Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЕМЕ ЧӨГҮП, 180 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТТИ

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж

16-апрелде Түштүк Кореянын Инчхон шаарынан Чеджу аралына багыт алган бортунда 476 жүргүнчүсү бар «Севол» кемеси кырсыкка учурады. 28-апрелге карата учурда чөккөн кемедеги 174 адам куткарылса, каза болгондордун саны 180ге жетип, дагы 120дай адам дайынсыз болууда.

2 СААТТА ЧӨГҮП КЕТКЕН
«Севол» кемеси Түштүк Кореянын Инчхон шаарынын портунан Чеджу эс алуу аралына багыт алган. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү саякатка чыккан окуучулар жана мугалимдер болгон. Кеме Бишкек сааты боюнча 06:00 чамасында SOS сигналын жөнөтүп, ошол замат куткаруу иштери башталып, ага жакынкы жээктеги кемелер жана тик учактар тартылган. Кеме оодарылгандан кийин эки сааттын ичинде сууга чөгүп кеткен. Бир канча жүргүнчү жардамга келген куткаруучу кайыктарга өздөрү сүзүп барып аман калышкан.
Кеме суунун түбүнө толугу менен күндүзү чөккөн. Куткаруу иштеринин алкагында сууда керектелүүчү крандардын жардамы менен кемеге кычкылтек жеткирүү аракеттери да көрүлгөн.

КЫРСЫКТЫН СЕБЕБИ БЕЛГИСИЗ
Кеменин чөгүү себептери азырынча белгисиз. Эң биринчи версия болуп коюу тумандын кесепетинен кеме суу астындагы аскаларга урунушу мүмкүн экендиги божомолдонууда. Бирок жээк күзөтчүлөрү жол жакшы эле көрүнүп жаткан дешет.
Тирүү калгандардын биринин айтымында, капитан кеме чөгө баштаган учурда жүргүнчүлөргө бөлмөлөрдө калууну буюруп, өзү сууга алгачкылардан болуп секирген. Тергөө, иликтөө иштерин баштаган топтун маалыматына ылайык, капитан, анын жардамчысы жана дагы тирүү калган 5 экипаж мүчөсү өмүр бою эркинен ажыратылышы ыктымал. Алар милдетин так аткарбай, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздай албагандыгы үчүн айыпталууда.
Эксперттердин пикиринде, капитандын жүргүнчүлөргө «кемеде калгыла» деген буйругу болбогондо, балким, көбүрөөк адам тирүү калмак. Анткени түрдүү кырдаалдарга даярдалган куткаруучу кайыктар колдонулган эмес. 46 даана куткаруучу кайыктын болгону бирөөсү гана колдонулган.

КУТКАРУУ ОПЕРАЦИЯЛАРЫ
Куткаруучу кемелер аман калгандарды муздак суудан чыгарып, коопсуз жайга жеткиришсе, тик учактар кемедегилерди аркан тепкич менен тартып алып бир канчаларын сактап калышты. Түштүк Кореянын ажосу Пак Кын Хе куткаруу кызматынын бардык мүчөлөрүн бул ишке жиберип, аман калган жүргүнчүлөрдүн бардыгын сактап калууну өтүндү.

КҮБӨЛӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН:
«Кеме чөгүп жатканда бизди эч жакка чыкпай тургула дешти. Көп окуучулар кемеден чыга албай калышты».

КҮБӨЛӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН:
«Кеме бир жакка кыйшайганда суу тез эле каптады. Мен кеменин жыгылып жатканын сезип, качуу керектигин түшүндүм».

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
28.04.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кырсык каш кабактын ортосунда жайы жаннаттан болсун
28.04.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутулбогон кырсыктан сакта Кудайым...байкуштар омур бою эркинен ажыратылса....ээээх Алда кайдан билсин...Эми бул кырсыкта....
28.04.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erkinen ajyratylsa jaman boluptur kudaiym kyrsyktan saktasyn.
28.04.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дагы жакшы корбльдары вертолеттору бар экен. Бизде болгондо жееке озун сузуп барсан гана аман калмаксын. Жана капитанды бизде бошотуп жибермек
28.04.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolya121212, хе хе туура айтасын,бирок бизде болгондон кудай сактасын.
29.04.2014. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolya121212, ха ха ха .бизде эч болбосо желдеме балондор бааар 3 4 адамга жеткидей
29.04.2014. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kolya121212, туп туура айтасын.озун сузуп жоногон учурда да бутундан кармап сууга чоктурмок артындагы адам.хее биздек бардакстанда.
29.04.2014. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolya121212, . Туура. Канчалаган адамдар,кеме башкаруучулардын ишинин шалаакылыгынан,олуп кетишти. Кореянын мыйзамын бизге алып келуу керек.
28.04.2014. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Малазию Корея сыяктуу бай өлкөлөрдө кырсык болсо дүйнө кайгырат экен. Кече ооганда 123 адам селде өлдү деген макалага эки адам көңүл айтты.
28.04.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсыктын себеби белгисиз деле эмес, нормалык салмагынан өтө эле ашыра жүк жүктөп салышкан. Жээкке жетерине аз эле калган, кемени резко буруп жиберишкен да оордугун көтөрө албай бир жак тарапка кулап калган. Капитаны 70терге чыккан чал, өлалбай жатып сейфтерди да бошотуп кеткен имиш.
29.04.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sapfir86, капитан кыргызтандан окшойт
02.05.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aravan., ой тообо
28.04.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптуп байкуштар, , кудай сактасыыыын кырсыктан, дуйнодо ынчтык болсун айтор
28.04.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур байкуштар, кудай сактасын кырсыктан, дуйнодо тынчтык болсун айтор
29.04.2014. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кораблда жоголгондордун бары каза болду деп жатышатко, почти 302- адам каза болду...
29.04.2014. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсыктан Алла сактасын. Алам десе бир паста алып койот
30.04.2014. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынчылык аманчылык эле болсун кырсыктардан кудайым ОЗУ сактасын
02.05.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуз ушинтип "Кыргызстандык окшойт"-деп шылдындап жатсак, бизди ким котормоломок эле. Буттан тартчулар ушундайлардан чыгат да.
02.05.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каристар жадный.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо