Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«БААТЫР ЭНЕ» ОРДЕНИН КИМДЕР АЛА АЛАТ?

№598 18-апрель-24-апрель, 2014-ж

Мурун 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүндө тапшырылып келген «Баатыр эне» мамлекеттик ордени президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисине белгиленген Энелер күнүндө ыйгарылууда.
2014-жылдын башынан тартып 7-апрелге чейин республика боюнча президентке караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгына 7 миңден ашуун көп балалуу энелерди "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо үчүн сунуш түшкөн. Бул тууралуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын эксперти Эрнист Апилов айтып берди. Орденди алууга кимдер татыктуу, ал кандай талаптар, тартиптер менен берилерин билбейсизби? Анда маалымат сиз үчүн.

7 же андан көп балдары бар жана аларды багып, тарбиялаган энелер «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алышат.


7 баласынын бири сот жообуна тартылган энелер «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алышпайт.

Балдарынын бири сот жообуна тартылып, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине (соттуулук) ылайык соттуулугу жоюлган болсо, анда ал эне «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алат.

КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:

  • №2-формадагы сыйлоо баракчасы өздүк документтердин негизинде туура, так, катасыз толтурулушу шарт.
  • Ар бир баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн нотариус тарабынан кү­бө­лөн­дү­рүлгөн кө­чүр­мөлөрү.
  • Энесинен өзүнчө жашап жаткан балдардын ар биринин жашаган жериндеги жергиликтүү бийлик өкүл­дө­рү­нүн маалым каттары же болбосо иштеген жерлеринен тастыктаган маалым каттар.
  • Аскер кызматын өтөп жүр­гөн уулдары болсо, ал тууралуу тастыктаган маалым каттар керектелет.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ:

  •  Документтерди 1 жыл ичинде даярдаса болот жана даярдалган документтер 1 жыл бою жарактуу болуп эсептелинет.
  • 1 орденди даярдоо үчүн мамлекет 2220 сом коро­тот. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен жыл са­йын каражат которулуп, 30 миллион сомдон ашуун акчага орден жасалат.
  • Пенсия курагындагы баатыр энелерге Социалдык фонд тарабынан пенсиясына алар жашаган аймактын райондук коэффициентине жараша 1000-1700 сомго чейинки акча каражаты ай сайын кошумча жөлөкпул катары кошулат.
  • Орден менен сыйлоодо чек жок жана туура, так, мыйзамга ылайык толтурулган бардык сунуштарга жооп кайтарылып, «Баатыр эне» ордени берилет.

Ширин Турдакунова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
21.04.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу супер инфо менин апам 1987-88жылдары баатыр эне ордени менен сыйланган бул жерде ай сайын 1000-1700кошумча жолок пул кошулат дептир биз бул маалыматка тайанып кимге жана кай жерге кайрылсак болот жооп бериниздерчи алдын ала рахмат
21.04.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Can-bek,
Саламатсызбы! Сурооңузду Суперстандагы атайын бөлүмгө тема ачып калтырсаңыз, жооп алып берүүгө аракет кылабыз, рахмат! Шилтеме: http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=83
22.04.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat, paydaluu maalymatynyzdar uchun! Ar dayim aktualduu maalymattardy jaza berinizder
22.04.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энелер бактыбызга бар ар дайым бар болсун! ''Баатыр энелер'' кобойо берсиндер.
23.04.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир баласы соттолуп кетсе,орден албай калганы туура эмесго.Эне баланы кыйналып төрөп,чоңойтуп өстүрөт да баары бир.Алар кайдан билмек эле соттолуп кетээрин.
23.04.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyrgal_msk, Созунузго кошулам.
25.04.2014. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсызбы супер инфо жамааты! Биз 9 бир тууганбыз апам 2013-жыл баатыр эне наамын алган, жон гана диплом берген. Бирок эмнеге "медал " берген эмес... Угушум боюнча алтын медалга акча коп кетип .Кыргызстандын бюджетинде акча жок экен... Ошол канчалык туура... Суроога алдын ала рахмат!!!
08.07.2023. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы супер инфо жааматы менин 7 балам бар ушул убакытка чейин баатыр Эне наамын алаалбай журом кантип алсам болот или кайсыл Жака кайрылсам болот мен барган жерде убакыт буту болбойт приказ чыга Элек деп кайтарат сураныч кайсыл Жака кайрылсам болот кимге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо