МЕКЕНДЕШИБИЗ АРЫКТАП КЕТКЕНИ ҮЧҮН СОТТОЛУП КЕТЕ ЖАЗДАДЫ

№598 18-апрель-24-апрель, 2014-ж

14-апрель күнү Домодедово шаарынын соту Орусиянын чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп күнөөлөнүп жаткан Кыргызстандын жараны Маратбек Эшанкуловду актады. Айыптоо М.Эшанкуловдун бир жыл ичинде Москвада иштеп жүрүп арыктап кетип, паспорттогу сүрөтүнө окшошпой калгандыгынан улам келип чыккан. Эки жылдан ашык убакытка созулган сот процессинде мекендешибиз сүрөттөгү адам өзү экенин далилдөөгө аракет кылып, акыры адилеттикке жетишти. Бул окуя орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында резонанс да жаратты.
Баары 1988-жылкы Маратбек Эшанкуловдун үйлөнүүгө акча таап келүү үчүн Москвага 2010-жылы сапар тартканынан башталат. Курулушта иштеп жүрүп, бир жылдан кийин Кыргызстанга кетейин дегенде, чек арачылар мекендешибизди жолдон кармап калышкан. Анын себебин «паспорт сеники эмес» деп түшүндүрүшкөн, М.Эшанкулов бир жылдын ичинде өтө арыктап кеткен эле. Кылмыш иши да «паспорттогу сүрөткө кебетеси окшобойт» деген негизде козголгон.
Сот кыргыз мигрантын актоо чечимин гана чыгарбастан, колуна паспорту менен эки жыл мурунку билетин кайтарып берүүнү токтом кылды. М.Эшанкулов менен социалдык тармак аркылуу байланышканыбызда: «Паспортум колума тийсе, Москвадан биринчи каттам менен учуп кетем. Буюрса, жакында Кыргызстанга барып калам.»,- деп жооп берген.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
21.04.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жолдошумда да ушундай болгон 8жыл мурунку паспортундагы суроту такыр окшобой калып акча берип аран откон экен минтип соттгшуп убакыт откоргусу келбегенда таптакыр окшобойт болчуда
21.04.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустар шылтоо таппай турат. Менинда таанышым жокжерден кармалды. Эми соту болот. Эч кимиси жок жардам берген. Аялы м эки баласы калды. Чёрный всё одно лицо деген туура экенда.
21.04.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодец келип уйлон эми
21.04.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кимге жамандык деле каалабайсын негизи,бирок эч кандай документи жоктор калып эле многу жигиттердей кыйналып жургондор канча.Кудайым суйгон пендесине кыйынчылыктарды салат экен чыдайбы деп,эми баары артта калыптыр буюрса эми аман эсен мекенге жетип ал!
21.04.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш десе тынч эле барып,бактылуу уй було куруп жашасын Эми....бакыт тынчтык каалайм
21.04.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай иий мен коркуп калдымго паспортумдагы суротко таптакыр окшобой калгамында азыр. Эми кантип барып келем мекениме.
21.04.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызык... эки жыл убакыт кармашканы учун материалдык компенсация корсотушот экенби, билетинен сырткары?
22.04.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми моралдык жана материалдык чыгымдарды да төлөтүп ал...
23.04.2014. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым,кырсыкты кайдан деп болбойт.
24.04.2014. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындап элебир караганда окшобой кетет экен.
27.04.2014. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанга келип алган сон дуйнолук сотко бер 2жылдык омурун акчалай талап кылсын .кимдер ошол бала менен мамиле кылса да айткыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо