21.04.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЭмНеге тиги айбан дар али тируу журушот. Кызын зордоп, жаш кызды зордоп олтуруп, ымыркайды туалеттин тешигине таштап... Мындай адамдар жашоого укугу жок
21.04.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жерде жазылган кылмышкерлердин баары адам эмес эле айбандар,зоокурлор.Булардын баарын кошуп туруп кыйнап олтурсо жакшы болмок...
21.04.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бая кызды зордуктады ментерди сабады деген американецти бир айга камады еле ошо эмне болду сураныч ошону билип бергиле суперинфо алдын ала рахмат
21.04.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсалкын жонундо окуп алып аябай жаман болдум. Аллахым сизге шыппа берсин!!! Апасы жана эжесине аябай элее оор болуп атыптыр!!! Кудай буйруса бутуна туруп кетет!!! Умутунорду узбоњуздор!!!
21.04.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elka_manas_kg,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук. Рахмат!
21.04.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маалымат учун чоооон рахмат Супер-Инфо!
21.04.2014. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсалкынга бекем ден соолук,кудайым шыпаа берсин. Мына,куда кааласа бизден да мыкты кыз болуп , сопсонун болуп калат. Жаркын жашоо сиздер учун!
21.04.2014. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла Таалам ыйман берсин!окуп алып,журогум ооруп кетти.
21.04.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
усон сакатаев азынып олсон да аз сага орттош керек тируулой конулум айнып кетти суротунукоруп
21.04.2014. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле бардыгына акыл, ыйман, ырайымдуулук берсин кудайым.
22.04.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланы даратканага таштап салып эми айсы бети менен балам деп колдон алат,торогондун озуу оор азап болсобул эне тороп козкоруп даратканага кантип таштаганына аябай тан калам
23.04.2014. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanu, туугандары кайда карап журот экен дейм да.
23.04.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маалымат учун чоон рахмат супер инфо. 3жашар кызын зордуктаган атанын жазасы бул-бир аянтчада тактайга байлап колуна 200дук мыктан кагып мучосун балта менен чаап салыш керек
23.04.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызын дааратканага таштаган таш боорго дар эн женил жаза
25.04.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироого зар,бироого кор деген ушул экен да.копчулук балалуу боло албай журсо баласын таштап алып эми талашканын уятсыз.эмне болсо да ыйманыбызды унутпасак экен.
27.04.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып.аябай журогум ооруду.Кудай ыйман ынсап берсин баарыбызга
30.04.2014. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта адамдар эмне болуп баратышат' жаш кыздар жоголуптур' зордукталды" олтуруп кеттиптир дегендер кобойдуго' милиция кызматкерлери каякты карап журушот'
05.06.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсалкындын апасы менен эжесине сабырдуулук менен куч кубат берсин Аллахым. эртен жума намазыбызда дуа кылып коелу Айсалкынга.
19.06.2014. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо