Мырза Кайрат уулу, Анжеликанын бир тууганы:«ЭЖЕМ СМСтериме ЖООП ЖАЗБАЙТ»

№600 02-май-08-май, 2014-ж

Бир тууган... Бул сөздүн артында эмне деген жылуулук, сезим жатат. Анжелика сүйүнсө кошо сүйүнүп, кайгырса көңүл жубатар бир боору Мырза 6-класстын окуучусу. Жаш болсо да ойлонуп сүйлөгөн Мырза эжеси Анжеликага ар түрдүү табышмак айтып, «жообун табыңыз» деп шаштысын кетирип, жинине да тиет экен.

– Мырза, алгач таанышып алалы, кайсы мектепте окуйсуң?
– Чыңгыз Айтматов атындагы №1-лицейде 6-класста окуйм. Сабактардын баарынан эле жакшымын. Бирок көбүнчө спортко кызыгам, таэквондо менен машыгам.

– Жакшы, эми Анжелика жөнүндө айтып берсең, ал сага кандай эже?
– Эжем мени «менин балам» дейт. Үйгө келгенде «менин балам го, менин балам» деп көпкө чейин кучактап, анан коё берет. Апам мени 40ка чыгып калганда төрөгөн, менден кийин иним Марлен жарыкка келгенде атам аскер кызматкери да, командировкага Америкага, андан кийин Африкага кеткен экен. Ошондо апам экөөбүздү бирдей караганга жетишпей, мени Анжелика эжем баккан. Ал менден 12 жашка улуу. «Чоңойгондо өзүм окутуп, сени өзүм бутуңа тургузам» дей берет.

– Классташтарыңа «менин эжем ырчы Анжелика» деп мактанасыңбы?
– Өзүм атайын деле мактанып айта бербейм, бирок билип калгандар көп. «Эжеңден кол тамга алып келип берчи» деп дептерлерин бере беришет.

– Эжең кандай белектерди берет?
– Мага берген эң чоң белеги – көп кабаттуу үйлөрдөн алып берген батири болгон. Бирок өзүнө керек болуп, кайра сатып жиберди. Ошентсе да сатып жатып, «сени үйлүү кылыш менин жоопкерчилигимде» деп сөз берди.
Үйгө келгенде машинасынан баштыктарды түшүрө берет. Ичи бүт тамак-аш. Эжем келгенде үйдө майрам болот. Анткени салаттын, жер-жемиштин түрүн алып келет. Ал эми кийимди туулган күндө, майрамдарда эле белек кылат. 18-февралда 13 жашка чыктым. Туулган күнүмдө спорттук кийим-кече саткан дүкөнүнө алып барып байпакка чейин алып берди. Жарымын кийип, жарымын көтөрүп кеттим. Унутуп да калыптырмын, эртеси үйгө алып келип беришкен.

– Мүнөзү кандай, сени менен көп урушпайбы?
– Бат жини келет. Биздин үйгө деле көп келбейт, 2-3 жумада бир келет. Жездем экөө балдарын ташташ керек болсо, мончого түшкүлөрү келгенде, кой сойгондо келишет. Кой сойгондо апам эжем үчүн дайыма быжы жасайт, анткени аябай жакшы көрөт. Эжем менен сүйлөшкүм келет, сагынам дегендей, анан бирдеме сурасам, «коё турчу» деп кыйкырып салат же телефондон колу бошобойт. Кээде «качан келесиз, иштериңиз жакшыбы?» деп СМС жазам, аларга такыр жооп жазбайт.

– Эжең жакында концерт берет эмеспи, барасыңбы, деги эле өзүң музыкага жакынсыңбы?
– Мен музыкага кызыкпайм, бирок эжемдин ырларын жакшы көрөм. «Концерти жакшы өтсө экен» деп мен дагы тынчсызданып жатам.

Анжелика: – Менин концерт деп чуркап жүргөнүмдү көрүп, иним да сарсанаа болуп жатат.

– Концерт жөнүндө да сөз болуп кетти, азын-оолак кеп кыла кетели. Бул канчанчы жеке концертиң?
– 2-жеке концертим, биринчи жолу 2005-жылы «Супер-Инфонун» «Супер ырчы айым» наамын алгандан кийин бергем.

– Концертиңе чет элдик коноктор да катышат экен...
– Казакстандан Айкынды гана эмес Макпал Исабекованы да чакырганбыз. Бирок анын Германияга гастролу бар экен, ошол себептен келе албайт. Чет өлкөлүктөрдү чакыруунун эң негизги себеби – концертти жогорку деңгээлде берүү.

– Эмнеге концертиң Спорт Ордосунда, филармонияда эмес, Ала-Тоо борборунда болот?
– Филармония 1100 орундук, ал эми Ала-Тоо борборунда андан да көп 2000ге чукул орундук бар. Батпай калгандар туруп көрүүгө да орун кенен. «Зал толбой калабы» деп коркпостон, тобокелчиликке бардым. Анткени менин концертим өтчү амфитеатр жаңы ачылган, чет өлкөнүн жылдыздарын кошпогондо биздин ырчылардан ал жерде эч ким концерт бере элек. Нюшанын концертине барганда мен өзүмдү чет өлкөдө концерт көрүп жаткандай сездим, анан «эмнеге биз ушинтип концерт бере албайбыз» деп катуу ойлондум. Ал жердеги аппаратуралар Италияныкы, ар кыл жарыктарды, түрдүү отторду жандырса болот.

– Анжелика аттуу кыздарга кирүү акысы бекер деп уктук?
– 12 жашка чейинки Анжеликалар бекер кире алышат. Албетте, жанында атын тастыктаган документ болушу керек. Аларга белектер да берилет, көп ырчылар катышканы менен алар чогулуп, 1-2 номер аткаруу менен элге сюрприз тартуулашат. Бул менин жеке концертим болсо, кызым Айыманын тушоо кесүү концерти десем да жарашат. Кызым да абдан таланттуу, чыгармачылык менен кетет окшойт.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(115)
06.05.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ИИ ишинер эмне бироонун жашоосу менен
06.05.2014. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушинтип он тетири суйлогондун ордуна ийгилик каалайлы пенделер!
06.05.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анжелика ар бир ийгилигине оз аракети менен жетип жатат.Аябай талантуу кыз бардыгына жондомдуу.Сыймыктансанар боло ушундай кыргыздын тын кыздары чыгып жатканына.
06.05.2014. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжеликанын сулуулугуна коз жеткис .Молодец канчалаган ийгиликтерге жетишип келе жатат
07.05.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барган жери келишсе кара катын ак болот деген кеп бар эмеспи... Чындыгында азыр куу болбосон, сага жакшы жашоону ким куруп бермек эле. Ошон учун албетте тулку менен борунун амалы менен жашаш керек;)
09.05.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.00, Анжеликанын куйоосу азамат ушуга жеткирген аялын. Чыкпайсын, уйдо отур деп койсо не болот эле, мен ошентмекмин. Балдарды кара деп...
07.05.2014. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт берсе оз ерки. Бирок коп киши келет деп ойлобойм.
07.05.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы ырды ырдайт ыры барбы бул келиндин бир кинодо кордум еле танып калдым ийгилик
07.05.2014. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzdyn en suluu ulguluu aiymy ar daiym ozun tykan jana taza alyp jurot .ийгилик kaalaibyz suluuga
07.05.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кандай дейсинер жигиттер мен мисалы Анжеликадай кыз алгым келет. Сулуу, тилинен да колунан да келет
07.05.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик, жана уй булолук бакыт!!!
07.05.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне кылалы турмушкен да. Талкууга бироо-жарым алыныш керек. Бизге окшогон карапайымдар эле оозунда айтылбайт. Артисттер публиканын кишиси да.
07.05.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика сага ийгилик!
07.05.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм !
07.05.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырчынын сулуулугу бар макул, ийгиликтүү иш алып барат, бирок бул ырчы айымда голос деген такыр жок. Бир да уккулукту ырын уккан эмесмин.
07.05.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маладес нак эркек экенсин , мончого барганын айтпайле койбопсун да братишка . Эжене да чыгармачыл ийгилик и тебе тоже спортто эн чон ийгилик и бардык ДАНдарды каалайм .
07.05.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э ХХХ неле коралбайсынар , не анжелика силерден ачка же жардам сурап жатабы . Мен болгонун айтып жатам озу мен анжеликаны теледенле коргом , ушинтип коралбастыктан КЫРГЫЗ онукпойт эч качан . Колунардан келсе силерда реклама кылгыла барбы бирдемер кылганы . бироого олум тилегиче,озуно омур тиле деп койот .
Модератор admin_portal түзөттү 07.05.2014 15:41
07.05.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
колунда токочу бар бала суймончук дегендей...газета журналдарга чыгуу учун да кошоматчылыкты жакшы оздоштургон киши керек.Кабарчы балдардын оз оозунан уккам Анжелика бул жагынан озгочоооо дегендерин...
07.05.2014. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super Info, Anjelikanyn menedjeri Mirgul Esenalievadaa da intervyu alyp, konoko chakyrgylachy please...
08.05.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirrow, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
08.05.2014. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу коро албагандарчы......
08.05.2014. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимдин озунун ийгилигин берсин деп тилейли туугандар. Кимди болсо эле артын чукуй бербей.
08.05.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат, озуно тын келин болду, баардык кыздарыбыз Анжеликадай болуп жашоодо ордун таап кетсе кана?! всем не угодишь дегендей, только алга карай умтула бер
08.05.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерти сонун болуптур го,кошуналар барган, мактап келишти, бирок ачык асман алдында катуу тонуп калышыптыр.
10.05.2014. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика маладес жаман создорго конул бурбай дагы алдыга умтулс бериниз сизге ийгилик каалайм.
10.05.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орустарда жакшы соз бар "завидуйте молча!!!!!!!!!"
10.05.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
экинчи Ассоль Молдокаматова ийгиликтуу бизнесвумен, сулуу, кыйын, тулкудой куу, митаам.
10.05.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага иниси жакты эжеси тигинтип кооп убакыт боло албаса да жакшы корот экен, МОЛОДЕЦ кийин чонойгондо жакшы адам болот го деп ойлоп жатам ичине кир сактабаган жакшы бала экен
11.05.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сизге, Анжелика айым!!!!
11.05.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сизге, Анжелика айым!!!!
14.05.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Roddomdo torop jatkanynda,kuioosu gul kotorup bargan eken.Aikyryp kyikyryp gulun yrgytyp kuup chygyptyr.Ejemdin podrujkasy ishteit.Oshol aitty ele "harakteri nachar eken" dep
14.05.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mela, торогондо адам 180 градуска озгорот кээде.торош оюн эмес да.мен да тороп
жатып куйоомду ушунчалык жек коруп,коргум келбей башкача болгом.анжелика да ошондой болгон го байкуш.
14.05.2014. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лично я завидую анжелике!!!)))
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо