Чыңгыз Турдубеков:«БЕКТУРГАНОВ ЭКӨӨБҮЗДҮ БАЙЛАНЫШТЫРГАН НЕРСЕ БАР»

№598 18-апрель-24-апрель, 2014-ж

Бул жигит былтыр «Жылдын супер дебюту» наамына көрсөтүлүп, бирок үчилтикке кирбей калган. Бирок аталган наамда ат салышканы анын чыгармачылыгына жакшы таасир тийгизгенин айтат. Таалай Бектургановдун ырына экинчи өмүр берип, ырчыларга ыр, обон жазып берип жүргөн жаш ырчы Чыңгыз Турдубеков деген ысымды кулагыңыз чалды беле? Бүгүнкү коногубуз дал ушул жигит болмокчу.

– Кандайсың, Чыңгыз? «Ламбаданы» комузга салып черткен видеоң интернетте азыр абдан популярдуу болуп жатат, бул видео качан тартылды эле?
– Саламатсыздарбы, аталган видео кенен аудитория үчүн эмес болчу. Биз бул видеону былтыр АКШдагы атайын бир долбоор үчүн тартып жөнөткөн элек. Карасам интернетке жайылып кетиптир, азыр ошол видеолорду жок кыла албай жүрөм. Тар чөйрө үчүн жазылган видеону чоң аудиторияга таратпай эле койсо деп ойлогом, болбой калды окшойт.

– Шоу-бизнестеги ырчыларга текст, обон жазып берип жүрөсүң. Өзүң да ырчы болууну чечтиңби?
– Кичинемден эле ырчы болом деген көксөөм күчтүү болчу. Бирок кийинчерээк гитарист же комузчу болом го деп ойлоп калгам. Кичинеңден бери калыптанып калган каалоону аткарбасаң да кыйнала берет экенсиң, бир нерсе жетишпегендей эле туюла берчү. Акыры ырчылыкка токтолдум. Бирок ыр жазып, обон жаратканды токтоткон жокмун. Репертуарымдагы ырларымдын көбүн өзүм жазам. Чыгармачылыктагы кесиптештерге да жазып берем.

– Ырларың үчүн калем акы аласыңбы?
– «Мынча бергиле» деп ставка койбойм, көңүлүнө жараша чыгарып беришет. Кээ бир досторго бекер эле белек кылган учурлар болот. Ырым жеткиликтүү аткарылып, популярдуу болсо ошол мага жетиштүү.

– Сени «таланттуу, өсө турган жигит» деп угуп калабыз, бирок чыгармачылыкта бир ыргакта, жай кетип жаткандайсың...
– Ооба, балким, жулунуп иштесем көп нерсеге жетишсем керек эле. Эмне кылайын, табиятымдан ушундай жаралып калыптырмын. «Кыбыраган кыр ашат» дегендерден окшойм. Ар бир нерсенин өз убагы келет, жулкунганды жаман көрөм. Бар болсо бар, жок болсо жок да. 3-4 жылдан бери ыр жаздырып эле келе жатам, акыркы бир жылдан бери гана ырларым радиодон кете баштады, ага чейин тааныш-билиш же колдой турган адам жок бир топ кыйналдым. Мындан ары бир гана репертуарыма эмес, стилиме, имиджиме да көңүл бурайын деп жатам. Бул нерселер сахна адамы үчүн керек экен.

– Популярдуу болгон кайсы ырлар сенин калемиңе таандык?
– Гүлжигит Калыковдун аткаруусундагы «Кайрылбаймын», «Жүрөк тагы», Даниелдин «Айрылуу», «Жолдор узак» деген ырлардын сөзү, обону меники, Султан Садыралиевдин «Апакем», «Асыл жарым», Назира Токонованын «Махабатым себепкер» аттуу чыгармаларынын обону мага таандык. Мындан башка көп эле ырларды жазгам.

– Ырлар жөн жерден жаралбаса керек, кайсы ырыңдын жаралуу тарыхы өзүңө кызык?
– Туура айтасыз, ырлар жөн жерден жаралбайт, жүрөгүң аркылуу өткөрүп жазбасаң супсак болуп калышы мүмкүн. Ар бир ырдын өзүнүн тарыхы болот. Мисалы, «Кайрылбаймын» деген ыр менин эң алгачкы ырым. Мазмуну айтып тургандай эле, мени таштап кеткен кызга арналган. Аты-жөнүн айтып жарнамалабай эле коёюн, ал кыз өзү билсе болду. Султан Садыралиев экөөбүз аткарган «Кайдасың?» деген ырдын обонун түнкү саат үчтө жазгам. Отурсам өзүнөн-өзү эле кулагыма кайрыктар угула баштады, уктап жаткан жеримден туруп жазгам. Негизи, мага эргүү жалгыз отурганда көп келет, илхамды да убагында кармап калбасаң, бат эле өтүп кетиши мүмкүн.

– Мына, ырчы болом деген оюң ишке ашып, аракетти улантып жатыптырсың, кыргыз шоу-бизнесине кандай өзгөчөлүк кошом дейсиң?
– Билбейм кандай өзгөчөлүк кошо алам, мен жөн гана эл баалап уккан, элдин жүрөгүнөн орун алган жөнөкөй ырчы болгум келет. Ырларым адамдардын аң-сезимин өзгөртүп, тарбиялап, туура нукка салса, мына ошол менин өзгөчөлүгүм болот болуш керек.

– Таалай Бектургановдун ырларына экинчи жан берип мыкты аткарып келесиң, кыргыз эстрадасына экинчи Таалай Бектургановду алып келүү пландарыңда бар окшойт?
– Ооба, бул инсандын ырларын сүйүп угам, чыгармачылыгын баалайм. Экөөбүздү байланыштырып турган бул – гитара, музыка. Ал эми сахнада анын чыгармачылыгын туурабай, өзүм бойдон эле калгым келет.

– Үй-бүлөң чыгармачылыгыңа кандай көз карашта?
– Атам музыкага жакын. Кээде ыр-обондорумду биринчи атама угузуп, кеңеш сурайм. Мен 5-классымдан баштап Ысык-Көлдө жашагам. Кийин Ошко көчүп кеттим. Таажезде, таежемдин менин чыгармачылыгыма кошкон салымы зор. Анткени Оштон келип, ошолордун колунда жашагам. Ата-энем Ысык-Көлгө менден кийин көчүп келишкен. Анан да классташтарга баймын, Көлдө окуп жүргөндө эле шартка байланыштуу төрт мектеп которуптурмун. Кээ бир классташтарымды тааныбайм деле.

– Сыртыңдан аябай токтоо, бир сырдуу көрүнөсүң. 24 эле жашта экенсиң, эрте токтолуп алган жоксуңбу?
– Эл катары достор арасында жүргөндө күлөм, каткырам, бирок ар нерсенин өз чеги болот да. Балким, кайгылуу ырларды ырдаганымдан улам ушундай образ мага жабышып калса керек.

– Кыздарга болгон талабың кандай?
– Өзүм жоошмун, мага тыңыраак эле кыз керек го. Бир көрүп сүйүп калуу дегенге ишенбейм. Мага жакчу кызды көп убакыт сүйлөшкөндөн кийин «жакшы» же «жаман» деп аныктама бере алам. Бир көргөндө кандай экенин айтуу кыйын. Талабым катуу деле эмес, сүйүү деп эле берилип кетпеген, сезимдерин башкара билген кыздар жагат. Кыз канчалык бийик болгон сайын анын даражасы көтөрүлөт деп ойлойм.

– Көңүлүңдү катуу калтырган кыздар болгонбу?
– Ооба, ошол үчүн «Кайрылбаймын» сыяктуу ырлар жаралса керек (күлүп).

– Сени ырчы Назира Токонова менен сүйүү мамиледе деп угабыз, «шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дейт, буга кандай дейсиң?
– Ооба, ушул суроону мага көп беришет. Назира экөөбүз чыгармачылыкта жакын достордонбуз. Чынында, Назираны сүйлөшкөн кызым катары элестете албайм. Мамилебиз достуктан ары өтпөйт деп ишенем.

«Назира экөөбүз ынак достордонбуз, чогуу жүргөнүбүздүн себеби да ушунда».

«Азыр жоош болгонум менен, кичинемде тентектиктин сазайын берчүмүн. Кыязы шоктуктан «өчүмдү» ошондо эле алып алган окшойм».

«Султан Садыралиев менен дуэт ырдаган «Кайдасың?» деген ырды түнкү саат үчтө жазгам».

«Таалай Бектурганов экөөбүздү музыкага болгон сүйүү жана гитара байланыштырып турат».

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Жулунуп, мен дегим келбейт" дейт Чыңгыз Турдубеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
18.04.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жологум деген ыры жакты, качан чыгат экен эми
SUPER.KG видео
18.04.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчынында кабарчынында маанайы жокбуу? Суузго экоо тен. А так жакшы маек экеен.
SUPER.KG видео
18.04.2014. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш ырчылар баарынардан сураныч Бек Борбиевдей же Рысбай Абдыкадыровдой бир созу уйкашкан шедевр жараткылачы (суйбой койдун эмнеге кетип калдын сен неге)деп мен деле ыр жаза алам. Чынгызга келсек ишине ийгилик.
SUPER.KG видео
18.04.2014. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
комуз менен ламбаданы эзип таштадыго,азамат ийгилик
SUPER.KG видео
19.04.2014. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнегедир Айзат кыз маанайы жок го окшоп алып барат дайым Чынгызда б-со талант бар эмгек кылса 1пайыз талант 99пайыз эмгек дейт го онугуп эл оозунда кала турган ырчы десем жанылышпайт болсом к-к
SUPER.KG видео
19.04.2014. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yrdabai ele koi yr jazyp obon 4ygaryp jyro ber
SUPER.KG видео
19.04.2014. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Маанайы жокго бироосу ырчы болгонуна нааразы а биросу алып баруучу болгонуна нааразыго
SUPER.KG видео
20.04.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сепсерезный маек болгонго.Талантту бала экен.Молодец.
SUPER.KG видео
20.04.2014. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин суйгонум Айзат неге кулбойт ыя?
21.04.2014. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда сага окшоп таалай бектургановтун ырларын суйуп угам
Жана гитарамды 1 саат кармабасам туралбай
Азамат жигит онорун осо берсин алга
21.04.2014. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылык ийгилик
21.04.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат таланттуу жигит экенго дагы ийгиликтер жаратабер,дайым укканга даярьбыз!
SUPER.KG видео
21.04.2014. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ekooten toktoolorken da anan toktooo bolup oturaberishti da:) julunup men degidei bolush uchun taanimal bolush kerek go deim, birok gitara jagat maga ozgocholuk bolgonu ushul fishkaken
21.04.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары мага аябай жагат,айрыкча кайдасын ырын суйуп угам,Ийгилик!
21.04.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз, Сиздин "Кайдасын" деген ырыныз менин журогумдон оз ордун тапты. Бул ырынызды укканда суйуктуумду эстейм...
SUPER.KG видео
21.04.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ырдай алга
21.04.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат сонун ырдайт
SUPER.KG видео
21.04.2014. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үнү жагымдуу экен, ырдаганын айтпайм, сүйлөгөнүн. Маектен мени кызыктырган бир дагы суроону байкабадым. Дайыма берилип келе жактан суроолор. Эми чыга турган ырларына караганда Бектургановдун бир ырын ырдатсаңар с удовольствием укмакмын. Бул маектен көбүрөөк оператордун жумушу жакты.
21.04.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, таланты бар экен... Бирок, талант бар тааныш жок дегендей...
21.04.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мага недовольный ырдап жаткандай сезиле берет
22.04.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экенсинго Чико! Конулумду ооруткан бир кызга мен да сага окшоп ыр жазгам, бир гана озум ырдап калам кээде. Азыр унутулуп да кетти... Ийгилик каалайбыз.
22.04.2014. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maga jagat yrdagany.
22.04.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу жигит экен. Супер инфо,Атай менен Маралды каерден окуйм,таппай жатам.
23.04.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sulaimanovna,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/kabar/news/60857/ ушул шилтеме менен кириңиз.
23.04.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ырлары абдан жагат.Ырларынын баары чын журоктон чыккан. Балким, ошол кыз таштап кетпесе мындай ырлары чыгат беле деген ой келет...Суйуп корбогондор Чынгыздай чын журоктон аткара албаса керек деп ойлойм...бирок бул менин жеке оюм)).Эмне демекмин ийгилик келечекте коп нерселерди кутобуз...жана мага Жологум деген ыры абдан жакты чыгаары менен супер инфодон кутобуз...рахмат
27.04.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун обондорду жаратат. Аябай таланттуу жигит. Айзат да сонун репортаждарды даярдай турган болду акыркы кундору. Азамат. Айзат жонундо деле маалымат берип, Айзаттан да интервью алгылачы супер инфо
Медиа-портал
13.05.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм
Медиа-портал
13.05.2015. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн башында ырдаган ыры качан чыгат соонун экен
Медиа-портал
13.05.2015. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо башындагы ырды ким ыдап журот админ табышып коесунарбы
Медиа-портал
14.05.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meder710, керексин деген ыры болуш кк нью деп туратго)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо