«СИРИЯГА ЖИХАДГА КЕТТИМ, БЕЙИШТЕН КӨРҮШӨБҮЗ» АЛДАНЫП ЖИХАДГА КЕТКЕН КЫРГЫЗ КЫЗЫНЫН БАЯНЫ

№600 02-май-08-май, 2014-ж

Интернет адамдар үчүн маалымат алууда кыйла ыңгайлуу болгону менен, анын зыяндуу жактары да бар. Өзгөчө кыздар үчүн кооптуу жагдай болгон чет өлкөлүк адамдардын сөзүнө алданып, ар кандай жаман окуяларга туш болгондору тууралуу кеп кылбасак болбос. Андайлардын бири Сирияга алданып барып калып, бир нече мезгилден кийин кайра Кыргызстанга кайтып келген.

ИНТЕРНЕТТЕН ТААНЫШЫП, СИРИЯГА КЕТКЕН

Үстүбүздөгү жылдын 20-мартында Чүй облусунун жашоочусу, 24 жаштагы Нургүл (белгилүү себептерден улам каармандардын аттары өзгөртүлдү) жана Жалал-Абад облусунун 17 жаштагы тургуну Зумрат Сириядан мекенибизге кайтарылганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти. Эки кыз тең УКМКнын кызматкерлеринин берген суроолоруна «белгисиз чет өлкөлүк адамдар менен интернет аркылуу таанышып, алардын айткан сөздөрүнө ишенип, алданып барып калганбыз» деген жоопту айтышкан. Кыздардын бири Нургүл ал жактагы жашоо тууралуу буларды айтат:

– Интернет аркылуу түрк улутуна түспөлдөш бир жигит менен тааныштым. Сүрөтүндө мен таанышкан жигит жакшынакай болчу жана сүйлөгөндө Кудайдан башка ашыкча кеп айтпаган, туура жолдо жүргөн адам экенине ишендирген. Бир күнү эле ал мага кийим-кече сатуу бизнесине байланышкан келишимдерди сунуштап калды. Мен да өз алдымча чакан бизнес баштоону кыялдандым. Ал мага Түркиянын Стамбул шаарына барууну сунуштады. Мен ойлонбой эле Стамбулга учуп кеттим. Мени менен интернеттен таанышкан жигит сүрөттөгүдөн башка, анча келишимдүү эмес бирөө болуп чыкты. Ошол күндөн тартып ал мени өз камкордугуна алып, жакынындай кам көрө баштады. Ал тургай «мага турмушка чык» деген сунуш да киргизди. Бирок мен тез аранын ичинде болуп кеткен мындай сунушка көп ишене бербей, 4 күндөн кийин Бишкекке кайтып келе бердим.
Ал мага жакпай калгандыктан, биротоло байланышты үзөйүн деп телефон номеримди алмаштырып, интернет колдонууну убактылуу токтотуп койдум. Бирок мени таап алыш ага оңой эле болду. Кайдан-жайдан билбейм, бир күнү ал эжеме телефон чалып, мени менен сүйлөштүрүп коюусун өтүнүптүр. Ошол күндөн баштап кайрадан сүйлөшүүнү улантып кеттик. Убакыттын өтүшү менен ал мага дин тууралуу ар кандай багыттагы баяндарды айтып, Сирияга жихадга баргандар тууралуу видео жана фотоматериалдарды байма-бай жиберип жатты. Муну менен катар ал «Сирия –чыныгы мусулмандардын өлкөсү. Ал жакта акыйкат орногон, катуу тартиптеги мамлекет» деген үгүттөөлөрдү айтып, жихаддын мусулманчылыктагы орду жана анын арты менен бейишке баруу тууралуу баяндарды айтып берчү. Ошентип мен Сирияга барууну чечтим. Ал мага дароо эле учакка билет сатып бере калды. Алгач Стамбулга барып, ал жактан Түркиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өттүк дагы, Сирияга кирип кеттик. Барганыма абдан өкүндүм. Көчөлөрү кир, ылай, баш аламандык, жашоо-тиричилиги абдан начар. Аялдардын баары чүмкөнүп жүрүшөт. Аларга экинчи сорттогу адамдар катары мамиле кылышат экен. Согуш болуп жатыптыр, бирок ал жакка барганда ким-ким менен согушуп жатканын түк түшүнгөн жокмун.
Мага курал колдонгонду үйрөтүштү. Курал кармап түшкөн сүрөттөрүмдү жана видеону интернет аркылуу туугандарыма салып жибердим. Сирияда террорчулук, жардыруулар адам өмүрлөрүн алып жатат. Барган адам ал жактан өлүмдөн башка эч нерсе таппайт. Башка өлкөлөрдөн келген жаш кыздар, жигиттер эмнеге барганын, жүрүп жаткан согуштун чыныгы маанисин түшүнүп жетишпей эле мерт болушууда.

«СИҢДИМДИН ЖҮРҮМ-ТУРУМУ ӨЗГӨРҮП КЕТКЕН»

Нургүлдүн бир тууган эжеси МИРГҮЛ анын Сирияга кетип калганы тууралуу УКМК кызматкерлерине кабарлап, сиңдисин кайтарып келүүгө жардам берүүлөрүн өтүнгөн.

– 2014-жылдын башынан тарта сиңдимдин жүрүм-туруму өзгөрүп кеткенин байкаганбыз. Ал намаз окуп үйдө эле отурчу. Күтпөгөн жерден чет өлкөлүк бир жигит менен таанышып, жеке бизнес баштай турганы тууралуу айтып калды. Андан кийин эле Түркияга кетип калыптыр. Бир нече күндөн кийин кайра келди. Мен бизнесин баштап алган го дегем. Аз убакыт өтпөй телефонума бирөө чалып, «Түркиядан чалып жатам, Нургүл мейманканага буюмдарын унутуп коюптур, байланыштырып коюңузчу» деди. Нургүлгө берсем өзүнчө барып сүйлөшүп келди.
6-февраль күнү үйдөгүлөрдүн бирине да билдирбей, жашыруун түрдө Түркияга кетип калыптыр. Нургүлдүн Түркияга кетип калганын жөнөткөн
СМСинен улам билдик. Анда «мени издебегиле, сарсанаа да болбогула. Бейиштен көрүшөбүз, жакшы калгыла» деп жазылыптыр. Санаа тартып издеп баштадык. Бир нече күндөн кийин байланыш түзүлүп, Сирияга бара жаткандарын айтышты. Мен дароо ТИМге жана укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылдым.
Нургүл скайп аркылуу мага видеолорду жана сүрөттөрдү жиберип жатты. Анда ал колуна жарылуучу заттарды жана автомат, мылтыктарды кармап түшүптүр. Сирияга жихадга барганын айтып, бир видеосун жиберген. Анда Нургүлдүн үнүнөн кимдир бирөө аны зордоп ошол нерселерди айттырып жаткандай, коркуп жаткан үн менен баяндалыптыр. Бактыга жараша сиңдим аман-эсен кайтып келди.

«ЖИХАД ДЕГЕН ЭМНЕ ЭКЕНИН ТҮШҮНБӨЙ ЭЛЕ КЕТИП ЖАТЫШАТ»

Кыздарды кайтарууга кандай аракеттер көрүлгөндүгү тууралуу УКМКнын маалымат кызматынын кызматкери РАХАТ СУЛАЙМАНОВ төмөнкүлөрдү билдирди:

– Сириянын аймагында эл аралык террорчулук уюмдар, ар кандай уюшкан топтор согушуп гана тим болбостон, башка жактардан жаш кыздарды алдоо жолу менен ал жакка алып кетүүгө аракеттерди да жасашууда. Барган кыздардын көбү ал жакта сексуалдык кулчулуктун жана жан кечтиликтин курмандыгы болуп калышат. 20-мартта Кыргызстанга кайтарылган 2 кыздын бири Зумрат аттуу 17 жаштагы кыз Сирияга алданып барып, кордук көргөнүн айтып берди. Аны сириялык согушчанга аялдыкка берип, каалаган учурунда каалагандай колдонуп, ур-токмокко алышкан. Ал 2013-жылдын декабрь айында Сирияга алданып барып калган.
Ал эми 2014-жылдын февраль айында Нургүл аттуу экинчи кыз да интернет аркылуу белгисиз бирөө менен таанышып, Түркия аркылуу Сирияга туш болгон. Ал болсо курал кармап согушуу жана жан кечтиликке баруу үчүн ар кандай окуулардан өтүп, машыгуу лагерине түшүп калган. Кыздар тууралуу алардын туугандары жардам сурап кайрылганда биз Тышкы иштер министрлигинин Стамбулдагы Генералдык консулдугуна кайрылдык. Ошондой эле Стамбулдун укук коргоо кызматкерлери да аларды мекенге кайтарууга көп жардам беришти.
Кетип жаткан кыздардын көпчүлүгү 16-20 жаш курагындагылар. Мындай куракта кыздар абдан ишенчээк, акылы токтоло элек мезгили болот. Шылуундар ошондой курактан пайдаланып алардын башын айлантып башка эле бизнес кылуу же бейишти элестеткен жашоону айтып чакырып жатышат. Сирияга аттанган жарандарыбыздын саны канча экенин айтуу кыйын. Ал эми туугандары арыз менен кайрылып, жакындары тарабынан издөө салынгандар 70тин тегерегинде. Бул да так сан эмес, алардын баарын тең Сирияда жүрөт, тирүү же башка деп айтуу кыйын. Сирияга кеткен жаштардын негизги максаты – жихадга катышуу экен. «Жихад деген эмне, анын кандай шарттары бар, кайсыл учурда жихад кылуу керек?» деген суроолорго кенен түшүнүк албай эле кете берген туура эмес. Ислам дини – казып бүткүс, илимге бай дин. Андагы айрым шарттарга жамынып, шарият жолуна жооп бербеген иштерди жасаган, кой терисин жамынган карышкырлардан сак болуу кажет.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(94)
06.05.2014. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр 7 жаштагы кыз да алданышы кыйыыын. Жакшы суйлоп койсо эле Турцияга чейин жетип барганына тан калып жатам. Акыл-эси кемирээк адам эле ошондой кылбаса... Куноо Сирияда же тиги жигитте эмес зордоп алып кетпеген сон. Куноону озунон издесин.Кореядан Гу Джун Пену издеп кеткен кыздардай болуптур да)))) ролло кылдым.
06.05.2014. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ээ кыздар кыргыз элэ балдардан калбагылаа
06.05.2014. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кошулам созуно
06.05.2014. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыргыздын кыздары эмне болуп баратат озу тушунбойсун.кыргызтандагысы антип туркко кетип калса.москвадагысы болсо тамеки тартып кочодо мас болуп тажиктер менен журсо темселешип.
06.05.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
''москвадагысы болсо тамеки
тартып кочодо мас болуп тажиктер
менен журсо темселешип''-деп жазыптырсыз.москвада мындан башка жакшылык коро элексизби?
06.05.2014. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raimzhanov билес беш кол барабар емес
06.05.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээээх адамдар ыйманыбыз бекем болсун.Жаратканга гана ишенели.
06.05.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай маселени телеге алып чыгып элдерге бир аз маалымат бериш керек.А то кудайдын атына жамынып жаш балдарды бузуп жатышат дават деп келишип
06.05.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздерге кантип видео жонотсок болот сириядагы видео тасмалардан
06.05.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sanjar..kr, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, жүктөй аласыз. Эгер сиз жүктөгөн видеолор порталдын эрежелерине туура келсе "Медиа-порталдагы" "Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыз: http://www.super.kg/uservideo?action=add
06.05.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушул макалага кирсем нерв кара жорго бийине тушуп кетип атат да.
06.05.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Динди жакшы тушунгондорго бир суроо: Кыз бала уйдон жалгыз жихадка чыгып кеткенге руксат барбы?! Руксат болсо далил келтирип элге тушунук берип койгула. Ал эмес ажыга зыяратка да аял киши жалгыз барбайтко. Мен да мусулманмын альхамдилуллах, бирок башкаларды мусулман же кафир деп айтпайм, себеби аны билуучу Жалгыз Жаратуучубуз!
06.05.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин жеке пикиримде, кыздын мээси гана жоктугунда! Мен муну жума куну гезиттен окугам. Ушунчалык ою кыска кыз экен дедим. Турк-сурк бул жакта турсун, озубуздун эле бейтааныш адамдардан кооптонобуз го, мындай бирин бири жеп жуткан заманда..
06.05.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын жашоосунда эмнелер гана болбойт ,Кудайдан сураналы кыргыздын КЫЗДАРЫ ,кыргыздардын бетин жерге каратпасын.
07.05.2014. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ... oilonup korso bolmok ,men bargan kundoda kantip sogushmak elem dep ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 07.05.2014 09:50
07.05.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ujas - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат.
07.05.2014. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ozu namaz okugan kyz bolso namazyndy okup otura berda uido ,, je sen baryp toonu omkorosunbu ,, jihad emne ekenin bilip jur myndan kiyin ,, negizi ozun sheriksin een bass kyzsyn ,, turkiyaga eshek takalagany bardynby
07.05.2014. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Каяактагы дааватка чыкмай жихад кылмай анан беттерин жабып дамбал киймей каяактан чыкты.Тынч эле жашачу элек кыргыздын салты менен.Менин таяэнем айткандай баарын чон молдого алып барып дем салдыртып окутуш керек. Мээлери айнып калды баарынын коздору эч нерсени корбой.Депутат чондорго соз жок алар элди карамак тугул бирин бири жеп жутуп отурушат. Кыргыз элинин убалы силерди кайсы куну ураар экен. Ал кун да келет жакында
07.05.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziziko kiyrattin... uzun kiyiw kerek...
07.05.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернеттен таанышып кантип ошол адамга ишенип барган тушунбойм да интернетте ар кандай адамдар отурат да ... Тообо кылдым тушунбойм ушул кыздарга
07.05.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернеттен таанышып кантип ошол адамга ишенип барган тушунбойм да интернетте ар кандай адамдар отурат да ... Тообо кылдым тушунбойм ушул кыздарга
07.05.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернеттен таанышып кантип ошол адамга ишенип барган тушунбойм да интернетте ар кандай адамдар отурат да ... Тообо кылдым тушунбойм ушул кыздарга
07.05.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул жерде баарынар кызды жамандап салыпсынар,негизи мындай да жихадка ундогон адамдар кучтуу психолог, гипнозчу болот динди мыкты билген чон молдолорду да оной эле кылтака илип алгандары бар. Аны муну айтпай тообо дегиле,башка мындайлар кайталанбаса экен кудай!
08.05.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Pakistanka атын укмуш го. Мен кыска кийип тайрандагыла деген жокмун.Арабдардын улуттук кийимине фанат болбогула.Сен деле атынды озгортуп Ракistanka дебей Кыргызка деп албайсынбы
10.05.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aziziko, sen kiyrattin...
08.05.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
укмуш
коммент жазуучуларды Бир уйго чогултуш керек
жарым саатта бирин бири кырып салышат жогорудагы окуЯга окшоп
08.05.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
basynda bir eki sozun ele okudum tuura emes alar ozuloru achka olgonu jatsa alarga ogosh beter problema bolup kaira tozoko baratko bular
08.05.2014. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу хиджап кийген кыздардын 99% жакшы түшүнүшпөсө керек Алланы кандай сүйүш, кызмат кылыш керек экенин. Айтайын дегеним менин таякемдин кызы хиджап кийет сыртка чыкканда а үйүнө келип калготки, ичи башынын баары көрүнгөн кофта кийип алат. үйүндө сакалдуу атасы, күйөсү, акелери отурат же алар эркек катары эсептелбейби?
08.05.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар мынтып курал кармадыбы же террористтерди тейлештиби тобо акылы жоктор журогу тоо экен туркияга учуп барып кайра келип интернет аркылуу азыр танышпагыла тим боле башка улуттар менен
08.05.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундан коро куйоого тийип бала тороп бейишке чыкпайбы десен акылы жок кыз десе. Бейиш эненин таманында дейт. Бейиштин устундо болмок да, бейиштин.
09.05.2014. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасын герачка телевизорго чыгарып корсотсо гана.
09.05.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз болгондон уйундо эле олтура бербейби десен ар кимдин созуно алдана бербей
10.05.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коркпогон кыз экен тобооо
10.05.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шумдугун кургур кыздарга жихатка б.к барбы.
16.05.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алдамчылык кучоп паратат. интернет деген балакеттен башталат тура. кантсе да ойлонуп туруп иш кылыш керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо