Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айжан Акылбекова:«БАЛДАРЫМДЫ САЯСАТКА АРАЛАШТЫРГЫМ КЕЛБЕЙТ»

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж

Элибиздин сыймыктуу уулу, «Замандаш» партиясынын түптөөчүсү, маркум Мухтар Өмүракуновдун жубайы, актриса Айжан Акылбекова учурда хиджаб кийимдер коллекциясын чыгарып, 3 уулун тарбиялап, өзүн теледен сынап келет. Бүгүн биз ажарлуу актриса менен үй-бүлө, балдарга тарбия берүүдөгү өзгөчөлүк жана чыгармачылык тууралуу баарлаштык.

– Cаламатсызбы, Айжан,   учурда кандай иштер менен алек болуп жатасыз?
– Кандайсыздар, быйыл  кышы менен жеке иштеримден  колум бошобой, коомдук иштер менен алектенгенге такыр убакыт болгон жок. Учурда тележурналистмин, ушул тапта коомдо чоң орду бар долбоорду даярдап жатабыз. Жайы менен иштеп чыксак, буюрса, күз айларында даяр болуп калат. Мындан тышкары хиджаб кийимдер коллекциясын чыгарып келем. Ар бир мусулман адам колунан келген жакшы нерселерди кылуусу керек. Апаларга, эжелериме, сиңдилериме коомдо өзүн татыктуу алып жүрчү кийимди тандоого жардам берүү колумдан келет экен, ошону аткарып жатам.

– Азыр жаш кыздар байларга экинчи, үчүнчү жубай болуп турмушка чыккандарын көрүп эле жүрөбүз, ушундай түгөйлөрдүн ортосунда сүйүү болушу мүмкүнбү же жөн эле бай жашоонун далалатыбы?
– Чындыкка тике карай турган болсок, тээ атам замандан бери кыргыздын бай-манаптары «байбиче», «токол» дешип, бир нечеден аял алып келишкен. Андыктан сиз айтып жаткан маселе кыргыз элине жат көрүнүш эмес. Өзүмдүн тажрыйбама таянып, бирөөгө кеңеш берүүдөн алысмын. Анткени бул нерсени ар ким өз дүйнө таанымына, илим-билиминин деңгээлине жараша кабылдайт. Менимче, сезим болбогон жерде үй-бүлө көпкө кармалбайт. Эгер кыз байлыкка чөмүлгөндөй жашоону максат кылса, анда ал максатына жетет, анткени баарын камсыз кылып, жаш кызды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн үйдө отургузуп койгон эркектер толтура. Андай эркектер аялын элге алып чыкпайт, шарият талап кылгандай «аялым» деп ачык көргөзбөйт. Бирөөнүн экинчи же үчүнчү аялы болосуңбу, эң башкысы эл сени ошол адамдын аялы катары таануусу керек.

– Жеке жашооңуз тууралуу сурасак. Кайын журтуңуз менен мамилеңиз кандай?
– Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан, жээн-бөлөлөрүм менен бир туугандай болуп катышам. Башка түшкөн чоң кайгы адамдарды жакындатып же алыстатып коёт экен. Мухтарга турмушка чыккандан кийин мен үч агалуу болгом. Алар Мухтардын ага-инилери. Мурун бир иш жасасам Мухтарды ойлочумун, азыр Мухтардын бир туугандарын ойлоп калдым, «Эмил байкем, кайнилерим кандай кабыл алат» деп. Мен аларга толугу менен ишенем.

– Жаш туруп башыңыздан көп кайгы өткөрдүңүз, жолдошуңуздун көз жумганына 3 жыл болду, көөдөнүңүздөгү күйүт басаңдадыбы?
– Башыма келген ар бир сыноону Алланын ырайымы деп түшүнөм. Албетте, сыртыңдан билдирбегенге аракет кыласың, бирок бул нерсе мени менен өмүр бою жүрө турган оору. Өтүп кетпейт, унутулуп калбайт, бул ушундай бир азап. Муну менимче баласын жоготкон энелер гана түшүнөт. Жашоо бардай, ошол эле убакта жоктой.

– Артыңызда жашооңузга үмүт берген балдарыңыз турат эмеспи?
– Ооба, азыр балдарым үчүн жашагым келет. Бирок Мухтардын көзү өткөндөн кийин күнүмдү санап жашайм. Себеби ошол окуядан кийин гана өлүм менин башыма да келерине ынандым. 

– Уулдарыңыздын ичинде атасынын жолун жолдоп, саясатка ыктачулар барбы?
– Билесизби, мен балдарымды башка нукта, саясаттан алысыраак тарбиялаганга аракет кылам. Билбейм, «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болушу мүмкүн. Бирок Мухтардын көзү тирүү кезинде көп татаал кырдаалдарга туш болгонбуз. Саясат эмне экенин өзүмдүн жон терим менен сезгем. Бийликтеги адам дегеле адамга жакпайт, андыктан балдарымдын чөйрөсүнүн чектелишин каалабайм. Бул нерсе мага абдан оор, анткени Мухтардын жасай албай калган иштери үчүн ичим ачышат.

– Балдарыңыз кимге окшош?
– Кичүү уулум Адам адамдар менен бат тил табышат, анан ким эмне сураса бере коюп, кайра колунда эч нерсеси жок келип калат. Жеп жаткан нерсесин да жарымын тиштеп, жарымын сураган адамга берет. Ошол жагы атасын тарткан. Ал эми экинчи уулум Атахан мага окшош, жалгыздыкты жакшы көрөт. Өзү каалаганда гана байланышка чыгат. Бир таарынса беш-алты күн үн катпай жүрөт. Улуу балам Бакай Мухтар экөөбүздү тең тарткан, дипломатиялык байланыш түзгөндү мыкты билет. Менден бирдеме сурагысы келсе кагазга жазып туруп, бөлмөмө коюп коёт. Мухтар өзү кичүүбүз Адамды өзгөчө жакшы көрчү. «Бул баламды өзүм төрөгөм» деп да тамашалап калчу. Эртең менен жумушка бара жатканда өзү тамак берип, Адам атасынын бутун кучактап, «кетпе» деп  ыйлаган боюнча калар эле.

– Сиз азыр жашсыз, жылдар өтөт, «убакыт баарын дарылайт» дегендей, келечекте жаңы турмуш курушуңуз мүмкүнбү?
– Бул мен үчүн жабык тема. Жараат айыкпайт, ал жөн гана өтүшүп кеткен дартка айланат, орду толбойт. Мурункудай курч болбосо да басаңдашы мүмкүн, бирок жүрөгүңдө дайыма ал адам жашайт.

– Өткөн күндөрдөн өзүңүзгө кандай сабак алдыңыз?
– Эл көзүндөгү адам болгондон кийин сөзсүз ызаланууга, акыйкатсыздыкка туш болосуң. Жеке жашоомдо болуп өткөн окуялар мени абдан чыңалтты, бышырды. Азыр мени сөз менен кемсинтип, ыйлатуу дээрлик мүмкүн эмес. «Эгерде» деген шайтандын сөзү бар эмеспи. Анын сыңары, эгерде мен Мухтар Кубага кетип жатканда аны акыркы жолу көрүп жатканымды билгенимде, көп нерсени айтып алмакмын. Азыр мага бул шаарда жашоо өтө оор, себеби анын ар бир бурчу Мухтарды эстетет. Мүмкүнчүлүк болсо чет өлкөдөгү мусулман мамлекеттеринин биринде жашагым келет.

– Мухтар байке сизге кандай белектерди берчү эле?
– Мухтар менен жашаган алты жылда менин вазам гүлсүз, бош турчу эмес.

– Маегиңизге чоң рахмат!

КЫСКА СУРОО-ЖООП:

– Мухтар байкенин биринчи жубайы менен мамилеңиз начар деп угуп калабыз?
– Ал киши менен мамилебиз жаман да, жакшы да эмес. Эгер биз сүйлөшпөсөк, кантип жаман же жакшы болушу мүмкүн.

– Балдарыңызды жолдошуңуздун биринчи никесиндеги балдары менен катыштырасызбы?
– Ооба, бир туугандар абдан жакшы мамиледе.

– Түндө көбүнчө эмнени ойлоносуз?
– Жатар маалда «эртең менен ойгономбу же ойгонбоймбу» деп ойлоном.

– Эгерде сизге дагы бир өмүр берилсе, эмнени өзгөртөт элеңиз?
– Жоолукту өз убагында, бойго жеткенде эле салынмакмын.

– Учурда бактылуусузбу?
– Бактылуумун же бактысызмын дебейм. Баарына шүгүр кылып жашайм.

– Үйдө болсоңуз деле жакшынакай жасанып жүрөт экенсиз?
 – Ооба, мен үчүн Мухтардын элеси кымбат, андыктан үйдө жүрсөм дайыма таранып, боёнуп жүрөм.


«Мухтар барда вазам гүлсүз, бош турчу эмес».

«Мухтарды эстеткен шаарда жашоо – мен үчүн оор».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(53)
28.04.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айабай акылдуу,созу ордунда адам экен. Бактылуу болун!
28.04.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан озу жар болсун Балдарындын бактына аман бол!
28.04.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым балдарынызга мээримдуу эне болуп журо бериниз. Бирок дагы да жашсыз эгер жакшы адам чыкса дагы да турмуш куруп бактылуу болушунузду каалайм. Менимче ошондо гана жолдошунуздун арбагы ыраазы болот
28.04.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий бул кыз "Чиркин омур" деген сериалда роль жараткан кыз эмеспи? Сулуу кыз эле ошол маалда токтоо,ажарлуу,жылдыздуу!!!Азыр деле ошол жылдыздуулугу озу менен экен. Мухтар дегенин тааныбасам да жаткан жери жайлуу болсун.А сиз балдарыныздын бешенесинде ар дайым ден-соолукта бар болунуз!
29.04.2014. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
AMAH-2, ооа асылбек озубеков мн олло обушуп жыргаган
06.05.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirpik, "Чиркин омур эмес" "Апамдын махабаты" сериялында рлль жаратан
28.04.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмнегедир жошоосу Ассольдукуна окшош экен. Ассоль экинчи куйоосу кайтыш болгондон сон мода дуйносуно аралаша баштаган. Анын да куйоосу бир топ жаш чон эле озунон. Андан бир эле баласы барда болгону
29.04.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
momuntay, Ассольго окшобой эле койсун!
28.04.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах раазы болсун сизден.Ишинизге ийгилик!)
28.04.2014. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Myna saga jooptor,en akylduu adamdyn joobundai abdan tan kaldym azamatsyn!
28.04.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай суктанарлык аялзаты. Балдарыныздын урмат-сыйын корунуз. Аллахым дайыма колдосун сизди.
28.04.2014. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muhtar baikeni abdan jakshy kor4u elek...kairattuu bolup ele baldarynyz mn bar bolunuz!azamatsyz,airyk4a kaynjurtunuz jonundo aitkan kebiniz menin jurogumo uyalady,en sonun sozdor!!!
29.04.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо улана берет деп бекеринен айтылбаса керек.Балдарынын жыргалын корсун эми.
29.04.2014. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу аял экен!
29.04.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кимдин кимдин заманы,токолдордун заманы болду го.гезит бетинен тушпой.эшимканова сымаалдар байма бай каттап калышты
04.05.2014. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat., en tuura aityptirsin ))))
29.04.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баары бир биринчи аялынын уруксатысыз жашагандыгы чын болгондуктан, бузуп тийген. мумкун кайран чыгаан жигит ушунун кесепетинен бул ааламдан откондур, кечирип койгула мен Мухтар аганын 1-аялынын ком. окуп ушул ойго кептелдим.
29.04.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasgul, биринчи аялынын коментарийи кайда турат таппадым
02.05.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
IRA, мен коментарийин кайсыл бир газетадан каза болгон сон окугам, бул кыз ал киши каза болгон сон анын туулган кунундо операция жолу менен торойм деп жоготуп алган бир наристесин да, ошондон улам билем
02.05.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jasgul, biroono syn taksan oshol nerse ozundun bashyna kelmeyin bul duinodon otpoisun deit islamda. Dalili jok jazgandan alys bolunuz
29.04.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз. Хиджап сонун жарашыптыр.
29.04.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анан кантсин Мухтар аба сулуу кыз мандайында турганда. Просто 1-аялына жалко, экоо чогуу кыйынчылыктарды коруп, Мухтарды Мухтар кылганда ажырашып кетишти. А Айжан даярга дап болду. Эми ар ким озунун тагдырын озу чечет. эмне болгонун оздору, анан Кудай билет. Бирок ушундай эркектерге жинин келет.
29.04.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Экоо чогуу аз жашаса да, саз жашашыптыр. Балдарына бактылуу балалык каалайм.
29.04.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кээ бири жыргап комментарий беришсе, кээ бири ыйлап беришиптир. Бироого ый, бироого кулку деген ошо да. мен бул кызга чындап эле боорум оорйт, абалы оор, баарын ичине катып журот, бук болот, суйгонун сагынып издейт бирок таппайт, ото окунучтуу болду. Жакшы адамдар аз жашайт деген чын тура. Аттин Муктар байке, олбой калсанын эмне болмок эле.
29.04.2014. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuyoogo tiydi kayra dep jatpadinar bele aa dostor?
29.04.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Айжан. Абдан жакшы жооп бериптир.
29.04.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Муктардай жигитке эки эмес торт аял аздык кылмак канчалаган адамдарга колун сунуп жардам кылды россиядагы кыргыздарга окмот кылалбаган нерселерди кылды го кайран жигиттин омуру кыска экен аттин дуйно
30.04.2014. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Manap_kg,
ар бир сөзүңө жазылып өтөм!
Ал адамдын кылган иштери азыркы жаш муундун көп эсинде жокда.
Мухтар мырзанын жөнөкөй коом м.н, эл м.н жуурулушуп жүрөөр эле...
Чыгаан жигиттерибизди сыйпалап калдыкко
Модератор admin_portal түзөттү 01.05.2014 09:29
29.04.2014. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Manap-kg, туура айтасыз. Мухтар агабыз журт туптоочу, элдин башында турган кыргыздын кыраан азаматы болгон эле. Эркек эки эмес жети аял алса да, ошол ар бир уй-булосун багууга кудурети жетсе неге болбосун? Тескерисинче коп эрге тийуудон Жаратканыбыз сактасын. Айжан айымга, уулдарына Жаратканым озу жар болсун.
29.04.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жагат
30.04.2014. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен Ассоль менен Айжанды салыштырып жатып комментчилерге тушунбодум, бир соз менен экоо тен куйоолорун мурунку аялынан тартып алгандай элес бар, негизи эркек озу чечет дечи, бирок бироон жер кылып тепсеп, бироонун кайгысына бактынды кургансын деп жемелеп, экинчисин туура кылгансын дегендей ай-кунго тенеп мактапсынар, айырма биринчи жуп ажырашып кетти, экинчи жуптун эркеги каза болду. Же кептин баары хиджаптабы, хиджап кийинсе эле ыймандуу, тушунуктуу болуп чыга келеби, озгоро калабы адам?....
30.04.2014. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ким бироо жазыптыр Мухтарга 2-3 аял аздык кылат деп, эмне Мухтарга жарашса Алмазга жарашпайт бекен же Алмаз Кыргызстандын желегин аз желбиретиптирби? Мухтар биринчи аялы менен ажырашканда эч ким сын айтпаса керек эле?! Хиджап кийгендер ыймандуу болот башкаларга салыштырмалуу, хотя араснда сойкулар кездешсе да, ал эми тушунуктуу, акылдуу боло калат дегенге макул эмесмин, динге берилген, дин тууралуу тушунугу арткан бир топ адамдарды билем, бирок алардын тушунугу ошону менен чектелет экен..
30.04.2014. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Динге кобуроок берилген ага-ини, эже-карындаштар капа болушпасын, бирок кругозорду остуруу учун динден башка тарыхты, экономиканы, каада-салтты биле журсонор жакшы болмок, динди салтка каршы койбогула, дин деп улутубузду, салтыбызды чанбайлы. Ал эми Мухтар байкени коомдук ишмер катары сыйлачумун, бирок саясатчы катары эмес, ал саясатчы катары Акуйдун колундагы куралга айлана баштаган! Жаны жаннатта болсун!
02.05.2014. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Revolyutsioner, duino taanymy keniri, baardyk sferada bilimduu adamdar gana islam dinin keremet jana talashsyz tuura jol ekendigin dalildey alyshat. Islam bul beriluu emea, bul bizdin butundoi jashoo obrazybyz.
30.04.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ал эми келинчеги балдарына татыктуу тарбия берсин, Ассоль менен Айжанды 10-20 жылдан кийин балдарынын тарбиясына, коомдогу ордуна, адамгерчилик сапаттарына карап баалоо туура болот, бул 2 айымдын эне катары ошол наамга канчалык татыктуу болгонуна... ал эми комментчилерге кайрылуум ар ким оригиналдуу, таамай ой айтышса, калыптанып калган догмаларга таянып "ажырашкан катын жаман, хиджап кийсе демек жакшы" деп кыска ойлонушпастан.. Жакшы аял хиджап кийсе да, кийбесе да жакшы, ыймандуу болот...
01.05.2014. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Men birin4i ayalina tartam, baikushtun kuiosu jaw aialga uilonup getkenin eslestetip korup anan jazgyla4y, owol ejege rahmat ushundaiga 4ydagan, anin birin4i suiuusu bolgon, uwundai ХХХ ХХХ ХХХ menim4e!!!(Kudaiym ozu ke4irsin!)
Модератор admin_portal түзөттү 01.05.2014 09:28
01.05.2014. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lolo - эскертүү!
Эмоцияларды кармаңыз.
02.05.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Islamga, Hidjapka shek keltirbesenizder. Albette kemchiliksiz insan bolboit. Birok biz alardi sindaganga ukugubuz da jok. Eger Islam erejeleri menen makul bolbosonuz,Islamdy karalap kalish kerek emes da. Ylayigi kelse kelbese dele dindi sindap kalasinar.
04.05.2014. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жооптор так так берилиптир го.
31.05.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне бп каза болду эле,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо