Токтобүбү Черикчиева:«КАЙГЫРГАНДА АПАМДЫН КҮМБӨЗҮНӨ БАРЫП ЫЙЛАП АЛАМ»

№601 09-май-15-май, 2014-ж

«Жолугарым билгенмин», «Биз экөөбүз», «Жалгыздыктан жадап бүттүм» деген эстен кеткис ырлардын аткаруучусу Токтобүбү Черикчиева менен болгон маек биздин да эсибизден кетпечүдөй болду. Булбул үндүү ырчы бизди үйүндө тосуп алды, анда эмне кептер айтылды, назар таштаңыз.

– Токтобүбү эже, сизди бактылуу эне деп билебиз, балдарыңыз бой жетип калгандыр?
– Улуу балам Чыңгыз Юридикалык академиянын 4-курсун аяктап жатат. Келбети, мүнөзү баары мага окшош. Мен өңдүү бирөөнү алдабайт, уурдабайт, куулук-шумдугу жок, бетке чабар. Балама чоң жакшылык кыла элекмин деп былтыркы концертимден түшкөн акчанын үстүнө кошуп машина алып бергем. «Машина, үй алып бердим, эми аял алганга өзүң акча чогулт» деп тамашалап калам. Кызым Медина 5-классты аяктоо алдында турат.

– Эки баланы тарбиялоо менен катар чыгармачылыкты алып кетүү оңой эмес, сизге ким каралашат?
– Менин таянар тоом, сырдашым, курбум – апам эле. Улуу балам биринчи турмушумдан, ымыркайынан бой жеткенче апам каралашты. Экөө өзүнчө батирде турушчу. Апамдын каза болгонуна төрт жыл болду. Ал кишинин көзү өткөндөн бери балам биз менен. Уулум таенесине менден да жакын болчу. Апамдын көзү өткөндөн кийин Чыңгыз экөөбүз бет келсек эле бышактап ыйлап калчубуз. Кээде урушайын десем да тилим кыска. «Эмнеге мындай кылдың?» деп баштаганда «апам болсо мындай демек эмессиз» дейт, анан тилимди тишиме катып отуруп калам.

– Апаңыздын жалгыз кызысызбы?
– Атамдын бир нече баласы бар, бирок апамдын жалгыз кызымын. Атамдын апамдан башка да аялдары болгон. Апам мени жалгыз тарбиялап өстүрдү. Анын тарбиясынан кийин эле кыргыздын залкарларынын колуна түштүм. Филармониянын алдындагы студияда окуп жүрүп, Эстебес агайдын тобунда комузчу болуп иштедим. Ырчылыгым 1990-жылы башталды. Ушул жылы Асанхан Жумахматов жетектеген топ Германияга барып калдык. Асанхан агай «ырдап көрчү, сен жакшы ырдайт экенсиң» деди. Ошондон тарта ырчылык карьерам башталды.

– Эмнеге жолдошуңузду элге алып чыгып тааныштыргыңыз келбейт?
– Мен эмес, өзү ошондой деп эсептейт. Анын үстүнө «Черикчиеванын күйөөсү» дедиргим келбейт. Той-топурга барганда кызыктай абалга көп дуушар болом, анткени «Черикчиеванын күйөөсү» деп тааныштырышат. Менин оюмча, «баланчанын келинчеги Токтобүбү Черикчиева» деп мени тааныштырыш керек эле. Мен өмүр бою эркекти биринчи орунга коюп келген аялмын.

– Турмушта эмне деген гана окуялар болбойт. Бут тосуулар, көрө албастык, жамандоо, ушундай нерселерди кантип жеңесиз?
– Бир жолу жумуштан катуу капаланып келип, апама арызданып ыйлап кирдим. Ошондо апам «күнөөң жеңилдейт, мейли, ушактай беришсин. Илгери байлар тиги дүйнөдөн бейишке чыгалы деп акча төлөп өздөрү жөнүндө ушак тараттырышчу экен. Сен Кудайга койдум деп эле кой. Кудай өзү жазалайт» деп мени соороткон. Мага бут тосуулар болгон, болуп келет, апамдын кеңеши менен жеңип келем. Чет өлкөгө барарда менин атым чийилип калат, ордума башка кетет. Мамлекетке иштеп келе жатканыма 28 жыл болду, Эмгек сиңирген артист наамын алууга 2-3 жолу документ тапшырсам, кайра кайтарылды.

– Арманыңыз барбы?
– Бир гана арманым бар. Балким, кимдир бирөөгө жөн салды иштир, бирок мен үчүн чоң өкүт. Уюлдук телефон деген нерселер мурун эле чыкканда эмне, аттиң дей берем. Мен кыргыздын эмне деген гана улуу залкарлары менен табакташ болуп, бирге иштебедим. Бирок алар менен чогуу түшкөн сүрөтүм жок экен. Ошого ичим туз куйгандай ачышып калат.

– Ошол инсандар менен гастролго көп чыксаңыз керек...
– Кышында кыштоолорго, жайында жайлоого барып ырдачубуз. Беш-алты чабанды бир жерге чогултабыз да, комуз менен ырдап киребиз. Кышкысын ичик жамынып турганыбыз менен, ырдаарда артист көйнөкчөн чыкчубуз. Колдорум калдайып тоңуп калса да комуз менен ырдачумун. Ошол кездеги адамдардын бизди тыңдагандары азыр да көз алдымда. Муюп, ар бир сөзгө маани берип угушар эле. Концерттен кийин сөзсүз коноктошчу. Ошол көз ирмемдер менин бактылуу күндөрүм экен. Азыркы ырчыларды чабандарга концерт бергиле деп көргүлө, балээни барышабы.

– Ысык-суукта жүргөн күндөрдүн залакасы тийген жокпу?
– Албетте тийди, азыр буту-колум, белим ооруйт. Таптакыр оорукчан болгон жокмун, бирок запкысын тартып жүрөм.

– Ким менен сырдашасыз?
– Өзүм менен сырдашам. Отурам, ойлоном, чечим кабыл алам. Бирөөгө сырыңды айтсаң, айланып келип ал сыр өзүңө катуу тийип калышы мүмкүн. Сырым сакталбай элге жайылып кеткен да учурлар болгон.

– Депрессиядан кантип чыгасыз? Айрым айымдар ый аркылуу чыгарат, курбуларына сырын төгүү менен жокко чыгарат же арак менен достошот дегендей...
– Үйдөгүлөргө бир жакка кеттим деп коём да, машинамды айдап шаардан чыгып кетем. Шар аккан суунун жээгине барып отура берем. Кимден ката кетти, мен бул жагдайдан кантип чыксам болот деп ойлоном. Отуруп алып ыр жатташым мүмкүн. Анан апамдын күмбөзүнө барып алып ыйлап, маселемди апама айтып берип жеңилдейм. Негизи мен көк бет, өжөр эмесмин. Тез кабыл алып, тез унутам.

– Чыгармачылыктагы досторуңуз ким?
– Мен курактуулардын баары менен жакшымын, жамандык-жакшылыкта катышып турам. Бирок бул чөйрөдөн жакын дос күтө алган жокмун.

– Чачыңыз өтө узун эле, эмнеге кыркып салдыңыз?
– Аябай суюлуп кеткенинен 2 сантиметрдей калтырып кыркып салгам, азыр кайра өстүрө баштадым.

– Учурда кайсы топ менен иштешип жатасыз?
– Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Бакыт Тилегенов жетектеген оркестрде ырчы болуп эмгектенем. Ага чейин филармониянын ырчысы элем.

«Балама «үй, машина алып бердим, эми үйлөнгөнгө өзүң акча топто» деп жатам. Кызым болсо жеке менчик мектептердин биринде билим алат».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Токтобүбү Черикчиева: "Мага бут тосуулар болгон, болуп келет"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(62)
12.05.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдаган ырларына соз жок жакшы ырдайт диапазону да бийик.Ийгилик гана каалайм.
SUPER.KG видео
12.05.2014. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чыгармачылык ийгилик эжеге.мектеп убагында ырдачу элем ырларын,касетага жаздырып алып жаттап дегендей.уй-булолук бакыт сизге,менин апам да айтат кудайга таразалайт унчукпа деп,чынында ошондой.эженин куйосун сыйлаганы создорунон байкалып турат.
SUPER.KG видео
12.05.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кыргыздар жана башка бир улуттагы адамдар чон казандарга тушуп калышат экен.башка улуттагы адамдар бири-бирине тирек болуп, жардамдашып ал казандан чыгып кетишиптир .Ал эми кыргыздар болсо бири чыгайын десе экинчиси бутунан тартыр тушуруп коёт экен.коралбастык кыргыздын пейилине синип калган.бул акарат эмес чындык....
12.05.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз эжеке! кудай озу тараза, сизди эл баалайт.
12.05.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sizdin yrlarynyzdy abdan jakshy koryp ugam! 4ynygy talanttarga naam berilbegenine okyny4tyy. bul jashoo ushundai
SUPER.KG видео
12.05.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ырлары жакшы,бирок соз байлыгы жок экен чача-пача элдин адамы болгондон кийин суйлошту уйронуш керек!
SUPER.KG видео
12.05.2014. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырларыныз аябай жагат ийгилик каалайм ишинизге
12.05.2014. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз филармониянын алдындагы студияда окуп жүргөндө Филармониядан көп көрөр элек.Жакшы ырдайт.Чыгармачылык ийгилик сизге!
13.05.2014. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Narynbek, Мен бул эжени азыр Консерваториядан коп кором
13.05.2014. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эженин ырлары ото уккулуктуу. Азыркы ырчылар жандуу ун менен ырдай албаса чабандарга кантип ырдамак эле.
13.05.2014. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчы айым туура айтыптыр, эркектин баары бир жолу улуу, акылдуулугун корсотуптур. А унуно соз жок, мага жагат.
13.05.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эженин мууну дагы чабандарга ырдап калганына ишенбей турам. Андай учур бул чыкканга чейин болсо керек дейм...
13.05.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ММКлардан Эмгек синирген артист Жанета Бобкова деп окуп, тан калдым эле качан алганга жетишти деп, Токтобубу эженин наамы жоктугу абдан окунучтуу. Буларды салыштырганым, таанышын болсо танкасын дегенге далил болсун! Ал эми эженин "ак жоолукту кыйгач байлап салынып, болбой калдым бир озуно колукту" деген ырын абдан суйуп укчумун! Сизди сыйлаймын!
13.05.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Marta, Туура айтасын ага караганда бул мамлекеттик иште иштеп келет 30 жылдан бери, филармониядан жакында эле чыкты го.
13.05.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже, мен да сиз сыяктуу жан сырымды апам жаткан жерге барып айтып женилдейм. Бироого айтсан дартынды дасторкон кылып жиберет. Сизге уй-булоолук тынчтык, жылуулук каалайм.
SUPER.KG видео
13.05.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
жакпады маек адамга жакшы маанай бере албайт,не кереги бар андай нааразы адамдарды элге корсотуп
SUPER.KG видео
13.05.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Керек болсо ырчы айымдардан эн биринчи машина минген ушул эже эле
SUPER.KG видео
13.05.2014. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
акылдуу аял жолдошун сыйлайт эркек адамды биринчи орунга койгонунуз аябай жакты
13.05.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5жыл иштеп койгон ырчыларгале наам берип жатышат го, а бул айымдын да эмгегин баалап коюшса да болмок! Чынында таланттуу айым го
14.05.2014. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасынын козу тируу кезинде сыйлай алган эмес, эми окунуп атканы корунуп турат, бул бут тосуу эмес, чындык, ишенбесенер барып апасынын кошуналарынан сураштыргыла
15.05.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samatoff, Макаладан билинет экен го апасына ото жакын оскону, апасы каякта жашаган эле?
26.05.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samatoff, Токтобубу эже абдан жонокой, таланттуу, ачык - айрым , боорукер экен, так что апасын сыйлаган эмес дегенге кошулбайм. Анегдотту да катыра айтат экен. Баардык нерсеге озунун кана кучу менен жетишкен. Талантыныз ташкындасын. Концертиниз болсо буйруса созсуз барабыз. Аман болунуз!
SUPER.KG видео
14.05.2014. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай кыйналып кызмат кылыптыр эжеке, берип коюшпайбы наамдардан аянышпай.
SUPER.KG видео
14.05.2014. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Аттин, арман турмуш сырын чече албай, мен озуно болбой калдым колукту" деген ыры да да аябай хит болгон го. Мен дале угам. Аябай талантту айым. Жолдошун сыйлаганы да жакшы экен. Сонун маек куруптур. Окунучтуусу бир да наам албаганы. Азыркы "лампочкалар" деле алып жатпайбы наамды. Токтобубу айым айткандай азыркы "звездалар" алардай болуп гостролдобой калышты го. Дагы оздорун элдин адамы деп билишет
SUPER.KG видео
14.05.2014. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз Эли эчак эле Токтобубу Черикчиевага Эл Артисти наамын берип койгон! Чыныгы талант! Ар дайым аман болунуз! Сиздин куйорманыныз!
SUPER.KG видео
15.05.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
yrchi bol dep biro kiynagansip yrdabay ele koyboybu desen mincha naaliyt ele naaliyt...
15.05.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы ырчылар жайлоодо жандуу ырдамак тургай,баардык шарт бар жерде жандуу созо алышпайт.Эже капа болбонуз сизге окмот Эл артисти наамын ыйгарбаса да,улуу-кичуу муун суйуп угат ырларынызды.
16.05.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samatoff - 5 күнгө БАН!
Кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок маалымат жазып анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
17.05.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вахахаха,ушул ырчы куулук шумдугум жок деп айтпаса менин дагы тилим кычышпайт болчу.
18.05.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интервюну коруп ыйлап алдым мамамам да ырларын суйуп ырдачу эле эми ырдай турган мамам да жок
19.05.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aky97, SayKal1218,
Кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок билдирүү жазып анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
5 күндөн БАНга!
SUPER.KG видео
22.05.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироону сындай бериш оной озундун ким экенинди билбейсин оозунар озунордуку билем бирок оозду чойо бергенинер болбойт да арканарды кылчайып карап мен киммин деп туруп анан бироону сындасанар ээй булардай болуш кайда
26.05.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтобубу эже абдан жонокой, таланттуу, ачык - айрым , боорукер экен, так что апасын сыйлаган эмес дегенге кошулбайм. Анегдотту да катыра айтат экен. Баардык нерсеге озунун кана кучу менен жетишкен. Талантыныз ташкындасын. Концертиниз болсо буйруса созсуз барабыз. Аман болунуз!
Медиа-портал
29.07.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек
BAXA08 түзөттү 2015-07-29 23:36:58
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо