Назми:«2 КҮН УКТАБАЙ ЖҮРҮП АЛГАН ҮЙҮМ АКЖОЛТОЙ БОЛДУ»

№600 02-май-08-май, 2014-ж

Кичүү кызы Алиманын тушоосун кесип, жаңы эле конокторун узаткан Назми бизди жакшы маанайда тосуп алды. Жарык, өзгөчө дизайн менен жасалгаланган 2 бөлмөлүү үйүн бизге тааныштырып чыкты. Ырчынын гүлдөрүн, аквариумдагы балыктарын, ар бир буюм жарашыктуу коюлганын көрүп, табити мыкты, эмгекчил кожойке экенин баамдадык.

-Чынын айтсак биз бул үйгө кир жуугуч машина, телевизор, компьютер, идиш-аяк анан кийимдерибиз менен эле келгенбиз. Мурунку кожойке турмушка чыга элек, жаш кыз экен. Оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп, ылайыктап мебель алганда эле күйөөгө чыгып жатканына байланыштуу «сатам» деп жарнама берген. Келип көрүп үйдү аябай жактырдым. Дизайнер менен тыгыз иштешиптир, анын талантына баа бердим. Бөлмөлөр адатта төрт бурч го, биздики беш бурч да болуп кетет. Ар бир бөлмөдө балкон бар, ал өзүнчө чакан бөлмө болуп калат. Ашкананын балконунда муздаткыч, кир жуугуч машина, диспенсер, көп колдонулбаган идиш-аяктар жана тамак-аш турат.

– Бул гүлдөр ашкананын балконундагы терезеде гана жакшы өсүшөт. Турмушка чыкканда апам белек кылган. Башка бөлмөлөрдөн куурай баштаганда орун которуштуруп койсом, тынбай гүлдөп жатышат. Кыпкызыл болуп ачып турган гүлдүн аты – Герань, дарылык касиети да күчтүү. Балдарымдын кулагы ооруса жалбырагын ушалап, суусун чыгарып туруп, кулактарына салып, топусун кийгизип койсом тез эле басылат. Анын жанындагы гүлдүн атын билбейм, өзүм эле Бабочка деп коюп алдым.

– Балыктын сүзгөнү адамдын нервин эс алдырат экен. Залда турган аквариумда 5 балык бар. Жаңы жылда жолдошум балдар үчүн деп атайын сатып келген.

– Стенкада менин акыркы беш жылда алган ордендерим, дипломдорум турат. Калган сыйлыктарым апамдын үйүндө.
Зал менен балкондун ортосун жылдырма эшик бөлүп турат. Залдын балконунда менин сахнага кийчү кийимдерим, себим жана компьютер бар. Себимдин да көбү апамдыкында, үйгө алдырганым менен көп деле колдонулбайт экен.

– Балам Феликс 8-класста окуйт. Жолдошумдун биринчи никесинен. Феликс колума 3-классында келди. Ага чейин апасы менен Казакстандын Караганда шаарында жашачу. Атасын сагынып келе берген. Эжеси, улуу кызым Алина да бойго жетти, жакында кайнене болом дегендей, үйүбүздү дагы чоңойтушубуз керек.

– Бул болсо уктоочу бөлмөбүз. Эки кызым биздин жаныбызда, манежде укташат. Башка бөлмөгө бөлгөндөн атасы экөөбүз тең «ачынып калышса ооруп калат» деп корко беребиз. Альбина бала бакчага барат, 4 жашта. Кичинесинен таенеси баккан, апам 2 жашында тамганын баарын үйрөткөн, азыр тамгаларды кошуп окуйт. Кичүүсү Алиманы өзүм карайм.
Топтогон акчам кожойкенин сураган баасына жетпегендиктен, эки күн уктабай, жакындарыман кошумча акча сурап жүрүп алган үйүбүз акжолтой болду. Тойдун артынан той берип жатабыз.

Назми: "Үй алам деп 2 күн уктаган эмесмин"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(64)
SUPER.KG видео
04.05.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз!Мен да жиним келгенде жышынып,тазаланып баштайм,ишим да бутот,нервим да жазылат...Анан ушул гулдор мага да абдан жагат.Уй-булолук бакыт каалайм,ушул уйдон агарып-когоргуло!Унунузду баалайм...
05.05.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага уйу аябай жакты. Азамат Назми озунун 2 кызынан башка дагы куйоосунун биринчи аялыныкын дагы багат экен.
05.05.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей болгону менен укмуш сонун кылып бардык буюмдарды батырып алышыптыр, мен да ушундай кылгым келип жатат ремонтту
05.05.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй сонун экен аябай жакты...Назми эже озу да жагат...ийгилик сизге.
05.05.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кундоштун баласын багыш чон эрдик азамат уулум кызым деп жатат
05.05.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын орду менен жайгарган Назми кыйын. Башкалар айрыкча айымдар мындайга келгенде ичи тар болобуз, кундоштун балдарын карабай.
SUPER.KG видео
05.05.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назми мага аябай жагат. Озу дагы ажарлуу, сулуу, мыкты кожойке экендиги корунуп турат. Бактылуу бол. Уй-булон менен дайыма бирге омур бою ынтымактуу, ырыскылуу жашагыла.
SUPER.KG видео
05.05.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Бабочка" деп атаган гулу Женское счастье деп аталат.
05.05.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назми эже сиздерге чоон чоон ийгиликтерди жана туболук бактылуулук калайм. Уяныздар жылуу, жарык, тыкан экени корунуп турат. Ошол уяда дагы кооп балапандарды чонойто бериниздер
05.05.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик бактылуу айым экен
05.05.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйу сонун жасалгаланыптыр жакты мага да, кастрюльдарын жаман мактанып кетиптирго учурдан пайдаланып.
05.05.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акжолтой уйлордон болсун! Уйу жакшы экен.
05.05.2014. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйу жакшы экен.Уй-булосу, балдары мн бактылуу болсун...
SUPER.KG видео
05.05.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур мага жакты кузгу кузгу менден кийин ким сулуу дугунге килеейген кузгу экен ээ...
05.05.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак жолтой үй болсун!жакшы ырдайт негизи Назми!
SUPER.KG видео
06.05.2014. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жолдлшум дебей кайра кайра эле жубайым дей бериптир
06.05.2014. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
06.05.2014. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз!!!. Уйу аябай жакты.
06.05.2014. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйу соонун экен жакты, эки болмолу болсо да кооз кылып жасаптыр. башкаларга окшоп бироонун уйун менин уйум деп мактанып тарттырбай озунун уйун тартыптыр азаматсыз.
06.05.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага уйду саткан кожейке жакты себеби мыкты аял болмок. Кимге турмушка чыкса да бактылуу болсун. Жана Назми алган уйу жана уй-булосу менен бактылуу болсун.
06.05.2014. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага озгочо жакты уйунуз! Сыр болбосо баасында айта кетсениз болмок???
06.05.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куйоосу крутой го дейм.
06.05.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raimzhanov81, bizdin yrchy aiymdar krutoilorgo gana tiyiwet goo. Al emi kv. jakwynakai eken. Baardyk buyumdaryn batyryptyr. 50mindin oido bul kv. Mebel' m.n birge bir top ele kymbat bolso kerek.
07.05.2014. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Made_in_Mama, ак соз ак соз.
07.05.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам уйго киргенде эс алууну каалайт, ал эми кээ бир адамдар уйун муздак кылып ото тыкан жана ашыкча эч нерсе койбогонго аракет кылышат. Назминин уйундо мен байкаганым бул уют.
07.05.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча сомдук уй экенин баасын жазып коюшса болмок экен.
SUPER.KG видео
07.05.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйу соонун экен.Маекда жакшы болуптур.Назмиге уй-булолук бакыт каалайм.
07.05.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо сын пикирди бизге жаз деп банга кетирбегиле. Мен бул сиздердин емес Назминин созу деп ондоп жатам. Хай тех деген созду Назми тушунбойбу же кг башкача тушунук барбы. Ал архитектурага тиешеси жок.Ал жогорку техника деген создон алынган. Жаны технология менен жабдылган болсо анда айтса болот. Мисалы хай тех убакыттын отушу менен катардагы болуп калат. Мисалга келтирсем азыркы учурда уйдо свет алакандын чабылышы менен очуп куйсо, туалет ун буйругу менен чайкалса ошону айтса болот.
07.05.2014. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым мага да ушундай уйду насип кыла кор.
07.05.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хай тех эмес ХАЙ ТЕК! Бири бирибиздин каталарыбызды ондоп коелу)))))
08.05.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pumba.timon, ошо техника деген создон алынып жатса тех болот да. Мен кг коп жылдан бери жашабагандыктан ел кандай айтышаарын билбейм. Европада хай тех деп еле айтабыз.
09.05.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чакан уйду чонойтуш учун, балкон кошуш учун эмне кылуу керек билгенинер барбы? Бироо жарымдан уруксаат алыш керекпи же акча болсон болгонубу?
10.05.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uyu ozuno buyursun, bitok ayabay ele bitildak eken...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо