-
-
Зина Асанкожоева үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу деп УЛУТТУК БАНКТЫН төрайымдыгынан өз арызы менен кетти.
-
Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары
ГҮЛНАРА ДЕРБИШЕВА Биринчи Май райондук соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылды. 2012-жылы пара алууга айыпталып кармалган Г.Дербишева эң кичүү баласы 10 жашта болгондугуна байланыштуу жаза мөөнөтүн 4 жылдан кийин өтөмөй болду.

-
9-МАЙГА карата өлкөдөгү 12 миңге чукул Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 5 миңден 10 миң сомго чейинки жөлөкпул алышат.
-
Өзбекстан 14-апрель күнү келишим мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу Кыргызстандын түштүк аймагына ГАЗ берүүнү токтотту. Ош газ чарба башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, көгүлтүр оттун качан кайра берилери азырынча белгисиз.
-
Экс-мэр Мелис Мырзакматовго таандык делген «ОшТВ» телеканалы орусиялык инвестор Максим Кротовго сатылды. Буга байланыштуу телеканалдын директору Эрнис Кыязов өз арызы менен кызматынан кетти.
-
«Кыргызстандын БАЖЫ СОЮЗГА кирүүсү боюнча жол картасына апрель айынын аягында кол коюлушу мүмкүн» деп жазып чыкты Орусиянын «Интерфакс» маалыматтык агенттиги.
-
Ош ШИИБинин каттоосунда САЛАФИТТЕРДИН идеологиясын активдүү үгүттөгөн 100 адам турарын мекеменин башчысынын орун басары К.Жолдошев айтты. «Акыркы учурда Ош шаарында Өзбекстандын ислам кыймылы, акрамисттер жана салафиттердин таасири күчөдү»,- деди ал.
-
Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан ФИЛИППИНДЕР аралы туристтердин агымын көбөйтүү максатында Кыргызстан менен болгон 30 күндүк визалык режимин 15-апрелден тартып жойду.
-
АКЫЙКАТЧЫ Бактыбек Аманбаевдин айтымында, анын айлыгы 25 миң сом.
-
Германиянын Потсдам шаарынын борбордук сейил багында бардык каалоочулардын келип көрүүсү үчүн 14-апрель күнү эки БОЗ ҮЙ тигилди.
-
«КЫРГЫЗПОЧТАСЫ» ишканасынын директору Т.Эшалиев: «Айлык боюнча карызыбыз 17 миллион сомду түзүп, кызматкерлерибиз мунун айынан чарасыздан эмгек өргүүгө чыгууга болушууда»,- деди.
-
Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев жана Малик Осмонов президент менен парламент иш алып барган Ак үйдү «ЭЛ ОРДО» деп атоону сунушташууда.
Эльвира Караева
politika@super.kg
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 10 күн банга!
Сат сат сат