Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Самара Каримова:«БАШ КОШКОНУБУЗГА БҮТ КЫРГЫЗСТАН ТАҢ КАЛГАН»

№600 02-май-08-май, 2014-ж

Бул ырчы акырындап күйөрмандарынын санын арттырып келе жаткан чагы. Анын аткарган чыгармалары улуттук колоритке жакын болгондуктан да улуу муунду өзүнө тартып турса керек. Ал – учурда ордолуу Ош шаарында бир топ популярдуу Самара Каримова аттуу ырчы айым. Анда бүгүнкү каарманыбыздын дүйнөсүнө саякатка чыгабыз.

CАМАРА ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Каримова Самара Эрмековна
Кичи мекени – Лейлек районунун Айкөл айылы
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 10-апрель
Кызыгуусу – Көп нерсеге кызыгат, бир нерсе менен чектелбейт
Учурда – Жеке ырчы, репертуарында 30дан ашык ыры, 10дон ашуун клиби бар

– Самара, жакында эле Ош шаарында 7 күн катары менен концерт бердиңиз. Биздин Толик сынчы концертиңизге күбө болду. Айтсаңыз, концертти уюштуруп жатканда «эл келбей койсочу» деген кооптонуулар болду беле?
– Албетте, кооптонуу, коркуу сезими болбой койгон жок, бирок ал сезимдерди концерттин жыйынтыгы жууп кетти десем болот. Март айынын башында «жетинин бири кыдыр» деп ниет кылып жети күндүк концерт бергем. Элден айланса болот, эл бар экен, зал толо келип беришти. Ага кошумча элдин суранычы менен 8-март күнү күндүзү да концертибизди бердик. Концерт бүткөндөн кийин желкемден бир оор жүк түшкөндөй эле болду. Сиздердин Толик сынчыңар да барыптыр, 8 күн концерт берип ал адам менен жолуга албадым (күлүп). Бирок жакшы жазыптыр.

– Чыгармачылык менен качантан бери алектенип баштадыңыз?
– Негизи эле өзүм чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам Эрмек Каримов орус тили мугалими болгонуна карабастан, аккордеон, комуз жана башка музыкалык аспаптарда мыкты ойнойт. Эс тарткандан эле ошол комуз, аккордеондун үнү менен чоңойдум. Артисттер айылга концерт коюп барышканда биздин үйгө түнөшчү, ошолордун таасири да мендеги таланттын ойгонушуна түрткү болду окшойт. Ал эми апам тараптан таенем кошокчу, санжырачы. Анын жанында жүрүү мен үчүн өзүнчө бир жомоктор дүйнөсүнө түшүп калгандай туюлчу. Мына ушул эки тараптан берилген талант менин чыгармачылыкка болгон кызыгуумду арттырса керек. Чоң сахнага чыкканыма көз ачып-жумгуча эле үч жылдын жүзү болуп калыптыр. Бул жылдарда музыка чөйрөсүндөгү белгилүү адамдардан сабак алып, былтыр Ошто жеке концертимди берип, аймактарга гастролдорго чыгып, аз да болсо Самара Каримова деген атымды түптөй алдым деп ойлойм.

– Сахнага чыгышыңызга ким түрткү болду?
– Ырчы болом дегенимде ата-энем «кыз кишиге кыйын болуп калат, жакшылап ойлонуп көр» дешкен. 9-классты бүтүп, экономика тармагына окууга тапшырган элем. Бирок ал тармак мен үчүн эмес экен, ырчы болом деген жүрөгүмдөгү көксөө тынч койбоду. Кайра айылга кетип, 11ди бүткөндөн кийин Бишкекке келип Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин актёрдук бөлүмүнө тапшырып окуп калгам. Чоң сахнага чыгышыма зор салымын кошкон адам бул – менин өмүрлүк жолдошум Асан Мансуров. Өзүңүздөр билесиздер, сахнага чыгуунун өзү эле кандай эмгекти талап кылат. Ал эми жакындарыңдын колдоосу болсо жеңил экен. Жолдошум экөөбүз «Туңгуч» театрында спектакль көрүп отуруп таанышканбыз. Сүйлөшүп жүрүп, анан баш коштук. Ортобузда Даткайым деген кызыбыз жана Барсбек аттуу уулубуз бар.

– Жолдошуңуз өзүңүздөн 23 жаш улуу экенин билебиз, ортодогу жаш айырмачылык үй-бүлө курууда тоскоолдук жараткан жокпу?
– Биз деле үйлөнүп калабыз деп эч ойлогон эмеспиз. Бирок тагдыр экен, бирге болуп калдык. «Сүйүү жашка карабайт» деп коюшат эмеспи. Эң башкысы, биз бири-бирибизди сүйөбүз жана бактылуубуз. Менин жакындарым деле түшүнүү менен кабыл алышты. Анткени өзүмдүн атам менен кайнатам ынак достордон. Биз үйлөнгөндө «100 жылдык куда кылдыңар» деп абдан кубанышкан.

– Турмушка чыгып жатканда жолдошуңуздун мурунку никеси тууралуу сурадыңыз беле?
– Кудайдан жашырбаган нерсемди элимден жашырмак белем. Бул нерсени айтпаса деле белгилүү. Мен жолдошум менен таанышканда мурунку үй-бүлөсү менен ажырашканына 4 жыл болгон экен. Мурунку никеси тууралуу өзүнөн чукуп сурабайм деле, анткени ал менин жанымда, балдарынын кашында, башкысы, биз бактылуубуз.

– Жолдошуңуз сизди кайсы сапаттары менен багындырып алды?
– Ал адамгерчиликтүү жана эмгекчил. Мен жалкоомун, ал «иште» деп мени түртмөлөп турат. Ортобузда чоң сүйүү, сый бар. Учурда жолдошум Ош улуттук драма театрында жетекчилик милдетти аткарат, мен анын кол алдында актриса болуп иштейм.

– Алтынай Нарбаева менен аткарган «Кызган мени» ырын кантип чогуу ырдап калгансыздар?
– Алтынай эже менен чыгармачылык гана эмес, үй-бүлөлүк да катышыбыз бар. Менин устаттарымдын бири Саламат Садыкова болсо, дагы бири Алтынай эжем. Менин Оштогу концертиме конок болуп келгенде «Кызган мени» ыры жаңы жазылып бүткөн экен, экөөбүз дуэт ырдайбыз деп жүрүп ушул ырга токтолгонбуз.

– Жолдошуңуз болбосо азыркы Самара Каримова деген атты жасай алат белеңиз?
– Самара Каримова болмокмун, бирок учурдагыдай ширин балдарым, бактылуу үй-бүлөм болот беле, айта албайм. Анткени мен үчүн аялдык бакыт биринчи орунда. Уулум эки жарым жашта, кызым сегиз айлык болуп калды. Атасы экөөбүз кечинде жумуштан чарчап барсак кылыктары менен черибизди жазып, моокумубузду кандырып коюшат. Эне болуу өзүнчө бир бакыт тура, өзүң да бир жакшы нукка өзгөрөт экенсиң. Мурун мен эрке Самара болсом, азыр токтоо, кайын журтума мыкты келин болоюн деп аракет кылган эки баланын энесимин.

– Жаңы келин болуп баргандагыңыз эсиңиздеби?
– Албетте эсимде, жолдошум экөөбүз чогуу түтүн булатканыбызга быйыл 4 жылдын жүзү болуп калды. Мени өзүмдүн туулган күнүмдө учак менен Бишкектен Ошко алып барган. Кайненем жаңы барганда өз кызындай кабыл алып, аларга бүлө болуп кетишиме чоң салымын кошту. Чынын айтайын, өзү да аябай таң калган. Биздин баш кошконубузга кайненем эмес, бүт Кыргызстан таң калса керек, анткени каякка барбайын «эмне үчүн жолдошуңуз өзүңүздөн улуу?» деген суроо сап башында турат. Жеке жашоом элге ушунча кызыкпы деп таң калам. Көрсө, бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын деле кереги жок экен, анткени чыгармачылыкта жүргөн адамдарды сөзсүз жаман-жакшы кептер ээрчий турганына ынандым.

– Үй-бүлөдө канча бир туугансыз?
– Сегиз бир тууганбыз, жети кыз, бир уул. Мен кыздардын кенжесимин, менден кичүү Сагынбек деген иним бар. Учурда музыкалык окуу жайда окуйт. Биздин үйдөн музыкага ыктаган ошол иним экөөбүз эле болдук окшойт. Калган эжелерим турмушка чыгып, баары өз оокаттары менен алек.

– Сиздин клиптериңизге калтырылган комментарийлерди карап отуруп, «Самара Каримова күндө клип тартабы?» деген күлкүлүү суроону окуп калдым...
– Клиптерим үстүртөн караганда жеңил-желпи көрүнүшү мүмкүн, бирок ага да энергиямды коротуп, эмгек кылам. Мен клипке көп басым жасайм, анткени андан адамдын жүзү таанылат. Сын-пикирлерди сабак катары кабыл алам. Ал эми ашыкча сын таккандарды менин кулагым укпайт, көзүм көрбөйт (күлүп).

– Жакында Улуттук филармонияда жеке концертиңизди бергени жатыптырсыз?
– 7-8-9-10-май күндөрү Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жеке концертимди бергени жатам. 9-Май – Жеңиш күнүнө карата күндүзү да концерт болот. Концертке чоң жоопкерчилик менен даярдануудамын. Ыр күйөрмандары келип, чер жазып кетишсе болот.

«Эмне үчүн жолдошуңуз өзүңүздөн улуу?» деп көп суроо беришет».

«Уулум Барсбек чоң жигит болуп калды».

Лунара Бекиева
star@super.kg


Самара Каримова: “Баш кошконубузга бүт Кыргызстан таң калган”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(267)
08.05.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен да жолдошуу таанымал адам окшойт депмин темасын окуп. Бирок мен бул эжени 91деп ойлогон эмесмин. Улуу корунот экен. Уй булоолук бакыт каалайм.
08.05.2014. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жолдошун симпотичный, чыкыйган жашы улуу болсо да формада жургон деп элестетипмин, чон эле кишиге турмушка чыкан деп мурда уканымда. Корсо андай эмес экен, Самара кантип ага турмушка чыкты???
08.05.2014. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тен тени менен, тезек кабы менен Самара айым.
08.05.2014. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Самара, молодца! Наверное за всю историю человечества никто из знаменитых личностей не набирал столько отзывов (пусть и отрицательные, и положительные). Счастья, любви и творческих успехов тебе))).
08.05.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баш кошконубузга бүт Кыргызстан таң калган хахаха бул ырчыны биринчи угушум.
08.05.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ адамдар кочодогу 18жаштагы кыздар деле чалдар менен жатышпайбы аларга караганда тузукда
08.05.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен озум бул гезитти сатам,биринчи куну алып келгенимде эле бир жигит келип баш багып окуп калды,бул ким, эже? дейт. мен айттым С.Каримова ырчы кыз, деп ал дагы бир саамга карап окуп туруп.... акчасы болсо болду экенда... кыздарга. деп кайрылып кетип калды. мына, кыргыздын жигиттери конулу сууй тушконун.. тагдырдын тамашасы

08.05.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындап эми тан калдым ошондо Самара 23 жашта жолдошу 46 жашта экенда тообо кылдым бай акчасы коп окшойт чалго
08.05.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эми момундай да мен келинчегимден 11 жаш улуумун деп (блатной) болуп журсом булардын ортосундагы айырманы окуп алып эсим ооду
09.05.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бактылуу болунуздар суулулугунда соз жок экен.
09.05.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каантип эле
09.05.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ким кимге тийет биздин ишибиз эмне биз андан коро озубуздун жашообузду ойлойлучу. Менин деле чон энем чон атамдан 20 жаш кичуу болчу жакшынакай 7 баланы тарбиялап остуруп баарынын бутунан тургузушту.Азыр балдарынын жакшылыгын коруп балпайып отурушат. Корейлердин чалдарына деле тийип атышат го биздин кыздар ага караганда кыргыздын санын кобойтуп атышат.Кыргыздар сын анан королбастык жагынан башка улуттарды алдыга чыгарбайбыз.
10.05.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нам не судить.....
10.05.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
капыраааай 91-ж дейби? эсим ооп кала жаздады муну 78-79 деп журсо...
10.05.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошондо азыркы заман менен атасы менен тен адамга турмушка чыгыптыр да
11.05.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу экен-
11.05.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бут Кыргызстан тан калды дейт го... биринчи жолу угушум мындай ырчы бар экенин, комменттерди окуп корсом коп эле киши билбейткен бул кызды
11.05.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Бактылуу болунуздар"
SUPER.KG видео
11.05.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантына таазим,ийгилик,уйбулоолук бакыт,анан аша кеткен комментчилерге-ойлонгулачы жазганда кичине болсода,башка улуттун колун кармаган жокко бул кыз,озубуздун келишкен,ак калпак кийген эле жигити экенго бактылуу болгула деп койуш кыйын эместир.
11.05.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олон чач, сулуулугуна суктанып койдум, вах- вах!
11.05.2014. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
But Kurguzstan tan kalgudai Assol menen Almazbek Raimkulov belener ))).
14.05.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshto kuioosu jetektegen dramteatrdan arendasynan 1 kundo 40min som tabat eken.
SUPER.KG видео
28.05.2014. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Самара бар бол. Жасалма жок экен. Маданияттуу ирети менен суйлоптур
SUPER.KG видео
10.07.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
joldoshu atasinan da uluu go
22.07.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
БУТ Кыргызстан тан калгандай бул ким атактуу ырчы болсо бир жон тан калганынын СЕБЕБИ атасындай чалга тийгенге мумкун ЕМИ капа болбо 5% баланын коз жашы кана жалко БИРО АБДАН ЧЫРАЙЛУУ МУРНУСУ мага жакты БАКТЫЛУУУУУ БОООЛГУУУЛААА
22.07.2014. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
уят го айланайын Кыргызстан емнеге тан калат суйунот да чалга тийген керемет емеспи балдарын бактырып озу ырдап акча табат Чалы Асанчик ХХХ ХХХ ХХХ уйдо отурат Жалко 5 баланын коз жашы жаман болоду Укам
Модератор admin_portal түзөттү 22.07.2014 10:22
22.07.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
matteraza - эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
SUPER.KG видео
30.09.2014. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулугуна соз жок Самара мен сенин чыныгы куйорманынмын буйруса жакшы иштесем келечекте бир клип менден карындаш уй булон менен бактылуу бол жолдошун кандай бактылуу адам коз тийбесин. Ар бир кыймылын мага табышмак озгочо жабык узун кийинсен суктанам сага
25.02.2015. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ырдайт экен, биринчи жолу коруп жатам бул ырчы кызды. Уй-булолук бакыт, чыгармачылыгына ийгилик каалайм!
Медиа-портал
13.04.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бут кыргызстан тааныгандай буларды эч ким билбейт го. Мен эми эле билдим ушундай ырчы бар экененин.
14.07.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй -булолук бакыт чыгармачыл ийгилик!
1
2
3
4
5
6
7
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо