Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Тергөөчү Илим өз бөлмөсүндө ойлуу отурду. Акыркы күндөрү Айдайдын ажарлуу элеси көз алдынан кетпей, жүрөгү туйлайт. Жактырып калганбы же жөн гана убактылуу сезимби, айтор, өзү да билбейт, тек гана аны көрүүгө зар. Айдайдын намысын тебелеген Тариелди сот актап жибергенине өзүн күнөөлүү сезчү болду. Чындыктын түбүнө жетип, Айдайды ак жеринен бетине көө жапкандардын арам ишин ашкерелегиси келет, бирок кантип? Өз ою менен алпурушуп жатканда эшик такылдап, жардамчысы баш бакты.
– Мүмкүнбү?
– Кир.
– Сизге бир маселе боюнча келдим.
– Эмне маселе?
– Бизге эки кыз арыз менен кайрылышты. Алардын айтымында Бишкектин борборундагы караоке клубдардын биринде корей улутундагы жарандар сойкукана уюштурушат экен.
– Та-ак, анан уланта бер!
Илим бул жерде бир мандем бар экенин баамдап, кулак төшөдү.
– Ал жакта 30га жакын кыргыз кыздар сойкулук менен алектенишет экен. Көчөгө жарнактарды чаптап, жумуш издеген кыздарга көп акчаны убада кылып, сойкулук менен алектенүүгө түрткү болушары бул жерде айдан ачык көрүнүп турат. Балким кыздарды алдап, андан ары Сеулга да жөнөтүп жатышкан чыгар, ким билсин?!
– Демек, урушта туруш жок! Бул ишке азыртадан киришели.
Убакытты көпкө создуктурбастан бул кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам иликтөө кызматкерлеринен куралган топ түзүлдү. Алар ошол эле күнү кечинде арызда жазылган даректи тинтүүгө алышты. Арасында Илим да бар эле. Капыстан эле кыздардын арасынан Айдайды көзү чалып калып, көргөн көзүнө ишене албай нес боло түштү. Айдай да аны жазбай тааныды. Бирок экөө ал жерден сүйлөшүүгө убакыт болгон жок. Кыздардын бардыгын Бишкек ШИИББине алып келишип, суракка ала башташты. Кезек Айдайга да жетти.
Илимдин иш бөлмөсүнө киргенде Айдайдын бети чымырап, уялганынан айла таба албай турду. Чындыгында бул тергөөчү мурдатан эле Айдайга акыл-насааттарын айтып, агасындай мамиле жасап жүрчү. Экөө үн-сөзсүз бир саамга бири-бирин тиктеп турган соң Илим Айдайга карап сөз баштады.
– Айдай, мага түшүндүрүп берчи. Бул жолго кантип келип калдың?
Айдай Илимге тик карап жооп кайтарды.
– Анан эмне кылам? Он гүлүмдүн бир гүлү ачыла электе кордогон жигитти силер камаганга жараган жоксуңар. Демек бул жашоодо акча бардык нерсени чечет экен да. Өзүңүз көрүп тургандай, акча табуу үчүн мен да ушундай ыплас жолдорго аралаштым. Бул ишке өз эрким менен барган эмесмин.
Илим бет маңдайында отурган кызды чындап аяп кетти.
– Жок, Айдай. Жашоодо акча менен сатып ала албай турган да нерселер бар. Жакшы жашоо баштоо үчүн ар дайым кеч эмес. Өткөн ишке өкүнүп отуруп калбастан, так ушул мүнөттөрдөн тарта түз жолго түш. Сени ата-энең мындай кадамдарга барсын деп чоңойткон эмес. Алар сени менен сыймыктаналы деп өстүрүшкөн. Өзүңдү, келечегиңди ойлобосоң да ата-энеңди ойло! Алардын бетин жер каратпоого аракет кыл!
«Ата-эне» деген сөздү укканда Айдай өрөпкүп кетти. Айылда калган ата-энесин сагынгангабы же алардын үмүтүн актай албай жүргөнүнө ызаландыбы, көзүнөн жашы куюлуп кетти.
– Болду, ыйлаба, баары жакшы болот. Сенин тагдырыңды талкалаган Тариел да, бул корейлер да мыйзам чегинде өз жазаларын алышат. Мен сага сөз берем!
Ушул тапта Илим акырын басып келип Айдайдын чачынан сылай кетти.
– Мени кечирип коюңузчу. Экинчи мындай ишке барбайм.
Айдай ый аралаш карганып жиберди. Сурак бүткөн соң Илим Айдайды машинасына салып үйүнө чейин жеткирип койду.
Ушул күндөн тарта Илим ар кайсыны шылтоолоп, себепсиз эле Айдайга телефон чала берчү болду. Акыры бир күнү ал кызга арзуусун арнады. Айдай эмне деп жооп берерин билбей, эки анжы ойго кептелди. Аны кудуреттүү ушул адам чаңдан, булганыч жерден алып чыккан. Бул адамдын адамгерчилигине байланып, жар болгонго макул эле. Бирок ушул учурда ага капысынан сүйүү келди. Ооба, Айдай Бекзатка арбалып калган болчу...

ххх

Айдай менен Бекзаттын ортосундагы мамиле күндөн-күнгө алоолой баштады. Экөө бири-бирин бир күн көрбөй калышса сагынышып кетет. Бекзат башында Айдайдан досу үчүн өч алмакчы болуп жүргөн, бирок күн өткөн сайын сүйүүнүн керемет күчүнө жипсиз тушалды. Бир күнү адаттагыдай эле сейил бакта эс алып жүрүшкөндө Бекзат кокустан эле тизелей калды да, күтүүсүз жерден Айдайдын колун сурады.
– Айдай, каршы болбосоң баш кошуп албайлыбы...
Жигиттин күтүлбөгөн жоругу, үмүттүү каректери Айдайдын айласын алты кетирди. Эмне деп жооп айтарын билбей калды.
– Бекзат, азырынча эрте эмеспи?
– Жок, жаным. Мен үйлөнүү тууралуу сунушту сага айтардан мурда көпкө ойлондум. Акыры ушундай чечимге келдим.
Бекзат шаштысы кете колун чөнтөгүнө салып, бир нерсе издеп калды. Аз өтпөй кызыл кутуча алып чыгып, анын капкагын ачканда алтын шакек күнгө чагылыша түштү. Айдай аңчынын мылтыгынан асканын бооруна кептелген эликтен бетер элейди. Бир топко ойлонуп туруп, акыры жообун айтууга туура келди.
– Мен макулмун!
– Чын элеби?
Бекзат анын жообун угуп кубанып кетти.
– Чын!
Айдай Бекзатты карап жылмайып койду. Жигит эмне кыларын билбей, дароо ордунан тура калды да, кызды белинен имере өзүнө тартты. Аны кучактай жогору көтөрүп, айлантып жиберди. Ушул мүнөттө бул жашоодо алардан өткөн бактылуу адамдар жок эле. Эки жаштын көздөрү жайнап, бакытка балкып турушту.
– Бекзат... - деди Айдай бир маалда.
– Ооу, жаным.
Бакытка көздөрү балкыган жигит сүйүктүүсүнө суроолуу тигилди.
– Менин үмүтүмдү, ишеничимди актайсыңбы?
– Албетте.
Айдай жигиттин көкүрөгүнө башын жөлөй берди.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 584-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 585-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 586-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 587-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 588-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 589-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 590-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 591-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 592-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 593-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 594-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 595-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 596-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 597-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 598-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 600-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 601-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 602-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 603-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 604-сан
Комментарийлер(22)
28.04.2014. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кобурооктон жазсаныздар болмок
28.04.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азгооо дагы бир апта куттуу керееек...
28.04.2014. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазуучу шашып жазганбы, же Айдай ушунчалык эле женил ойлуубу.... Байдын баласы Бекзад кантип эле суйуктуусу Айдайдын эмне жумуш кылып жургонун билбесин анан да Досу намысын тебелеген кызды суйуп
28.04.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай менен Бекзат бактылуу болушса экен.
28.04.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуу эч нерсеге карабайт
28.04.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууф Айдайга бактылуу кун келет екен окуган сайын журогум ооруй берчу
28.04.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул суйуу да
28.04.2014. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uuuuuufffff...az goooo((((
28.04.2014. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
намысы тебеленген кыздын бактылуу болгонго акысы жокбу? Кыздын убалына калган Тариел кыйналуу керек.
28.04.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне болот десен? Торогон апасынын тагдырына окшош го озунчо эле.
28.04.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Почему автор так торопится, все так быстро..не до конца весь этот момент описывается
28.04.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа...Айдайды бир жагынан аясам, экинчи жагынан тушунбой калып атам.Ото эле ишенчээкпи?Аздан окусан кызыгы да кетип калат экен!
28.04.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күткөн сайын кызыктар башталууда
28.04.2014. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче ал Илимди тандаса бактылуу болмок.Бекзат досунун суранычын аткарам деп соз беген болчу го эми эмне бт экен ээ?
28.04.2014. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aftor wawylyw jazgan go
29.04.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksana1602, бизди ойлосо керек.. ушуларды журок оору кылбай ток этээр жерин жазайын деп
01.05.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илимди тандаш керек...
02.05.2014. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илим деген ким эле??? Эстей албай жатам.....
03.05.2014. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм да!
03.05.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Aidai" chygarmasyn kaisyl jerden okusak bolot?
05.05.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guldeste, Саламатсызбы!
"Айдай" эмес "Тагдыр оюну" чыгармасын айтып жатат окшойсуз. Аны төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/article/?article=6971
03.05.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх...ушул сериалды башынан баштап окуш керек болтат,элдер аябай кызыктуу сериал деп жатышат,admin сериалды башынан бери кантип кай жактан тапсам болот? Мумкун болсо шилтеме жиберинип коюнузчу? :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо