Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАЛА ЭМНЕГЕ ТАМАКТАН БАШ ТАРТАТ?

№598 18-апрель-24-апрель, 2014-ж

Кичине балдардын көпчүлүгү тамак жебей, ата-энесин кыйнайт эмеспи. Бул эмнеликтен экенин чогуу изилдеп көрөлү.

БАЛДАРДЫН ТАМАК ЖЕБЕЙ КОЮШУНУН 7 СЕБЕБИ БАР:

1-себеп. Каршылык көрсөтүү
Кеңири таралган себеп. Чоңдор дагы нааразылыгын, каршылыгын ачкачылык жарыялоо менен билдирет. Балдардын мындай жоругун «мага көңүл бургула» деп түшүнсө болот. Себептери төмөнкүчө болушу мүмкүн:

  • Үй-бүлөдө ата-эне өз ара  көп урушушат же ата-энеси жумушта болуп, балага жетишерлик көңүл бурбайт. Мындайда бала «тамак жебей койсом, мага көңүл бурушат» деп ойлойт.
  • Баланы үйдө көп эркелетип, оюндагысын кылышат. Ушундан улам чыргоолонуп, өзүн каалагандай алып жүрүүгө көнөт. Бирок бала ички сезиминде туура эмес жасап жатканын сезип, жазалайбы деп күтөт. Ата-эне андай кылбагандан кийин кайра эле тамактан баш тартат.
  • Үйдө баланы абдан катуу кармашат. Тигиге деле, буга деле тыюу сала берип, чүнчүтөт. Бала ата-энесин кандайча жазалайт? Албетте тамак жебей коёт.

Эмне кылуу керек? Урушпоо, суранбоо жана айтканынын баарын жасай бербөө керек. Бала эмне үчүн каршылык көрсөтүп жатканынын себебин таап, кемчиликтерди кайталабоого жетишүү зарыл.

2-себеп. Табиятынан тамакты аз жечүлөргө кирет
Арык, бирок тамакты көп талап кылбайт.
Эмне кылуу керек? Салмагына көз салып, жеген тамагы көбүрөөк витаминдерди камтый тургандыгына жетишүү керек.

3-себеп. Дасторкондо отурганда кагып-силкүү
Кичине балдар кашыкты же айрыны туура эмес колдонуп тамак жесе, айрым ата-эне «антип эмес, минтип жегин» деп кагып-силкет.
Эмне кылуу керек? Баланы урушпай, акырын айтып көрсөтүү, үйрөтүү зарыл. Кашык же айрыны туура кармап ичип калса, мактап коюңуз. Бир нерсени кийимине төгүп алса, урушпаңыз. Анын алдын алып, төшүнө боркок тагып, тизесине кол аарчы коюп коюңуз.

4-себеп. Алаксытып, ойнотуп тамак жегенге көндүрүү
Баланы тамак жесин деп алаксытып, ойното беришсе, же сыналгынын маңдайына отургузуп коюшса, ошого көнүп калат. Тамакты жөн берген учурда кызыксыз болот да, тамак жегиси келбейт.
Эмне кылуу керек? Тамак бергенде алаксытпоо жана чоңдор өздөрү да сыналгынын маңдайында отуруп тамактанбоолору керек. Дасторкондо отурганда жакшы сөздөрдү же кеңештерди айтып отуруңуздар.

5-себеп. Даамдуу эмес...
Мындай балдарды чыргоо дешет, бирок бала үйдө көп жасалган тамактарга көнүп калып, башка тамакты жегиси келбеши мүмкүн.
Эмне кылуу керек? Кичинесинен улам жаңы тамактарды жасап, аларды жегенге көндүрүңүз. Айрым ата-эне «балабыз колбасаны же йогуртту жакшы көрчү эле, барган жерибизде алар жок болуп калса, ачка калбасын» деп тамагын кошо көтөрүп жүрүшөт. Минтип жаман үйрөтпөңүз. Балдар көбүнчө жегиси келбеген нерселерди конокко барганда жеп жатканын байкоого болот. Эмне үчүн дегенде элдин баары тамшанып жеп жатса, ал да ошолорго кошулгусу, туурагысы келет. Андыктан конокто балдар жаңы тамакты жеп көрүүгө бат көнөт. Сиз мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калыңыз.

6-себеп. Жашылчалардан баш тартуу
Айрым балдар тамактагы сабиз, болгар калемпири, түрп сыяктууларды терип чыгарып салышат. Кээ бир жемиштерди оозун чүйрүп жебей коюшат.
Эмне кылуу керек? Тамакка жогоруда айтылган жашылчаларды кооздоп кесип же алардан түрдүү фигураларды жасап кошуңуз. Жебеген жемиштеринен коктейль же шире жасап бериңиз. Ошентип акырындап алардын даамына көндүрүңүз. Ал тургай андай тамактар, коктейль, ширелерге балаңыз менен жаңы ат тандап, ошо менен атап жүрүңүз.

7-себеп. Эч качан ачка болгон эмес
Бала тамак кубаныч алып келерин билбейт, анткени ал эч качан ачка болгон эмес. Тигил же бул тамакты самап, кыялданбаган. Себеби ата-эне дайыма тамакты оозуна кармайт.
Эмне кылуу керек? Тамактан баш тартса, алдынан тамакты алып коюңуз. Ачка калса эч нерсе болбойт, андан көрө качан өзү тамак сурагыча күтүңүз. «Тамак жейм» дегенде укмуш тамак жасап бербей, жөнөкөй эле катардагы тамакты жасап бериңиз. Бала тамакты баалап көнсүн.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(34)
21.04.2014. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат кенешиниздерге.менин кызыма ТВны азайтышым керек экен!
18.03.2015. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
INailia,ТВны азайтып деле кордук пайда бербеди кызым ото арык болуп табити жоголуп баратат доктурга алып барат окшоймун.
21.04.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пайдалуу кенеш экен , Канымжан Усупбековага терен ыраазычылык !
21.04.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кенеш.Рахмат
21.04.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы пайдалуу кенештер экен,мен да аялыма таарынып тамак жебей ачка калган кундорум болгон эле,эми жакшына таарынганды унутуп жасап берген тамактарын жей беришим керек экен да ээ.
21.04.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4alma77, тобо)
21.04.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat choon
21.04.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенещ экен.
21.04.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен.рахмат.
21.04.2014. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Баланы тарбиялоо, ийне менен кудук казагандай" деген соз абдан туура айтылган. Чынында оной эмес !
23.04.2014. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wave., билим алуу ийне менен кудук казгандай. Дечу эле го. Баланы тарбиялоо андан да жооптуу, омур бою ажырашыс нерсе.
23.04.2014. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave., мык менен траншея казгандай
21.04.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооой жакшы кенеш экен! рахмат!
21.04.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат жакшы кеңеш болуптур.
21.04.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары мен жана балам жонундо жазылгандай экен, чоон рахмат.
21.04.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи орунда каршылык эмес ден соолугуна байланыштуу демекмин. Мисалы тиши чыгып жатканда баланын мулктору ооруйт, аппетити жок болот, чайнай албайт.
Экинчиси эне сутун эмген бала аз тамак жейт. Анткени сут даамду жана жыгымдуу, ошого конуп калган. Качан эмизбей калган сон тамакты жакшы жеп баштайт. Ал эми бир жарым жаштан баштап озунчо тамак жегенди уйротуу керек.
21.04.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A4kalyk aw tandabait
21.04.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен рахмат сиздерге супер инфо
21.04.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой менин баламдын тамак жеши озунчоле катастрофа го чиркин! туура жазыптырсыз, кичинесинен шаан шооокот менен каша берип журуп тажап кетсе керек. тамак дегенде баш оорутманы тушунот го. такыр тушунбойм да. тан калычтуусу эчтеке жебей эртеден кечке безилдеп ойноп журо берет. абдан чочулайм. жалдырап укмуш нерсе алып берем сатып берем деп атып жедиребиз. дагы кандай акыл айтмак эленер?
21.04.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызык Турсунбек Акун агабыз окуш керек экен.
21.04.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат! Кагып урушпоо дегениниз аябай жакшы кенеш.
21.04.2014. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарга колбаса такыр бербегиле, чоңдор өзүбүз көндүрөбүз, ал колбасада эч бир пайдалуу нерсе жок!!!
тескерисинче, эркек балдарга абдан зыян, жана акыл-эстин өсүп чоңоюшуна көп залакасын келтирет.
балдардн тамагы үчүн даам чыгаруучу переправа, туз, мурч , концерваны аз гана колонгула.
21.04.2014. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат кенешинерге
21.04.2014. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
о жакшыго мен инимди еми ушул кенештерди естей-естей караймго !
22.04.2014. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен балама нормасы менен турдоп ар 4 саат сайын тамактандырам
22.04.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мерин балам да тамак аз жейт ,кенешинизге рахмат.
23.04.2014. 06:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала багуу,баланы тарбиялоо бул жашоодо татаал жана назик нерсе.ошондуктан ар бир ата энеге айтаар элем тарбияны 18 жашка чейин бериш керек.ал эми тамактандыруу боюнча супер инфо аябай жакшы жазыптыр.рахмат
23.04.2014. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы кенеш! Менда так ушундай тарбия менен, тарбиялап остуруп атам балдарымды. Себеби биздида ата-энебиз, жакшы тарбия м-н остургон. Кээ бир ата энелер, балдарын оюндагыдай тарбия беришетда, анан балдары терс мамиле кыла баштайт... Баланы оюндагыдай кыла берсен, бир жака коноко барганда, чон кишилер назарын салып коюшу мумкун!.
23.04.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы кенеш экен мен эми балама тамакты кыстабашым керек экен сураганча
24.04.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kapo 1 тарбияны туйулдуктон топуракка чейин бериш керек.
25.04.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balaga jakshu tarbia beryy choon mildetibiz oshol ele ychyrda baktibiz je kaigubuz hadis(tarbiasiz bala bashina tyshkon balee,tarbiasiz kiz kuktun ystyndo oskon gyl)oshondyktan eneler
25.04.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат кенеш берип турганынарга,
Чон ыраазычылык билдирем.
27.04.2014. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин балам да тв коруп, же бир нерсе менен алаксытмайынча жебейт. Рахмат коп кенеш алдык.
26.05.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңешкер экен.Супер инфо рахмат сиздерге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо