«Style Mix» тобу:«Максатыбыз – «ЖАҢЫ ТОЛКУНГА» КАТЫШУУ ЭМЕС, ЖЕҢҮҮ»

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж

Жыл сайын Латвиянын Юрмала шаарында өтчү «Жаңы толкун» сынагына Кыргызстан акыркы жылдары активдүү катышып келет. Быйыл аталган музыкалык сынакка таланттуу, позитивдүү кыз-жигиттерден түзүлгөн «Style Mix» триосу Кыргызстандын атынан барышмакчы. Сизге топтун аты тааныш эместей туюлса чочулабаңыз, анткени бул топтун мүчөлөрү таланты менен сиздин күмөн оюңузду толугу менен жокко чыгарууга даяр. Анда суроолорубузга көңүлдүү жооп берип, гитаранын коштоосунда ырдап-бийлеп, айтор, мыкты маанай тартуулаган топтун мүчөлөрү менен болгон маекти тартуулайбыз.

– Кандайсыңар, тандоо турунан өтүп, «Жаңы толкун» сынагынын финалына чыгышыңар менен куттуктайбыз. Силердин моюнуңарга бир өлкөнү татыктуу көрсөтүү жоопкерчилиги жүктөлдү, айтсаңар, жеңгени бара жатасыңарбы же катышканыбы?
Илима: – Саламатсыздарбы, биринчиден, чакырганыңыздарга рахмат. «Жаңы толкун» сынагынын тандоо турунан финалга өттүк. Биздин максат – катышуу эмес, жеңүү. Сөзүбүз куру болбош үчүн жеңишке жетүүгө бүт аракетти көрүп жатабыз.

– Тандоо туру кандай өттү жана силердин топ кантип аталган сынакка катышып калды?
Талас: – Биздин топтун түзүлгөнүнө бир жыл болуп калды. Репертуарыбызда 2-3 ырыбыз бар. Адилет, Илима үчөөбүз кафеде ырдап иштечүбүз, ошол жактан табышып, топ түзүү тууралуу ойлорду бирге бышырганбыз. Аталышы тууралуу айтсам, «Style Mix» кыргызча «стилдердин аралашмасы» деп которулат. Чынында биз бир багытта ырдабайбыз, рок, жаз, поп, R&B жанрындагы ырларды аткарабыз.
Адилет: – «Жаңы толкунга» колдоо көрсөткөн байкелерибиздин жана продюсерибиз Миргүл Эсеналиеванын жардамы менен катышып калдык. Тандоо туру 19-20-апрель күндөрү Москва шаарынын «Бородино» мейманканасында өттү. Кыргызстандан бизден башка Миңжашар жана Адилет Азимов деген балдар барышкан, бирок калыстар тобу бизди тандашты. Сүйүндүк, жыргадык, толкундандык, айтор, эмоциялар эми укмуш.

– Эми өзүңөрдү тааныштырып өтсөңөр?
А.: – Бул жакта эң улуусу, сулуусу, «милашкасы» менмин дебейимби (күлүп). Биздин топтун сулуусу, эркеси Илима. Мыкты вокалистибиз Талас, ал эми мен гитарада ойнойм. Үчөөбүздү музыкага болгон сүйүү, бекем достук бириктирип турат десем болот. Анан кыялдарыбыз да бир. Үчөөбүздүн тең музыкалык билимибиз бар. Музыка тандоодо ортобузда талаш жаралбайт. Үчөөбүз тең бир багытта ойлонобуз.

– Ал жактагы башка өлкөдөн келген катышуучуларды байкап көрсөңөр керек, атаандаштарыңардын кимиси күчтүү экен?
А.: – Чынында, ал сынакка жөн адам катышпаса керек. Баары жаш, таланттуу, алардын гитара черткенин көрүп, бул жакта уялганыңдан гитара черткиң келбей калат экен. Башында катышуучулардын баары эле тескери көздөрү менен карап жатышкан, жактырбагансып. Биз чыгып ырдагандан кийин гана жаныбызга келип саламдашып, таанышып башташты. Калыстар тобундагы Ирина Дубцова, Филипп Киркоров, Игорь Крутой кол чаап отурушту.
И.: – Германиядан келген Глэдис деген ырчы кыз күчтүү экен.

– Азыр сынакта ким жеңери белгисиз, бирок анын жыйынтыгына карабай мындан ары топ катары өзүңөрдү кенен жайылтканга аракет кыласыңарбы?
Т.: – Сөзсүз түрдө, аталган сынакка катышып Кыргызстанга таанылып алсак, КМШ өлкөлөрүнүн аренасын багындыруу кыялдарыбыз бар.

– Анан Юрмалага качан аттанасыңар?
И.: – Азыр так датасы белгилене элек. Бирок июнь айынын ортолорунда деп жатышат.

– Маегиңерге чоң рахмат.
Калк арасында «бул жылы сынакка күчтүү команда кетип жатат» деп жеңиштен үмүт кылгандар көп. «Style Mix» триосу Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келет деген үмүттөбүз.

Топтун мүчөсү Адилетти «Тамашоу» курама командасынын оюнчусу катары тааныйбыз. Ошондой эле «2013-жылдын супер клиби» наамын уткан Ильяз Андаштын «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар» аттуу ырынын клибине да тартылган жайы бар.

БУГА ЧЕЙИН «ЖАҢЫ ТОЛКУН» СЫНАГЫНА КЫРГЫЗСТАНДЫН АТЫНАН БАРГАН ЫРЧЫЛАР

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагына катышат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(88)
SUPER.KG видео
24.04.2014. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soz jok
SUPER.KG видео
24.04.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар.Ийгилик.Жениш менен мекенге кайткыла.
SUPER.KG видео
24.04.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ундору чынында эле аябай соонун... тумар радиосунун туулган кунундо келгенде биринчи укканмын... тан калгам, чын дилимден ийгилик каалаймын!!! Ушундай талантту адамдар менен биздин бутундой мамлекет сыймыктанат!!!
SUPER.KG видео
24.04.2014. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga sasyktarym baryp birin4i orundu alyp kelgile!
SUPER.KG видео
24.04.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ийгилик каалагандан кур калбайын. Азаматтар, чындап эле үндөрү бар экен.
SUPER.KG видео
24.04.2014. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик !
SUPER.KG видео
25.04.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик!Кыргызымдын желегин желбиретип ийгилик алып келгиле!Ушунча элдин ишеничин актагыла
SUPER.KG видео
25.04.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой азаматтар,эч кандай апарат-сапараты жок эле ырдап коюшту го. Аябай таланттуу балдар,кыздар экен.
SUPER.KG видео
25.04.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шляпа кийген бала ушунчалык,ыймандуу,орду менен жакшы суйлойт экен, ал эми кызы болсо бир высокомерный ххх окшошуп турат, надеюсь я ошибаюсь и она тоже как и Чолпон с Нон Стоп будет простой и очень классной девушкой!
Модератор admin_superstan түзөттү 25.04.2014 18:59
SUPER.KG видео
25.04.2014. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы ийгилик!!
SUPER.KG видео
25.04.2014. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Usul toptun urlarunan juktogulo4u super.kg misalu juroktogu sezim!
SUPER.KG видео
26.04.2014. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Топтун атын озгортушунор керек кыргызчага. Силерди молодежь эмес чон муундар да угуш керек.
SUPER.KG видео
26.04.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын дилимден суйундум! Булардан женишти кутсок болот! Мен бул топтун аткаруусундагы ырлырды радиого коноко келишкенде укканда эле жаккан
SUPER.KG видео
26.04.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы вообще класс
SUPER.KG видео
27.04.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан позитивдуу топ экен! ундору да жакшы озгочо кыздыкы! Ийгилик каалаймын сыймык ушундай кыз жигиттерибиз бар экекине! Албан албан ийгилик!
28.04.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилет коздору м.н оло шартетет экенго
28.04.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз силерге ишенебиз,бул бул унунор менен КЫРГЫЗСТАНыбызды данктап даназалайсынар! Ийгилик силерге:-)
28.04.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой мыннчча татынакайсынар.Коз тийбесин.
28.04.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринин да музыкалык билими жок экен
28.04.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asi_93a, билим болбогону менен талант бар экен! Мындай талант ар кимге бериле бербейт. Ийгилик каалайм "Стайл Микске"!
SUPER.KG видео
28.04.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super voice!
SUPER.KG видео
28.04.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынын айтсам Американы багындыруу учун, озгочо элде жок ун болуш керек. Америкада кучтулор ото коп. Ушул кыз деле ошолорду турап ырдайт да. И гитараны виртуозно ойногондор да коп.
SUPER.KG видео
28.04.2014. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iygilik sizderge. Jenish menen kutobuz!
28.04.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
*Эгер мени суйсон болуш керек алдында машинаа* дегени жакты го )), ИЙГИЛИК 1-орунду алып келгиле )
SUPER.KG видео
29.04.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонунго оздору суйлогондору жонокой экен, голостору сонунго ийгилик силерге!)
SUPER.KG видео
29.04.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш сонун,аябай жайдары,талантуу жагымдуу конулду котортурган жаштар экен,ийгилик силерге!!!!...келечеги бар жигиттер экен,ар бир чыккан ырынарды кутуп угабыз куда кааласа!!!...алга алга алга................
29.04.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2008 -jyly Omar Alla Pugachevanyn Altyn jyldyz syilygyn alyp , chon syimyk menen kelgen ele. Birok, andan beri ech algylyktuu syilyk ala elek ekenbiz. Style Mix komandasyna yigilik...
SUPER.KG видео
03.05.2014. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин суйуктуу группам болот, сонун, аябай жакты
07.05.2014. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аявай жакты ушуп топ.Коп-коп ийгиликтерди жараткыла.Анан да Юрмаладан созсуз женип келгиле.Кудайым колдосун!!!
SUPER.KG видео
21.05.2014. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адилет аябай жагатда)
SUPER.KG видео
22.05.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bad boy, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо