№599 25-апрель-01-май, 2014-ж
Жаз менен кошо айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалоо мезгили келди. Салтка айланып калгандай эле бул жылы да чыгармачыл адамдардын катышуусу менен «Ата-Түрк» сейил багында жайгашкан «Супер-Инфонун» «Достук» багында ишембилик өткөрдүк. Ишембиликке кол кабыш кылганы «Кеңеш» тобунун ырчысы Мүзүр Мамбетов, «Жебе» тобунун жигиттери, Айгерим Расул кызы, Гүлнур Асанова, Асел Кадырбекова, Бегимай Бекбоева, Нурлан Насип, Самат Эркинбек уулу, Жоодарбешим жана «Супер сулуу-2013» сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиевалар келишти. Ишембилик күлкү- шаң менен коштолуп, пайдалуу иштер менен бүттү.
Ишембилик саат экиге белгиленип, күн ысык болгонгобу, жумуш учурунда көп ырчылар ысыкка чыдабай, көлөкөгө качып жатышты. Ырчылар тигилген бактардын түбүн жумшартып, чириген жалбырактарды тарап, таштандыларды чогултуп, айтор, шайы оогончо иштешти. Тыныгуу учурунда тамашалашып, чогуу сүрөткө түшүшүп, бири-бирин зериктиришкен жок. Учурдан пайдаланып кызуу иштеп жаткан Айгеримге төмөнкүдөй суроолорубузду узаттык.
– Айгерим, үйүңдө деле ишембиликте жасаган жумуштарды кыласыңбы?
– Ооба, мындай жумуштарды кылгандан качпайм. Учурда жер там салып жаткан кезибиз. Ошол жакка барып, бая күнү толтура арча отургузуп келдик. Мени көп эле жерге ишембиликке чакырышат. Алар мени кара жумуш кылдыртып, кыйнап иштеттиргиси келбесе керек, жөн гана эл көзүнө көрүнгөн адамдардын кылган иши башкаларга үлгү болсун деген максатта чакырышат.
– Ал эми «Супер-Инфо» уюштурган ишембилик эмнеси менен өзгөчөлөндү?
– Биз барган «Достук» багы таза эле экен, ошентсе да таштандыларды чогултуп, чириген жалбырактарды тарап, бактардын түбүн жумшартып койдук. Мурунку тигилген көчөттөр чоңоюп калыптыр. Сейил бакка эс алып келгендерге деле жакшы да, тегерек чети таза болсо. Мага жакканы, ырчылар баарыбыз жапа тырмак иш кылып, шаңдуу маанайда жумуш кылганыбыз болду. Жоодарбешим, курбум үчөөбүз болуп селкинчекке түшүп келгенге да жетиштик. Кыскасы, эс алуу менен жумушту айкалыштырган сонун ишембилик болду.
– Ишембиликке келген ырчы кыздар баарыңар жасанып келгендей туюлду мага?
– Көпчүлүгүбүз эле спорт кийимчен келдик го, мен чачымды үйдө деле жайып жүрөм. Тескерисинче, мен ишембиликке боёнбой келдим (күлүп).
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Орункул менен Гулнур молодец. Боенуштун деле кереги жок мындайда. Тердегенде зебра болосун болбосо
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, Айгерим Расул кызы тууралуу маалыматтарды окуй аласыз: http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=Айгерим+расул+кызы&x=0&y=0&media_search=1