Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛМАЗБЕК РАИМКУЛОВ ЫРЫСКЕЛДИ ОСМОНКУЛОВГО ЖЕЗДЕ БОЛОБУ?

№600 02-май-08-май, 2014-ж

Гезитибиздин өткөн санында мушкер Алмазбек Раимкулов Ассоль Молдокматова менен расмий түрдө ажырашканын айткан эле. Эсиңизде болсо, ал маегинде, «Ассоль экөөбүз тең жашпыз, келечекте сөзсүз өзүбүздүн чыныгы сүйүүбүзгө кезигерибизге ишенем» деген. Алмаз мырзанын «чыныгы сүйүүбүздү табабыз» дегенинде кеп бар экен. Көрсө, ал азыр арзуу асманында тура. Мушкердин жүрөгүн көп жылдан бери Европада жашаган музыкант айым, Ырыскелди Осмонкуловдун бир тууганы Вера Осмонкулова багынтыптыр.

Мындай кабарды угуп, биз интернет аркылуу Вера Осмонкуловага байланыштык. Анын бизге берген маалыматына ылайык, экөө Алмаз мырза Ассоль Молдокматовага үйлөнгөнүнө чейин, мушкер биринчи жубайы менен ажырашкан кезде эле тааныш болчу. Ошондо эле мушкер Вера айымга турмуш куруу тууралуу сунуш киргизип, Германиядан Лос-Анжелеске көчүп келүүсүн суранганын айтат. «Мындай сунушту жөн гана жактыруу сезими катары кабыл алгам. Жакшынакай жубайыңыз, ширин балдарыңыз бар. Сиз жубайыңыз менен жарашууга аракет кылыңыз дегем. Бирок Алмаз мен эч качан Динарага кайтып барбайм. Биз бири-бирибизди түшүнө албайбыз, анын айынан балдарыбыздын психикасынын бузулушун каалабайм деген. Анткенине да болбодум. Абалды татаалдаштыргым келген жок. Бул убактылуу гана жактыруу сезими, баары өтүп кетет. Мындай сезимге баарыбыз эле туш болобуз. Жакшысы, жубайыңыз менен жарашып, үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз деп байланышты үзүп койгом. Кийинчерээк Алмаз менен Ассолдун баш кошушканы тууралуу угуп, аларга бакыт тилеп гана тим болгом» дейт музыкант айым.
Арадан 2 жыл өтүп, Алмазбек Раимкулов көңүлүнө от таштап койгон музыкант айымды кайра интернет аркылуу табат. Вера Осмонкулованын айтымында, ал учурда мушкер Ассоль Молдокматова менен ажырашып кеткен экен. Бул жолу да мушкер Вера айымдын колун сурап, жадакалса ата-энеси, айрым туугандары менен да тааныштырууга үлгүрүптүр. Азыр мушкер жооп күтүп жүргөн учуру экен. Эгер Вера Осмонкулова ага турмушка чыгууга макулдугун берсе, үйлөнүү тоюн алгач жайында Бишкекте, кийин жаңы жылдын алдында Венада белгилесемби деп жатыптыр Алмаз мырза. Учурда Алмазбек Раимкулов тартылып жаткан тасмага Вера Осмонкулова музыка жазууда.
Вера айымдын айтымында, экөөнүн окшош жактары абдан көп. «Эң биринчи орунда бизди Алмаздын да, менин да мекенге болгон чексиз сүйүүбүз жакындатты. Мисалы, Алмазбек Америкада болсо да, дайыма кыргыздын желеги менен рингге чыкчу. Мен болсо Берлинде афишаларга «немисче фамилияңды жаз» дешсе болбой кыргызча Осмонкулованы жазамын (эки фамилиясы бар: Вера Рушке – Осмонкулова). Өзүмдүн жеке концертимде көбүнчө кыргыз музыкаларын аткарам. Мен да спортко кызыгам. Дайыма чуркайм, теннис, баскетбол менен машыгып турам. Бир жолу тамашалашып «мен назик болсом да кээде бокс менен машыгып коём. Үйүмдө мушкерлердикиндей кол кабым бар» десем, Алмаз «ой, корком, корком» деп күлүп калды. Дагы бир жагдай, экөөбүз тең классикалык музыканы жактырабыз, юморго жакынбыз. Алмаз «сени менен сүйлөшкөн мага абдан жеңил» деп көп айтат. Ал да, мен да кыргыз, орус, англис, немис тилдеринде эркин сүйлөйбүз. Менин кыргыз тилин билгенимди ал өзгөчө баалайт. Бул темада айта берсем окшоштуктарыбыз абдан көп. Уитни Хьюстон менен Кевин Костнер тартылган «Жан сакчы» тасмасы бар эмеспи. Анда бирөө – музыкант, бирөө – жан сакчы, бирок бири-бирин сүйүп калышат. Сүйүү «сен кайсы кесиптин ээсисиң?» деп сурабайт.Сезимдер менен жан дүйнө адамдарды табыштырат»,- деп сезимдери менен бөлүшө кетти.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(66)
05.05.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Буларга атактуулукту берип, акылды олчоп берип койгон бейм)))Вера эже арканды кенээн таштап ойлонсо болмок ак никелуу аялынын ,балдарынын и экинчи аялы Ассолдун баркына жетпеген Вера эженин кадырына жетет беле?!Силер не болсонор ошол болгула. Динара эже менен балдарына узун омур, ден соолук тилейм.
05.05.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mdaa) ушундай да болмок беле бир жылдын ичинде эле башка бироонун колун сурап...
05.05.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун жашоосун талдоого, аны талкуулаш баарыбызга женил, бирок, чыгармачыл адамдар, спортчулар эркин келишет эмеспи... Эми эгерде экоо тен чыныгы суйуулорун бир-биринен табышса анда мен бакыт каалайм.
05.05.2014. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алмазга аял алган койнок алмаштыргандай эле го.Отто кызыл бат онот дейт кыргызда,жети олчоп бир кескендери туура го дейм.
06.05.2014. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ee dostor, serial prodoljaetsa, kiyinki seriasyn kutobuz :)
06.05.2014. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ооооохо Алмаз аке каттуу кеткенго А Вера эже вообще молчу
06.05.2014. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Алмазбектин берген интервьюларында: биринчи жубайыма уйлоно электе, Ассоль менен тааныш болчум деген,эми болсо Ассолго уйлоно электе Вера менен таанышкам дейт. ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 06.05.2014 09:20
06.05.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Marta - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт!
07.05.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Marta, олдунго даддын))))))))))))
06.05.2014. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олдуго ырчылар...
06.05.2014. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
бул байкенин мурун берген интервьюсунда айткан элего биринчи жубайыма уйлоно элегимделе Ассольду жактырчуумун ал меники болушун ошондоле сезгем дегенго. Вера эже анда запаста окшойт эледа.
06.05.2014. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алмаз байке бокс бойунча эмес эле аял алуу боюнча атыныз укмуш таанылтатко дейм.
07.05.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
naaazka, Аял алуу боюнча абсолютный чемпион Турсунбай Бакир уулу болот... 2008-жылы жаааны эле америкага келген кезде, Алмаз акам тентектик кылып, бироо менен мушташып камакка тушуп калат экен. Анан кой кокуй уят боло электе чыгарып алалы деп, америкадагы кыргыздар акча чогулткан элек. Ал кезде кыргыздар аз эле болчу америкада.
Озу негизи конул чордонунда жургонду жактырган киши окшойт деп ойлоп калдым. Бокстон бир женди дегенин да коптон бери укпай калдык..
06.05.2014. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бирин коюп бирине уйлонуп уят эле!
06.05.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вера Осмонкулова озу канча жашта? Алмаз Ырыскелди Осмонкуловдун жездеси болуп калса, Вера Рыскелдинин эжекеси болобу?
06.05.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар Европанын жашоосуна отуп алышкан го такыр эле,оной эле уйлонуп,кайра ажырашып.
06.05.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вера эже, ага тийип не кыласыз? балдарын какшатып аялын сыздатып кеткен адам кимди жыргатмак эле? а Ассоль эжекебиз гуляй вася деп койгон да.
06.05.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар дагы орустардай болуп баратышат э я.жашап корушуп жакпаса ажырашып кетишип.андан да кызыгы гражданскийдебиз дешип.
06.05.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи бала болобу, же кыз болобу багы ачылсын деш керек, багы ачылбаса кыйын да. Кыргызда коп эле адам барго коп ажырашкан, никеси 5-6дан ашкан. Булардын айыбы эле атактуулугунда деп ойлойм.
06.05.2014. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аял алса койсо оз эрки, бизге эмне окуп коебуз да..
07.05.2014. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун
07.05.2014. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор Алмаз байке жаш болуп атат убагы келгенде токтолуп акыл кирип калаар. Ассол эжебиз болсо акыл кирип токтолуп калганда кайсы кара теке сузду билбей.
07.05.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayima - 10 күнгө БАН!
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
07.05.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассоль 8 олчоп 2 кескен айымдай сезиле берет мага
07.05.2014. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы эркек уй-булосун эч убакта кор кылбайт. Эркек деген соз бар,эркек болсо уй-булосун эч убакта таштабайт дагы эч убакта ажырашпайт. А бул болсо экинчи эмес учунчу айымды жактырып олтурат. А Вера Осмонкулова болсо билип туруп турмуш курууга даяар экен. Менин ойумча, Вера Осмонкуловага ото эле уяат, айрыкча аяал башы менен.
08.05.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмазга соз жок экенда санта барбара. Аял алмаштырып журуп картайып кетпесе эле болду.
08.05.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири катын алмаштырып, бири эрин алмаштырып онуп калышат экен да!
10.05.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул процесс азыр кыргыздын жашоосунда мыыындай эле нерсе болуп калган иливой уйдо иливой семьяда бироосу ажырашкан болот , минимум 2-3 жолу ажырашып турмуш кургандар толтура,бул байкуштар просто копчулуктун конул чордундагы адамдар катураак чучкуруп койушса деле ушулардыкы башкача угулат , бактылуу болушсун эмне демекпиз бирок ат айланып казыгын табат демекчи Алмаз баарывир бала чакасына кайтат 1 прекрасный день
11.05.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуштар, кулкунучтуу
Окуп алып кечке Жатып кулосун 18ге чыккандай
12.05.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атын чыкпаса жер ортто
13.05.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмуш буларга жон гана оюнчуктай экен.....
17.05.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз байыса катын алат деген ушул да бул уйлонот балдары болсо ошолор эле кыйналат
17.05.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз байыса катын алат деген ушул да
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо