КЫЗДАР, БОЙДОК ЖИГИТТЕР СЫНЫҢАРДА

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж

Аты таанымал мырзанын жубайы болуш көпчүлүк селкилердин кыялы болсо керек. Ошол кыял кыял бойдон калып кетпесин деп, аты таанымал, ар кайсы тармактын бойдок жигиттерин кыздарга гезит аркылуу тааныштырып келебиз. Кыздар, анда бул беттен аттап кетпегиле, балким, сиздин тагдыр ушул макала менен байланышкан чыгар.

Толук аты-жөнү – Садыров Нурмат СадыровичТуулган жери – Токтогул району, Торкен айылы
Жашы – 26да
Бою – 172 сантиметр
Салмагы – Билбейт
Материалдык байлыгы – Машинасы, Бишкекте жери бар
Канча бир тууган? – Беш бир туугандын кичүүсү

НУРМАТ БАРДЫК МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН ЖУМШАП КЫЗ ИЗДӨӨДӨ
Кыздар, бул жигитти азыр кармап калуу керек. Анткени ал ушул тапта колдо бар мүмкүнчүлүгүн, жадакалса атын пайдаланып өзүнө өмүрлүк жар болчу кызды издеп жүрүптүр. Эң негизгиси, чыгармачылыгын түшүнгөн кыз болсо дейт ырчы. Кыз издеп жүргөнүн уккандар «ырдап жүрүп кантип кызың жок?» деп таң калып жатышыптыр. Учурда ырчынын дос кыздары көп, бирок жар болчусун көрбөй келет. Сүйлөшкөн кызын ата-энеси башкага кудалап күйөөгө берип жиберишкен. Ал учурда Нурматтын үйлөнөйүн деген ою жок болчу, анткени улуу агалары үйлөнө элек эле.
«Мага жароокер, кеңешчи, жардамчы болом деген кыздар керек, жашы мен теңдүү же улуу болсо деле болот» деген ырчы өзүнөн бир топ жаш кичүү кыз менен тил табыша албай каламбы деп коркот. Бул макаладан кийин мамиле курууга аракет кылгандар болсо, сүйүнүп кабыл алат. «Биринчи жигит сөз айтыш керек» дегенден алыс. Сүйүүгө ишенет, мурун жүрөгүнө 2-3 кызды батырса, азыр бир гана кыздык орун бар. «Жубайым ырчы болсо деле макулмун» деген Нурматтын азыр акча тапчу булагы – той, гастроль.

Толук аты-жөнү – Амантур Абдусалам уулуТуулган жери – Лейлек району, Бешкент айылы
Жашы – 23тө
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 64 килограмм
Материалдык байлыгы – Байлыгы деле жок
Канча бир тууган? – Алты бир туугандын төртүнчүсү

АМАНТУРДУН ЖИНИ КЕЛСЕ, КОЛДОРУ МУШКЕРДИКИНДЕЙ ИШТЕЙТ
Бул жигитти кыргыз эли «Көргүм келет», «Миллиондук мелдеш» тасмаларынан кийин жакшы таанып калды. Тасмадагы келишимдүү жигит турмушта андан да кыздардын көзүн күйдүрөт. Бул бойдокко калп айткан кыздар жакпайт. Көп адамдар менен баарлашып жүрүп психолог болуп калган актёр кыздар менен сүйлөшө келгенде алардын кандай максатты көздөп жатканын бат эле түшүнө алат. 1-2 жолу калпын байкап калгандан кийин ачык эле «тим эле коёлу» деп жолугушуудан баш тартып коюшу мүмкүн.
Болочок жубайын сүйкүмдүү, түшүнүктүү болсо деп кыялданат. Бул бойдоктун жини чукул, жанга баткан жагдайга туш келсе, колдору мушкердикиндей эле иштеп кетиши ыктымал. Өзүн сабырдуу, токтоо, шайыр алып жүргөнгө аракет кылат. Капчыгы чамалуу, актёрдук кесибинен көп деле акча таппайт, ошондуктан ата-энесине жардам деле бербейт. Бирок, Амантурга жетсем деген селкилер, «капчыгы жука экен» деп мурдуңарды чүйрүбөгүлө, увазирди хан кылыш аялдын колунда эмеспи.

Толук аты-жөнү – Аманбеков Авазбек Аманбекович
Туулган жери – Ош шаары
Жашы – 23тө
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Материалдык байлыгы – Баары бар, бирок алар ата-энесине тиешелүү
Канча бир тууган? – Төрт бир туугандын үчүнчүсү

АВАЗБЕК ОШТУН «ТАЛАСЫНАН»
Кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону Авазбек менен сүйлөшкөндө эле анын бышык жигит экенин байкадым. Болочокто мыкты ата болом деген ишеничи да өтө күчтүү. Кыздар менен жөн эле жолуга бергенди жактырбайт. «Жакпаган кыз менен жолуккандан көрө жалгыз жүргөнүм жакшы» деп эсептейт. Кыздар менен сүйлөшө келгенде анын биринчи өң-келбетине көңүл бурат. Сырты жакса, анан ичин байкайт. Сканвордду тап дебесе да, ар түрдүү суроолорду берип кыздын башын бир топ эле оорутат. Турмуштук суроолордон мүдүрүлбөй, чалынбай өткөн кызды гана жубайлыкка талапкер катары карайт. Бир карасак шайыр, ачык-айрым, бир карасак суз, токтоо, кыскасы, кырдаалга жараша өзгөргөн жигит. Кээде мактанып коймою бар, ошондуктан «Оштун «Таласынан» болом» деп өзү да күлүп калат. Тамашакөй экенин билгендер «КВН командаларында да өзүңдү сынап көрбөйсүңбү» деп көп жолу сунушташкан. Бирок кикбоксчу 2 коёндун артынан барам деп бирин дагы кармай албай калуудан коркуп, спорттун өтөсүнө чыгам деген максаты менен алек.
Артист кыздар, Авазбектин жубайы боло албайсыздар, анткени боксчуга талаалап гастролдоп кеткендер жакпайт. Кийин жубайына үй оокаттарына жардам бергенден качпайт да, уялбайт. Эркекке тиешелүү жумуштардан күйүп кеткен лампочканы алмаштырганды билет.

Толук аты-жөнү – Акимов Аваз Орозбаевич
Туулган жери – Өзгөн району, Кызыл-Тоо айылы
Жашы – 24тө
Бою – 167 сантиметр
Салмагы – 61 килограмм
Материалдык байлыгы – Машинасы, чакан бизнеси бар
Канча бир тууган? – Төрт бир туугандын үчүнчүсү

АВАЗ 2000 ДОЛЛАРГА ЧЕЙИН ТАБАТ
Бул жигит үчүн азыр чыгармачылык биринчи орунда турат. Бирок үйлөнгөндөн кийин ырчылык 2-орунга жылат. Анткени жашоонун маңызы болгон үй-бүлөсүнүн бир жеринен аксап калганын көргүсү келбейт. Өтө романтик жигит ата-энесин, жубайын дүйнө жүзүн кыдыртууну максат кылат. Андыктан саякатты эңсеген сулуулар, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбагыла, уялбагыла, аракеттин артында берекет дейт эмеспи. Буга чейин бир эле кыз менен сүйүү кемесинде калкыган. Ал кызын Москвада жүргөндө ала качып кеткен.
Болочок келинчегинин ырчыга чейинки жашоосу кызыктырбайт, эң негизгиси, ал балдарына мээримдүү эне, күйүмдүү жар, жумушка тың болуш керек. Кайсы жерлик экени дагы маанилүү эмес. Мурун бул темада ойлонгону менен, «кайсы жер болбосун жакшы кыздар бар да» деген ою жеңип кеткен. Кыздар, убакыт аз. Анткени ырчынын ата-энеси аны «үйлөн» деп кыйнап жатышат. Ушул күздө же кийинки жылы ырчы сөзсүз түтүн булатат. Жалкоо, акчаны сарамжалдай албаган Авазга бышык кыздар керек. Себеби тойлордон кээде 1-2 күндө эле 2000 долларга чейин таап коёт.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Көз күйдүргөн бойдоктор

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(70)
28.04.2014. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисин тандашымы билбей башым айлантааааат.)- деп койбойунбу.))тамаша. Баарынар оз тенинерге жолугуп бактылуууууу болгула!)
28.04.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына чыгармачылык ийгилик,Ар бири оз жолунда бактылуу болушсун...
28.04.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурматка барат окшойм:)
28.04.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурматтын Торкен айылына барып берген интервьюсунан улам жагып калган, жонокой жигит, жылдыз оорусу жокко дейм :)ошондуктан кыздар Нурматты карагыла :)
SUPER.KG видео
28.04.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlan15, жеке билдирүүңүздү купуя менен жөнөтүңүз.
Zemlyanin, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек.
Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү.
SUPER.KG видео
28.04.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар
28.04.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары тен эле ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 29.04.2014 17:12
29.04.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mystery - эскертүү!
Кемсинтүүдөн алыс болсоңуз.
28.04.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм жакшы !!бактынарды табышынарга тилектешмин
28.04.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат садыров-жакты мага. Нурмат ар дайым алдыга карай умтула бер.! ишине ийгилик.!!!
SUPER.KG видео
28.04.2014. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кокуй "аркамдан чуркаган кыздар коп эле"дейтго тамашоучу жигит,кандай кыздар экен алар...Нурмат менен актер жигиттин суйлогону жакшы болуптур э,ийгилик баарынарга.
SUPER.KG видео
28.04.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ermatov jagat maga
SUPER.KG видео
28.04.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ийгилик сиздерге
29.04.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амантурга тиймекмин
30.04.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat.,
Абайланыз ал кыздарды укмуш тандайт, бут жагынан )))) андыктан ийгилик
29.04.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аваз Акимовдун ырларын жактырып угам.бирок Нурмат Садыровду жакшы тааныбайт экем.супер инфонун 2014 жылдын мыкты ырына ат салышыптыр.ошондо интернеттен коргом.эми эмнеси боло да тортооно тен ийгилик бакыт каалайм!
Ырчыларга кыздар суйуусун коп арначы элего.ушул убакка чейин суйлошкон кызы жок болсо.ишенгим келбей турат.менин оюумча куйорман кыздарынын азайып калуусунан коркконго жылдыздар.....
SUPER.KG видео
29.04.2014. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарындык жигит сонун суйлойт экен :)
SUPER.KG видео
29.04.2014. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tigi Narindik bayke ozunon ketet go tim ele... artiman churkagan kyzdar koop degeninen krysham kiyshayip kalyin dedi go xm.....
29.04.2014. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик силерге!
SUPER.KG видео
29.04.2014. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амантур менен Сагыныч жакты сонун балдар экен!
SUPER.KG видео
30.04.2014. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунду мактагыча олуп ал деген созду унутба акылду болсон? Тамашоудо ойногон бала)
SUPER.KG видео
30.04.2014. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурматтын созунон билсе болот кандай алам экенин, сылык жана жонокой жигит экен. Ал эми тиги звездаларга соз жок ...
30.04.2014. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Нурмат аябай жакты , Азамат жигит экен )))
SUPER.KG видео
30.04.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нурмат молодец аябай жакшы суйоптур.жонокой мыкты жигит экени корунуп турат
SUPER.KG видео
30.04.2014. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурмат менен Амантур красавчиктер, анан жонокой дагы, иштеринерге ийгилик силерди сыйлайм... :)
01.05.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Аваз Акимов жагат. Ырлары аябай жакшы жана ийнине жеткире аткарат
SUPER.KG видео
01.05.2014. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек сенин аркандан чуркаган кыздардын таманынан опсон болот ЭГЕР чындап эле бар болсо чуркагандар.
02.05.2014. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байлык эч нерсени чечбейт! бай болуп бактысыз болсон жашоонун кызыгы жок кедей болсонда бактылуу болсон ошол жетет ! журокту журок тандайт ал журоктун эгизин издегендин кереги жок! акылдуу кыздар эч убакта жигитке званок кылбайт
03.05.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат менин жердешимго озум тандасам окшойт тамаша
SUPER.KG видео
03.05.2014. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айда жылда бир кирем жайнатып дагы комментарий баарына калтырайын.Баары жонокой экен. Бирок ушул артистерди бир чертсен учуп кетчидой да
04.05.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авазды Акимовду озгондук экенин билбептирмин бой доктор бактылуу болгула
05.05.2014. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурматтын озум баарына жеткенди каалайм дегени жакты )
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо