Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КҮЙӨӨМДҮ КӨП КҮЙГҮЗГӨМ, ЭМИ ҮЙ-БҮЛӨМДҮ КАНТИП САКТАП КАЛАМ?»

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж

– Жолдошум менен баш кошконума 5 жылдын жүзү болду. Эки балам бар. Ушул жылдар ичинде күйөөмдү көп алдадым, көп уруш чыгардым. Абысындарым менен да чатакташкан күндөрүм болду. Кайненеме тилим тийди. Ушулардын баары жыйналып келип күйөөмдү күйгүздү окшойт, «ажырашам» деп жатат. Эмне кылып үй-бүлөмдү сактап калам?

Нураида, 29 жашта, Каракол

– Эмне кылмак элең, кайненеңдин бутуна жыгыл, ыйла, төгүл. Уятты жыйыштыр. Кызматын кылып, мончого алып барып жуунтуп, белек берип көңүлүн тап. Абысындарыңдан да, күйөөңдөн да кечирим сура, намаз оку. Ошондо алардын жүрөгү жибип, кечиришер.

«СӨЗ УКПАГАН АЯЛДЫ УРУУ КЕРЕКПИ?»
– Жакында биз жакка дааватка келгендердин биринен «аялды урса болобу?» деп сурасам, ал «болот, тиш щётка же ошондой салмактагы буюм, же кийген чапаныңдын жеңи менен уруу керек» деди. Анын жообун баланын сөзүндөй көрүп койдум же чын айттыбы?

Марат, 35 жашта, Кадамжай

– Шариятта аялды да, эркекти да уруу – күнөө. Эгер аял күйөөсүнө баш ийбей, тоготпой, үй-бүлө бузула тургандай абал түзүлсө, алгач түшүндүрүп айтуу керек. Ага болбосо бир бөлмөдө эле төшөктөрүн бөлүп жатсын. Бул да жаза түрү. Анда да болбосо «ушу менен токто, тарбияга кел» дегенди туюнтуп, аялды чапандын жеңи менен урса болот. Башкача айтканда, символикалык эле түрдө уруп коёт. Аял мында да болбосо, туугандар чакырылып, ортого салынат.

«АПАМДЫ КАНТИП АЖЫРАШТЫРАБЫЗ?»
– Апам 45 жашта. Атам экөө мурун эле ажырашып кетишкен. Эми мындан 5 ай мурун апам күйөөгө тийип алды. Агам бар, ал 25 жашта. Агам экөөбүз тең апамдын күйөөгө тиерине каршы болгонбуз, азыр деле каршыбыз. Ал агамдын баласын багып үйдө отуруш керек эле... Эми апамды ажыраштыра албай убарабыз. Динде балдарын таштап күйөөгө тийген аял жазаланабы?

Зульфия, 18 жашта, Жалал-Абад

– Апаңар дале жапжаш экен. Балаңарды багып отургудай эмне, анын деле өз жашоосу бар да. Агаңдын аялы бар экен, сен деле күйөөгө тиесиң, анан апаңар жалгыз калат. Бала да, кыз да апага күйөө болуп бербейт. Ажыраштырабыз дебей, өзүңөрдү тыйгыла.

«МАГНИТКЕ ДУБА ОКУТУП ИЛҮҮ ТУУРАБЫ?»
«Соодам жакшы болсун» деп айрымдар магнитке дуба окутуп, дүкөнүнө илип коюшат. Күнөөбү?

Сейит, 37 жашта, Бишкек

– Алда бир тууганым, а-ай! Магниттин сооданы жүргүзгөнгө кудурети жок. «Ушинтсем акчам көп болот» деп ишенүүнүн өзү күнөө. Кудайдан гана сурап дуба кылуу кажет.

«МАЛДЫН КАНЫНАН БЫЖЫ ЖАСАП ЖЕСЕ КҮНӨӨБҮ?»
– Союлган малдын эмнелерин жегенге болбойт жана эмне үчүн? Аккан канынан быжы жасап жешет. Бул шариятка туура келеби?

Сапар, 32 жашта, Талас

– Кан – арам. Малдын туягын, жыныстык мүчөлөрүн жана жумурткалыгын (эн бези), омуртка ортосундагы чучугун, сыйрылган терисин, өтүн (бирок аргасыз дарылык максатта колдонсо уруксат), табарсыгын, бездерин жегенге болбойт, макүрөө. Айрымдар күчтөнөбүз деп кочкордун жумурткалыгын жешет экен, бул күнөө. Быжы жегиси келсе, боорду туурап же эзип кошушсун, сонун эле болот. Омуртка чучугу омкорулуп алынгандыктан, макүрөө. Ал эми жилик сөөктөрүнүн чучугун жегенге уруксат, анткени ал чагылып желет.

«СКАЙП АРКЫЛУУ НИКЕ КЫЙДЫРСА МҮМКҮНБҮ?»
– Мен учурда Москвада иштеп, жашайм. Сүйлөшкөн кызым болсо Бишкекте. Эми ал мага келип, экөөбүз жашамак болуп жатабыз, ата-энелерибиз макул. Мен Бишкекке барып убара болбой, скайптан нике кыйдырсак деп ойлоп жатам.

Юсуп, 26 жашта, Москва

– Сен антип жок жорукту кылба. Сага мындай жолду үйрөтүп берем. Нике кыйылуучу жерге, мисалы, мечитке же үйгө сүйлөшкөн кызың барат. Сенин ордуңа өкүл катары Бишкекте жашаган агаң (иниң же таякең) барат. Ал үчүн агаңа алдын ала телефондон айтып коюшуң керек. Анан молдо нике кыят, никеде сенин айтчу сөздөрүңдү агаң сенин атыңдан айтып турат. Нике кыйылганда күбө катары эки эркектин же бир эркек менен эки аялдын болушу шарт. Бирок никенин кыйылгандыгын туугандарга жарыя кылуу зарыл. Болду, кызың сага барып, жашай бересиңер.

«СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫМ ТАЗА ЧЫККАН ЖОК...»
– Үйлөнөбүз деп сүйлөшүп жүргөн кызым менен жаткам. Бирок анын кыздык абийири жок экен. Эми аны албай койсом күнөөкөр болбоймбу?

Мурат, 27 жашта, Ош

– Муну кара, күнөө иш кылып коёт да, «албай койсом болобу?» дейт. Алганда да токтоосуз алышың керек! Мүмкүн, ал кыздын кыздык чел кабыгы чоюлчаак болуп, кыздыгы бүтүн бойдон калды! Андайлардын кыздыгы төрөгөндө бузулат. Балким, айып сендедир. Өзү периште болуп кеткенсип албайм деп чыкканын!

«ЧАПМА НИКЕ ДЕГЕН БАРБЫ?»
– Азыр чапма нике модада имиш. Үй-бүлөсүнөн алыс жакта жашаган эркектер каалаганы менен убактылуу никеге туруп, каалаган учурда талак берип басып кетет экен. Ал тургай сойкуканаларда да 1 түнгө, 2 түнгө дегендей чапма никени ишке ашырып жатышыптыр. Ушундай нике туурабы?

Зейне, 40 жашта, Бишкек

– Жок, бул туура эмес. Бул сойкулук. Мейли 10 күнгө, мейли 1000 күнгө же 50 жылга десе да нике убактылуу болуп эсептелет жана сойкулукка жатат. Анткени убактысы чектелип кыйылган нике шариятка туура келбейт. Андай нике кыйылбагандай эле болот.

Сиздердин сурооңуздарга дин аалымы Чубак Жалилов жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, диний кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду 0312 32 33 28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  29 
Комментарийлер(72)
29.04.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bizdin psihologdorubuzga karaganda Chubak ajy kyzyktuu joop beriptir
29.04.2014. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мурат деген жигитке сонун жооп бериптир, Мурат сизге кенешим кыздыгы жок болсо деле алыныз балким корконунан чыкпай калгандыр суйсонуз кыз эместигине карабай алат болчусуз, жатып алып кыз эмес экен албай койсом болобу деп сойхххххх.
07.09.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aimeerimka, owondoi da bolobu. Al menenuilonboi koiyw kerek kiin kantip jawait. Eger kuzdugy jok bolso murda bawka menen jatkan anan kuzdugu jok eken da. Kuz oilofonda toigo 1 kun kalganda 1500 berip kuzduk jasatam dep. Biz da korup jatabuz andai kuzdardy. Bul menin oium
29.04.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун жооп берет да. Аймээримка туура айтасын суйсо кызбы квз эмеспи карабай алыш керек. Ушундай периште болгон балдардын айынан жаны уйлонгон жубайлардын ортосунда уруш чыгат.
29.04.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
agrarnik, Саламатсызбы!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир же кандайдыр бир суроолоруңуз болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүз.
29.04.2014. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер-инфо
суроомду кантип берсем болот?
29.04.2014. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
polpota, Саламатсызбы! Кунт коюп окусаңыз.
"Юридикалык, медициналык, психологиялык, диний кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду 0312 32 33 28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз." деп кара тамга менен жазылып турат.
29.04.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чубак ажынын Супер-Инфо гезитинде пайда болушу сонун жанылык. Канча жылдан бери гезиттен, теледен эл-журтка туура таалим корсотуп келет. Супер-Инфодон кетпениз урматтуу Чубак ажы. Озунуз коргондой эл арасында жогорудагыдай билбестиктен адашкандар аз эмес.
29.04.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
26 жаштагы Москвалык Юсуп,сен жол алыс деп скайп менен нике кыйдырсан,анда нике тунду да через скайп менен иштейсинби?ойлонуп суроо берсен.
30.04.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ha haaaaahaaaa boorym ai boorym skypetan nike kyidyram degeni emnesi ХХХ ХХХ nike saga oiynchykpy chypchyn ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 30.04.2014 12:07
30.04.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaz - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.
30.04.2014. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм
30.04.2014. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Скайптан нике кыйдырса болобу деген суроого таң калдым. Кыз келип, Москвадан нике кыйдырса болбойт бекен. Кыз Кыргызстандан келип, бул жактан нике кыйдырып жашагандар толтура го.
30.04.2014. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкасаңар биз руханий жактан динге канчалык чаңкаганбыз. Ушул бет ачылып тиги жылдыз төлгөөгө эч ким кирип жазбаптыр.
30.04.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул Чубак ажынын жооптору мага аябай жагат ток этер жерин айтат.Алла ыраазы болсун сизден.Сизге окшогон илимдуулор кобойо берсин.
30.04.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасын ажыраштырып тагдырын чечкидей алар эмне кудай бекен.Кайра суйунушпойбу апасы бактылуу болуп,кам корор адамы бар экенине.Тоокту жумуртка окута албайт билип кой.Бала керек болсо озунор карап алгыла.
30.04.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул рубрика Кыргызстандан четте жургондорго аябай керектуу экен.Таасир эте турган акыл айтып,кыргыздарды ыйманга чакыралычы.
30.04.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой болбосо бекер да кызык адамдар бар екен.
Эми Чубак ажынын айтканын еске алгыла.
30.04.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окуп отуруп 2 нерсеге тан калдым, телефондон талак айтуу болбойт дешет, ал эми телефондо айтканы учун уйлонуучу жигиттин ордуна агасы никеге турса болот дегени Чубак ажынын озу кошуп динди бурмалагандай эле элес калтырды.
Ал эми суйлошкон кызы кыз чыкпай калган жигитке кенеши да жакпады, айрымдар алдашы мумкун, бирок коп учурда кыз кыздык намысынан эрте ажыраган, башка бироолордун койнунда жаткан бири болуп чыгат, мындайда мен ал жигитке кой, уйлонбо деп айтмакмын, кыз оз баркын билуусу к
01.05.2014. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Revolyutsioner, Жигитиң ар ким менен болуп жигиттигин алдырган болсо. Анын кыз алганга укугу жок.
30.04.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абийирдуу, намыстуу кыз, жигит канча азгырса да никеге чейин аны менен жатып албайт, башкасы менен да, озун болочок куйоосуно арнап, пакиза, таза бойдон баруусу керек нике тунуно, ар кимдин тошогундо жаткан кызды омурлук жар кылып алуу канчалык жийиркеничтуу ар ким тиштеп жеп калтырган таштанды нанды жеген сымал.. Туура тарбия беруу керек, мораль, салт, ыйман адамдарда жогору болуп ар бир адам зынакорлукка барбоосу, никесиз башкасы менен болбоосу кажет ар бир аял эркек, Чубак ажы ушуну айтсын!
30.04.2014. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsioner, биларман болсоң жолугалы. Чубак ажы эмес мен сага 10 далил таап берем китептен.
07.09.2014. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadasdasd, eger elestet bala toigo cheiin uwintip bilbei kalsa kuzdugun. Kuz bolso toi kunu kuz kulup alsa... Emi ozun da oilonup kor. Je sen uwundailardu kaalaisunbu
30.04.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир суроо-жоопторду окуп олтуруп "Молдонун ХХХ жок бекен" деген анекдот эске тушуп кетти.)))
Модератор admin_portal түзөттү 30.04.2014 18:05
30.04.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвадагы Муратка дин боюнча тушунугум эл катары же жарды болгонуна карабай оз кенешимди айтууну туура кордум. Эгер суйлошкон кызын, 2 тараптын ата-энелери макул болсо суйлошкон кызын сенин алдына, Москвага келсин, келээри менен Москвадагы мечиттердин бирине барып, молдого нике кыйдырткыла, анан ата-эненерге суйунчулоп батасын алгыла, ошондо менимче шариятка толук жооп берет, ал эми Чубак ажы айткандай сенин ордуна никеде келинчегин менен кайнагасынын отушу, менин тушунугумдо ото сосл корунуш
30.04.2014. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsioner, Шарыят сенин оюңан сурап иш кылбайт. Никеде Вакил фил ижаб вал кабуул деген термин бар. Ошонун негизинде дурус. Сенин 0 % тушунугун аны тушунгучө көп бар.
30.04.2014. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dadasdasd, бийлик азыр мыйзамды озунорго ылайык кылып озгорткон сымал силер да динди оз каалоонорго жараша озгортуп жатасынар, эгер мындай динди озгортуу менен никени туура тапсанар анда телефон аркылуу талак беруу да динге туура келет деп тушуном... Хадистердин биринде динди туура эмес чечмелеген чала молдолордон алыс болгула деп айтылган, сен азыр ошол чала молдо болуудасын, бир тараптан АШАны жактап, экинчи жактан динди бурмалап!!!
30.04.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажынын айтканы, Молдонун айтканын да кылба болуп калыптырго. Revolyutsioner,сиз туура кенеш бериптирсиз.
01.05.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadasdasd - 1 күнгө БАН!
Башка колдонуучулардын да пикирин сыйлаңыз, жеке айтышууларга жол берилбейт.
01.05.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон рахмат сизге коп нерсени билдим
01.05.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирин олуп,бирин кал дегендей
02.05.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat Chubak aji,ishinizge iygilik
02.05.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажы азаматсыз суроосуна жараша жоопту
да жайлаптырсыз
Айланайындарым емне деген еле суроолор!!!
03.05.2014. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми билбей сурадыда скайптан болобу деп!баарын билгенсип шылдын кылган дурус эмес туугандар.
03.05.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chubak aji mikti joop beriptir Allah irazzi bolsun!
03.05.2014. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зульфия эмне апаң сага нянкабы. Үйдө бала багып отуруш керек деп. Эмнеге агаң экөөң каалаганды кылыш керек. Деги апаңардан эмне каалайсыз сиз деп сураган жоксуңарбы, же апаңардын каалоосунан силердин каалооңор жогору турабы. Ар бир адамдын тем более эненин бактылуу болгонго толук акысы бар сен каалайсыңбы каалабайсыңбы. Сен апаңдын маңдайыңда аман эсен отурганына шүгүрде
04.05.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динди туура эмес чечмелоодон же оз кызыкчылыгына жараша озгортуудон улам дин бутактанып ар кандай багыттарга, радикал топторго болунуп жатат, Хизбут-тахрир да ошол коп агымдын бироосу. Чубак ажы аалым, айткандары туура десе эле копчулук сокур сымал ооба дей берет экен, эгер Чубак ажы айткандай нике окууга же жигиттер сойку кыздарга уйлонууго мажбур болсо телефондон талак беруу, уйдо отуруп мечит менен on-line байланыш тузуп жума намазын окуу ж.б. модага кирет экен да анда! Акылынарга баракелде!
04.05.2014. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ali-Baba, кыз менен болдум деген жигит өзү сойку эмеспи. Чубак ажы мактоого татыктуу зат эмес. Бирок Аллах ага Орто Азияганын атынан жооп бергидей илим берген. Кыйын болсон сенда жооп бер көрөлү.
05.05.2014. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажы. Жакшы жооп берет
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо