Амир Аскаров:«АЯЛЫМДЫН АЛДЫНДА ТАЗА БОЛГУМ КЕЛЕТ»

№600 02-май-08-май, 2014-ж

«Сени эстеп», «Алдадың» аттуу ырлары менен элге таанылган ырчы Амир Аскаровдун акыркы кездерде сүйүүдөн жолу болбой келет. «Ушул кезге чейин жоопсуз сүйүүгө көп кабылдым. Эми түбөлүктүү махабатты күтүп келем» деген ырчы мамилеге туруктуу мырзалардын катарын толуктаарын айтып өттү.


– Салам, Амир. «Апама операция жасалат» деп калдың. Баары жайындабы?
– Саламатсыздарбы? Апамдын кан басымы бийик болчу. Кантер экен деп жаттык эле, Кудайга шүгүр, операциядан жакшы чыкты. Азыр абалы жакшы.

– Апрелдин башында Ош, Жалал-Абадга концерт коюп келиптирсиң, кандай өттү?
– Ачык айтканда, концерт ийгиликтүү болбой калды. Менин милдетим – барып, ырдап келиш керек болчу. Концертке эки күн калганда Ошко барсам жарнама жетиштүү болбоптур. Ошого жок дегенде 100 киши келсе сүйүнмөкмүн деп жаткам. Жалпысынан 200гө жакын көрөрман келди. Киши аздыгына бир жагынан көңүлүм чөксө, бир жагынан аз болсо да залды жарып, мени колдоп отурушканына кубандым. Менин ордумда башка ырчы болгондо ошондой концерттен кийин «ырчылык меники эмес» деп таштап салмак. Менде, тескерисинче, иштейм, көрүнөм деген каалоо күчтүүрөөк пайда болду.

– Дагы бир себеп продюсери жок, жалгыз иштегенден болсо керек?
– Билесизби, мага көп продюсерлердин иштегени жакпайт. Бизде ишин мыкты аткарган саналуу гана продюсерлер бар. Калгандарынын аты эле болбосо, иштери чала. Андайлар менен иштешкенче өзүм чыкканым жакшы. Эч кимге карыз да, көз каранды да болбойм. Кошумча менин ырдоо стилим батышка ыктап, биздин формат эмес болуп жатпайбы. Биздикилер көбүнчө той ыры болуп кетишкен го азыр. Бир учурда мен да ошондой багытта иштейин деп аракет кылгам. Мага көп тааныштар «эгер акча иштегиң келсе, тойго ылайыктуу ырларды жаздыр» деп айтышкан. Колумдан келбейт экен андай. Бала кезден Европанын ырчыларын угуп, сапаттуу музыка менен өстүм. Негизи, адам музыканы укканда энергия алышы керек, биздикилердин көпчүлүгүнөн ала албайсың. Кыргыз ырчыларынан мен Нурбек Савитахунов, Омар, Актан Исабаев, Салтанат Аширова, Жийдеш Идирисовалардын чыгармачылыгын баалайм. Алар кесибине берилүү менен профессионалдык деңгээлде мамиле кылышат.

– Саналуу гана ырчыларды уксаң, бул чөйрөдө досторуң деле азбы дейм?
– Ачык эле айтам, бул чөйрөдө менин досторум жок. Продюсерлер айтмакчы, чыгармачылык – кайрымы жок иш. Жаныңдагы киши бүгүн дос, эртең жок болуп кетиши мүмкүн. Буга чейин шоу чөйрөдө «псевдо-досторум» болгон. Алар кандайдыр бир деңгээлге жеткенде алыстап кетишти. Ошондон кийин бул чөйрөдөн дос күтпөйм дегем.

– Сапаттуу музыка деп жатасың, сенин ырларыңды деле «сапатсыз» деп сындагандар бар чыгар?
– Сапат темасында эч ким мага сын айткан эмес. Өзүмдүн музыка жактан сабатсыздыгымды эске алып, дайыма профессионалдар менен иштешип келем. Өзүм билбесем элден сурайм, изденем, үйрөнөм. Чынында, азыр шоу-бизнесте ырдай албаган балдар бар. Алардын бетине эле айтам, «сен ырдай албайсың, жөн эле койбойсуңбу» деп. Өзүмдүн үнүмдү деле укмуш деп айтпайм. Бирок мен дайыма изденүүдө жүрөм. Айрымдар аракет да кылышпай жатпайбы, ошол мени күйдүрөт. Алар ыр жаздырат, клип тарттырат, бирок сапат жок. Сапаттын үстүнөн иштешпейт. Жөн гана күйөрмандарын алдайт. «Жок дегенде вокалга жазылып албайсыңбы» десең, «ээ, мындай эле компьютер менен жасап коём» дешет. Чынында, кесиптештерим менен учурашпайм деле. Алар дос эмес, ашып кетсе кесиптеш болушу мүмкүн.

– Баса, сенин интернет баракчаңда актриса Бегимай Туратбекова менен түшкөн сүрөтүңөр катуу талкууга алынып жатат да?
– Хе-хе, ал жөн гана эстеликке түшүп койгон сүрөт. Бегимайды алгачкы жолу «Талас-Бишкек» тасмасынан көрүп, татынакай кыз экен деп койгом. Ошону менен жүрүп бир жолу Динара эже (ред. Акулова) ооруканага жатып калган экен, көргөнү барсам Бегимай жүрүптүр. Анан эстеликке түшүп койгонбуз. Эл жазгандай түгөй эмеспиз, эч кандай мамилебиз жок.

– Мурунку сүйүктүүңдүн ордун басчу селки табылдыбы?
– Мээрим менен ажырашкандан кийин эки жума катуу депрессияга кабылдым. Досторум күндө «жүрү, көңүлүңдү ач» деп эптеп эшикке алып чыгып, алаксытууга аракет кылышты. Мындай учурда баары айтышат эмеспи, «сени баалаган жок, ал сага татыктуу эмес» деп. Мен сүйлөшпөй калсам дагы, аны бир жолу да жамандаттырган жокмун. Балким, ага мен көп көңүл бөлүп тажатып жибергендирмин деп ойлоп кетем кээде. Аны менен мамилебизди үзгөн соң жакшы эле башка кыз тапканга аракет кылдым, бирок жолуктура элекмин. Бирок «издебеш керек» деп коёт экен го.

– Башка кыздардан мурунку сүйгөнүңдүн сапаттарын издеп жүргөн жоксуңбу?
– Жок, ар бир адам өзүнчө индивид. Ар кимдин өзгөчөлүктөрү болот. Мен өткөн күн менен жашагандардан эмесмин. Өткөн күндү биротоло коё бермейинче сага жаңы жашоо келбейт. Ошого ишенем. Мен жашоомдо көп кыздарды көрдүм, керегинче ойноп-күлдүм. Көп жолу ажырашуунун запкысын тарттым. Мындан ары ажырашууну каалабайм. Билесизби, мен эми бирөөнү таап, ошону менен өмүр бою жашагым келет. Ал кыз мени колдоп, жанымда болсо деп тилейм.

– Мамиледе эмнеге көңүл бурасың?
– Ишенимге. Өзүм деле бир кыз менен сүйлөшсөм баш-отум менен ага берилип, башкаларды карабай калам. Албетте, андай мамилени кыздан да талап кылам. Келечекте аялым, балдарымдын алдында таза болгум келет. Мага көпчүлүк айтат, «бабник экениң көзүңдөн көрүнүп турат» деп. Чынында, андай эмес. Ушул кезге чейин сүйлөшкөн кыздарымды бир да жолу «изменять» эткен эмесмин.

– Кел, эми балалык кезге да көз чаптырып кетели. Кайсы жоругуң эсиңден кетпейт?
– Мен үйдүн кенжеси болсом деле апамдар эркелетчү эмес. Чоңураак бир нерсе алам десем, «өзүң акча иштеп табасың, ошондо өз акчаңа сатып ала бер» дечү. 8-классымда кол чатыр алгым келди. Апама айтсам баягы эле сөзүн айтты, «өзүң иштеп, анан ала бер» деп. Ойлондум да, 100 сомдой акчам бар эле чогулткан, Балыкчыдан Бишкекке автобуска «зайчик» болуп отуруп келе бердим. Же шаарды билсемчи, биринчи жолу келгем. Бишкек мага Нью-Йорктой эле сезилди. Анда интернет борбордо гана болчу. Түнү менен интернет клубда хит болуп жаткан ырларды көчүрүп, дискке жаздырып алдым. Эртеси кайра Балыкчыга келип, бир баланын үйүндө компьютерине көбөйттүрдүм. Ошол дискти 100-150 сомдон сатып, 5000 сом акча иштегем. Кыялданган кол чатырымды да алдым. Үйгө колбаса көтөрүп барсам апам аябай сүйүндү эле, «балам өз оокатын өзү таап жейт экен» деп.

– Үй-бүлөң тууралуу да айта кетсең. Алар чыгармаларыңды угушабы?
– Биз үч бир тууганбыз, агам жана эжем бар. Атам менен агам «сенде үн жок, такыр ырдай албайсың» дей беришчү. Ойлоп көрсөм, ошондой түшүнүк менен 4-класстан 11-класска чейин жашап келиптирмин. Үйдө батыш ырчыларын туурап ырдап калсам атам азыр деле «эмне эле чыйылдай бересиң?» деп тамашалап калат. Атам азыр 72де, элестетиңиз, мени кандай кабыл алмак эле. Апам болсо азыр чыгармачылыгымды түшүнүп калган.

«Талас-Бишкек» тасмасындагы Бегимай экөөбүздүн сүрөтүбүздү көрүп, бакыт каалагандар болду».

«Үйдүн кенжеси болсом да, апам мени эркелеткен эмес».

«Бала кезден эле музыка менен уктап, музыка менен ойгончу экенмин».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Амир Аскаров: "Сүйгөнүмдөн ажырап, депрессияга кабылгам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(60)
SUPER.KG видео
05.05.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Я очень уважаю талант Амира Аскарова! Желаю Вам всегонаилучшего что есть на этой земле и быть счастливым со своей спутницей жизни!!! Удачи Вам!!! Пусть у вас в жизни все будет хорошо!!!
SUPER.KG видео
05.05.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erkele, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө, мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
merinargiz, pakistanka, жеке билдирүүлөр үчүн купуя бар! Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү.
05.05.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4ygarma4ylyk Uygilik kaalaim.
SUPER.KG видео
05.05.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер!!! молодец Амира.!!!
05.05.2014. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ооба, Балыкчыда Алиядан кыздарды эле аңдып жүрөт деп угуп калгам))).
05.05.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Чыгарачылык ийгилик
05.05.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
сени эч ким тааныбаса ким бармак эле концертине.
05.05.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ech kim dele barbasa kerek ooba konsertine je bir yry jok uwundaylar kuyguzot da kiwini konsert dewip.
05.05.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
алдадын деген ыры жагат.

05.05.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
калп суйлойт го, кайсы ырчы айтсын унумду комптон жасап койом деп логика кайда?
05.05.2014. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец, ичинде кири жоктой го, баарын токпой-чачпай айтып салыптыр.
SUPER.KG видео
05.05.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныбайт экенмин.жакшы так,ачык жооп бериптир,жасалмасы жок.Молодец ийгилик!
05.05.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага жагат бул ырчы. Акындар менен иштешсе дагы жакшы болмок. Ийгилик!
05.05.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ким озу бул мен тааныбайт экенмин,ушуга окшогондор куйгузотда концерт кандай ырчы койот,эл сууранып угуп талантту ырчылар канцерт койсо жарашат уялбай дагы суйлогонун роздражения болуп кеттим ... сен концерт койгонго азыр ото эрте озунду элге тааныт биринчи сага жакшы кенешим
Модератор admin_portal түзөттү 06.05.2014 10:31
05.05.2014. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz bolgondon kiyin kyrgyz4a ele suiloson bolmok eken, senden orus4a interv'yu alyp jatsa bir jon ele.
05.05.2014. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Профессианалдуу ырчы катары сын айтыптыр кесиптештерине)). Ушул сынды Бек,Сыймыктар айтса жарашмак беле, бул балага сындоо эртелик кылбайбым шотооо))
06.05.2014. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чындап эле ырлары аз бирок сапаттуу, маанилуу. ырдоо стили да башкача, ачык суйлогону жакты, азаматсын ишине ийгилик.
06.05.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гордыйго озунчо
SUPER.KG видео
06.05.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимай Туратбекова жонундо так ачык айтпай койду го..Кыз-жигитпи?
06.05.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
о господи люди что за тупые коменты...самое главное он талантливый и очень умный,на вопросы отвечает четко и грамотно.Его песни хоть и мало но стали хитом.Если не знаете его то не надо комментировать,это глупо.
06.05.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Oz oyun achyk aita bilgeni jakty. Kee bir adamdarga okwop artynan suiloboi, betke aitat . Jakwylap iwtese jakwy yrchy chygat dep oiloim. Bir gana arakert i iwtoo kerek. Iygilik sizge!
SUPER.KG видео
07.05.2014. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
achyk suilogon sonun bala eken. Suiuu gaatynan sizge ijgilik , ak gol kaalaim
SUPER.KG видео
07.05.2014. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Я думала он такой как всё,оказывается я ошибалась такой уверенный человек решительный. Таких парней просто уважаю. Прическа не обычный понравилось. Удачи всегда и везде)))
07.05.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кандай ырлары бар.
07.05.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kara_koz, Саламатсызбы!
Ырчынын ырларын төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, уга аласыз: http://www.super.kg/media/?search_term=издөө...&search_author=431&media_search=1&x=7&y=8
SUPER.KG видео
09.05.2014. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча же орусча суйлобойбу калп эле обу жоктонбой мага жаккан жок мактанчагыраак анан дагы озун аябай бийик окё берет экен
09.05.2014. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен негедир бул баланы тушунбодум,анан биринчи жолу коруп атам ушундай ырчы бар экенин,эмне кереги бар башка ырчылардын секретин айтып биз коруп угуп турабыз да ким кандай экенин Кудайга шугур Кыргыздарда жакшы укулукту ырдаган ырчылар коп.
09.05.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен ырларын уктум жакты жакпады дебейм орто,негизи суйом гуйом деген ырлар толтура,кыргыздар тойлордо коп журушот той жана той деп жургон калкпыз,ошондуктан шандуу ырларды жазса элге таанылмак.Кичи пейилдик кылып кыргызча суйлогон адамга кыргызча жооп берсениз жакшы болмок деп ойлойм
10.05.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
бул жанакы озунон чон модель кыздын артынан жугуруп анан анысы таштап, мунусу ыйлап жургон балабы?
SUPER.KG видео
10.05.2014. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок кыргызча суроо берсе орусча суйлоп жатпайбы.катыпчы ))жакшы эле ырдайт а так,азамат вперед Амир ))!!
SUPER.KG видео
13.05.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
voot erkek degen AMIRDEI boluwkerek)) iigilik
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо