Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СЕНДЕНБИ ЖЕ МЕНДЕНБИ, КИМИБИЗДЕН?»

№600 02-май-08-май, 2014-ж

«КЕТПЕ ДЕГИМ КЕЛЕТ, БИРОК...»
– Мен билбейм, качан сени жоготуп алганымды түшүнбөй калдым. Азыр миң ойлонсом да, башымды ташка койгуласам да жооп таба алар эмесмин. Эмнеден кетирдим, күнөө мендеби же сендеби? Жумуштун көптүгүнөн үй-бүлө экинчи планда калганы үчүнбү? Мээмди тешип кете турган ойлордон күнү да, түнү да кутула албас болдум. Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы  муздактыктан дилим үшүп, аны көз алдымда жоготуп жатканымды көргүм келбей башымды чулгуйм.
– Маанайың жокпу?- эптеп бир сөз айтмакка.
– Бар эле турат,- деп бурк этесиң. Аз болгондо «менин маанайым менен сенин ишиң болбосун» деп жиберчүдөйсүң. Сен мени тике карабай, булкуна кийинип чыгып кеттиң.
«Кетпе» дейт жүрөгүм дүкүлдөп... Бирок жүрөгүм миң бырчаланса да, «кетпе» деп этегиңе илээшкенге эрк жетпейт. Сен мени ийилсе дейсиң, башка аялдардай бырылдап ыйласа, этегиме эрмешип, жакама жармашып алса дейсиң. Сен мени алсыз, сенден жардам сураган, өзүнүн ою, амбициясы жок аял көргүң келет. Менин эч кандай жардам сурап кайрылбаганымды, кадимки аялдардай көз жашымды төгө албаганымды жаман көрөсүң. Бирок бир кезде сен мени ошол мүнөзүм үчүн сүйгөн элең...
Жумуштун күүсү, кесиптештеримдин арасы мага жайлуураак сезилет, үйгө барып сени менен жолуккандан көрө кечке чейин жумушта отура бергим келет. Ушул абал бизде кайталана берди. Экөөбүздүн төшөк турмак, өзүбүз эки бөлмөгө бөлүнүп алдык. Билип туруп билмексенбиз, ошол абалыбызды талкуулагандан коркот окшойбуз.

«СИЛЕРГЕ ЭМНЕ БОЛГОН?»
– Ошол күндөрдүн биринде кайненем келип калды. Кыраакы аял эмеспи, экөөбүздүн кабагыбызды тиктеп алды. Апамдын көңүлү үчүн, ага билгизбеш үчүн конок бөлмөдөн биздин бөлмөгө төшөнчүлөрүн көтөрүп кирип келген күйөөмдү көрүп ызам алкымыма кептелди.
Көп күндөр, балким, айлар бою экөөбүз бири-бирибизди тиктебей жашаптырбыз, аргасыз көзүбүз чагылыша түштү. Төшөктөрүн жерге ыргытып, менден бир оору жугуп калчудай жатып алды. Эртеси кайненем акырын сөз баштады.
– Ээ, кызым, силерге эмне болгон, экөөң эки жерде үрпөйүп?
– Билбейм, апа...
– Келчи, мындай отурчу, эмне болуп жүрөсүңөр?
– Мен... биз...
Көптөн бери эч кимге айта албай буулугуп жүргөн жаным өксүп коё бердим. Апам сөзүмдү бөлбөдү, жупжумшак алаканы менен чачымдан сылап, солуктаган мени соорото албай убара.
– Койчу, кагылайын, өпкөң да көөп калды. Анчалык эмне болду силерге?..
– Билбейм, Касен өзүнөн өзү эле алыстап, мени жактырбай жүргөнсүйт. Же бирөөсү барбы?
– Ок, антчү эмес, мен уулумду жакшы билем, сени жакшы көрүп алган.Тур, жумушуңа бар, кечинде калганын сүйлөшөлү... Болду эми, бырылдай бербе...
Апамдын бир ооз сөзүнөн улам кө­ңүлүмө канат байланып, жумушка көңүлдүү келдим. Кечинде тамак-ашыбызды жайнатып коюп күтүп отурсак, күйөөм кечиге берди. Апам өз ойлору менен алек боло, үшкүрүп отуруп калды. Жакын турган кайнагам апамды чайга чакырып калып, бир аздан кийин ошол жакка кетти.

«МЕНИН БАЛАМДЫ ӨЛТҮРДҮҢ...»
– Бир кезде эшик тарс ачылып кеткенинен ыргып турдум. Босогодо теңселип араң турган Касенди көрүп жүрөгүм оозума кептелди. Ичкенин көргөнүм ушу...
– Хм, эмне карайсың?!
– Касен...
– Эмне тиктейсиң деп жатам мен сага? Ооба, ичем... Мен ичпегенде ким ичет, ыя? Мен ичсем күйүтүмөн ичтим!
Жакын адамыңды мындай абалда көрүү ушунчалык оор экен. Теңселе түш­көнүнөн кармай калайын дегенче учура бир чапты. Жүрөгү түтпөй кайра кулап түшкөн менин үстүмө үйрүлүп түшө калды. Көзүмдүн жашын сүртүп, телмире көпкө тиктеп турду.
– Сен баарына күнөөлүүсүң... Мен сени жанымдан артык жакшы көрчү элем го, мени, биздин сү­йүү­бүз­дү эмнеге сатып кеттиң?
– Менби? Кимди, эмнени сатыптырмын?
– Анткорлонбо, мен баарын билем. Сен, Назгүл, биздин балабызды, биздин наристебизди өлтүрдүң! Мени билбей калат деп ойлодуң беле, акушер курбуң экөөң ишти тындырып салыпсыңар. Курбуң мага өзү айтты. Сен баланы алдырган жоксуң, сүйүүбүздү, келечегибизди жоготтуң. Анан да баарын мага билдирбей жасадың. Болду, мен мындан ары жашабайм сени менен!
– Мен эч кимди саткан жокмун... Мен...
Жан талаша колун, жүзүн өпкүлөп кечирим сурап жаттым. Мындан 5 ай мурунку кылыгым көз алдыма тартылды. Ооба, мен боюман алдырып салып акмакчылык кылгам! Анткени илимий ишимди башка өлкөдөн жакташым керек болчу, бала менен алек боло албайт элем. «Кийин деле жетишесиң» деп курбум дагы азгырган.
Жок, ойлобоңуздар, мен такыр эле акмак эмесмин, болгону бир аз коё туралы деп... Же балким, акмактырмын!
– Мен сенден мындайды күткөн жок элем, жаным. Мени кошо өлтүрсөң болмок.
– Сага айтканымда баары бир көнбөйт элең, «төрө» демексиң. А мен канча жылдан бери лабораторияда заңдар менен алышып жүрүп, эми илимий ишимдин аягына чыгарда көз жума албайт элем. Менин иштерим...
– Иштериңди, карьераңды, баарын шайтан алсын. Мага бала төрөп берген нормальный аял керек, түшүндүңбү? Нормальный...

«ӨЛҮП, КАЙРА ТИРИЛДИМ...»
– Таң атканча кыйкырышып, кайра элдешип, кайра кыйкырышып чыктык. Акыры ажыраша турган болдук. Бутуна жыгылдым, ыйладым, таштан болсо да жаш чыга тургандай өксүдүм. Бирок ал такыр көнбөй койду. Эртең менен кийимин алды да чыгып кетти. Кайненемдин, урук-туугандын айтканына да болбоду. Бир апта болду, кайтат деп ойлодум, келген жок. Эки апта өттү... Анан үч...
Келбей турганына көзүм жеткенде өлгүм келди. Ишим да  калды. Сыртка да чыкпайм, тамак да ичпейм. Бирок башыңа келген сыноону антип да жеңе албайт экенсиң. Акыры ордуман турдум. Бирок жашап же жашабай жүргөнүм билинбейт. Касен экөөбүз дайыма сейил бактын бир жеринен жолукчу элек. Буттарым бир күнү эмнегедир ошол жакка сүйрөп барды. Касен бир кичине кызды тизесине отургузуп алып чачынан сылап, бир нерселерди айтып жаткан экен. Кичине балдарга башынан жакын экенин билем, бирок ушу көрүнүш жүрөгүмдү тилип өттү. Шарт бурулуп кетип калайын дейм, бирок буттарым тушалып калгандай. Ал дагы мени көрүп селейип калды. Тиги кызды апасына берип, жаныма басып келди. – Кандай?
– Жакшы...
Көздөрү мени кайгылуу, сагынычтуу карайт. Чыдабай басып кете турган болгонумда шак колдон алды. Мен мойнуна асылып ыйлап жибердим. Касен да ыйлады, колубузга коно калып учуп кеткен тунубузду биринчи жолу экөөбүз чогуу жоктодук.
– Мен дагы сенсиз жашай албайт экем. Аракет кылдым, колуман келбей койду. Эми андай кылбачы, жаным. Экинчи менин жүрөгүмдү антип оорутпай жүрчү,- деди акырында.
– Жок, экинчи эч качан антпейм. Көрөсүң го, биздин көп балдарыбыз болот,- деп жаттым жан талаша.
Ыйым, жалынычым, убадам Жараткандын кулагына жеткен окшойт, жакында эгиз балалуу болдук. Биз бактылуубуз!

Назгүл
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(31)
05.05.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оксуп ыйлап алдым окуп жатып.((((
05.05.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сонун баян.. ыйлап жибердимго
05.05.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менда ыйладым балдарыныздын омурун берсин бактылуу болунуздар!
05.05.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир куну сана да жакшы кун берет кудайым деп ушуну айтат да
05.05.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озумду кармана албай ,ыйлап жатам мумкун балдарымды сагынгандыктанбы.......аябай эле таасирдуу баян экен.Бактылуу болунуз.
05.05.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бала ширин, анын жытыны эч кимден таба албайсын! Бала тоодой бакыт!
05.05.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабырдын тубу сары алтын деген ушуда.
05.05.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
menin da kozumo jaw kelip ketti... menin da egiz balaly bolgum kelet..;)
05.05.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай бактылуу адамдарыбыз кобойо берсин!!!
05.05.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир тундун, келээр таны бар. Карангы бутсо, албетте жарык кун келет. Сабырдуу болгон жакшы. Бактылуу болунуздар.
05.05.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйладым го шолоктоп окуп алып! Балдарынардын омурун берсин кудайым!
05.05.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аягы жомокко окшоп калыптыр го
05.05.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала бакыт.
05.05.2014. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы окуя экен. Козго жаш тегерентет. Ылайым эле суйушкондор эч качан ажырабасын, кудайым коп перзент буюрсун.
05.05.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ordoktor uchup ketse kereeeeeeeeeeeek...
06.05.2014. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ыйлап алдым
06.05.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала бакыт деп бекеринен айтылбайт да
06.05.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козум жашылданып кетти. Ушул кыргызга жарашпайт биринчи карьера, ана бала деген. Дагы баагы бар экен куйосу кечирип, балалуу болуштуу. Ушул куйосу туруп, аборт кылганга кантип колу барды.
06.05.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала жыты озунчо бир бакыт
06.05.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгон окуйабы яяяяя
06.05.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бугун мен учун ыйлай турган кун экен да...
07.05.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аягы жакшы бутуптур бактылуу болгула.
07.05.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ыйлагым келбеди биринчисин аборт кылдыргангабы ал наристеде куноо жок болчуда.
08.05.2014. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баааары ыйлаптыр,менда катардан калбайын е...........
Ушуну айтатда Айдын 15и жарык 15и каранды деп....
09.05.2014. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен томондоку комментарий жазгандардын ыйлагандарды окуп алып,менин да окугум келбеди.Себеби аянычтуу мундуу окшойт деп калдым.
11.05.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baibai71, окуп корунуз,аялдын акылсыздыгы чагылдырылыптыр бул окуяда )))
12.05.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы суйуу деп ушуну айтыш керек,ыйлай турган окуя экен.Бактылуу болунуздар.
05.06.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен,мелодрама кино коргондой эле болдум.Эн негизгиси окуя бактылуу болуп бутту.
16.06.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козумон жаш тегеренип... мен да оной менен ыйлай албайм. зээним кейип кайра кубанганыман ыйладым.
16.06.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козго жаш келди (((
28.05.2015. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыныздарга шериктешмин !!!!!ылайым бактылуу болунуздар!суйунуп жатам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо