№599 25-апрель-01-май, 2014-ж

Мындан эки жыл мурун белгилүү дизайнер, шоувумен Ассоль Молдокматова менен мушкер Алмазбек Раимкуловдун сүйүүсү, андан кийин баш кошуусу элди дүң кылган. Бир жарым жылдан соң «алар ажырашып кетишиптир» деген кеп тарап, бирок түгөйлөр ал сөздү жокко чыгарган. Акыркы күндөрү ошол тема кайра козголуп, элдин аңдыганы эле экөө болуп калышкан эле. Бул маалыматтын чын-төгүнүн билгиче эле Алмазбек Раимкуловдун Голливуд тасмасында башкы ролду жаратып жатканын угуп калдык. Мушкер жашоосундагы акыркы жаңылыктарын жашырбай, ачыгын айтып берди.
– Саламатсызбы, Алмаз мырза? Сизди «Голливуд тасмасында башкы ролго тартылып жатат» деп уктук. Кубанычтуу кабарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?..
– Саламатчылык. Ооба, учурда Голливуддун жаш режиссёру Давиде Молино тарткан мелодрама жанрындагы тасмада башкы ролду жаратып жатам. Тасма реалдуу турмуштан алынган. Каарманымдын тагдыры да меникине окшош. Андыктан дароо эле бул идеяны жактырып, макулдугумду бердим. Спорт жаатында эле жүрө бербей, актёрдук шыгымды ачканга неге болбосун? Өзүм деле «Голливуд актёру» деген атка конгум келет.
Мен жашоодо көп нерсеге туш болдум. Эң биринчи эле алыста жүргөндүктөн мекениме болгон кусалык дайым менде жашап келерин айтайын. Андан сырткары спорт жаатындагы жараткан ийгиликтерим, утуштарым көп болду. Кубаныч-кайгы, сүйүү сезимдери, катачылык, ажырашууну башымдан өткөрдүм дегендей...
– «Ажырашуу» дегениңизден улам бул суроону бербесем болбос. Көптөн бери эл арасында Ассоль айым экөөңүздөрдү «ажырашып кетиптир» деген кеп жүрөт. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Бул сөз чындык. Жашырганда эмне, Ассоль менен чогуу жашабай калганыбызга бир нече ай болду. Экөөбүз расмий түрдө ажырашканбыз.
– Сыр болбосо, айтсаңыз, ажырашууңуздарга эмне себеп болду?
– Биздин ажырашуубузга мен эч кимибизди күнөөлөбөйм. Чогуу жашап жүргөндө биз ушунчалык таттуу, бактылуу күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Ага күйөрмандар да, жалпы эл да күбө. Кээде бакыт түбөлүктүү болбой калат экен. Ассоль менен бирге кечирген күндөрдү, албетте, унутпайм. Кыргызда «Маңдайга жазгандан качып кутула албайсың» деген кеп бар эмеспи. Ассоль экөөбүздүн турмушубуз ошондой болуп калды. Маңдайыбызга чогуу болуу жазылбаган экен, тагдырга моюн сундук. Ассоль да, мен да өйдө-ылдыйды түшүнгөн адамбыз. Ошондуктан айрымдардай болуп урушуп-талашпай эле акылдашып, ушул чечимге келгенбиз.
– Адатта, эки ажырымга түшкөндөр бет карашпай калышат эле. Сиздерде кандай бул жагдай?
– Азыр экөөбүздүн тең интернеттеги жеке баракчаларыбыздагы сүрөттөрүбүздү карап көрсөңүздөр, бирибиз да депрессияга батып, капаланып калган жокпуз. Экөөбүз тең жаңы дем менен жаңы жашоону баштаганыбыз билинип турат. Биз келечекте бир болбосок да, дос катары кала беребиз деп ойлойм. Бирок достуктан жакын нерсе болушу мүмкүн эмес. Экөөбүз тең жашпыз, келечекте сөзсүз өзүбүздүн чыныгы сүйүүбүзгө кезигерибизге ишенем.
Дагы бир нерсени кошумчалай кетейин, ортобузда наристе боло элек эле. Эгер бала болуп калса, анда ортодо күнөөсүз наристебиз жабыр тартып калмак.
– Бизге берген мурунку маегиңизде «Ассолго жаш кезде эле жетем деп максат койгом» деген элеңиз. Орундалган кыялыңыз көпкө узабай калганына өкүнгөн жоксузбу?
– Адам баласы жашоодо көп нерсеге туш болот экен. Мен жашоодо жакшы аялдар менен турмуш курдум. Ортобузда болгон бактылуу күндөр, таттуу сезимдерди жүрөгүмө сактап келем. Өткөн ишке өкүнбөш керек. Өкүнүч алдыга кадам таштоого тоскоолдук гана кылат.
– Маегиңизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Ийгилик
мудурбос туяк.
Жанылбас жааак болбойт.